Омор Султанов: Сага эми кезиксе экен мендей бирөө, Болбосо менден жакшы, менден эстүү

Кыйылып турам Жылкы айдап үрөң-бараңдан Жылганы бойлой бастырсам, Жайлоонун салкын абасы Эркелей согуп астыртан, Көңүлгө сиңген гүл жыты ай, Көркөмү менен мас кылган.   «Ашуу-Төр» менен «Чолок-Төр», Эңседим сени сагынып. Жадырап өскөн гүлдөрүң Жакама үзүп тагынып, Абаным созсом бөлүшчү Аскаңдан чыккан жаңырык.   Тоодогу өткөн балалык Тобулгу чикит чабышып, Бир күндө он жол урушсак, Он жолу кайра табышып, Куушуп оюн салчу элек Кулундар менен жарышып.   Ушинтип жүрчү күндөрүм Бүлбүлдөп узап баратат. Кыйылып турам кош дебей, Кымбаттуу курбум, бала чак, Мен тойбос бала кезимди Мезгилим колдон талашат.   Ак кууну толугу менен…..