“5 акынга” күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун төртүнчү айлампасы 21-сентябрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт.  Бул жолку көрсөтүүдө 30 жаштан 40 жашка чейинки акындар ат салышат, алар – Улан Дөөлөтов, Кыял Тажиева, Махабат Касейинова, Мирлан Алтымыш уулу жана Изати Белекова. Кече саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз.

ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК