Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыкка сынак жарыяланат

Көңүл буруңуздар, адабий сынак жарыялайбыз! Урматтуу элге билим берүү тармагынын кызматкерлери, Ардактуу кыргыз тили жана адабияты адистигине эгедер мугалимдер, “Турар” басмасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Ала-Тоо” журналы мектеп окуучуларынын арасында атаандаштыкты пайда кылып, аларды адабий ишмердүүлүккө тартуу максатында кыргыз адабиятынын колдоочусу, маркум Тилек Мураталиев атындагы адабий сыйлыгын изденип алуу үчүн сынак жарыялайт. Сиздер тарбиялаган окуучулардын ичинен келечекте Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Бексултан Жакиев сыяктуу заман залкарлары чыгышын каалайсыздарбы? Анда талант-шыгы бар окуучуларды адабий сынакка катышууга шарт түзүп бериңиздер. толугу менен…..

Обид Колдош: Адабий-философиялык ойлор

Обид Колдош – 1985-жылы Бухара облусунун Жондор районундагы Кулиён айылында туулган. Анын “Кыялымды алган кыз”, “Маңызга сергүү” аттуу китептери жарык көргөн. Өзбекстан Жазуучулар союзунун «Талант мектеби» VII республикалык жаш калемгерлер семинарынын катышуучусу. «Узбекистон бахори» («Өзбекстан жазы») чыгармачылык фестивалынын проза багытынын жеңүүчүсү. Эл аралык Туран жазуучулар ассоциациясынын мүчөсү. «Жондор овози» («Жондор үнү»), «Бухоро окшоми» («Бухара кечи») гезиттеринде иштеген. Учурда «Маънавият сарчашмаси» («Руханият башаты») гезитинин башкы редактору. Адабий-философиялык ойлор ***** Тилекке каршы, ушундай күндөр келет; “табигый” деген сөз «Кызыл китептен» орун алат. ***** Акча менен “тирүү” соодагер, дүкөнүнөн ажырап калса, өзүн суудан толугу менен…..