Блог

Нурбүбү Бөдөшова: Түш көрдүм түндө сени…

Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды Бопбош жүргөн калдырап арабадай, Бопбоз жылдар өтүптүр эч дайынсыз. Курсак тоюп куунаган болсом дагы, Кур кыялга алданган кеч кайырсыз.   Көр тирликтен көтөрө албай башты, Көмүскөдө көөдөндү көп жүк басты. Эртең жетем дегенге али жетпей, Ак бубактар аралап кундуз чачты.   Өзүм үчүн өкүнбөй жашадымбы, Бу тагдырым — бактымбы? Азабымбы? Тээ балалык кезимде баштап алган, Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды…   Айымдарга Аялзатсыз эркектер карып дечи, Аялзаты — ааламга жарык дечи. Антсе дагы, эркексиз, оо сулуулар, Алоолонуп от болуп жанып көрчү!   Түмөн түйшүк көтөргөн толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Терс кайрык

Терс кайрык (аңгеме) Шариза ошол күнү чоң базардын четиндеги тар көчөдө шашып-бушуп келаткан. Оң колунда буюм толо булгаары торбо. Мүрүсүнө илген иймекей саман кол баштыгынын боосунан бекем кармап, боюн түздөй тыкылдап басса да түрү чарчаңкы. Жашы өткөн сайын эл көп жайларда жүрсө ушинтип өзүнөн өзү чарчай берет. Көзүнөн түшүрбөй тагынып жүрчү чоң алкактуу кара көз айнеги да аны көпчүлүктүн назарынан коргой алчу эмес. Баарынан да базарга барганында бутун шилтей албай кайтат. “Андан көрө гипермаркетке барсаңыз. Каалаганыңыздын баарын кыйналбай табасыз”, – дешчү балдары. Шариза болсо базар-учарын шаардын чок ортосунда тээ байыртан толугу менен…..

Афина Абдылдаева: Гүлкайырлар соолордо

Гүлкайырлар соолордо (аңгеме) Каргашалуу Улуу Ата мекендик согуштан кийинки жылдар болчу. Касиеттүү Талас өрөөнүнүн тоого жакын бир чакан айылында көпчүлүк катары кол кармаша түтүн булаткан Болот менен Күмүш бири – сугатында, экинчиси – тамекисинде иштеп жүрүштү. Экөөнүн арасынан кыл өтпөгөн ынтымагын ого бетер ширеткен данакери, шам чырагы үч жашар кызы Салтанат болчу. Айкүмүш иш десе ичкен ашын жерге койгон, айткан сөзүн аткармайынча жаны тынбаган, нары өтө жоопкерчиликтүү, нары мээнеткеч жан болгондуктан, аны “жаш да болсо, бизге баш болгонго жарайт”,- деп, звено башчылыгына аялдар өздөрү шайлап, чоңдор да алардын сөзүн эп толугу менен…..

Өмүрбек Тиллебаев: Жаз, уч, Элгиза, асман сенин канатың!

Асман сенин канатың Дүйнө хаостон жаралган. Алгач баары аралашып ачылганы ачылган, чачылганы чачылган бойдон жаткан. Жүрө-жүрө асман асмандан, тоолор тоолордон, деңиздер деңизден орун алып, бир иретке түшкөн. Кыргыз адабиятында да учурда дал ошол хаос, башаламан заман жүрүп жатат. Азыр китептен акын көп, акындан китеп көп. Албетте, алардын баарын акын, китеп деп айтканга ооз барбас. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы “массалык маданияттын” арааны жүрүп жаткан кез. Кызылы менен саманы, жакшысы менен жаманы аралашып жаткан чаң-тополоң дүйнөдөн канткенде чыныгы акынды, сүрөткерди ылгап алабыз? Маселе ушунда. Жаш акын Элгиза Бусурманкулованын ырларын жакында гана сайттардан окуп толугу менен…..

Иш күнүңүздөр көңүлдүү улансын

Урматтуу калемгерлер, адабият сүйүүчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы 2 айлык каникулдан кийин кайрадан өз ишин баштады. Жаңы дем, жаңы идея, чыгармачылык эргүү менен көп иштерди аткарабыз деген максаттарыбыз бар. adabiyat.kg сайты сиздерден жакшы сунуш пикирлерди, мыкты чыгармаларды күтөт. Биз менен кызматташып туруңуздар. Иш күнүңүздөр көңүлдүү улансын!

Мамлекеттик сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка КР Президенти С.Н.Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. I даражадагы “Манас” ордени менен: Садык Шер-Нияз Эркебаев Абдиганы III даражадагы “Манас” ордени менен: Джакшылыков Асан Мамазаирова Менди “Данакер” ордени менен Раев Султан Акимович “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы менен: Абдугафуров Абдугани “Кыргыз толугу менен…..

Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу замандаштар, Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Бүгүн биз майрамдап жаткан улуу күн – Эгемендүүлүк Күнү эртеңки күнгө болгон ишеним үмүттөр менен тыгыз байланыштуу. Үмүтүбуздүн шамын өчурбөй, ата-бабаларыбыздан аманат калган эркиндигибизди таза сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүгө умтулалы. “Улуу көч кайда барса – кичүү көч ошол жакка барат” – дейт элибизде. Туура көч баштап, туура сөз баштап, жаштарга багыт көрсөтөлү. Мекенибиз, көз карандысыз мамлекетибиз гүлдөп өнүксүн! Калемдештерге чыгармачылык эргүү, талыкпаган эмгек, изденүүчүлүк, жаратмандык каалайбыз! Ылайым элибизге эгемендүүлүгүбүз кут болсун! Жерибизде тынчтык, бейпилдик, элибизде ынтымак, биримдик болсун! толугу менен…..

Кешаб Сигдел: Кызым боёп убара өз ойлорун, Манжалары кылдат дирилдеп

Кешаб Сигдел (Непал) Кешаб Сигдел 1979-ж. Непал (ФДР) мамлекетинин Бардия районунда төрөлгөн. “Непал топурагы” адабий журналынын башкы редактору. Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) Координациялык комитетинин мүчөсү. Азия-Тынч океан аймагынын жазуучулар жана котормочулар уюмунун мүчөсү. “Бурмаланган убакыт” (2007) “Күндүн түсү” (2017) аттуу ыр жыйнактары чыккан. Урбанисттик багыттагы заманбап акын. Непалдык акындардын поэзиясын англис тилине которгон “Боёктор кубулушу” (2021) китеби Непал академиясынын басмасынан жарык көргөн. “Кумар: Дүйнөлүк поэзия антологиясы» (2023-ж.) менен «Непалдын заманбап Антологиясы» (санарип том, 2016) китептеринин редактору. Непалдын маданият министрлигинин « Bhanubhakta” алтын медалы (2014-ж.) менен Улуттук жаштар фондунун Жаштар сыйлыгынын (2018-ж.) лауреаты. Трибхуван Университетинде «Поэзия жана толугу менен…..

Жазуучулар союзунун катчылыгы эс алууга тарады

Урматтуу adabiyat.kg сайтынын окурмандары, урматтуу калемдештер! Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчылыгы 3-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууга тарады. Бул аралыкта редакциялык жамаат да ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турат. Сиздер менен сентябрь айынан тарта жакшы жаңылыктар, жагымдуу чыгармалар менен көрүшөбүз деген ишеничтебиз.

Ч.Турсунбеков атындагы “Жылдыздуу жээк” фестивалы жыйынтыкталууда

Акын Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган “Жылдыздуу жээк 2023” поэзия фестивалы жыйынтыкталды. 3 күн бою көгүлтүр көл боюнда өткөн фестивалда акындардын чыгармачылыгы, көркөм окуусу, эссе жазган окуучулардын эмгектери бааланып, калыстардын чечими чыкты. Калыстардын чечими менен Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын лауреаты Нуриза Өмүрбаева (диплом, лауреаттык статуэтка, 100 000 сом) болду, ал эми 1-орунду Махабат Касейинова (диплом, статуэтка, 40 000 сом), 2-орунду Айзат Кудайберди кызы (диплом, 30 000 сом), 3-орунду Чыңгыз Рыскелдиев (диплом, 20 000 сом) камсыздады, “Жылдын табылгасы” номинациясы Бектурсун Адиевге (диплом, 10 000 сом) ыйгарылды. “Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” толугу менен…..