Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Урматтуу окурмандар, биз бүгүндөн баштап филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун адабий көркөм сын боюнча секциясынын башчысы Садык Алахандын залкар акын Райкан Шүкүрбековдун термелери жөнүндөгү макалалар түрмөгүн жарыялай баштайбыз. Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (1-макала) Классик акыныбыз Райкан Шүкүрбековдун термелерин улуттук адабиятыбыздагы бул жанрды жаңы баскычка көтөргөн көркөм туундулар катары караганыбыз оң. Фактынын өзү да бул ойду далилдеп турат. Акындын «Аралаш төкмө», «Жинди суу», «Рахмат койчу, чабанга», «Жер жөнүндө терме», «Аялдар жөнүндө сөз», «Декада жөнүндө сөз», «Насыят-терме» деген термелери бул жанрдын классикалык үлгүлөрүнөн болуп калгандыгын эч толугу менен…..