Алмаз Сейитказиев: Пародиялар

Уйкашса болду Жылдыздар жуушап асманга, Жылкылар оттоп ак карга. Оюн салат кулун-тай, Жылгалуу жылуу макмалга. Турсун Молдакунова Макмал, – деген кездеме, Уйкашса болду, тескебе? Майда сөзгө окурман, Маани бербейт эч деле.   Биз жактагы жылкылар, Кардай күйшөп алышат. Көрпө, чыт, сатин үстүнө, Кулундар оюн салышат.   Көргөнүм үчүн Топ кыздар сууга келип жуунушат, Калкалап колу менен көкүрөгүн. Исабек Токтогулов Караймын кыздарды мен сууга түшкөн, Көбүнчө буйтка жерди таап алып. Көрсөтпөйт алар бирок, эмчектерин, Көкүрөгүн эки колдоп жаап алып.   Көзүм менен көргөндү ошентсе да, Көчүрөмүн көңүлгө ашып-ташып. Кир чайкап, жуунушкан толугу менен…..