Сүйүнбай Эралиев: Качан болсо, кызматыңа мен дайын, Карегимдей Ата-Журтум, Мекеним

Кармышак Ташбаев Заман жана ата журт Унутулбайт өткөн доордун издери… Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми. Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү, Бүт жемиши бышып турган күздөгү. Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү.   Арбын болуп, артып улам байлыгы, Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?! Турсун дайым тууган жерден угулуп, Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы. Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк, дүңгүрөгөн Ата Журттун айдыңы!   Сен кыргызсың Сен кыргызсың аба жутуп, нур жутуп, Жер боорунда жашап жаткан күн көрүп. Кубанганда тебетейди ыргытып Терип келген тоонун назик гүлдөрүн.   Сен кыргызсың кымыз толугу менен…..