Абдыкерим Муратов: Алайдын жылдыздары

Алайдын жылдыздары

(“Жылдыздар тараган таңдар” романынан үзүндү)

Абдыкерим Муратовдун “Жылдыздар тараган таңдар” романынын сюжеттик-композициялык кыймылы XX кылымдын башынан 30-жылдарына чейин уланат. Башкы каарман Биринчи дүйнөлүк согушта атчан чалгынчылардын командири катары көптөгөн эрдиктерди көрсөткөн, кийин Кеңеш бийлиги келгенде большевиктерге каршы күрөшүп, Мадаминбектин оң колу болуп жүргөн, анан Кызыл армия тарапка өтүп, кыргыз атчандар полкун түзгөн жана жетектеген Сулейман Кучуков тууралуу. Ал каармандын айланасында көптөгөн тарыхый окуяларга жана тарыхый адамдарга көркөм экскурс жасалат.

Төмөндө романдын чакан үзүндүсүн окурмандарыбызга тартуу кылабыз.

*****

Бала чагынан эсинде элес-элес калыптыр: көккө сайылган мунусунан нарыгысы эгиздеген тоолорго чыккан сайын улам көбөйө берген жылдыздарды терип алып ойногусу келчү; асманда бош орун калбагандай жылдыздар болсо бири-бирине жанашып, бири-биринен орун талашып турчу; өзү ошол асмандын ээси катары көкөлөп, көктө каалгып жүрчү.

Алайдагы балалыгынын соңку түнү да ошондой болгон.

Чыйырчык дабанга эки күн тынбай туш тараптан жылкы айдагандар келип аткан: бири Ажикеден, бири Тар дайра алабынан, бири Сыры-Моңол, Сары-Таштан, бири Сопу-Коргон, Ак-Босогодон, бири Жошолудан. Убай-чубай тойго келген айылдыктардай чубашкандарды датканын жигиттери тосуп алып, кай уруудан, кай суудан экенин сурап, ошого жараша боз үйлөрдү пааналап түшүрүп, жума күнкү мал айдоонун камын көрөт: бири аттары алыс жолдо ак өпкө болуп калбасын деп булак суусуна кандырса, бири базарда бааланып кетсин деп, жылкыларынын жал-көкүлүн, куйруктарын кайра-кайра тарап убара, бири болсо аламан байгеге сала тургансып, жаш балдарга чаптырып, анан суутуп жүрөт, башкасы болсо кулун кезден бирге өскөн жылкы жаныбар менен айрылууну көтөрө албай, атынын мойнун улам кучактап көзүнө жаш алып алган. Атынын бутун көтөртүп такылдатып такаларын жаңыртып аткандары да өзү менен өзү убара. Ак куудай мойнун койкойткон короздонгон аттар да, тоос төш айгырлар да жолго чыгары, жол алыс болору менен иши жок, жашаң чөптөн керте жулуп алып, жалкоолоно кепшейт. Торбосундагы арпа жемин кыртылдата чайнап атканы да башкалар менен иши жок бейкапар. Ат айдагандарга арпа ундун калама токочун, көөп бышкан загыра нанын, камыры оролуп, каймакка буланып, үстүнө сокуканттын күкүмү себилген каттамаларын берип аткандар, өтүп баратып көнөчөктөгү айран катыкталган аталасын, эчки чаначтагы көөдө кымызын, торгой көзүндөй жыбырып көбүктөнгөн нак бозолорун сунгандар да эртең эле мусарып болчулардын батасын алып калганга шүгүрлөшөт.

Асмандан түштүбү, жерден чыктыбы – тоо башын караңгы каптап, бирин-серин жылдыздар чыгып отуруп, көктү жылдыз басып калды.

-Жылдыздарды санаба! – Төбөнү карап былк этпей турган таар чапан, малакайын башына баса кийген, кендир куру менен белин таңып койгон балага Дүйшө абасы ушундай дегенде ал чочуп кетти. Жылдыз санаганды билчү деле эмес, санактан да адашып калчу.

-Санаган жокмун! – деди айыптуудай.

-Көрдүңбү, төбөдөгү жаркырак жылдызды. Ошол Кутпа жылдызга карап жол алабыз. Азан убакта чыгабыз. Сен болсо, ушул жерде каласың. А биз бир айдай паска жол кетебиз.

-Мен да баргым келип атат, аба.

-Барасың. Баралыңа келгенде барбайм десең да жөнөтүшөт. Азыр айлап ат айдаганга, чөлдүн аптабында акактап жүргөнгө боконо сөөгүң быша элек, катыгасың, сөөгүң чучукка, балтырың этке толот. Ага чейин үч-төрт жыл сабырдана тур.

Экөө тең кеп учугун улай албай, жым болду. Жакын жерден аттардын бышкырыгы, айгырлардын айбарлуу азынаганы, баюулунун бакырыгы угулат. Андайыраакта жигиттер жылкычылардын түнкү ырларын созолонтот.

Жакын эле жерде мамакалдырактын доошундай үн чыгып, манас айтыла баштады эле, суйдаң сакал, чап жаак Дүйшө аба салкындап калган кечки желден этияттана бозгуч төө чепкенин улам-улам кумтуланып:

-Бул көк-кайкылык тоокелердин Чомосу го, катуу чыгып келе жатат, жүрчү, ошондой басалы, – деп баланы ээрчитип эки колун артына алып бир таман кыялай жолго салды.

Чомо Каныкейдин Тайторуну байгеге кошуп атканын айтып атыптыр. Сулайманга дүпүрөгөн аттардын добушу угулуп, жакасын карманып турган Каныкейдин сөөлөтү арыгы жалама жардын бетинен улам-улам көзүнө көрүнө берди.

Манасчынын жанынан көптө келишти.

Бала астына аттын тээрдик, желдиктерин салып, башына ээр-токумду жазданып, асмандагы сансыз көп жылдыздарга суктанып, жылдыз учса ал жакты карабай башын ката коюп кымыңдап жаткан. Бир убакта кайда экенин ким билет, бир жактарга уйку жетелеп кетиптир…

*****

Бала түшүндө учуп жүрүптүр. Мингени капкара тулпар экен, ошол тулпары менен бирде бул тоонун башына, бирде башка тоонун башына барып конот. Бир убакта тулпары кишенеп жиберди.

Чочуп ойгонуп кетти. Жанында өзү минип келген Дүйшө абасынын аты Сайгүлүк ээр-токулгамды бер дегендей маңдайында туруптур. Түндөгү асман жылдыздары суюлуп, супа саадак күн чыгыш жактан акырын жылып келаткандай. Ыргып турду да, шүүдүрүмгө бети-башын чайкап, аттын куюшкан, көмөлдүрүктөрүн салып, ээрин токуду. Ары жактан даарат алып жүргөн Дүйшө абасынын шарпасы чыкты.

Таң таштап, мал ордунан козголо баштаган кезде Чайырчыктын ар кайсыл колот-коктусундагы Ташкен базарына айдалуучу жылкылар топ-топ болуп бөлүнүп, ар топтун айдоочулары менен күзөтчүлөрү жылкылардын жанында калып, кербен башы Өмүрзак бай улам кыйкырып, “Баргылардан калдайлардын тамгасы басылдыбы, адигинелердин сарттарыныкычы, бөрүлөрдүкүчү, кара-кулжалык теңизбайлардыкын не кылдыңар” деп жылкылардын кулактарындагы эндерин, жамбашындагы тамгаларын бирден текшерип жүрөт.

Орус бажылары Эргеш-Тамды жаап, Кашкарга каттоону токтоткондон бери ушул баарындардын Өмүрзагы Ташкенге мал айдап барып, ал жактан мата-сата, чай-чамек алып келип, минтип мал жайлоодон түшөрдө бир уруудан экиден-үчтөн киши кошуп, алыс жолго чыгат.

Өмүрзак мал санагын алганча ар уруунун аксакалдары Чыйырчык дабандын башкы дөңүнө чогулду. Алардын жанындагы жакын жерге Дүйшө аба баш-көз болгон жылкы айдоочулар мал-алы менен батага алгач шай турду. Илгери Тилеке баатырлар калмакка каршы аттанганда ушул жерден жыйналып, анан жоо беттеп кетер эле, Кокондун сарбаздары да малдан алым алганда ушул жерге чогулттуруп, эсебин алып, эсеби чыкпагандардын эки көзүн оюп, соң паска карап күтүрөтүп айдап кетер эле…

Асманда буларды күзөтчүдөй болуп ала канаттарын жай каккылап ак журтчу куш жүрдү. Андан бери – дал эле бута атым жерде каккан казыктын башындай газала торгой калдыркан канаттарын каккылайт.

Кашка бээсин акырын бастырып, он чакты аксакалдын, жигиттин ортосунда ак элечек салынган, жука кырмызы кымкап тон кийген, сөөлөт күтүп, бой кармаган байбиче келе жатканда тургандар ошол жакка жакындады. Күндөр менен түндөр белин басып, кайгы менен азап терисин тырыштырса да, кебеле койбогон байбиче ар бир кыймылын дыкат билген жылкы жаныбардын тизгинин тартып тык токтотуп, адамдар менен баш ийкешип мал-жан сурап амандашкан соң, баары ага ыкырар кыла алакан жайды.

-Кана, оомийин! – Эң алгач Ташкендин бегине кездешүүгө барчудай үстүнө ак баязы чепкен кийген, ак боз атчан Өмүрзак бай алакан жайып бата тиледи эле, байбиче токтоо туруп, асмандагы тоголоктошкон булуттарды бир тиктеп, алыстан мунарыктаган Ош жакты бир тиктеп, анан алдындагы аламанды карап батасын баштады:

-Оо, калайык калкым, ушул алыс жолго чыккан берендерди Манас атабыздын арбагы колдосун! Узак жолду Жоломан атабыз кыскартып, жолуна жолдош болуп берсин! Көкөтай бабабыздын, Акбалта атабыздын, Сыргак баатырдын рухтары жигиттердин жанына эш болсун! Ай барып, аман келгиле! Баарыңарга кайра эле касиеттүү Алайдын суусу менен тузу буйрусун! Ак жол, анда, аттарыңарга мингиле, улоо бели бек болсун, кыраандарым!

“Оомийин” деп жүздөрүн алакандары менен сылап, бата кылды кете тургандар да, аларды алыс жолго узатып, кайырлашып жаткандар да бирдейиге.

Азынаган, кишенеген, туяктарын тепкилеген жылкылар бири-биринен калбайын деп жол талашып саратандын аптабы куйкалап таштаган тээ төмөндөгү чаң жолго түштү эле, заматта төбөгө куу бубактай куу чаңдар көтөрүлө берди да, үйүрлөшө калган жылкылар нокотко айланып барып, бара-бара көздөн кайым болду алыс жолго чыккан турналардай..