Махабат Касейинова: Ымандай сыр бул мендеги, келиңиз – Ыр окушуп кайталычы жѳн гана

***** Алган өңдүү бакыт мени туткундап, Аяп жашайм өзүмдү анда кысылган. …Келди-кетти тагдыр болду демекмин, Кербен өңдүү өтүп кетсе тушумдан…   Бирде аяп, бирде өзүн жек көрүп, Ар кыл ойго батат кимдер менчелик? Башыңды ийип жашоо турмуш каарына, Коркоктук же боштук, балким пенделик…   Бактысы үчүн жарым менен балдардын, Бар күчүмдү жумшаганым туурадыр. Багы ачылбай ыйлап кетээр көп болсо, Бала күндөн көөдөнүмө сыйган ыр.   Мекенге Мекен-эне, мен түшүнбөй баркыңды, Мекен-ата, айта берип дартымды. Сурабапмын сендеги абал кандайын, Сурабапмын бүтүнүңдү, жартыңды…   Миңи келди миң бир түрлүү сүйлөдү, Бирок сага толугу менен…..