Кешаб Сигдел: Кызым боёп убара өз ойлорун, Манжалары кылдат дирилдеп

Кешаб Сигдел

(Непал)

Кешаб Сигдел 1979-ж. Непал (ФДР) мамлекетинин Бардия районунда төрөлгөн. “Непал топурагы” адабий журналынын башкы редактору.

Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) Координациялык комитетинин мүчөсү. Азия-Тынч океан аймагынын жазуучулар жана котормочулар уюмунун мүчөсү.

“Бурмаланган убакыт” (2007) “Күндүн түсү” (2017) аттуу ыр жыйнактары чыккан. Урбанисттик багыттагы заманбап акын. Непалдык акындардын поэзиясын англис тилине которгон “Боёктор

кубулушу” (2021) китеби Непал академиясынын басмасынан жарык көргөн.

“Кумар: Дүйнөлүк поэзия антологиясы» (2023-ж.) менен «Непалдын

заманбап Антологиясы» (санарип том, 2016) китептеринин редактору.

Непалдын маданият министрлигинин « Bhanubhakta” алтын медалы

(2014-ж.) менен Улуттук жаштар фондунун Жаштар сыйлыгынын (2018-ж.) лауреаты.

Трибхуван Университетинде «Поэзия жана маданият таануу» боюнча сабак берет.

Шаар жана кыялдар

Менин шаарым

Өзүнүн жок өң-түсү;

Түрдүү өңдөр

Жабыша берет ага ар күнү,

Жаңы курак өңдүү

Жаратып жаңы өң-түстү.

 

Менин шаарым

Ой-кыялдан да куру;

Ушул сансыз жүздөр гана утуру

Түркүн-түс кыялдарын сунуп

Шаардын жаңы кыялы болуп туру.

 

А шаар өзүнө-өзү күбөдөй

ишенчи өчүп бара жатканына,

кыйындыкта, шумпай көрүүчүсүндөй

кыялдарыбыздын, жарк эте калса.

 

Ар күнү

өңдөр шаар кампасынан

учу-кыйырсыз кыялдарым жашаган

акыл-эс жер төлөсүнө улам

секире беришет,

улам жаңы жаралганына,

соолуган, өлгөн-өчкөн,

ыргытылгандарын койбой баарына…

… Анан, бир нече

жаш кыялдар менен бириге

күтүп турган келечекте

конууну эңсейт жаңы жүздөргө.

 

Ошентип, дале гүлдөөдө,

көп жүздөрдүн арасынан

аракет кыла таанып-билүүгө,

өзүн-өзү түшүнүүгө, өзгөрүүгө.

Ал баарына окшошуп көрүүдө.

Туурагыч өтө!

 

***

Салыштыруу

Бар болгону 12 тамга,

инсандыгым ушубу эми,

деп ойлоно түштүм басып демди.

Жазып көрдүм атымды чоң тамгада,

кичине түрүндө да, белги

Times New Roman, 12-калыпта,

кошуп көрдүм башына, аягына

уланды мүчө, куранды мүчө, бир азда,

айланганча атым шылдыңга!

 

Киммин деги?

Азыр мени ойлонткон

атым эчак айланып сандарга

1/147: деп каттоодон текшерет администрация,

ким экенимди тастыктаганда;

2492318: деп улутумду айтат

иммиграция кызматы да

жыйынтыктаганда.

 

Менин бул атым

кимдигимди атоодон коркот;

менин бул атым

алсыздыгыма жол бошотот;

менин бул атым

жок нерсеге мени окшотот.

 

Мунум, жөн гана

сыйрыгандык жабуусун инсандыктын,

байкоо үчүн кантип жок калганын

сандардан турган убактылуу атым.

 

Шахматтык партия

Биринчи жүрүш –

ак пешка эки катар секирет.

Экинчиси,

Кара ат “L” жака жетет.

Жүрүш жана контржүрүш,

оюн улана берет.

 

Сөөктөр, кыймылдагы

көздөгөнү жок сыңары.

Андайлардын

жок айтаары.

Канчага созулат оюн андагы?

Бүтүш керек да акыры.

Бири жеңет,

же теңме-тең келет.

“Катуураак текшерүү керек!”

деп, бирөөсү да аста айтып иет.

 

Бирок бул оюн гана,

ойносоңуз болот кайра.

 

Мен да улам эле,

шахмат тактайынын жанына келе

кийинки оюнга берем илеше:

кан-жаным менен кирише!

 

Кубулуулар

– I –

Cүрөтчүлөрдүн тобу

реалдуу эмес мобу

шаарга келип туру.

 

Кылымдар бою

биз көксөп келгенбиз да

реалдуу шаарды,

эми аны бизге

сүрөтчүлөр убада кылды.

– II –

Реалдуу эмес шаарда

Ай да, Күн да,

асман да, куштар да,

Жер да, дарактар да,

чөптөр да,

бизге көрүнбөй эле

бардыгы бар анда.

 

Биз да жашаган үчүн реалдуу эмес шаарда,

баш оорутпаганбыз бар экенине да.

– III –

Бизде чоң максаттар бар,

а бул сүрөтчүлөрдө чоң жоопкерчилик!

Алар убада кылышты…

жаңы күндү, жаңы айды,

анан да жаңы жерди.

Идеалдуу шаарды!

– IV –

Азыр биз, реалдуу шаарды күтүп жашайбыз.

А сүрөтчүлөр реалдуу эмес шаардын

талап алууда курулуш жыгачтарын.

Боёктордон эксперимент жасашып;

сөздөрдөн эксперимент,

музыкалык ноталардан эксперимент жасашып.

Баары баш-аламан.

Чаташып.

Кээде өзүбүз да ишенбей кетебиз буга.

Ишендирип киришет бизге алар анда –

өткөөл кез деп!

Тынчтандырганга.

Байкуштар-ай!

Көңүлүбүз неден тынч аларын айта баштайбыз биз да.

Айтышат бизге да.

Биздин суроолорубуз аларга тоскоол болушат

биздин жерди Чыныгы шаарга айлантууга.

Андыктан биз, үнсүз кабыл алабыз кемпайлыгыбызды…

Кантип ага айланганыбыздын күбөсү да!

 

Күн боёгу

Кызым боёп убара өз ойлорун.

Манжалары кылдат дирилдеп

сүрөттөргө ойдолотууда колун

картон кагазды тиктеп.

 

“Күн кай түстө?” – улайт суроосун,

сары, кызгылт, ачык кызылбы?..

Ким айта алат? Күн түс-боёгун?

Бат-бат сынган карандаштары

кыйнаса да, болбостон учун,

улам учтап улантат ары.

 

Кабатырдай жана түшүнбөй

баш көтөрүп карайт мен жака,

көздөрүндө суроо бүтүндөй,

мен жөнүндө ойлору башка;

а мен Күндү тартпаганмын эч,

боёбогом аны билүүгө,

кээде ысык куйкалаганда,

же, жок кезин жактырбайм өтө,

түсү кандай ойго келбөөдө?

Кандай өңү дегеле анын?

Кызым Күндөй жылмаят мага,

кай түстө дейм бул жылмайганын?

 

Тышта нөшөр, а ичкериде

сел каптоодо менин уятым,

Күн чагылып турган бетинде,

бозоруңку көлгө чөгүүдө,

Көл бетинде Күн кандай түстө?

Акылым да балким шол өңдө.

Анан дароо айттым кызыма,

Өзүң билген Күндү тарт, кана!

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу