Зинакан Пасанова: Кыш элегиясы

Кыш элегиясы (ыр түрмөк) Туулган күндө жазылган ыр Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам, Үйүмө шаң, жан киргизди белегиң: Үлбүрөгөн беш тал роза – кулпурган.   Кышкы гүлдөр назик, кербез, супсулуу, Көңүлүмө жаз түнөттү жыпжылуу. Кыш чилдеде төрөлгөн жан өзгөчө, Кадыр-баркын билет гүлдүн кыпкызыл.   Куттук айтып, гүлдүн коозун арнаган, Кыска өмүрдө көңүл табат жакшылар. Жашоо өзү кайрымдуу да, берешен, Жамандан көп жакшылыгын бар кылар.   Тышта бубак. Жыла басып оор туман… Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам. Кеселиме эм болорун билипсиң, Кочкул-кызыл розаларың кулпурган!   толугу менен…..

Айзат Кудайберди кызы: Кан көчөдө басып жүрөм, аралап жалбырактын өлүп жаткан денесин…

Кудайберди кызы Айзат Ош облусунун Араван районуна караштуу Кичик-Алай айылында 2003-жылы жарык дүйнөгө келген. Учурда Т.Осмонов атындагы №25-орто мектебинин 10-классынын окуучусу. ******** 17 жыл жашап койгон өмүрдө, Болду да эки нерсе: Ыр жаздым, Адам сүйдүм. Ыр жаздым, Адам сүйдүм. Менин эч ким жолумду тосо алган жок, Мага эч ким каршылык кыла алган жок. Эч кимге баш ийбедим, Кечирим сурабадым. Сүйгөндөр сүйүлбөдү. Мени эч ким унутпады, А бирок унутулду Дүйнө мага…   Тилектер миң өзгөрдү, Мен да өзгөрдүм. Бутум салсам деңиз суусуна, көк асманга сүрөт тартсам, Алаканым ысыса кумдун табынан, көпөлөктөй толугу менен…..