Мамлекеттик сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка КР Президенти С.Н.Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төмөндөгү мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

I даражадагы “Манас” ордени менен:

Садык Шер-Нияз

Эркебаев Абдиганы

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Джакшылыков Асан

Мамазаирова Менди

“Данакер” ордени менен

Раев Султан Акимович

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы менен:

Абдугафуров Абдугани

“Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардактуу наамы менен:

Саалаев Жедигер Ибраимович

“Даңк” медалы менен:

Тентимишев Мундузбек

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы менен:

Калыков Бейшембек

Койчуманова Нуркан Кадыровна

Сарманбетов Айдарбек Имангазиевич

Унурова Чынар Сабыркуловна

Эгембердиева Аида Абдыжапаровна

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы менен:

Абакиров Курманбек

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Бектенова Бүбүйра Биялиевна

Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович

Моңолдоров Жолдошбек Акылбекович

Урматтуу Мамлекеттик сыйлык ээлери, калемдештер, баарыңыздарды алган сыйлыгыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Чыгармачылык ийгилик, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Калемиңиздер курч болуп, адабиятыбыздын өнүгүшүнө салым кошо бериңиздер!

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы