Керимбек Кадыракунов: Эске түштү

Эске түштү Учур жок түркүн куштар сайрап турган, гүлдөр жок көз кубантып жайнап турган. Бараткам кышкы бакта аяр басып, жол менен чилде ызгаары тайгак кылган.   Капыстан чочуп кеттим… каттым дагы, төбөгө “лап” дей түштү бактын кары. Күбүлгөн аппак кардан күтүүсүздөн, тунжурай түшкөнсүдү жактын баары.   Моюнга муздак кардан үшүк жетип, күбүндүм, токтоп калбас киши кетип. Карасам бакты силкип ойноп коюп, каткырып бала турат тиши кетик.   Жылмайдым күлкүм келип, каткырбадым, жоругун сезип турдум жактырганын. Менин да бала кезим эске түштү, ойногум келчү күбүп бактын карын.

Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (3-макала) «Аралаш төкмө» термесинде Р.Шүкүрбеков дегеле баяндоонун түркүн-түс түрлөрүн өзгөчө бир билгичтик менен колдонуптур. Экинчи бөлүмчө дээрлик баштан аяк карама-каршы көрүнүштөрдү жуурулуштура сүрөттөө аркылуу курулган десек болот. «Эки жашар кезден» өтүп эр жеткен куракка келгенин, «оңбогондой сүйгөн» учурун эске салып ашык болгон адамынын кебете-кешпирин момундайча сүрөттөп көз алдыбызга тартат: Мурдуң кичине муштумдай, Мурунтан кудай туш кылбай. Колдоруңдун салаасы, Коошоп койгон устундай. Бети, башың таптаза Көргөн адам кускандай! Этиң жумшак темирдей, Бетиң аппак көмүрдөй. Ашыктыктын айынан, Качып жүрөм көрүнбөй. – – – – толугу менен…..