“Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия кечеси өттү

Бүгүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик студиясында “Эгиз элдин эки акыны” аттуу эл аралык поэзия муза кечеси болуп өттү. КР Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыкулов менен Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Казакстан Республикасынын Абай атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Улыкбек Есдаулетовдун достугуна арналып уюштурулган кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары катышты.

КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Казакстан жазуучулар бирлиги, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана жаңы түзүлгөн түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлиги тарабынан уюштурулган поэзия муза кечени КР Эл акыны Кожогелди Култегин алып барды.

Эки элдин таланттуу өнөрпоздору А.Корозбаев, К.Турапов, Г.Байзакова, С.Турысбеков, З.Дүйшөнбек уулу ж.б. келген меймандарга жагымдуу маанай тартуулашты.

Авторлордун ырлары окулуп, обондуу ырлары жаңырып, суроо-жооп иретинде жандуу баарлашуу менен коштолуп өткөн кеченин соңунда А.Рыскуловго “Казакстандын ардактуу акыны” наамы ыйгарылды.

Быйыл кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов 70 жашка толуп жатат. Андыктан акындын мааракесине карата өткөрүлө турган иш чаралар алдыда арбын.