Качкынбай Осмоналиев: Боорукер

Боорукер

(кыскартылды)

Атасынан ажырап, энеси менен калган баланы – “бул шордуу бешиктен бели чыга электе атасын жутту. Эми боорун көтөргүчө жетим аты өчмөк беле!” деп, кейимиш болгонубуз менен жетимдин ичинен ар кандай жетимдер учурайт экен. Жумгал өрөөнүндөгү жети үйлүү кедейлерге баш калкалап күн өткөргөн Апын Кайкыча мурдунун учу көмкөрө кармаган топчуга окшошуп кетет. Көзү тегерек келип, оттуу кареги тынч жатпай шоктуу. Ал тагдырдан ата-энесинин бирин да кармай албай калды. Кур дегенде алардын өңүн түкшүмөлдөп калса эмне. Анда ал “менде ата-эне болгонбу же чын эле болгон эмеспи?” деп, турмушта күмөн санайт. Айтор, ар кимдердин айтуусуна караганда Апында ата да, эне да болгон имиш. Бирок, алар Жумгалдык эмес экен. Кандайдыр бир алыстан тентип келишкен. Аялы боюна бүткөндө эри дүйнөдөн кайтат. Бала жарыкчылыкка жаңы келип, киндиги ката электе эне “соңку толгоону” көтөрө албай мүрт үзүлөт. Жада калса аты коюлбай калган кол башындай ымыркай наристеге сооп үчүн бир боорукер аял эмчек сордурат. Сүт берет. Ошентип, ажалдан коргойт. Апын кабагын ачпай жоош неме. Алеттен чыккан кара таар шымы салбырап, курсагын чандайтып, Нарынбай деген ашпозчунун үйүнө киргенде, эки көзү тиги ашкана жактан өтчү. Нарынбайдын семиз аялы кудай жалгаган күнү челектеги арпа максымдан кара аякка мелт-калт куюп бере койчу. Кыртышы сүйбөсө көзүнүн үстү менен карап:

–Ии, мен ичип, сен кур калдың, жетимче, – деп какшыктачу. Муну уккан жетим жылып сыртка жөнөчү.

Күндөр кубалашып өтө берди. Апын эми кимге болсо да салакасын тийгизбей калды. Бирөөлөрдүкүнө куурай көтөрүп келет, экинчилердин отунун жарып, ошентип курсагын кампайтат. Ушул учурда: “Эл артелдешип жатат. Жетимдер үчүн бекер аш, белен үй даярдалды” деген жанга жагымдуу сөздөрдү укту да, дайыма башын жерге салып жүрүүчү Нарынбай менен коштошуп алып, жолго чыкты. Кубанычы колтугун кытыгылайт. Сербелеңдеп желе басат. Жол кыскарбайт. Ошол кездеги өзү айткандай “кубанганы менен курсунчу” күн мурунтан жол тосуп жүргөнсүп, коктудан чыга бергенинде орус учурап калса болобу. Коркконунан алапайын таппайт. Кантип коркпойт? Айылдагы энелер кокус баласы ыйласа: “Басыл эми эшикте орус турат”, – деп жекирише турган. “Үнүңдү укса кирип келип, кулагыңды кесип алат. Бол, басыл”. Энеси минтип коркутканда ыйлап жаткан бала тып сооронот. Береги талаадан учураган орус Апындын кулагын кантип кеспесин! Апын шарт бурулду да, келген жагын карай “тыз” койду. Бирок, тиги тарталаңдап кубалап алды. Акыры орус куткарар эмес. Апын алты секирген жерди ал бир гана аттап койду да, кичинекей кыргызды кармап алды. Бала артына кылчайып, жаш чайган көзүн алайтты. Аралыкты чуркап келип, энтигип турган кер муруттуу, жаагы узун, жазы маңдай, зыгырдын даны түспөлдөнгөн күрөң чачы бар, сары кишинин оозунан:

–Айланайын! Кимдин баласысың? Ушундай да болобу, – деген кыргызча сөздөрдү укту. Көмөкөйү кургап, жооп кайтарууга чамасы келбеди. Кийими тытык баланы береги адам ак китель кийген көкүрөгүнө кыса кучактап, жайын дагы сурады:

-Айтчы, жетимсиң го?

 

Береги кыткылыктап агып жаткан ичке булактын боюнда өрөөлөп койгон эки күрөң ат жана дагы бир ала туяк, жээрде кашка ат ылаалап, куйругун шыйпанып, оттоп жүрөт. Аттарга жакын жерде күнгө оңгон саргыч чатыр турат. Чатырдын түбүндөгү асманга илинген кара чаканын түбүнөн куу отундун саргылт жалыны жалбырттап, суюк түтүн көтөрүлөт. Бооруна алжапкыч тартынган матростун майкесин кийген, кетик тиш, көзү жүлжүгүй, мурду кайкы, карасур жигит таңдайы менен кыңылдап, бир ырдын обонун издеп, чаканын илебинен сороюп чыгып, калган жиликти сууруп алып, экинчи башын кайра ныгырат. Ал адегенде чукул келген өзүнүн начальнигине көргөн адам бышкырып жиберчүдөй жасалма купшуңдап:

–Шумдугуң курган, Владимир Михайлович, – балага кара, кардын тойгузчу абалы.

–Кудай жалгагыр. Биринчи тааныштырсаң? Колунан бир неме келчү немеби? – Танцыда жүргөндөй белин ыргап, куудулдугун токтоткон жок. Ал Апынга жанаша тура калды да, көзүнүн кыйыгын сала жалгандан эле аны туурап, бышактап койду. Китеп окуп шибердин үстүндө оонап жаткан Горькийдин Челкашы кебетеленген узун киши да көз айнегин маңдайын карай жылдырып, башын көтөрүп:

–Бул тоолук кайдан түштү? Асманданбы? – деди.

–Экөөң тергөөчүлүгүңөрдү жыйыштыра тургулачы, – деди, чыны менен Владимир, – качанкы өлгөн апамды ойлоп, каңырыгым түтөп турат. Тамак бергиле буга.

–Анча болду апаңды жоктоп деле кой.

Тиги кетик тиш куудул:

–Көрсө, азык түгөткөнү келген жигит ко! – деп, кобурап кулагын кашыды да, чатырдын ичинен бир кесим нан менен жарымы желген консерваны алып чыкты. Тамактана баштаган кара көз азыркы кыргызды үчөө ортого алышып, өзү жөнүндө үзүп-үзүп баяндаган кебин ынтызарланып угушту.

–Да, уулум, – Владимир, муундарын сары түк баскан узун шадысы менен Апындын маңдайынан сылады. – Тамакка чукул олтур. Ошончо күндөн бүгүн ушул аймакка түнөй калганыбызды кара? Уулум, сен бактылуусуң. Шашпа, окуйсуң, үйрөнөсүң, жетилесиң. Бир кезде кен издеп жүрүп, бул тоонун арасынан сен да мүмкүн бир бечаранын маңдайын сыларсың. Турмуш оомал-төкмөл.

Владимир Михайлович жабыркаган жанды мамыкка ороп терметкендей жылуу сөздөрдү сүйлөдү. Апын куудул жигиттен чочуганы болбосо, “мага да сурап алчулар табылдыбы” деген пикирде санаасы тынч. Жаман жери гана колунун кычысынан уялып, тамакты ойдогудай жей албады.

–Тамактана бергин, –деди Михайлович. Апындын жазганганын сезип, – корунбагын. Уялууга али эрте.

–Мал багып чоңойгондун тукумдары да. – Куудул Апынга тийишкенин койбойт. – Эт жегиси келип тургандыр? Азыр эт да бышат. Бирок, койдун эти эмес, камандыкы. Эмитен айтып коеюн, менин шыбагама кол салчу болбо! Өзүңүзгө тиешелүүсүн гана…

Ызакор Апын кулагынын учуна чейин кызарып:

–Сугалак эмесмин! – деп жиберди.

–Ээй ысык эле буламык деп отурса, жүүнү тирүү окшойт? Кана, колуңду берчи? – Куудул мойнун ийе калды. – Оңой менен жемиңди жедирбейт окшодуң. Мага да чыйрак жолдош табылбай жүргөн.

Экөөнүн эрегишине беркилер күлүштү.

Куудул жигит түбүндөгү шагалаңды шилеп, булакты тосмолоп көлчүк даярдады да, боорун бербей турган Апынга кекирее кабагын түйдү:

–Инженерлердин тамагын бышырганым аз келгенсип сен да, жүк болдуң окшойт го, чамасы! Болуптур, дырдай чечинип көлчүккө отургун. Болбосо, ал түндө карын жеген мышыкча кырт-кырт тырманып мени кууратасың… Эмнеге уяласың? Чөк түш. Ыктайлуу болуп тургун. Анан далысын куушуруп, көлчүктүн ичинде куудул самынды баржактата көбүртүп, анын кир баскан кыр аркасын жышып, кобурай берди:

–Жигит, сенин келишиң мен үчүн оңдой берди болду. Эртели-кеч эрмексиң. – Анан анын төмөнкү “киндигин” чымчып тартты да мунуң эмне акетай?! – деп, ха-халап каткырды.

Владимир өзүнүн түнкү кийип жатуучу жука шымынын багалегин ичин көздөй кайрып тигип, жибек көйнөгүнүн жеңин түрүп, колдон келишинче кичирейтилген кийимдерди алып келип, куудулдун жанына таштады.

–Жетишет, шакабалай бербе. Кыйнабай киринт. Эригип жүрөт окшойсуң. Бала үйүр алганча мени менен күрөшө турчу, болуптурбу? – Ушундайча эскертип, чатырды көздөй кетти.

Куудул чатыр тарапка кашын серпип:

–Береги, тартайган немелер кум көрсө ээлеп, таш көрсө талкалашат. Ала-Тоонун жумуруна каткан сырын билгилери келишет. Укмуш бекен ыя?

–Калп айтпаңызчы. Тоодо эмненин сыры болот?

–Ээй кеп жебейт окшойсуң. Минтип отурсаң экөөбүздүн отубуз күйүшпөйт. Инженер кылып чыгарам деди го? Таштын сырын сен да ачасың. Акыркы айтарым: буруп айткан сөздүн түйүнүн чечкидей бышык бол. Сен, иним, нанды чайнап бермейинче жута албай калгыдай жаш эмессиң. Он бир жаш аздык кылбайт, билсең, – деп айтты да, мачалканы Апындын колуна карматты, – ме, такымыңа кошуп, чедирейген курсагыңды өзүң эзгин. Кеп жебейт окшобойбу. Ха-ха-ха. Тартынбайт. Кийин тарбия жетпей эле калбаса бир неме өнөт мындан. Көрөрсүң өнө-өт, оңбогурдан.