Мээркан Токсобаева: Салкын

Салкын

Ак булутту аралаган күмүш канат самолет учпай эле бир орунда токтоп тургандай. Мотордун бир калыпта гүүлдөгөнү болбосо салондун ичи тынчтыкта. Жүргүнчүлөрдүн айрымдары уйкуга кеткен, кээ бирлери гезит окушуп, бирөөлөрү жөн гана терезени карашат. Салкын гана самолетко көнө албай, кылт этсе жүрөгү оозунан чыгуучудай алкымына кептелип, оюнда поезд менен эле чыкпай деп өкүнүп келатты. Ушул жашка чыкканы учмага түшүп көрбөсө, анан калса “баланча жерден кырсык болуп, түкүнчө жүргүнчү набыт болуптур” деген окуялар көбөйдү. Кудай сактасын дейт өзүн-өзү сооротуп, самолеттун баары эле кыйрап жатыптырбы. Ал чанда бир кездешүүчү кырсык да. Соороткон оюнун соңуна жетпей солк эткен самолеттун тулкусу сүңгүп төмөн түшүп кеткенсиди. Ай, дегенче жанындагы жигиттин каруусуна жабыша калганын билбейт.

-Что с вами? – бажырая күлүмсүрөгөн жигит Салкынды тынчытмакка колунан кармады. Ошондо байкап жүрөт жанындагы жаш жигитти. Бешенеси жарык, жылдыздуу жигит мурдатан таанышындай имериле отуруп:

-Агзамжан,-деп колун сунду.

-Салкын.

-Чыройлик исмиңгиз бор икан.

-…

Түшүнбөй калды дедиби, жигит сөзүн орусча кайталады.

-Ырахмат, -Салкын башын ийкеди.

-Самолетто биринчи учушуңуз го?

-Ооба.

-Эч нерсе эмес, көнүп кетесиз. Мейманчылап келатасызбы? Баса, оштук болуп жүрбөңүз?

-Көлдөнмүн. Жалал-Абад курортуна келатамын, ден-соолуктун айынан,-Салкын муңайыңкы унчукту.

-Капа болбоңуз, айыгып кетесиз. Каршы болбосоңуз мен сизди жеткирип коёюн.

-Ырахмат, убара болбоңуз,-дегенине болбой курортко жеткирип, керектүү документтерин ырастаганга жардам берип, анан кеткен Ошко. Бул кичипейил жигитке алкышын айтып коштошкон Салкын аны кайрылып келет деп түк ойлогон эмес.

Салкын бөлмөдөгүлөр менен бат эле таанышып алды. Бүбүсара борбордон экен, ал эми Алмаш Канттан болуп чыкты. Үчөөнүн дарыланууга коюлган убактысы бирдей болбогондуктан түшкө чейин көрүшпөй да калышат. Түштөн кийин убактыларынын көпчүлүгүн бөлмөсүндө өткөрүшөт.

Бүгүн да адаттагыдай Бүбүсара экөө узак аңгемени баштап алышкан. Алмаш болсо бөлмөгө көп турбайт, азыр да жок. Эшик чертилди. Келгендерине бир аптадан ашып калса да буларга эч ким келчү эмес. “Бул ким болуп кетти” деген кыязда Салкын ордунан оор козголо туруп эшикти ачты.

-Салкын деген ким?— деди дежурный аял.

-Мен.

-Сизди чакырып жатат.

-Ким? – деген суроосун кайра жутуп аялдын артынан жөнөдү. Эзелки таанышындай учурашты Агзамжан.

-Эмнеге келдиңиз?

-Сизди көргүм келди, -жигиттин көздөрү айыпсыз эле,-бул жер жагып жатабы?

-Ии, жакшы экен, экөө ээрчише бөлмөгө келишти. Агзамжан алып келгендерин столдун үстүнө коё баштады. Алар бөлмөгө киргенде “мен азыр..” деп чыгып кеткен Бүбүсара чайнек сурап келип чай коюп кирди. “Окшош экенсиңер, бир тууганыңбы” деп сурап жибергенге да үлгүрдү. Салкын көз алдында болуп жаткандарга кандай түшүнөрүн билбей дендароо болуп турган.

Агзамжандын өтүнүчү боюнча шаарга түшүп, киного киришти. Базар, дүкөн кыдырышты. Алар кайтып келгенде кеч болуп калган эле.

-Эртең процедураларды эртелетсеңер, Андижанды көрсөтүп келейин,-деди Агзам коштошордо.

-Жо-жоок, ырахмат, экөө тең секирип кетишти, биз үчүн анча эмне убара болосуз, беймарал кайта бериңиз. Дем алыш күндөрү атайын автобус менен кыдыртып жер көрсөтөт экен. Биз Арсланбабка жазылып койдук эле, эртең ошол жакка барабыз.

-Анда эмдиги жекшембини мага ыйгарып коюңуздар, жарайбы? Мындан го кечигип калыптырбыз, Агзамжан жооп күттү. Салкын бир азга буйдала түштү. Айткандарымды түшүнбөй калды дедиби, сөзүн орусча кайталады.

-Мен үчүн убара болбоңузчу, Салкын суз унчукту, жүрүңүз узатып келейин.

Алар сыртка чыкканда теребел саратандын үнүнө термелип турган экен. Ай отуруп тийсе керек, ар кайсы жерден неон шамдары жаркыраганы менен Салкын жаткан “Сүйүү жана көз жаш” деп аталган жаштардын корпусу түн койнунда чөгүп турган. Скамейкаларда бирин-серин адамдар болбосо, көпчүлүгү киного кетишкен окшойт, айлана жымжырт.

-Сизден суранарым өтүнүчүмдү кайтарбасаңыз,-жигит жалооруй унчукту,-мен жөнүндө билүүгө кызыкпадыңыз. Ошто Толкун деген универмаг бар, ошондо иштеймин. Атымды билесиз.

-Эмне максат менен келдиңиз? Суранам, келбей эле коюңузчу, -Салкын жигиттин көңүл тереңиндегисин түшүнүп турса да, өзү ачык айтпагандан кийин эч нерсе дей албады.

-Антпеңиз, мына бул документ сизде турсун, эмкиде ушуну алганы келем,-Салкындын халатынын чөнтөгүнө бир нерсе салып койду.

Бөлмөгө келгенден кийин караса, ал паспорт экен. Коюу кара каштуу, көздөрү бакырайган, кара тору сулууча жигит Агзам эле. Исманов Агзамжан Мирхамидович, 1950-жылы Самаркан шаарында туулган, деп окуду Салкын, көптөн берки таанышымдай көңүлүмө орноп алганын карасаң. Эмнегедир ойлобой коё албай жатам.

-Сага көңүлү түшүп калган тура. Карасаң, өзгөчө белгилеринде эч нерсе жок , бойдок экен,-Бүбүсара паспорту барактай көрсөттү.

-Жинди, ал бойдок болгону менен мен бойдок эмесмин да.

-Сүйүү деген сенин бойдок эмес экениңе карабайт. Башында эле ачыгын айтсаң болмок экен.

-Өзү эч нерсе сурабаса эле айта беремби, -Салкын туталана кетти, билесиңби, өзүм келбе дегеним менен анын келишин күтүп жатам.

-Ии, ошондой болот махабат деген, анан бойдок эмесмин дейсиң.

Кийинки жекшембиде Андижанга барышты. Ал жерден Агзамдын досу Камилдикинде мейман болушту да кайра тартышты.

-Кайтарыңа билетке заказ кылбай эле кой, мен алып коём,-деди Агзамжан,-Ошту да көрүп кеткиле. Биздикине мейман болгула.

-Сарттын эмнесин аяйсың, макул дей бер да,-Бүбүсара шыбырады.

Салкын көпкө уктай албады. Агзам үйлөнө элек болсо, мен турмуш көрүп, бир эмес эки балалуу болсом, анан ортодо кандай сүйүү болушу керек? Өзү сүйүүсүн айтпаса мен кантип сөз баштап ачыгын айтам? Өңү өзүнө куп жарашып турат, ага эмне кыз жокпу? Кызык, буга чейин эмнеге үйлөнгөн эмес, балким ажырашкандыр. Түркүн суроолор санаасын сапырып жатып, көзү илинди.

Эс алуунун мөөнөтү аяктап, Агзамжан экөө Жалал-Абад – Ош каттамындагы автобуста баратышты. Салкында үн жок, терезеден алыскы мунарыкты карап ойго тунат. Агзам да анда-санда жылмайып коюп үнсүз. Ошко келип түшкөндөн кийин Агзам иштеген универмагка келишти. Кечке шаар кыдырып, Сулайман тоосуна чыгышты. Кечинде агасы Мирсаиддин үйүнө алып барды Салкынды.

-Ысык-Көлдүк мейман,-деп тааныштырды үй-бүлөсүнө. Жеңеси москвалык Ольга деген ачык-айрым жаркылдаган аял экен. Ичкиле, жегиле деп сыйлап жан-алы калган жок. Кечки тамактан соң сыртка чыгышты. Ош түнү не деген керемет, Ай сүттөй жарык. Сыдырым соккон желге тал-теректер баштарын чайкай термелишет. Агзам Салкындын ийнинен коомай кучактады.

-Мен дагы Фрунзеге учам.

-Эмнеге? Жумушуңуз барбы?

-Жок, сиз түшкөн самолетту кулатпай кармап барбасам болбойт,-өткөндөгүнү эстеп экөө тең күлүп ийишти.

-Ошол элеби?

-Ошол оңой жумушпу?-акырын көкүрөгүнө кысты Салкынды. Эми сүйөм деп айтпаса экен деп ойлоду Салкын. Анын жүрөгүнүн дабышы кулак түбүндө жаңырды. Азыр ачыгын айтса андан ажырап калчудай кысылды. Кечээ эле бейтааныш жигит бүгүн мынча эмне жакын сезилип калды? Кызык…

Агзам Салкындын жеке турмушу жөнүндө эч нерсе сураган жок. Өзү Самарканддагы соода институтун бүтүп келгенден бери ушул универмагда иштеп сатуучудан директорлукка чейин жеткенин, карыган ата-энеси бар экенин, алар көзүбүздүн тирүүсүндө үйлөн деп кыйнап жатышканын айтып берди.

-Эмнеге ушул убакка чейин үйлөнбөй жүрөсүз?

-Кыздар сүйбөй жатышат,-тамашалай жооп берди.

Ошондо Фрунзеге чейин келип автобуска салып жиберген. Аны менен өткөргөн күндөрүн көпкө сагынып жүрдү. Агзам эки күндүн биринде телефон чалып ден-соолугун сурайт. Өткөндө туулган күнүнө аманат жибериптир. Ачкан эле жерде бир барча кагазда “сагындым сени” деген жазуу бар экен. Салкын үчүн тигилгендей жарашыктуу көйнөк, “Быть можеть” деген духи туулган күнгө белек дептир.

Эмнеге сагынасың?-деп ойлоду Салкын,-менин ким экенимди билип туруп анан сагынсаң боло. Өз турмушум жөнүндө эбин таап айтып берсем деле болмок экен. Эмнегедир андан ажырап калчудай болуп айта албай койбодумбу. Аттиң, Анарбек арактын артынан түшпөй адам болгондо, өзүнө окшогон аракеч аял менен балдарын таштап жетелешип кетпегенде ким билет эле кандай болорун.

Анарбек Салкынды ала качып алган. Окуп жүргөндө кат жазган көп жигиттин бири ушул Анарбек эле. Бирок, Салкын жакшы жолдош бойдон калууну максат кылган. Нике кайып деген ушул экен, тагдыры Анарбекке байланды. Карыган ата-энесин капа кылбайын деп, жазмышына баш ийип жашап калган. Салкын ага-тууганга алынып жакшы келин болду. Эки кызы экөөнө данакер эмес беле. Бирок, Анарбек аракты таштай албай койду. Салкынга ачуу тили да, колу да тийди. Ортодо бүлбүлдөп турган от жалп өчтү да, калды.

Санаа деген саргайтат экен адамды. Салкын дайыма ичим тап болуп, басынып, чүнчүп кетти. Оорукчан да болуп алды. Ашказан, боор ооруларына Жалал-Абад жакшы жардам берет дешти дарылаган врачтар. Ошентип Салкын Жалал-Абад курортуна жолдомо алган эле.

*****

Арадан жыл айланды. Салкын менен Агзамжан аллеяда катар басып келатышты.

-Салкын,-Агзам аяр унчукту,-мени сагындыңбы?

-…

-Айтсаң Салкын, кантип эле мени эстеген жоксуң? – акырын кучагына кысты. Салкындын көз жашы төгүлүп, эмне айтарын билбей солуктап жиберди:

-Мен сага тең эмесмин. Агзам.

-Ким айтат тең эмессиң деп? – Агзам тамашага чала куудулданды.

-Мен айтам. Өз улутуңдун татынакай кыздары бар эмеспи. Мурда эле айтсам болмок, бирок экөөбүздүн мамилебиз мынча тереңдейт деп ойлогон эмесмин. Менин балдарым бар Агзам, турмуш көргөн адаммын, -Салкын оор үшкүрүп алды. Эмнегедир жеңилдей түшкөнүн сезди.

Агзам үнсүз турду. Ал өзүн карап турабы, баамдай албады Салкын. Аны тик карай албай каректери кайдадыр тигилди. Оор тынчтык экөөнү тең ныгыра басып, ыңгайсыздык чакырып жаткандай.

-Да-а,-деди Агзам оор күрсүнүп, – значит судьба…

Бардыгы бүттү деп ойлоду Салкын, Агзамдан ажырагым келбейт, бирок алдай да албаймын. Байкуш жүрөк ачыша-ачыша басылар, айлам канча, көнбөскө чарам барбы?

-Уул балабы? – Агзамдын үнү капыстан чыккандай селт дей түштү.

-Экөө тең кыз…

Бөлмөсүнө узатып келип, коштошордо акырын кучактап, көкүрөгүнө кысты. Салкындын көздөрүнө жаш имерилип, башын көтөрө албай майышты. Агзам ээгинен көтөрө эркелетип көздөрүнөн өптү да “жакшы жат” деди күлүмсүрөп.

*****

Айлар жылып, кычыраган кыш өтүп, жаз болду. Турмуш бир калыпта өтүүдө. Жумушунан келсе ар кайсыны божурап кыздары тосуп алат. Алар кол арага жарап калышты. Улуусу быйыл мектепке барган. Агзам мурдагысындай эле эки күндүн биринде телефон чалып, ал-абалын, кыздарын сурайт. Бая күнү белек жибериптир. Кыздарга окшош кытай көйнөгүн, жаңгак, кофе. Өзү ушуларды жакшы көрсө керек деп ойлоду Салкын.

Бүгүн өзү менен чогуу иштеген Нуриянын туулган күнү болуп үйүнө кечирээк келди. Эшиктен киргенде эле кыздары ага кат сунушту. Салкынга кат деле келчү эмес. Конверттин сыртындагы тааныш колду көргөндө жүзү албыра түштү. Агзам посылканын ичинде бир эки ооз сөз жазганы болбосо кат жазчу эмес. Чечинбестен катты окууга киришти.

“Салкын! Мен көпкө ойлондум. Сенин бейкут турмушуңа аралашканым үчүн кечирим сураймын. Сени самолетто көргөндө эле эзелки таанышымдай учурадың. Издегеним табылгандай көңүлүм жайланып, жаныңдан кете албай койгонум да ошол. Кийинчерээк телефондон үнүңдү укпасам сагына баштадым. Үнүңдү уксам кусалыгым тарай түшөт. Бул сүйүүбү же, жөн эле жакшы көрүүбү, адегенде айырмалай албай жүргөнүм да чын.

Экөөбүз акыркы жолугушкандан бери санаамдан кетпей койдуң. Сени бүткүл жан-дилим менен сүйүп калганымды сездим. Өмүрүм өткөнчө сени сүйөм, Салкын. Сен жолдошуң менен жашайсыңбы же жокпу, билбеймин бирок, сенсиз жашай албашым чындык.

Салкын, Мен 5-май күнү кечки 7де Кыргызстан мейманканасынын алдында сени күтөмүн. Эгерде жүрөгүңдө мен бар болсом келээрсиң. Агзамжан. 7.04.1976-жыл”.

Катты кайталап окуган Салкындын жүзүндө салаалаган жаш. Эмнеге ыйлап жатканын деле элес албай, буулугуп ыйлай берди. Көздөрү кызарып, шишимик тартканы менен сергек ойгонду. Болор-болбос нерсе эле күлкү чакырып, кыздарды тамашалай анда-санда кыңылдап ырдап ал күнү кечке көңүлү шат жүрдү.

Ошол күнү колуна калем алып алгачкы ыр саптарын жазды. Көзүн жумса Агзамдын бажырайып күлүмсүрөгөн элеси “жазгын жаным” дегенсийт.

1976-жылдын 5-майында таң эртеден жолго чыкты Салкын. Теребел жаз жытына мас. Көлбөөрүгөн жердин бетин көктөм ээлеп, жол боюндагы кызгалдактар ашыктыктын ырын ырдагансып, эрке желге дирилдешет. Адыр, түз дебей кызгалдакка толуп чыгыптыр. Аркырап арыш керип, шамал менен жарышкан автобуста алдыдагы жолугушууну эңсеп, кусалыгы көөдөн тиреп баратты.

Мейманканадан орун алып, кечки жетинин болушун күтүп жатты. Болжогон убакка жакындаганда Агзам туулган күнгө белек кылган көйнөктү кийип, бетине болор-болбос упа сүрттү. Салкын боёнчу эмес, бирок керектүү дегендерин алып жүрө турган. Оозун боёп көрдү эле, чырайына чыга түшкөнсүдү. Дайыма боёп жүрбөгөндөн кийин өөн көрүндүбү кайрадан сүртүп салды. Сааттын жебеси туп-туура 7ни көрсөткөндө тепкич менен жай басып түшүп келатты.

Агзам дежурныйдын маңдайында меймандар документ толтура турган столдо отурган экен. Башын буруп Салкын келаткан тарапты карады. Салкын боюн жашыра калды. Жок, көрбөптүр, көрмөк да эмес, ал жер караңгы болчу. Акырын басып жакындаган Салкынды эми көрдү ал. Көгүлтүр костюму шыңга боюна жарашкан Агзам көздөрү бакытка тунуп кучагын жайды. Кумарлуу жигиттин кучагында өзүн жоготуп баратты Салкын. Нары-бери өткөндөр экөөнүн бактысына суктана жылмайышты.

Ресторандан тамактанып алышып, Агзамдын бөлмөсүнө келишти. Столдун үстүндөгү тамак-ашты көргөн Салкын:

-Ай-иий,-деди таң калганын жашыра албай,-меймандар барбы?

-Экөөбүз мейманбыз бүгүн. Бүгүнкү күн биздики, Салкын.

-Мени келбей калат деп ойлогон жоксуңбу?

-Жок. Келээриңди билгем, жүрөгүм сезген.

-Кат жазгандан кийин эмнеге телефон чалган жоксуң?

-Күттүңбү? – ал кумарлана өптү,-сени алагды болбой жакшылап ойлонсун дедим.

Ал түнү нечен жылдардан берки бугун чыгарып, жүрөк сырын төгүп, ыйлап да, күлүп да жатты Салкын. Ал чексиз бактылуу болчу. Агзам ого бетер жылдызы жайнап, жаш баладай алдына алып эркелете жалынып-жалбарып, сүйүшкөн жүрөктөр үн алыша туйлады көөдөн тиреп.

Эртеси түз эле үйгө кирип баралы деген Агзамдын сунушуна каршы болду. Балдар окуудан тарасын, менимче ата-энемдин алдынан өтүп, ыраазычылыгын алганың жакшы. Алар деле мен макул деп турганда кайда барышмак эле, макул болушат да. Мен кийинки айда отпуска алам, ошондо болсун, ага чейин чыдаган жаныбыз чыдайлы. Жөн эле жетелешип кирип барган туура болбойт,-деди Салкын кеңеше.

-Мен ата-энеме ушул жумада алып келем дедим эле…

-Эми бир айдын нары-бериси кайсы? Айтпай-дебей турмушка чыгып кете бергидей секелек кыз болбосом, ар нерсенин өзүнүн жол-жобосу бар эмеспи.

-Эми бир ай кантип чыдайм Салкын?

-Ал деген бат эле өтүп кетет да. Агзам, таарынбачы эми.

-Болуптур жаным, мени көндүрдүң. Бирок Ошко барып бир жумадай жүрүп кет. Мен бул жерде деле кала берет элем, өзүң билесиң менин ишим сеникине караганда жооптуураак эмеспи. Жумушуңа кечигип барарыңды айтып чалып кой, анан Ошко жөнөдүк, – Агзам телефондун трубкасын сунду.

Ош шаарынын орто жеринен орун алган эс алуу үйүндө эл көп. Шаардын жашоочулары экени же эс алуучулар экени билинбейт. Бири кирип жатканы, бири чыгып жатканы. Салкын бир жуманын кантип өткөнүн билбей калды. Эртең жолго чыгыш керек. Ар нерселерин жыйыштырып, кол сумка менен келген Салкын чоң чемоданды ныгыра басып бекитти. Кой дегенге болбой Агзам кыздарга бир сыйра кийим-кечек, оюнчуктарды, жаңгак, кофе дагы майда-барат буюмдарды алган. Аңгыча эшик чертилип, удаа эле Агзам кирди:

-Салкын, меймандарды тосуп ал!

-Саламатсызбы аяш, менин атым Жоро,-деп колун сунду коюу кара каштуу жигит.

-Салкын.

-Карим.

-Мурат.

-Саид.

Өзүн Жоро деп тааныштырган жигит отуруп отурбай эле койнунан бир бөтөлкө шампан алып чыгып столго койду. Жигиттер бир аз кызуу көрүндү.

-Сени бул жерде десем учурашабыз деп келишти. Булар менин жолдошторум.

-Агзам эмнеге эле Фрунзелеп калды десе, кеп бар тура.

-Ысык-Көлдүн аккуусуна учураша кетели деп кайрылып калдык, капа болбоңуз аяш.

-Сиз менен таанышканыбыз үчүн, аяш,-Саид көбүргөн шампанды ар бирине карматып чыгып, каалоо-тилегин айтып жиберди. Анан колун ушалай:

-Эй, жүргүлө биздикине, аяшка аш басып берели. Меймандын көңүлүн курсант кылбасак болбойт да.

-Чын эле ой.

-Жүргүлө кеттик.

-Балдар, Салкын эртең жол жүрөт, кыйналып калат го, тынч эс алсын. Силерге ырахмат, -Агзам баргысы келбей кыйылды эле, ага болушчубу:

-Ой, силерге биз тийишпейбиз, Аш даяр болгондо эле жеп берсеңер болду. Эс ала бергиле, туурабы?

-Барбасак болбойт, Агзам ордунан турду, балдар, силер чыга бергиле, биз азыр…

Сырттан такси кармашты да, бара турган үйгө тез эле жетип барышты. Столдун үстү бат эле түрдүү даамдарга толуп кайкалап калды. Келгенден бери бир да аялзатын көрбөгөн Салкын:

-Бул үйдө аял жокпу? – деп таң кала сурады.

-Бар. Саиддин энеси, аялы, карындаштары бар. Бизде аял адам меймандын  үстүнө кирбейт. Ушул балдардын бардыгынын үй-бүлөсү, балдары бар. Мени үйлөнтөбүз деп кыйнап жүрүшкөн. Бүгүн да бирөөнү көрсөтөбүз деп универмагка барышыптыр. Мен үйлөнүп алдым дедим. Ишенишпейт, анан сага алпардым.

-Тапкан кызын көргөн жоксуңбу?

-Жок, -ал башын чайкады.

-Көрүп койсоң болмок, -Салкын сустая унчукту.

-Чын эле сен мени кызганып жатасыңбы Салкын, -Агзам жалбарып жиберди, -кызганчаагым менин, кыргызым менин, мага башка эч кимдин кереги жок…

-Мен да кийин меймандын үстүнө кирбейминби?

-Эгерде мени сыйласаң, менин улутумдун каада-салтын үйрөнүшүң керек.

-Агзамжан аке, аяш, ашка караңыздар, -Саиддин колу колуна тийбей чай суна эпилдейт.

-Биз ичкиликти көп деле ичпейбиз, бүгүн сиз менен таанышканыбыз үчүн аздан алып отуралы, каршы болбойсузбу, -Жоро шампанды бокалдарга толтурду.

-Менде бир сунуш бар, – Мурат оңдоно отурду, -Агзам үйлөндүм дейт, аяш үйүмө кетем дейт, түшүнбөй турам…

-Той бир айдан кийин болот, ага чейин чыдай тургула. Шарт ошондой болуп калды, Агзам кадимки күлүмсүрөөсүнөн жазбай жооп узатты.

-Анда менин сунушум мындай, азыр эс алуу үйү жабылды, силерди киргизбейт. Ал эми шарыятта нике кыйылмайынча күйөө менен колуктуну ээн калтырбайт. Ошондуктан азыр нике байлайбыз, кандай дейсиңер?

-Туура, туура.

-Биз күбө болуп беребиз.

Салкын Агзамга карады. Ал көздөрү жайнап, ого бетер чырайына чыга жылмайып турган экен.

Ал түнү кандай гана таттуу тилектер айтылбады. Келечекке кыялданып, эки кызды инилүү, сиңдилүү кылышты. Кыздарды күйөөгө берип, таята, таене болушту. Таң агарып келатканда гана жаздыкка баш койгондору менен укташкан жок.

Жамгыр жаап жаткандыктан Пржевальскинин аэропорту кабыл албай жатат деп Салкын уча турган рейстин эки саатка кармаларын кулактандыргандыктан экөө суу бойлой жогору басышты.

-Отпуска алаарың менен келгин ээ, күтөмүн. Силердин салтыңарды өзүң билип, менин туугандарымды жөнөтпөсөң же, бирге эле барабызбы, Агзам алдыдагы пландары тууралуу сүйлөй берди.

-Аны убагында көрөбүз,-деди Салкын эркелей Агзамга бетин тосо берип.

Самолетко кетип жатып кыйылып коштошушту.

-Самолет көрүнбөй калганча карап турамын, -Агзам энтигип чуркап жетип, көздөрүнөн өөп кайра чуркады.

-Ай ушу жаштар, -коопсуздукту көзөмөлдөөчү аял башын чайкады жактырбай.

Ошол эле күнү үйүнө жетти. Түнкү саат 12ден өтүп калганда телефондун чырылдагы ойготту. Трубканы кулагына такай Агзамдын дем алганын туйду.

-Жинди, -деди Салкын, түн ортосунда уктабай эмне кылып отурасың?

-Сени сагынып,-деди телефондун тигил учундагы үн.

-Уктап эс ал,-деди берки.

-Сен дагы укта, аман-эсен жеттиңби билейин дегем.

-Болуптур, жакшы жат.

Салкындын уйкусу ачылды. Агзам менен өткөргөн бактылуу сааттар көз алдынан чубуруп өтүп, колуна калемин алды…

Басса-турса Агзамдын элеси менен бирге жашап, кеч кирип, таңдар атты. Эки –үч күндөн кийин Ошко сапар алаары санаасында. Агзам да бир топтон бери телефон чалбай калды. Дүкөнгө текшерүү келет деди эле, ошого алаксып, кармалып жатабы? Нечен курдай Салкын өзү телефон чалайын деп кайра айныды. Жөн эле жеңил баа боло бербейин деди. Бүгүн отпускага арыз жазып иштерин тапшырып келген. Кыздарын ата-энесине табыштады. Өзүнүн кийим-кечектерин ирээттеп, оокаттарын салыштырып, үйүн жыйнаштырды. Жолго камылгам бүттү деп санаасы тынгандан кийин гана жатты. Бирок, уктай албады чабалактап. Нары-бери оодарылып жатып, туруп жарыкты күйгүздү да өгүнкү жазган ырын колуна алып кайталап окуду.

Бүгүн мен бакытка мас көлдөй чалкып,

толуп турам жээктен төгүлгөнү.

Бакыт сезген көңүлүм күндөй жаркып,

түшүм эмес болсо экен өңүмдөгү.

 

Божурап сүйлөй берем, сүйлөй берем,

сен жөнүндө бүтпөгөн жомогумду.

Алгачкы таанышканда сезген элем,

өмүрдө бүтпөс жомок болоруңду. – Менин бүтпөс жомогумсуң, Агзам. Экөөбүз неге мурдатан табышпай мынча адашып жүрдүк экен. Кеч болсо да кезиктирген тагдырыма ыраазымын…

Салкын таттуу кыялдарга чөмүлүп жатып, кандай уктап кеткенин билбей калды. Ошол кезде Агзамдын үйүнөн газ баллону жарылып, өрт кырсыгынан чолпондой баласынан ажырап абышка-кемпирдин кан жутуп калганын, Салкын барганда Агзамдын агасы дарегин билбей чакырта албай калганын айтып өксүүрүн, өмүр бою кусалыкка батып, сагынычын, арманын, ыймандай сырын бир гана ырларына айтып каларын билген жок…