Афина Абдылдаева: Гүлкайырлар соолордо

Гүлкайырлар соолордо

(аңгеме)

Каргашалуу Улуу Ата мекендик согуштан кийинки жылдар болчу. Касиеттүү Талас өрөөнүнүн тоого жакын бир чакан айылында көпчүлүк катары кол кармаша түтүн булаткан Болот менен Күмүш бири – сугатында, экинчиси – тамекисинде иштеп жүрүштү. Экөөнүн арасынан кыл өтпөгөн ынтымагын ого бетер ширеткен данакери, шам чырагы үч жашар кызы Салтанат болчу.

Айкүмүш иш десе ичкен ашын жерге койгон, айткан сөзүн аткармайынча жаны тынбаган, нары өтө жоопкерчиликтүү, нары мээнеткеч жан болгондуктан, аны “жаш да болсо, бизге баш болгонго жарайт”,- деп, звено башчылыгына аялдар өздөрү шайлап, чоңдор да алардын сөзүн эп көргөн.

Болоттун ата-энеси келин ала электе эле кайтыш болуп, алардын аш-суусун бергенден кийин эки бөлмөлүү, ортосунда далиси бар чакан үйүнө сүйгөн кызы Айкүмүштү алып келген. Эшик алдында олтургузулган гүл-сүл деле жок болчу. Бир жылдан кийин төрөлгөн кызын көтөрүп жүрүп, жаңыдан өсүп келе жаткан беш түп апапак бүрдүү гүлкайырды көргөн жаш келин таң кала:

–Болот, мына бул гүлдөр былтыр бар беле? – десе,

–Бул жапайы гүлдөрдүн уруктары түшүп калып, ошолордон өсүп чыккан тура, эч ким атайылап олтургузган деле эмес, – деп  Болот жооп кайтарган. Анда бул гүлдөрдү – жакшылыктын жышааны дейли, Салташ кызыбыз ушул гүлдөрдөй элге жагымдуу кыз болот экен. Карасаң, бешөө экен, демек, артынан дагы төрт бөбөктү ээрчитип келсин, десе Болоту күлүңдөй:

-Мейли, ошондой эле болсун, менин көзү ачыгым, – деп тамашалаган. Кез-кезде сугарып коюшчу. Күзгө тарта гүлкайырлар бир ажайып гүлдөдү дейсиң, тим эле шыңга бойлорун көккө менменсине керип. Алардын аппак, мала кызыл, кыпкызыл түстөрүнө коңшу келиндердин көзү түшүп: “Карасаң, жада калса, гүлдөр да Айкүмүштү жакшы көрүшүп, өзү тигип койгонсуп анын эшигине келип гүлдөгөнүн, биздикинде кандай өспөйт?”- дешип күлүп калышчу.

Алдына ат салдырбаган Күмүш бакыраң көз, кетирекей мурун кызынын чачын ошол гүлдөрдү кайнак сууга чылап коюп, суутуп туруп чайкап жүргөндүктөнбү, айтор, жибектей жылтылдап, өсүмү да жакшы болду. Кырк чач кылып өрүп бүткөн соң учтары жазылып кетпесин деп ак кебез менен учтап, ылдый тарта акырын муштап: ” Өмүрүң да, чачың да узун болсун, садагаң кетейин”,- деп койчу. Салтанаттын буудай иреңдүү жүзүнө кырмызы көйнөгү жарашып, көз мончок менен шөкөттөлгөн кундуз тебетейинин төбөсүндөгү бир тутам үкүсү чуркаган сайын желге назик желпилдеп, атасынын ичин ого бетер элжиретчү.

Жаратылышынан дулдуюп, көп сүйлөбөгөн Болот кызын канчалык ичи эзиле жакшы көрүп, аспиеттеп турса да, анысын билгизбей, тек гана мээримин төгө, күлүңдөп тиктечү. Аны апасы: “Булар тукуму менен ушундай көп сүйлөбөгөн, айтканынан кайтпаган көк мелтей болушат. Илгери эртең менен кош айдаганы кетип баратканда Болоттун атасын – сенин чоң атаңды кандайдыр бир себептен улам энеси тилдеп коёт. Ал таарынып, тамак ичпей жумушуна кете турган болгондо: “Ме, таарынганыңды коюп, мына бул өпкөнү жеп ал”,- десе, тултуюп оозун ачпайт, анткенине карабай, болбой жатып, апасы оозуна тиштетет. Кечинде келсе, баягы өпкө ошол бойдон оозунда тиштелип жүргөндүгүн аңыз кылып жүрүшкөнүн мен да уккам”,- деп тири укмуш өжөрлүгүн кызына айтып күлүп калчу.

Ошентсе да, Салтанат негедир атасына көбүрөөк жакын эле. Ал тургай тили чыкканда да биринчи эле “а-та, а-тя”, -деп, атасынын төбөсүн көккө жеткирген. Болот жумушунан кирпигинен тартса жыгыла турган болуп, чарчап-чаалыгып келе жатканда кызы көрө салып “Атам келатат, а-там келатат!”- деп көпөлөктөй канатын жая, атасын көздөй тызылдап жүгүрчү. Кетменин ыргытып жиберип, мойнуна асылып калган кызынын быйтыйган колдорунан, тердеп кеткен саамайынан жыттагылаган Болоттун кабагы чайттай ачыла, дүнүйөсү түгөл боло түшчү.

“Алганың жакшы болсо – жакаң агарат, жаман болсо – чачың агарат”, – дегендей, таштай бышык Айкүмүш өзү деле керели кечке жаны тынбай иштеп келип, анын үстүндө түгөнбөгөн үй жумуштары да мойнунда экенине карабастан сугаттан ылай, суу, тер болгон жубайын келер замат жаш баладай чечиндирип, жуундуруп, башка кийимин кийгизип, кир болгон кийимдерин бир саамга чылап коюп, бир аздан кийин жууп, кургаганда таптап койчу. Айкүмүштүн жанда жок тазалыгын билген Болоттун жолдоштору: “Биздин чулгообузду резина өтүгүбүздөн сууруп чыгып, катарына коюп койсоң, тим эле типтик туруп калат, ал эми Болоттуку жатып калат, эмнеге, ыя?”- дешип тамашалап каткырышчу. Түнт Болот мурутунан жылмайып, ичинен жарына ыраазы боло, алардын суроосун жоопсуз калтырчу.

Айкүмүш эртең менен турганда, “бирөө жасап бергендей болуп калат” – деген ой менен жумушунун көбүн түнкүсүн эле бүтүрүп салчу. Өзү иштүү да болгондуктан, Болоту менен кызын жаткызып коюп, онунчу чыракка жанар майдан толтура куюп, шишесин жаркырата тазалап алып, анын жарыгында сайма сайып, курак курап, уядай чакан үйүн алда немедей кылып жасап койгон.

Алардын бет маңдайындагы үйдө Болоттун согушта каза тапкан алысыраак тууганынын аялы жашачу. Күлсүн бир эрди менен көктү, бир эрди менен жерди шыпырган, ар ким менен кыямат болуп ажылдаша урушкан аксым, кара жаак аял болчу.

“Атасы жиндинин – бири жинди, энеси жиндинин – баары жинди”,- дегендей анын уулу гана эмес, эки кызы да жайсыз чыкты. Баласы кичинесинен учук оорусуна чалдыккандыктан “катуу жумушка жарабайт” ,- деп тим койгондуктан ал чөп желке, мажүрөө болду. Бекерчи Көчөрбай кылар иши, салар кушу жок дейди да, бейопа да болуп жүрүп, он бешке чыгып калды. Күлсүндүн тестиер болуп калган кыздары да айран уютса ириткен, тери ийлесе чириткен бүлөдөн болуп өсүп жатышты. Алардын энеси да “көчөгө чыкса жардай катын, үйүнө кирсең көрдөй катын”,- демекчи жеткен шалаакы эле, ошондуктан алардын үйүнө баш бакканда эле коңурсуган сасык жыт мурунуңа “бур” дечү. “Айыл десе – аял күлүк, үй десе – уй күлүк”,- деген сөз ошол Күлсүндөй аялдар жөнүндө болсо керек, ай дээр ажосу жок, кой дээр кожосу жок жесир аял кыздарын ээрчитип алып, ушул айылдын четки көчөсүндө жашаган төркүндөрүнүкүнө эки күндүн биринде эле жөнөп калчу. Алчы көз Көчөрбай болсо өзүндөй бадирек, албыр-салбыр адепсиз балдар менен айылдагы жүрүм-туруму бузук, ичкиликке берилген аялга барып, жашабай жатып “үйүргө” кошулуп алган.

***                    ***                       ***

Бир күнү Айкүмүш энеси сыркоолоп, ооруканада жатканын угуп, Талас шаарына кетти. Ал кезде тынымсыз каттап турган азыркыдай автоунаа жок болгондуктан, төркүнүнө түнөп калып, эртеси келди. Так ушундан пайдаланып, алардын үй-бүлөсүн ала-кула кылып, ыркын кетиргиси келген Күлсүн: “Аялың үйдө жок турбайбы, келип чай ичип кет, кайним!”- деп, Болотту сырдуу кылгыра карап, чакырып кетти. Үйдөгү иштерине чай кайнамдай буйдалып, анан барса, Күлсүн жаңы көйнөгүн кийип, кызыл жоолугун кыйгачтай салынып, кашын боёп, дегеле башкача күлүңдөп тосуп алды.

-Сени келет деп каттама жасап, картөшкө кууруп койдум. Анан дагы… деп акалактап барып, бир бөтөлкө аракты алып чыгып, стакандары менен Болоттун астына койду.

–Рахмат, жеңе, рахмат. Айткандай, балдар кайда?

–Эмне, алар жок экен деп менден коркуп жатасыңбы? Дароо эле балдарды айтасың да, менин деле абалымды “Кандайсың, жеңе?” – деп сурап койсоң бирдемең короп калабы? Же, жеңең экеним жалганбы? Элдин  сендей эле кайнилери жеңелеп жандарын коюшпайт, этек-жеңдерин тытмалап. А сен… деп, Болотко үмүттүү карап: “Мен аларды айылдап келгиле”,- деп апамдардыкына жибергем…

Демейде арак ичпеген Болот жүз граммдан кийин эле сөзү көбөйө чечиле сүйлөп, бөтөлкө аяктап калганда колун мойнуна кылыктана артып, денесин дүүлүктүргөн жеңеси көзүнө ушул кечте бир башкача керемет көрүнүп, кеткенге дарамети жетпей, Күлсүндүн кучагында түнөп калды.

Түнү менен желгенин жел, конгонун колот билбеген, демейде үйүндө түнөбөгөн Көчөрбай ууру мышыктай жылып киргенде апасынын койнунда карындаштары эмес, башка чапса да былк этпес болуп, коңурукту кош тартып уктап жаткан коңшусун көрдү. Адатынча ыкшып жөтөлүп жибербейин деп оозун баса, кайра акырын жыла чыгып, муштумдарын кекээрлүү түйө, эшик алдында көпкө отурду. “Шордуу атам жер кучактап, бөтөн жерде өлүп жатса, бул шүмшүк болсо аялы бир күнгө төркүнүнө кетери менен менин апама жетип келгенин кара. Энемдин го деги бети жок, жүрдөөк, бая күнү бригадирди сарайда алып жатканын көргөм, эми мунусу…”

Кызуу болуп, катуу уйкуда жаткандар анын кирип-чыкканын сезишпеди. Таң агарганда гана башына союл тийгендей чоочуп ойгонгон Болот чала-була кийинип алып, эшикке шашыла чыкканда, тигинде букжуюп олтурган Көчөрбайды көрө, селт этип:” Сен … эмне олтурасың бул жерде? – деп жиберди. Тиги үнсүз гана көзүнүн огу болсо атып жибергиси келип, Болотту кыжырлуу тиктеди. “Быкыйым чыгып калды го,- деп, өзүн күнөөлүү сезген Болот шашкалактап, калтыраган колдору менен өз короосунун эшигин буйдалып жатып, араң ачты. Артынан акырая тиктеген Көчөрбай: “Карасаң, бул акмакты… эмне отурасың деп коёт дагы уялбай… Сениби, шашпа, көргөзөм сага…” – деп, үңкүйүп отурган жеринде ойлуу катты.

***                          ***                            ***

Айкүмүш энесин көрүп, эртеси үйүнө келип, бурчта жыйылган жүгүнүн бузулбаганын көрдү. Оюнда кири жок, бейкапар аялы күйөөсүнө узаткан суроосунун жообун өзү берди:

–И-ии, байкушум, төшөк салгандан эринип, бүкүлү кийимчен эле жатып алдыңбы? Салташ да сени менен жатып көнүп алыптыр, таң атканча колдору менен жан-жагын сыйпалап, “аталап” издеп жатып, араң уктабадыбы.

–Ооба, ооба… Күйөөсү аялынан көзүн ала качып жооп берди. Күлсүн менен өткөргөн бейнике түнүн элестетип, кулагына анын күлкүсү угулуп кетип, анан өзүнөн-өзү чоочугандай: “Апам жакшы бекен?”- дегенге араң жарады. Айкүмүш энесинин ашказанындагы жарасы жарылып кетип, доктурлардын күчү менен жакшы болуп калганын айтып берип жатып, күйөөсүнүн бүкмөлүү абалын байкаган жок.

***                       ***                      ***

Жыйырманчы кылымдын элүүнчү – алтымышынчы жылдарында айыл турмушу кичинеден оңолуп, эмгек акысына жыл аягында буудай алышып, тегирменге ун тарттырышып, нанга курсактары кенен тоюнуп калган учур. Тамеки тигилип бүткөндөн кийин Болот менен Айкүмүш балык жон кылып жабылган үйүнүн топурагын калыңдап шыбап, үстүн кара кагаз менен жаап, катуу шамал учурбасын деп таш бастырышып, сыртын жумурткадай кыла актап, терезелерин сырдашты. Эми короосунун айланасын бүтөш керек эле. Болот бирөөлөрдүн жыгач калыбын сурап келип, баксалап дубал менен курчашты. Бул бир нече жумада бүтүрө турган иш болгону менен жайлай чарбанын ишинде жүрүшүп, бош учурларда гана алектенишип, көпкө созулду.

Буларды эртели-кеч көрүп жүргөн бейбереке Күлсүндүн ою онго бөлүнө, жаны кашайып жүрдү. “Менин эримдин согушта өлүп калганын карабайсыңбы! Үч балам менен аялым кантет?- деп кичине этият болбойбу ал урган. Оозун ачкан неме эле, делдиреп жүрүп, окко учуп алды да. Мына Болот аман-эсен эле келбедиби.” Шордууга шорпологон аш жакпайт” болуп, уулум да кесалман. Анысы аз келгенсип, чоңойгон сайын эсине кирмек тургай, барган сайын кара өзгөй болуп баратат. Акыркы күндөрү болсо дуңкуюп эле кабагы таптакыр ачылбай калды. Ушул аяк бошотор болуп, желкемде отурбай, кишидей болсо, өзү эле көп жумуштарды бүтүрүп салбайт беле. Тигине, Айкүмүштөр тим эле Кытай сепилиндей кылып тегерегин бүтөп алышты. Болотту эптеп кайырмагыма бир илдим эле, ал да ошол бойдон карабай койду. Бир жолу бирге жатып, эртеси “Кайдан көрдүм кара эшек?”- делген мен эмес”.

Амалы күч Күлсүн Болотту кантип кайрадан жакындатуунун жолун ойлонуп жатты. Эртеси түш ченде иштеп жаткан жубайларга басып келип:

–Иш илгери! “Аракет кылса, берекет”, – деген ушул экен да. Жай бою жаныңар тынбай жатып, бүтө жаздап койдуңар. Кир жуусаң, киндиктешиңди изде дегендей, биздин колубуз тийбей жатса, бир жолу чакырып, чай бергенге жарабайт деп жүргөндүрсүңөр. Үйгө келип, чай ичип кеткиле, – деди.

Алар келгенде Күлсүн кумганга жылуу суу куюп, кир самынды Айкүмүштун колуна карматып жатып: “Жетим күлчөтай эле жасадым. Эт жогун билесиңер да.” Анан Салтанатты карай: “Келе гой. Сен бир үйдүн чоң кызысың да, апасынын жардамчысы,” – деп көшөкөрлөнө күлдү.

Таластыктарда камырдан жасаган оокаттын түрлөрү көп. Күлсүн башка оокатты тыңдап бышыра алчу эмес, бир билгени күлчөнү жакшы жасачу. “Устаттыгымды бир көргөзөйүн,”- деп, камырды аябай жууруп, көпкө чейин ийлеп, тыныктырып коюп, кайра дагы жеткире ийлегенден кийин гана үлпүлдөтө жука кылып жайды. Шар кайнаган сууга кайнатып, үстүнө чык менен бир чыны сары майды чылпылдата куйду.

–Жеңе, сиздин күлчөтайыңыз такыр эзилбейт. Мен жумуртка кошсом деле сиздикиндей болбойт,- деп Күлсүндүн көңүлүн көтөрүп коюу максатында Айкүмүш атайылап айтты. Анын бардык тамакка өткөрө маш экенин элдин баары билчү. Күлсүнгө дал ушундай сөз керек болуп турган:

–Туура айтасың. Жакшы көргөн келиним эмессиңби, сенден жашырмак белем, сырын айтып берейин. Кайним да жеген сайын мени эстеп, рахматын айтып жүрсүн, – деп шаңкылдай күлө Болотту алек-чалек кыла, көз кырын таштап койду. “Айкүмүштүн куулук-шумдугу такыр жок, өзүн-өзү кемсинтип эринин көзүнчө менден кеңеш сурап жатканын кара”, – деп ойлоп, сөзүн улантты:

–Апамды билесиңер да. Иш десе ишти, аш десе ашты билген билерман. Ал чындык эле… Айылдагылар: “Энесин көрүп, кызын ал, эшигин көрүп, төрүнө өт”- деген сөз деле кээде туура келбей калат турбайбы. Болбосо, энесинен канча тарбия көрсө да, бул Күлсүнгө такыр жукпаптыр”, – деп айтып калышчу. Кантсе да кирди-чыкты болуп, анча-мынчасы эсинде калса керек. Апасынын: “Аялдын жакшы-жаманы супарасынан, камыры одур-бодур болуп катып калган үбөлүгүнөн билинет”,- деген сөзүн эстеп, жанаракта эле аларды тазалаган болчу.

–Камыр жууруй турган сууну апам мурун эле кайнатып, муздатып коюп, анан туз салып жууру, – деп үйрөткөн. Мен жумуртка кошпойм. Сен да ошент, ага кошкон жумурткаңды кайниме кууруп берсең, пайдасы тиет, – деп бу саам ачык эле Болотко тийишти.

–Рахмат, жеңе, кой сойгондой эле сыйладың. Уулуң – оорукчан, кыздарың – жаш. Чарбагың бекилбей турат. Зым-пымыңды жыйнап койсоң, Болот экөөбүз жардам берели. Кышка чейин бүтөп салсак, ит-куш, мал кирбей калат, – деди Айкүмүш.

–Ушундай ойдогуну айттырбай билген келиним бар дейм да. Кайним болсо, айтмайынча деги билбейт. Өгүнү сен төркүнүңө кеткенде келип, кичине жардам берди эле, ошол бойдон жок – деп, Болотту алдыртан тиктеп койду эле, айласы куруган Болоттун деми токтолуп, аба жетпей калгансып, көкүрөгүн тырмалап: “Кол тийбей…”,- деп күңк этти.

Акылга дыйкан Айкүмүш баятан бери жеңесинин сөз учугун улам күйөөсүнө тийгизип, тийишип жатканын даана эле түшүнүп отурду. Анын Болотко көңүл кош эмес экенин мурда деле билчү, бирок “Эркекке ишенгенче, эки босогоңо ишен”,- дегенди угуп жүрсө да, өз күйөөсүнө чексиз ишенчү. “Байкуш жеңем кантсин, жесирдик деген кыйын да, өзү жаш эле калды”,- деп ага боору ооруп, кызганчу деле эмес. “Кайниңиздин сырын билесиз, жеңе. Кичинесинен мокок, жалтак. Керек болгондо, өзүңүз эле айтып туруңуз, колуна жугуп калмак беле, жардам берет. Эми биз кетели, бир аз жери калды эле, бүтүрө коёлу”, – деп кызын жетелеп, сыртка чыкты. Болот да ордунан козголуп, аялынын артынан басты. Эшикке кошо чыккан Күлсүн ага күлө карап, колтугуна колун сойлото салып, акырын чымчып койду.

Көчөдөн келе жаткан Көчөрбай алдында кызын жетелеп капарсыз чыгып бараткан Айкүмүштү, алардын артында узатымыш болуп чыгып келатып энесинин кайнисин тымызын ойсоктоп чымчылаганына дулдуя кызарган Болотту көрүп, жини кайнай, үйүнө кирди.

“Балам, күлчөтайды ысыгында жеп ал,”- деп, энесинин карбаластай түшкөнүн байкаган уулу: “Бая күнү Болотту койнуна алып жатып, бүгүн аялын кошо чакырып, экөөнү кайсы бети менен тиктеп, тамак берип отурат?”- деп, курсагы ачка болсо да, алдына койгон табакты тиктеген калыбында үн-сөзсүз отура берди.” Көчөш, эмне, тоюп келдиңби? Жебейсиңби, жалдырабай”,- дегенде энесине акшыя бир карап алып, табакты көңтөрө тээп, эшикке атып чыкты. “Жинди болгон го бул, ырыскыны тепкени эмнеси?” – деп энеси  күнөөлүүдөй күбүрөдү. Ушул көз ирмемде Болот менен коюндашып жаткан түнүн эстей салып, уулунун ошону көрүп калганын арты калбырлуу неме даана түшүндү.

Бул учурда Салтанат эшигинин алдындагы бактын көлөкөсүндө куурчактары менен ойноп жаткан болчу. Ал кезде айылда куурчакты кол менен ар бир эне өз билгениндей жасап берчү. Салтанат апасынын түрлөп кийинткен кооз куурчактарынын ар бирине ат коюп алып, алар менен өзүнчө божурап сүйлөшүп отурган.” Ала жылкы жоголбойт, арамза адам оңолбойт”,- дегендей биттин ачуусун сиркеден алгысы келген дили арам Көчөрбайдын көзү бейкапар ойноп отурган быйтыйган наристе кызга түштү…

***                          ***                             ***

Боз кыроо күз келип, тамекини үзүү-тизүү жүрүп жаткан убак эле. Ошондой күндөрдүн биринде таң эртең менен эле күн сурдана бүркөлүп, чыкыроон суук болуп турса да, алдырарда жаздырар болуп, Айкүмүш эмнегедир жеңил кийинип, тамекини үзүү үчүн шашыла талаага чыгып кеткен. Эми минтип, кечке маал жамгыр башталып, арты бурганактап, алеки саатта бабактаган кар жаап кирсе болобу. Айкүмүш үзгөн тамекилерин сарайга киргизип бүткүчө, адегенде муздак жамгырга, анан карга шөмтүрөп, кийимдери тим эле сыгып алма суу болду. Үйүнө жеткичекти безгек оорусуна чалдыккандай тиши тишине тийбей шакылдап, кайыгып кетти.

Аябай чыйрыгып, үстүнө жууркандарын кат-кат үйө жамынса да, жылыбай калчылдап жатып, бир оокумда уктап кеткен экен, түн ортосунда эти ысып-күйүп, бүткөн бою жанчып салгансып ооруганынан ойгонду. Бара-бара оорусу күчөп, көзүнө дүйнөдөн өтүп кеткен атасынын арбагы көрүнүп, жөөлүй баштады. Анда-санда эсине келгенде кызы менен күйөөсү эмне кыларын билбей жанында үрпөйүп коркуп олтурганын көрүп, сөзгө келе албай, кайрадан эстен танып жатты. Болот эртең менен эрте барып, айылдык фельдшерди чакырып келди. Ал “дарыны төрт маал бергиле, бирок, тезинен ооруканага алып барбасаңар болбойт,”- деп кетип калды. “Ал жакка алып кетсе, кызым кантет?”- деп ойлогон Айкүмүш “Жумуш кайнап турган убак, дары менен эки-үч күндөн кийин жакшы болуп калармын”,- деп көшөргөнү ажал жуучусунун кыбасын кандырып, бара-бара абалы оорлоп, көз ачпай калды. Төртүнчү күн дегенде Айкүмүштү арабага салып, Талас шаарындагы ооруканага алып келишти. “Эки өпкөсүнө тең катуу суук тийип, оорусу өтүшүп кетиптир. Ушунча күн эмне кылып жүрдүңөр?”- деп врачтар урушуп, уколдорду аябай сайып, дарылай башташты, бирок жылыш болбоду. Адам болбой калганына көзү жеткен бечара Айкүмүштүн ойлогону жаштайынан жайраганы турган өз тагдыры эмес, артында белгисиз өгөй эненин колунда кала турган кызы болуп, Болотко: “Салташты кор кыла көрбө…, Салташым кичинекей…”,- деп жатып үзүлдү.

Болот нес болуп, айланасында чуулдап ыйлап жүргөн туугандарына жалдырай тиктеп: “Булар эмне ыйлап жүрүшөт?” – дегендей эси ооп отурду.

***                            ***                          ***

Айкүмүшүн түбөлүк жайына алып чыгышканда да, коюп жатканда да Болоттун көзүнөн бир тоголок жаш чыкпады. Тепейген шору каткан Салтанат көрүстөндөн кайткандар жакындап келгенде өкүрө башташканын, эң алдында кумсарган атасынын үнсүз теңселе басып келе жатканын көрдү. Колун бек кармап, ыйлап турган аялдан жулкуна бошонуп, атасына карай тызылдай чуркап баратып: “Ата-аа, апам кана? Апам өлүп калдыбы?” – деп чыңырган Салтанаттын ачуу үнү теребелди жаңыртты. Так ушул тушта Айкүмүштү жоктошо өкүрүп келаткан эркектердин да, кошок кошуп чуу түшүп жаткан аялдардын да үнү угулбай калгансыды. Ошондо гана катуу уйкудан эми гана көздөрү умачтай ачылып ойгонуп кеткендей болуп, төбөсүнө кара булут айланган Болот башын бир чулгуп алып, алдында буту-бутуна тийбей чуркап келе жаткан кымындай кызына утурлай кадамын чоң-чоң арыштап барып, аны так көтөрө салып, бооруна катуу-катуу кысты да, сабыры кетип, бүтүндөй турпаты солкулдап, тула бою титирей, муун-жүүнү бошоп кетти.

Анын үнү чыкпаганы менен ичинен күйүп, жан дүйнөсү боздоп турду. Болоттун жетимдигин, жалгыздыгын, жакын туугандарынын жоктугун билгизбей, жакасына кир жугузбай, туура эмес иш кылса да ачуу тилин тийгизбей, “Боке”, – деп урматтап, аны айылдын кадырлуу адамдарынын катарына кошкон, кыз алган аруу, асыл жубайын жоктоп жатты. Үйүндө ынтымактууларга ырыс эле эмес, эл-журттун сый-урматы да оойт тура. Аста басып, акырын сүйлөсө да кеби угумдуу, сөзү жугумдуу жарын өзүнүн звеносундагылар, абысын-ажындар гана эмес, айылдын баары жакшы көрүп, баалашчу эмес беле.

Ал тургай, Айкүмүшү райондук кеңештин депутаты болуп, ал жердеги сессияда чыгып сүйлөгөн терең маңыздуу, далилдүү сөзүн уккан депутаттар узакка чейин дүркүрөтө кол чапканын айылда айтып жүрүшпөдү беле.

Болот эми андай аялды Меккени беш кыдырса да таппасын кеч  болсо да, түшүнүп отурду. Өзүнүкү иттин күнүндөй болсо да жашоосу өтөөрүн, баарынан да Айкүмүшү бөпөлөп баккан Салташына өз энесиндей жан эч качан табылбасын билип, үч күндөн бери ичинде бугуп жаткан күйүтү жанар тоодой атырылып чыккансып, көз жаштары эми токтолбостон жаагынан ылдый куюлду. Мындан бир аптача мурда ооруй элек апасы капарында эч нерсе жок кыңылдап ырдап жатып өрүп берген кызынын чачтарына сиңип жатты. Сүйүктүү чүрпөсүнүн саамайларын назик сылап-сыйпап, энелик мээрим менен тал-тал кылып өрүп жатканда анын колдору чачтарына акыркы жолу тийип жатканын ал ошондо кайдан билсин, кайдан сезсин? Эми, антип эч ким Салташынын чачын өрбөйт…

Атасынын мындай абалын сезип, солуктап томсоргон  кызы ага ого бетер жабышып, мындан да оор, түшүнүксүз боло турган кырсыктан коргологон балапандай болуп көкүрөгүнө ыктай, башын жөлөй берди. Ал баарын түшүнгөндөй, жанагы берген суроосун кайталабады. Бул боору суук дүйнөдө эң кымбат адамынан ажырап арсыз жетим болгонун, бирок бул жоготуу анын өмүрүндөгү биринчиси эле экенин, алдыда дагы далай-далай кыйынчылыктар башына келерин, албетте, анда ал билген эмес. Айлананы оор жымжырттык басты…

Эми атасы экөө гана калган куту кетип, кунарсыз томсоро түшкөн үйүнүн алдындагы мына ушундай коркунучтуу тынчтыкта баргектерин бажырайтыша, көздүн жоосун ала бурала өскөн гүлкайырларын да тээ асман түпкүрүнөн кеч күздүн боз мунарыктуу ырайымсыз суугу уруп баштады. Аларды сүйүп суктана караган, суу алып келип сугарган, ал тургай түбүн кетмени менен жумшарткан жоодур көздүү келинди экинчи көрүшпөсүн түшүнгөндөй салбырап, ийилген жалбырактарынан көз жаштай тунук тамчылар жерге куланып жатты…

***                         ***                           ***

“Өлгөндүн сазайы көмгөн”,- деп, такалуудан тай калбай, калың эл-журт келип, кайра келбес сапарына Айкүмүштү узатышкан соң, салт боюнча үчүлүгүн, жетилигин, кыркын өткөрүштү. Күлгүн жашында кеткен кызынын күйүтүнө чыдабай, көп узабай оорулуу энеси да көз жумду. Жер чукуп отуруп калган Болот кайненесин узаткандан кийин кызын аргасыздан коңшусунукуна таштап, ишине чыкты.

Демейде ышынчаак Күлсүн шыпылдап, Болоттун жеңилин жерден, оорун колдон алып, эртели-кеч каралап, жардам берип жүрдү. Ал ар ким менен кызыл чеке болуп  мурдагыдай долуланып урушпай, жоошугансып да калды. Шумпай Күлсүн мурунку кылык-жоругу Болотту чоочутарын билип, “айылдагы менден башка баласы жок, жаш келиндердин бирин алып албасын”,- деген ойдо жанын үрөп, анын жүрөгүнө жагар, түз жолду тапты. Ал жол – Салтанатты бооруна тартуу болчу. “Жаман көргөнүңөрдү билгизбегиле. Анын атасынын силерге көп пайдасы тиет. Кийимиңер бүтөлүп, курсагыңар тоёт”,- деп кыздарынын кулак-мээсине куюп, ийне-жибине жеткире түшүндүрдү. Ал эми шукшут уулу Көчөрбай болсо, карындаштарына көрсөтпөй Салтанатка анда-санда бирден момпосуй берип: “бул – оюн, тигилерге көрсөтпөй жеп алгын…” – деп өзүнө жакындаштыруунун башкача амалын күсөп жүрдү.

…Арадан бир жыл өттү. Айкүмүштүн ашы берилип, эл тарагандан кийин эки тараптын жакын туугандары калып, Болот менен Күлсүндүн никесин молдого кыйдырышты. “Бирөө өлбөй, бирөөгө күн жок”,- дегендей “төөсү ак тууган” коңшу аялдын көктөн тилегени жерден табылып, мурда эле көзү кызарып, жетпей жүргөн Болоттун зайыбы болду да калды.

“Байдын катыны өлсө, төшөк жаңырат, жардыныкы өлсө, башы каңгырайт”,- болуп, дили таза, төрт тарабы төп келген жарынан ажыраган Болоттун алгачкы убакта бардык эс-дарты кызы эле. Бармактай Салтанат да тигилердин жасалма мамилесин балалык баёо, кирсиз ички туюму менен кадиксиз сезип, тигилерге боор бербеди. Күлсүндүн, балдарынын аракетине карабай, ымаласы ысык болбоду. Улам эшикке чыгып, атасынын жолун зарыга карайт, ал келгенде гана кабагы ачылат, ошондо да көздөрүнүн түпкүрүндө энесине болгон айтылбаган муңдуу сагынычы, жетимдик томсоруусу турганы турган.

Убакыт өткөн сайын учурунда баркын билбеген алтын уясынын бузулганын, Айкүмүштүн наркын жеткире баалабаганын Болот кеч баамдап, арманы аттын башындай болуп жүрдү. Өздөрүнүн эшик төрүндө ата-энесинин ортосунда эркелеп жатуучу Салтанат атасынын бөлөк аял менен, өзүнүн Күлсүндүн кыздары менен жатканына көнбөй, төшөккө башын катып алып, үн чыгарбай көз жашын төгө ыйлап жатып уктачу. Жада калса шейшептери да апасыныкындай апапак эмес, саргыч, калың сурп экенин көрүп, биринчи түнү соксоюп отуруп алды.

–Эмне болду, Салташ, уктай гой, – деген атасына:

–Булардын шейшеби жаман экен, сасык, кир”,- дегенин угуп, Күлсүндүн күйбөгөн жери күл болду. “Жашабагыр, карасаң мунун жытчылдыгын, шашпа, сазайыңды берермин”,- деп ичинен кайрып, сыртынан калп эле күлүп: “Салташ, бүгүнчө жата гой, эртең башка шейшеп салып берем”,- деп, калп эле жагалданды.

Башка түшсө, тагдырды көтөрбөскө айла жок эмеспи. Болот Күлсүндүн бөртөй-шөртөй даам-татымы жок жасаган тамагына, үйүнүн бозокордукундай ачкыл-кычкыл коңурсуган жытына, ичи толо ызылдаган чымындарына, ала-дуу болуп, өз ара чукчуңдашып эле көп урушкан бекерпоз кыздарына бара-бара айласыздан көнө баштады.

Булардын баш кошкону Көчөрбайга гана таптакыр жаккан жок. Ал Болоттун баскан-турганын көргүсү, сүйлөгөнүн уккусу келбей, өгөй атасы эмне иш кылып жатса да жактырбай, айрым учурда көрмөксөн болуп, кол кабыш кылгандын ордуна ышкырып, эки колун чөнтөгүнө салып, басып кетчү.

Бир күнү Болот менен Күлсүн жумуштарына, кыздары мектепке кетишип, үйдө Көчөрбай менен Салтанат экөө калды. Таламандын так түшүндө Көчөрбай алты жашар кызга: “Мен сенин акең болом да, туурабы? Кел, экөөбүз жашынмак ойнойлу. Адегенде сен жашын, анан мен, макулбу?” Салтанат Көчөрбайдын сунушуна кубанып кетти. Жашынмак балдардын сүйүктүү оюну эмеспи. Экөө жашынмакты үйдүн ичинде ойношту. Анан жексур Көчөрбай: “Үйдүн ичи кичине болуп, бат эле табылып калат экенбиз. Жүр, мал сарайга барып ойнойбуз”,- деп кызды ал жакка жетелеп кирди. Бир аз ойногондон кийин: “Эми жашынмактан башка оюн ойнойбуз”,- деп чөптү калыңдап таштап, мурда камдап койгон кичинекей төшөктү үстүнө байитине келтирип салды. “Эми сен бул жерге жат, мен сенин жаныңа жатам. Коркпо, бул ушундай оюн. Анан кайра жашынмак ойнойбуз. Мен сага момпосуй берем. Жакшы кыз акесинин тилин алат да, ээ”, – деп алдап-соолап, кызды акырын жаткызды да: “Бул оюн минтип башталат. Сен көзүңдү бекем жум да, мен ач демейинче ачпа, ачып жиберсең, оюн бузулуп калат. Азыр мен сенин ыштаныңды чечип коем. Мен сага сонун көйнөк, кооз куурчак, кызыл тарак алып берем. Сен коркпо, оорубайт…”

Наристе кыз көзүн жумуп жаткан калыбында бир бакырып алып, эсин жоготту… Бүлдүрдү зөөкүр… Секелек, ууздай  кызды бузду да койду. Жүзү кара Көчөрбай атасынын төшөгүн тебелеген Болоттон мына ушундай ыплас жол менен кегин алдым деп түшүндү. Ичинен жаман көрүп жүргөн апасын ого бетер жек көрдү. Наадандын кекээрлүү кеги бармактай болгон Салтанаттын кийинки өмүрүнө мүлдө залалын тийгизерин байкуш кыз анда кайдан билсин, ал тургай , “акесинин” бул шумдуктуу ооруткан “оюну” эмне экенин да түшүнгөн жок. Далайда барып, көзүн ачса, жанында Көчөрбай олтуруптур. Коркконунан көзүн кайра жумуп жиберди.

“Сага бул оюн жакпай калды окшойт. Мейли, мындан ары бул оюнду ойнобойбуз. “Биз мал сарайга кирип, ойнодук”,- деп атаңа да, эч кимге айтпа! – деп буга чейин жылуу-жумшак сүйлөп жаткан Көчөрбайдын көзүнөн заары төгүлүп, кыздын быйпыйган мурунуна муштумун такап: “Эгер айтып койсоң, өлтүрөм. Сени гана эмес, акмак атаңды да соём!”- деп суурдун эркегиндей корс эте, ансыз да жаны кейип, оорубаган жери жок Салтанатты коркута кагып-силкип, ич кийимин кийгизди. “Азыр сени биздикине жаткызып коем, эртеңге чейин тынч жат. Эмне болду ?” – деп сурашса: “Башым ооруп жатат”,- дегин. Уктуңбу?  Коркуп, дирилдеген Салтанатты үйүнө жаткырып, ашканадан алып чыккан бычакты кызга такап: “Мына бул бычакты көрдүңбү? Оозуңду ачсаң эле, атаң экөөңдү уктап жатканда мууздап салам да, үйүңөрдү өрттөп жиберем”,- деп ызырына, кыздын жүрөгүнүн үшүн алды.

Шору каткан кыз көпкө чейин ооруп жатты. Сур жыландын суусаганын, кер жыландын кепшегенин билген кексе Күлсүн кыздын баса албаганын, Көчөрбайды көргөндө төшөккө башын ката коркконун байкап, айбан баласынын аңгилик иш кылганын айттырбай эле жакшы түшүндү, бирок, ооз ача албады. Болот билип калса, баарыбызды кырып салат,” – деп аны кызы менен жалгыз калтырбай: “Салташ тумоолоп калыптыр, сен тынчсызданба, мен тамекиге чыкпай, өзүм багам”,- деп оозу-оозуна жукпай эпилдеп-жепилдеп, сыр билгизбеди. Ошентип, азат бойду тик тургузган бул ойротто жок бузукулук окуяны атасы да, Күлсүндүн кыздары да, ушул чакан айылдын эли да билбей, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды…

Ушул жерде “Ата – көптүкү”,- деген сөздүн төркүнү Болотко тиешелүү го, болбосо кызынын жал-жал карап, бир нерседен корккондой түрүн байкашы керек эле да. “Кайсы жериң ооруп жатат? – деп үстүнө үйрүлбөй, жалгыз кызын карышкырга кайтартпадыбы. “Арбак билет”,- деген сөз чын болсо, шордуу Айкүмүш ошол күнү жаткан жеринен жүз жолу оодарылды белем…

… Айкүмүштүн эшигинин алдындагы жаратылыш сээп, анан өзү кастарлап бакчу ак бүдүрлүү узун, назик гүлкайырлары гана ошол маалда эки буттуу таш боор, айбандан жаман, киши сөрөйдүн мал жасабаган бузуку пастыгына суук шамал ургандай жипкере ичиркенип, кымындай бейкүнөө наристе кыздын талкаланган тагдырына боору ооруп, аза күткөндөй баштарын жерге ийип, соолуп калгандай кайгылуу термелип турушту.

***                       ***                         ***

… Андан бери далай жылдар өттү. Чакан айылда жакшы – жаман көп окуялар болду. Ошондогу каргашалуу күн бирөө атайылап сүртүп жатып өчүрүп салгандай болуп, Салтанаттын эсинен таптакыр унутулду. Тек гана кээде түшүндө түрү суук албарстай бирдеме үстүнөн басып, аны муунтканынан деми кыстыгып, чоочуп ойгончу.

Салтанаттын атасы бир жолдошу менен талаадан тракторго түшүп келе жатканда, алдынан мас айдоочунун жүк ташуучу машинеси келип урган. Болот аңга ала-салып бараткан трактордон секирип түшөм деп анын астында калып, каза таап, Айкүмүштүн артынан үч жылдан кийин оо дүйнөгө кетти. Ботодой боздогон Салтанаттын андагы абалын айтпаса да түшүнүктүү го.

Анын дүйнөдөн кайтканына ичинен мулуңдап кубанган бир гана Көчөрбай болду. “Бирөөнүн өлүмүнө кубанбай, өз өмүрүңдү тиле”,- дешет эмеспи биздин ата-бабалар. Көп узабай эле “Жашыңда жайрап кал”,- деген Эне арбактын каргышы жеткенби, айтор, он тогуз жашында зөөкүр Көчөрбай тынымсыз жөткүрүп, уюган – уюган кан кусуп, кыйналып жатып, жан берди.

Болот каза болгондон кийин эле арамзаада Күлсүндүн да, кыздарынын да сыйкылары бузулду. Алардын  чыныгы жүздөрү эми айкындалып, Салтанатка далай кордук көрсөтүштү. Аны уккан апасынын жакын курбусу барар жери, басар тоосу калбаган тоголок жетим бейтаалай тогуз жашар кызды Фрунзедеги балдар үйүнө тапшырып кетти. Ошол бойдон аны эч ким издеп да, сурап да барган жан болгон жок.

Эгерде Совет өкмөтү болбосо, анын тагдыры кайда барып тушугарын айтыш кыйын эле. Салтанат мектепте мыкты окуп, коомдук иштерге да активдүү катышып жүрдү. Бой тарткан кыздар уландар менен сүйлөшүп башташты. Бир гана Салтанат өзүнө тийишкен балдарды жининдей көрүп, сөздөрүн уккусу да келбей, тетири басып кетчү. Баш оту менен китеп дүйнөсүнө сүңгүп кирип, мектептин китепканасындагы болгон китептин баарын окуп бүтүрүп, шаар китепканасына жазылып, ал жактагы китептерди окуп жүрдү. Ага көбүнчө тарых, адабият сабактары жакчу. Мектепти жалаң беш менен аяктаган жылы Москвадан окутуучулар келип, жогорку окуу жайларга абитуриенттерден сынак алышты. Москва мамлекеттик университетине кабыл алынгандардын арасында Салтанат да бар эле.

Салтанат жатаканага орношуп, стипендия алып окуду. Университетти кызыл диплом менен бүттү. Аспирантурага калып, Москванын кайсы бир окуу жайына окутуучу бол деген сунуштарга көнбөй, Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттерине сабак бере баштады.

Университетте да бир жигит менен сүйлөшпөдү. Ага ашык болуп кат жазгандар, кино-театрларга чакыргандар көп эле болду. Салтанат эмнегедир эле бүт эркек аттуудан азат бою тик туруп, жаа бою каччу. Ошентип жүрүп, жашы жыйырма бешке келип калды. Москвадагы театралдык институтту бүткөн Гүлүм деген курбусу бир күнү: “Сени жигитим менен тааныштырайын. Бүгүн опера жана балет театрында кече болот. Сөзсүз келгин”,- дегенине макул болду. Жигити Ленинграддагы экономика жана финансы институтун бүтүргөн шыңга бойлуу, кырдач мурун, кара торусунан келген сымбаттуу жигит экен. “Таанышып койгула, бул кыз – менин жан курбум, а бул – менин ашыгым”,- деп, кылыктана күлүп койду. Жигит колун сунуп: “Төрөгелди”,- дегенде эмнегедир Салтанаттын колу калтырап, бүткөн бою дүрүлдөп кетти.

–Салтанат, эмне менин жигитимди көрүп, кызарып – татарып, эсиң ооп калдыбы, – деген курбусунун ыксыз тамашасы аны ого бетер уялтып, ыңгайсыздана:

–Кечирип койгула, чыны менен эле өзүмдү жаман сезип турам, кете берейинчи, – деп шашыла кетип калды. Берки экөө бири-бирине таң кала карашып, жылмайышты. Гүлүм Төрөгелдиге кынала колтуктай: “Салтанат – ушундай кызык мүнөздүү, жапайы чалыш. Москвадагы университетте окуп жүрүп да бир жигит менен сүйлөшкөн жок, эркек аттууну көргөндө эле итатайы тутулуп турат. Ата-энеси жок, балдар үйүндө өскөн. Биздин университетте тарых сабагын окутат. Түз жүргөн, ачык сүйлөгөн кыз”,- деп бир заматта Салтанат жөнүндө толук маалымат берип салды.

Төрөгелди Гүлүмдү сыртынан бир көргөндө эле ашык болуп, жакында эле таанышкан болчу. Ал – опера ырчысы, келишимдүү мүчөсүнө жарашыктуу модалуу кийимди тандап кие билген кыз эле. Төрөгелди Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист болуп иштечү. Экөө көчөдө бара жатканда жанынан өткөндөр суктана карашчу, ал эми жигиттер болсо оймок ооз, бото көз чүрөктөй кызга ачык эле сугун арта тиктеп өтүшчү.

“Сулуунун мүнөзү сузураак болгону жакшы”,- дешет эмеспи. Гүлүм болсо, тескерисинче өзүнө көз арткандарды көргөн сайын ого бетер ажарланып, ал тургай көзү менен тигилерге ок атып: “Эмне мага шилекейиң чууруп, кызыгып жатасыңбы, дагы кызыга түш”,- дегенсип, ого бетер наздана түшчү. Аны байкаган Төрөгелди ичинен: “Бул түрү менен менин көзүмө далай жолу чөп салат көрүнөт”,- деп бушайман болчу.

Бир күнү Төрөгелди ага:

–Гуля, менден мурда ким менен таанышып, ким менен жүрдүң эле? Сага ашык болгондор көп эле болгондур? – деген суроосун сынай узатканда:

–Ой, аябай кызык суроо бердиң го. Менин артымдан парвана көпөлөктөй тегеренип бешинчи класстан баштап эле балдар чуркай башташкан. Сага чейин көп жигиттер менен таанышып, сүйлөшкөм. Бири мени таштап, бирин мен чанып дегендей…

–А биринчи сүйгөнүң ким эле?

–Мен алтынчы класста окуп жүргөндө жетинчидеги бир баланы сүйүп калдым. Улуу орус акыны Пушкиндин “Евгений Онегин” деген чыгармасынын таасири менен Татьянадай болуп, өзүм биринчи кат жазгам. Ал деле мени жакшы көрүп, бирок, даабай жүрчү экен. Сегизинчи класска чейин башка балдардын бою өсүп, ал баланыкы токтоп калгансып, кичинекей бойдон калды, ошондуктан аны таштап кеткем.

–Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин”,- дешчү ата-бабалар. Демек, сен акыл-эсине, мүнөзүнө карабай, боюна, сырткы көрүнүшүнө карайт турбайсыңбы? А менин боюм жакшы эле, бирок, аябай кызганчаакмын.

–А мен эрке талтаң өскөн кызмын. Баары мен айткандай болгонуна көнгөм, оюмдагыны бербейм.

Ошол – ошол болду. Төрөгелди кызга башка эч нерсе дебестен үйүнө жеткирип коюп, экинчи барбай койду. Анын эсине эмнегедир эле өткөндө Гүлүм тааныштырганда негедир шашыла кетип калган кыз түшүп жүрдү. Ага анын жөнөкөйлүгү, боёнбогону, айрыкча ушул убакка чейин эч ким менен жүргөн эмес деген сөз жаккан.

***                             ***                               ***

Бир айдан кийин Төрөгелди университетке атайын Салтанатка барып, жолугууну чечти. Расписаниени карап, тарых сабактары кайсы аудиторияда болуп жатканын тактап алып, эшиктен тыңшаса, Салтанаттын үнү угулду. Ары-бери баскандар кулак түрүп, эшикти шыкаалаган келишимдүү жигитти карап коюп, өтүп жатышты.

Аңгыча коңгуроо кагылганда Төрөгелди шашыла терезе жакка барып туруп калды. Адегенде студенттер чыгып, анан Салтанат көрүндү. Төрөгелди ары жактан келе жаткан түр менен соңунан жете келди.

–Саламатсызбы, мен бул жерге бир иштер менен келдим эле. Сизди көрүп…

–Саламатчылык. Жүрөгү оозуна тыгыла, каны дүргүп, кызара түшкөн Салтанат анысын байкабасын деген ойдо терс карады.

–Сабагыңыз бүттүбү?

–Ооба.

–Анда жакшы болгон тура. Өткөндө жакшы тааныша албай калдык эле. Көчө бойлоп бирге бассак болобу?

–Көчөдө ким болсо да басканга акысы бар да. Баса бериңиз… Өткөндө бир жолу жолукканда Гүлүм: “Жигиттериңди айтып берчи дегенинен, ачыгын айтып берсем, баягы Төрөгелди жылкы теппей, жылан чакпай эле жоголуп кетти. Өтө эле кызганчаак окшойт”, – деп айтканын укса да: “Менин курбум кандай жүрөт?”- деп билмексен болуп сурап койду.

Чынын айтканда Төрөгелдинин Гүлүмдөн оолактап “жоголуп” кеткенине Салтанат эмнегедир сүйүнгөн, анысына өзү да таң калып, “Мага эмне жок?” – деп ичинен ойлоп да койгон болчу.

–Курбуңуз менен сүйлөшпөй калганбыз…

–А-аа… Эмнеге? – деп Салтанат такып сурабады.

Төрөгелди Ленинграддын кереметтүү буурул түндөрүн, Петергофту, Эрмитажды айтып мактаса, Салтанат Кремлдин тарыхый жерлерин, Бородино панорамасын, Загорскийдеги чиркөөлөрдү, Третьяковский музейин айтып, кээде кайсынысы жакшы, кайсынысы кооз деп талаша да кетип жатышты. Экөө тең ата-энеден эрте ажырагандыгы, ал тургай жердеш болуп чыккандыгы аларды ого бетер жакындатып салды.

Гүлүмдөй ашкере сулуу эмес, бирок жылдыздуу, билимдүү Салтанатты “менин кадырыма жетет го”,- деп жолдошторуна тааныштырса, алар дароо эле: “Төрө, туура кыласың. Сенин ичиң өлгүдөй тар. Гүлүмдү алсаң, ар кимден кызганып жатып, жинди болмоксуң. Салтанат өзүнөн мурда көзү күлүп, ойсоктобогон, токтоо, жакшынакай кыз экен. Анын үстүнө калыңды кайдан табам деп башың оорубайт” ,- деп кеңеш беришти. Жолдошторунун мындай сөздөрү ага катуу тийсе да, ачуу чындык болчу.

Үч айдан кийин баш кошушту. Жакын жоро-жолдоштору, дос – курбулары келип куттукташып, ижарага алган кичинекей үйдүн  ичин үч көтөрүшө шаңдуу отурушуп, ошол күнү кеч тарашты. Бирок, жаш жубайлардын алгачкы эле түнү алар ойлогондой болбой, кимдир-бирөө ортосуна кара чаар жыланды коё бергендей аяктап, экөө эки жакты карап жатып калышты. “Москвада далайлар менен “сайрандаган” го бул кыз. Гуля мага энесинен башка эч ким өппөгөн кыз!”- деп атайылап шылдыңдап айткан турбайбы. “Мен келесоо, анын сөзүнө ишенип… “Тандаган тазга жолугат”,- деп сан кыздын ичинен тапканым ушул болдубу? Анан калса, мунун уяң, таза, абийирдүү кыздын ролун катыра ойногонун…” – деп, Төрөгелди кыжаалат болду.

Ал эми Салтанаттын абалы өтө оор эле. “Бул эмне деген шумдук? Өмүр бою бир да жанга жанашпай, бир эркектин жытын искебей туруп эмне болдум? Кай жеримден жаздым? Бирөөлөр укса эмне дейт? Баарыдан мурда Төрөгелди мен жөнүндө эмне деп ойлоп жатат? Сүттөй актыгымды, өмүрүмдө биринчи сүйгөнүмдү кантип далилдейм? Эми канттим? Эмне кылам?…”

Экөөнүн тең таң атканча көздөрү ирмелген жок. Салтанаттын үнсүз буркурап ыйлап жатканын сезсе да, Төрөгелди бурулбады. Эртең менен эрте туруп, бир сөз айтпастан үйдөн чыгып кетип калды.

Салтанаттын башы жан чыдагыс болуп, катуу ооруп жатты. Төшөктүн үстүндө көпкө ойлонуп отурду. “Эми эмне болот? Ишеничтен биринчи эле түнү кетип, эми анын бетин кантип карайм? Кетип калсамбы? Кыздар эмне дейт? Кууп жибериптир дешет да. Эмнеге?” – десе, кайсы жоопту айтам. Оо, куураган жаным! Буга чейин көргөн кордуктарым аз беле? Ата-энем экөө тең эрте кетти. Күлсүндүн үй-бүлөсүнүн көрсөткөн азаптары да эсимде… Балдар үйүндө деле жыргап жүрүптүрмүнбү. Бир айласыз жашоо да. Москвадагы беш жылды гана бактылуу жылдар дебесем… Эми минтип… эс-акылы, өңү-түсү, билимдүүлүгү төп келишкен, эң алгачкы махабатыма жеттим дегенде ал тилегим таш каап, бейкүнөө болсом да, күнөөлүү болуп олтурам го… Жок. Андан көрө…

Салтанат ордунан тура калып, өзүнүн алакандын отундай болгон кыздык абийири жок болуп, аруулугуна күбө боло албаган аппак шейшепти узунунан төрт бөлө барча-барча айрып, сыйыртмак жасай салып, бекемдеп байлады да, орундукту алып, короого чыкты…

***                       ***                         ***

Төрөгелдинин ижарага алган үйү иштеген жерине өтө жакын болчу. Таң атпай ишине жетип келген Төрөгелдини көргөн бөлүм башчысы ага таңдана карады:

–Эй, жигит, сен бүгүн ишке эмнеге келдиң? Жаңы үйлөндүң, үч күн ишке чыкпаганга уруксат дебедик беле. Түрүң жаман го сенин… Эмне, ооруп турасыңбы? Бар, үйүңө барып, эс ал.

Төрөгелди “барбайм”,- деп кантип айтмак? Мойнунан байлангандай шылкыйып үйүнө кайтты. Короосуна кире берип эле, ак көйнөгү желге желбиреп, жалгыз түп саябандуу чоң жаңгакта асылып турган Салтанатты көрө, үрөйү уча:

“Сал-та-на-ат!”- деп бакырып, үйгө учуп кирип, бычакты алып, жан талаша шейшепти кесип жиберип, жансыз денени ошол эле жерге жаткыра салып, кайрадан короону жаңырта: “Тез жардам! Кимде телефон бар? Тез жардам чакырып бергиле! Жардамга-а!” – деп кыйкырды.

Анын ачуу үнүн уккан кошуналар үйлөрүнөн чуркап чыгышып, бири тез жардамга телефон чалып, бири алгачкы жардамды көрсөтө баштады. Төрөгелди эмне кыларын билбей, бирде көчөгө чуркап чыгып, тез жардамдын келер жолун карап, бирде чөгөлөй калып, Салтанаттын колун кармап, анын маңдайынан сылап, айланчыктай чебелектеп жүрдү.

Аңгыча “Тез жардам” да келип калды.

***                          ***                                  ***

… Салтанат тигил дүйнөдө жүрүптүр. Өз жанын өзү кыйганы үчүн аны суракка алып бара жатышыптыр. Жол бою тозокто быкпырдай жайнаган шумдуктай түрү суук ач арбактар. Аңгыча эле алардын арасынан сөөктөрү чычаладай чала күйгөн, көздөрү чүңүрөйүп кызарган, коркунучтуу бирөө шаша-шуша бөлүнүп, астын тосо:

–Салтанат, сен мени тааныбай жатасың го?  Мен – Көчөрбаймын… Наристе кезиңде сени зордуктап салганым үчүн мени тозокко салышкан. Канча жылдан бери ушул жердеги азапта кыйналуудамын. А сен бул жакта жүргөндөй эмне күнөө кылдың эле?

Салтанат аны жек көрө тиктеп:

–Менин тагдырымды талкалаган жүзү кара сен белең? Сенин айыңдан мен минтип жаш өмүрүмдү кыйдым. Менин убалым сага гана эмес, жети атаңа чейин жетсин! – деди. Аңгыча аппак чубалган оромо кийишкен бир аял, бир эркек арыдагы сая бактан ээрчише Салтанатка шашыла жакындай басып келип:

–Салтанат, сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Тезирээк кет! – деп жарыша айтышып, кайрадан жок болуп кетишти.

Ал эсине келип, көзүн ачса, ооруканада жатыптыр. Аппак кийинип, көзүмө көрүнгөн экөө менин ата-энем болсо керек”,- деп ичинен боолголоп койду. Жок дегенде окшоштуруп тааныгандай экөөнүн сүрөтү болсочу. Шордууларымдын сүрөткө да түшүшпөгөнүн кара! Ооба, ошол аруу-аппак кийингендер сөзсүз менин ата-энем болсо керек”,- деп, дагы бир жолу түкшүмөлдөп койду. Жанында ыйлап Төрөгелдиси олтурат.

–Төрө, кечир мени, бирок, менин күнөөм жок… Анын эриндери кыбыраганы менен сөздөрү угулбады. Күйөөсү Салтанаттын айта албай жаткан оюн ошол учурда толук түшүнбөсө да, кечиргенсип турду.

–Салташ, сенин өмүрүңдү врачтар араң дегенде сактап калышты, экинчи мындай кылба, уктуңбу? Экөөбүз бактылуу жашайбыз…

***                              ***                                  ***

Ошондон он күн өтүп, Төрөгелди Салтанатты Таластагы туугандарына тааныштырганы алып кетти. Көп узабай, ага ишинен бир бөлмөлүү үй беришти. Экөө бир жылдан кийин уулдуу, үч жылдан соң кыздуу болушту. Салтанат уул-кызын алаканына салып бакты, айрыкча кызынын үстүнө үч үйрүлүп түшүп, кызы жалгыз калса эле бир балээ болуп кетчүдөй болуп, корко берчү.

Төрөгелди да балдарына күйүмдүү ата болду. Бирок, кез-кезде баягы “ит оорусу” кармап, “Мунун биринчиси ким болду экен?”- деген жоопсуз суроо анын жанын эзип, түпсүз ойдун туңгуюгуна түшүп кетчү. Ал учурда Салтанатты жининдей көрүп, кээ түндөрү аялы бирөөлөр менен жүргөнүн түшүндө көрүп, жаздыгын көтөрө, башка бөлмөгө барып жатып алчу. Андай азаптуу түндөр тез-тез кайталана берчү болду. Салтанат ал түндөрдө: “Эмне үчүн минтесиң?” – деп сурай албай, жаздыктан күчүн чыгара, жашын төгүп жатып, уктай албай кыйналчу.

Жарым кылым өтпөй, “Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт”,- болуп, таза жүрүш-турушту жерип, демократия доорундагы айрым кыздар ата-салтын унутуп, кыз күнүндө эле боюна бүтүрүп алып, үйлөнүү тоюнда курсагы челкейгенинен уялбай шалактап бийлеп жүргөнү адаттагы көнүмүш иш болуп калбадыбы. Ал тургай кыз күнүндө эле ким “ке” десе “ме” деп, боюнан алдырып, анан тиктирип алып, көз боёмочулук кылгандар турмушта көп эле кездешип жатпайбы. Ал аз келгенсип, күйөө сөрөй алган жарынын ар кимге төшөлүп “тажрыйбалуу” болуп келгенине сыймыктанып “Бул кызга баары кызыгып сүйгөн, базары өтүмдүү турбайбы”,- деп, жактырган учур болору, анын үч уктаса түшүнө кирген эмес.

Анын үстүнө Салтанат төшөк кумарына да таптакыр кайдигер болчу. Сыртынан уруш-талашы жок, ынтымактуу көрүнгөнү менен барган сайын жат адамдардай алардын ортосу алыстагандан алыстай берди. Ал аз келгенсип, Төрөгелди бир күйөөсү жок врач аял менен көңүлү жакын болуп алып, жумасына бир жолу үйүнө түнөбөй да калчу болду. Ала жипти аттоо оюна кирип-чыкпаган, бүт эс-дартын балдарына, үй-бүлөсүнө арнаган Салтанаттын аруу келбегенин эч качан кечире албасын Төрөгелди түшүндү, анткени экөөнүн ортосунда үчүнчү жат бирөө жаткандай, анын сөлөкөтү кетпей аларды аңдып тургандай боло берчү. Ал сезими өзү башка бирөө менен болуп, “өчүн алып” келгенден кийин да кетпеди.

Акырында Төрөгелди менен Салтанат уруш-талашы жок ажырашып тынышты…

***                           ***                              ***

Кайсы бир кеч күздүн күнүндө ачык асманды күтүүсүздөн муздак сур булут каптап, жер бетине ызгаарлуу суук илебин үрөп жатты. Короодогу узун орундукта отурган Салтанат Болотовна негедир туулуп-өскөн айылындагы эскилиги жетип жепирейип, кароосуз калган үйүн, жапжаш кезинде бейпаада эле өлүп калган ата-энесин, бармактайынан сетирейип, тоголок жетим калган өзүн эстеди. “Байкуштарым менин, асылдарым…” – деп, оор үшкүрө, каңырыгы түтөп кетти. Анан анын көзүнө эшигинин алдындагы буралып өсчү гүлкайырлар көрүндү, бирок алар ырайымсыз аяздан үшүп же башка себеп болгонбу, айтор, бир топко чейин мурдагыдай болбой жатып, эми-эми гана мурдагыдай таажыларын бажырайта ача баштаптыр.

–Апаня, эмне эшикте суукта үшүп, жалгыз олтурасыз? – деген сүйүктүү небересинин үнү аны түпсүз ойдон ойготту.” Гүлкайырларды соолутар наадандар эки дүйнөдө жакшылык көрбөсүн, ал байкуштар эми араң оңоло баштаган тура…” – деп, өзүнчө күңгүрөнө, небересин жетелей үйүн көздөй басты.