Токтош Абыкеев: Көкөтай мерген жана анын эки уулу жөнүндө

Көкөтай мерген жана анын эки уулу жөнүндө

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, кылоосу Кызыл экен, бул жомоктун куйругу узун экен. Ошентип, байыркы өткөн заманда, бир Көкөтай деген бир колу сынык, бир буту аксак мерген жашаптыр. Анын эки аялы болуптур. Ал бир күнү Ак-Тоого барып, ак аркар атат экен. Ок тийген аркар зоодон-зоого тийип, зоодон ташка кулап, өрөөнгө түшкөндө кыйналып жатып аны атына араң артып үйүнө жөнөйт. Келгенде олжосун эшик оозуна таштаган Көкөтай:

–Эй, катындар, мен баатырлык кылып, муну атып келдим! Эми мага түгөнбөс азык, жыртылбас чарык даярдагыла! Мен Акдөөгө барып, Акдөө менен алышып, алымды көрсөтөмүн! Көкдөөгө барып, Көкдөө менен күрөшүп, күчүмдү көрсөтөмүн! Антпесем, ал Акдөө адинен ашып, алты ай мурун Ала-Белдеги алтымыш үйүр жылкыма тийди! Кошуна дедим, жөн койдум, унчукпадым. Анан, төрт ай мурун Көкдөөсү келип, кошуна айылды чаап, кыз-келиндерди көгөндөп кетти! Дагы унчукпадым, тим койдум. Эми эки айдан бери, эки жолу Эшменин белин ашып, эки Дөө менин жеримди, элимди аңдып жатышат. Ошондуктан, мен эл четинде, жоо бетинде болушум керек!– деп бакырат.

–А, көр чал, барсаң Акдөөнүн Акдаңгытына, Көкдөөнүн Көкдаңгытына бөөдө жем болосуң. Көчүгүңдү басып, жөн отурсаңчы! – дешет катындары. Алар Көкөтайга азык да, чарык да даярдашпай коюшат. Көкөтай арына келип, бир күнү кайрадан ууга чыгат. Ал Көкзоодон көк теке атса, көк теке да зоодон-зоого кулап, таштан ташка тийип, алдына түшкөндө, муну да кыйналып жатып араң атына артып келип, эшик оозуна токтоп, минтет:

–Эй, катындар, мен дөөлөргө барамын! Алардын сазайын колуна бербесем, ким берет?! Мага түгөнбөс азык, жыртылбас чарык даярдагыла! Акдөө менен алышып, алымды керсөтөмүн! Көкдөө менен күрөшүп күчүмдү көрсөтөмүн! – десе:

–Оо, көр чал, барсаң Акдөөнүн Акдаңгытына, Көкдөөнүн Көкдаңгытына жем болосуң. Көчүгүңдү очокко кактап жөн отурсаңчы… –дешет катындары. Ошондо Көкөтай аттан ыргып түшүп, эки катынын тең сабап:

–Мага каяша айткан силерсиңерби?! – деп:

Даражадан көйнөгүн

Дал-далынан бөлүптүр!

Кырмызыдан көйнөгүн

Кыр-кырынан бөлүптүр!

Ошентип, эки аялы тең аябай таяк жегенден кийин, бир жагынан Көкөтайдан коркуп, бир жагынан ага өчөшүп: Эрежелер, бармактан бамырайып өл!–дешип, түгөнбөс азык, жыртылбас чарык даярдашат. Акдөө менен Көкдөөгө атказышат. Ошондо Көкөтай мергендин эки аялы тең кош бойлуу экен. Ошондуктан ал жөнөп баратып эки аялына кайрылып, мындай керез айтыптыр:

–Ой, катындар, экөөң уул туусаңар улуусунун атын Алтынкөкүл койгула, кичүүсүнүн атын Геркөкүл койгула. А кыз туусаңар өзүңөр билгиле. Эгерде мен кайрылып келбей калсам: “Атабызды табабыз, аркасынан барабыз”,–деп балдарым изимди кууп бара турган болушса, мен кебиш-туяк кээр ат менен, кырдың-кырдың жер келсе, кырча-кырча бастырып кетем. Ойдуң-ойдуң жер келсе оё-оё бастырып кетем. Ошол жол менен издеп барышсын. Чу жаныбарым!–деп атын камчыланып кете берет.

Ошол кеткен бойдон жүрүп отуруп, дөөлөрдүн төө кайтарган төөкерлерине барып:

–Эй, төөкерлер, мага Акдөө менен Көкдөөнүн үйлөрүн көрсөтүп бергиле!–дептир тигилерге.

–Бүгүн мында жатып эртең барасың,–дешет алар. Ошентип Көкөтай мерген төөкерлердикинде конок болуп калат. Кечинде төөкерлер бир төөнү бүтүн бышырып, Көкөтай мергендин алдына коюптур. Көкөтай мерген бир кабырганын жарым этин жеп, мурутун сылап отуруп калыптыр. “Аа, күчү жок экен” дешип төөкерлер Көкөтай мерген жатканда эки тегирмен ташты кулатып келип буту менен башынан бастырып салышат. Эки ташты жылдыра албай Көкөтай мерген өлөйүн деп калганда, төөкерлер кайра келип: – Кой, ушу да бир үмүт менен баратат да бекер арманда өлбөсүн. Өлтүрсө да дөөлөр өлтүрсүн,– дешип үстүндөгү таштарды алып салышат. Көкөтай эртең менен туруп, атын өзү токунуп, дөөлөрдүн үйүн карай жөнөйт. Жүрүп отуруп Акдөөнүн үйүнө келсе, анын бир кароол ити алдынан үрүп чыгыптыр. Үйдө жүзгө чыккан дөөнүн энеси бар экен. Ал:

–Кара кыз, кара кыз, итти карачы, куйругун чатына салып үрүп жатабы же куйругун чамгарактатып үрүп жатабы?– дептир. Кара кыз сыртты карап:

–Эне, эне, куйругун чамгарактатып үрүп жатат,–деп келет.

–Анда көпүрөнү салып кой, – дейт кемпир Кара кызга. Үй менен жолдун ортосунда чоң суу бар экен. Ага Кара кыз көпүрөнү салыптыр. Көкөтай мерген көпүрөдөн өтүп, атын байлап, үйгө кире бергенде, дөөнүн энеси Көкөтайдын оозуна эмчегин сала коёт экен. Эмчекти эмем деп какап-чакап атып Көкөтайдын ээси оогондо, кемпир аны алып көчүгүнө басып отуруп, өлтүрүп коюптур. Кечинде дөөлөр уудан келгенде, Көкөтайды тең ортосунан бөлүп, Акдаңгыт, Көкдаңгыт деген иттерине салып беришиптир.

Ошентип Көкөтай мерген Акдаңгыт менен Көкдаңгытка жем болуп, о дүйнөгө кете берди. Ал эми биз анын эки аялынан кабар алалы. Айы-күнү жеткенде, Көкөтайдын эки аялы тең уул төрөп, улуусунун атын Алтынкөкүл, кичүүсүнүн атын Геркөкүл коюшат. Күндөр өтүп эки бала чоңоюптур. Бир күнү ага-ини чүкө ойноп жатышып, Геркөкүл аткан домпой учуп барып, бир кемпирдин жүн ийриген чарыгына тийип, бузуп коёт. Кемпир чыгып ачууланат:

–О, өлүк тиригиңди көрөйүн куру чирендер, менин чарыгыма күчүңөрдү көрсөткөндөн көрө, дөөлөргө кетип жок болгон атаңардын кунун куубайсыңарбы?! – деп айтат.

–Аны уккан эки бала:

–Ой, эмне дедиң, энеке?! Оозуңа май, энеке! Айланайын энеке, үргүлөйүн энеке! Атам жөнүндө айтып бериңиз, – дешип кемпирге чап жармашышат. Кемпир болгон ишти айтып коёт. Ошол жерден эки бир тууган үйлөрүнө чуркап келишип:

–Буудай бир кууруп берсеңчи, апа,

Буурул куш келсе аталы.

Жүгөрү кууруп берсеңчи, апа,

Таранчы келсе аталы, апа, – дешет.

–Ай-и-ий, балдарыбыздын буудай жегилери келип калыптыр, оой-иий, балдарыбыздын жүгөрү жегилери келип калыптыр, – дешип буудай, жүгөрү куурушат, депкир менен сүзүп балдарга сунушат. Балдар:

–Жо-ок, эне, колуңуз менен алып бериңиз, – дешет эки бала энелерине. Колу менен кочуштап сунганда, балдары алардын колун сыртынан кармап, куурулган ысык жүгөрү менен буудайга күйдүрө кыстап сурашат:

–А-ай, апа, атабызды жөн кеткен дедиң эле го, дөөлөргө кеткен экен го. Эмне үчүн айтпадың чынын? Бу не деген сырың? Кана, айтып бер? –дегенде:

–Ай, кан оозуна кан толгур! Жин оозуна жин толгур! Кайсы пенде айтты экен? Ов! Мейли, мейли, колубузду коё бергиле. Айталы, айталы! – дешип апалары болгонун болгондой айтып беришет.

–Андай болсо биз атабыздын артынан барабыз, атабызды табабыз, – дептир эки бала.

–Жок, жок, али жетиле элексиңер, – дешет апалары.

–Жок, барабыз! Тирүү болсо табабыз, өлгөн болсо өчүн алабыз! – айткандарынан кайтпай, балдары катуу турушат. Ошондо алар он беш, он алтыга чыгып калышкан кези экен:

–Атабыздын жылкысы каякта? – дешет.

–Тээ баланча тоодо, түкүнчө жерде, – деп айтып берет апалары. Көкөтай мерген бай адам болгон экен. Барышса, атасынын жылкылары жүргөн экен дейт, баш-аягына көз жетпей жайылып. Жакындап барышса, бир тай энесинин үстүнөн ары секирип өтүп, бери секирип өтүп ойноп турат имиш. Карап туруп, Геркөкүл айтат экен:

–Ага, кел жарышалы, кимибиз ошол тайга биринчи жетсек, ошонубуз алалы.

–Макул, – деп жарыша кетишет. Жарышта Геркөкүл мурда жетет. Алтынкөкүл кышылдап-бышылдап бир топтон кийин араң келип:

–Оо, жаман көкүл эле жаман көкүл, тай сеники эмес, меники! – деп чыр сала баштаптыр. Анда, Геркөкүл:

–Ой, ага, сиздики болуп сиз алып кетет белеңиз же меники болуп мен алып кетет белем. Тай экөөбүздүкү деп барып, тайды токуй баштайт. Тайга токум салса толук ат болуптур, ээр салса эгиз ат болуптур. Куюшкан салса кууш ат болуптур, жүгөн салса жүгүрүк, күлүк ат болуптур Ошентип аны токуп бүтүп, жылкынын арасынан дагы бир ат кармап үйлөрүнө алып келишет.

–Оо, энелер, атабыздын белгиси бар беле, – дешет уулдары.

–Ооба, атаңардын белгиси бар эле. “Кебиш туяк кээр ат менен. Ойдуң-ойдуң жер келсе, оё-оё бастырам. Кырдың-кырдың жер келсе, кырча-кырча бастырам. Ошол из менен кууп барышса мени табат”, – деген эле дешет. Аны угуп алып, Көкөтайдын эки уулу жолго чыгышыптыр. Алар жол жүрүп бара жатып, бир жерге келгенде Геркөкүл:

–Оо, ага, апаларыбыз кандай абалда калды экен? Кайра барып байкап көрбөйлүбү? Апаларыбыз капа болуп калышкан болсо, азырынча барбай эле туралы. А курсант болуп калган болсо, анда атабызды издеп баралы, – дейт. Алтынкөкүл ага макул деп, экөө кайтып үйлөрүнө келет. Акырын акмалап карашса, алты кулач ала байталдан бирден минип алып, эки кемпир оодарышмак ойноп атышыптыр.

–Оой, биздин балдарыбыз эр жетиптир, бой жетиптир! Дөөгө барат экен, дөөнү алат экен! Жоого барат экен, жоону чабат экен! Душманга барат экен, душманды алат экен! – деп курсант болуп атышыптыр.

–Оо, булар курсант экен, кайра кеттик! – дешип анан экөө атасынын жол белгиси менен из кууп олтуруп, баягы аталары жолуккан төө кайтаргандарга барышып:

–Эй, төөкерлер, бизге дөөлөрдүн үйүн көрсөткүлө, – дешет.

–Бүгүн түнү мында жатып, эртең саар барасыңар, – дептир төөкерлер. Ошентип, эки уул ал күнү ошол жерде түнөмөк болушат. Кечинде экөөнө эки төөнү бышырып келип, алдыларына бирден коюп беришиптир. Геркөкүл алдындагы төөнүн этин шапылдатып жеп бүтүп сөөктөрүн жогору карай бүркүп ийген экен, боз үйдүн үстүн жылдыз- жылдыз кылып тешип кетиптир. Дагы барбы дегендей эки жагын каранып омсоңдоп коёт имиш. Геркөкүлдүн балбандыгы ушундайда бир билиниптир. А агасы Алтынкөкүл болсо, бир төөнүн этин жарымдата жеп, калганын жей албай кекирейип туруп калыптыр, Геркөкүл агасынан ашкан жарым төөнүн этин да жеп, анан колун аарчыптыр. Ошентип курсакты куп тойгозуп, ага-ини жатып калышат. Алар уктаганда, төөкерлер тегирмен таштан төрттү кулатып келишип, экөөнү экиден бастырган экен, бир маалда Геркөкүл ойгонсо, башы эле оорлошот имиш. Алып караса эле тегирмен таш! Анысын ары тегереткен экен, боз үйдү жарып кетиптир. Аягындагы тегирмен ташты бир тээп, тегиз жердин тереңине чимирилтиптир. Агасын караса,тумчугайын деп калган экен, үстүндөгү таштарды алып ыргытып, жерге чаап талкалап, анан:

–Мен силерди өлтүрөм! Мен силерди житирем! – деп коркутуп, аттарын төөкерлерге апкелдирип токутат.

–Кана, эми айткыла, дөөлөрдүн кимиси күчтүү? – дешет эр жигиттер.

–Акдөө күчтүү, Акдөөдөн кийин Көкдөө күчтүү, – дептир төөкерлер. Ошентип эки бир тууган аттарын минип, дөөлөргө карай жөнөшөт. Жүрүп, жүрүп отуруп, акыры дөөнүн үйүнө келгенде, баягы ит дагы үрүп калыптыр. Дөөнүн энеси:

–Кара кыз, Кара кыз, ит үрүп жатат карачы. Куйругун чатына салып үрүп жатабы же куйругун чамгарактатып үрүп жатабы? – дейт. Кара кыз сыртты карап:

–Ээ, эне, куйругун чатына кыпчып алып үрүп жатат, аябай чый-пыйы чыгып, каңшылап үрүп жатат! – дейт экен.

–Ээ, анда көпүрөнү тарт! – дептир. Кара кыз чуркап барып көпүрөнү тартканда суу тосмо ачылып, шаркырап суу ташып кетиптир, тал башынан ашып кетиптир. Дөөлөр сууну тосмо кылып тосуп койгон экен. Дөөлөрдүн үйүнө эки бир тууган өтө албай туруп калышканда Геркөкүл минген тайга тил бүтүп:

–Оо, Геркөкүл, тиги талдан эки союл жасап, эки союл тең сынып кеткенче, мени аябай сабагын. Чыкпаган жеримден тер чыксын. Жамгырдай терим төгүлсүн, торгойдой этим бөлүнсүн, оозумдан ак көбүгүм көрүнсүн. Ошондо мага мингин да, сууга салып ийсең, агаңды жетелеп өтүп кетебиз, – дептир. Геркөкүл тай айткандай сары талдан эки союл кыркып, жамгырдай тери төгүлгөнчө, торгойдой эти бөлүнгөнчө, оозунан ак көбүгү көрүнгөнчө сабап туруп, темир таман үзөңгүнү теппей ыргып минип, агасынын атын жетелеп сууга кириптир. Тай жаныбар айткандай, эсен-аман аркы жээкке өтүшүп, дөөнүн үйүнө келишсе, дөөнүн энеси эки эмчегин эки жигиттин оозуна сала коюптур. Экөө лукулдатып өпкө жүрөгүн үзө соргондо, кемпир чыдабай жан бериптир. Ал өлгөндөн кийин үйдүн ичин карашса, көптөгөн күңдөрү бар экен. Алардын кулактарына мык кагып, дубалга асып койгон имиш. Күңдөрдү бошотуп жатып:

–Эмне үчүн силерди мындай кылган? – дешсе:

–Ээ, айран-сүткө колун салып, тамак-аштан жеп коюшат деп, дөөлөр ууга кетээрде кулагыбыздан мыктап, дубалга асып кетишет, – деп айтышыптыр.

–Акдөө каяктан келет?

–Акдөө ак көпүрөдөн өтүп келет.

–Көкдөө каяктан келет?

–Көкдөө көк көпүрөдөн өтүп келет, – дешет.

–Уудан жолу болгондо кантип келет?

–Оо, уудан жолу болгондо ырдап, куштары да шаңшып келет.

–Жолу болбогондо кантип келет?

–Жолу болбогондо өңү үтүрөйүп, өз алдынча күңгүрөнүп, сүйлөнүп келет.

–Куштары кантип келет?

–Куштары шаңшыбай, канаттары шалбырап, буттары салбырап келет, – дешет.

–Анда биз келгенче мында тура тургула, – деп эки баатыр эки көпүрөгө барып, Акдөө келчү ак көпүрөнүн астына Геркөкүл жатып, Көкдөө келчү көк көпүрөнүн астына Алтынкөкүл агасы жатып, дөөлөрдү күтүп калышат. Дөөлөрдүн жолу болгон эмес окшойт, өңдөрү үтүрөйүп, өз алдынча күңгүрөнүп сүйлөнүп келатышыптыр. Дөөлөр жакын келгенде, бир туугандар тура калышып:

–Кана айтчы, Акдөө, кана айткын, Көкдөө, атабыз атаңды өлтүрдү беле же энебиз энеңди өлтүрдү беле?! Атышалыбы, күрөшөлүбү?– дешет экен. Анда дөөлөр:

–Ээ, атышкан атаңдан калган, а биз күрөшөбүз, – деп дардайып тура калышат. Эки дөө менен эки бир тууган күрөшө кетет. Алар алты күн, алты түн, жети күн, жети түн алышып, бирин бири жыга алышпайт. Ошондо, “Сен боюңду коюп бер, сен боюңду коюп бер”, – деп отурушуп, акыры Геркөкүл боюн коюп берген экен. Акдөө көтөрүп чапканда, Геркөкүл кызыл ашыгына чейин жерге бата түшүптүр. Бир копшоп, эки бутун тең чыгарып алыптыр. Эми Акдөө боюн коюп берет экен. Геркөкүл белинен орой кармап көтөрүп чапканда, Акдөө тизесине чейин жерге баткан экен. Башын кайрып кесип алаарда Акдөө айтыптыр:

–Менин ичимде кара чаар жыланым бар, аны белиңе курчангын баатыр. Анан баатыр, жүрөгүмдө кара чаар ташым бар, аны алып жүрөгүңө баскын. Менин бардык күчүм сага өтүп, менден үч эсе күчтүү балбан болосуң, – дейт.

Дөөнү союп, ичиндеги кара чаар жыланын алып, белине эми курчанайын дегенде, баягы аты чуркап келип:

–О, баатыр, ушул жерде бир түп чынар терек бар, жыланды ошого курча, – деп айтат. Баатыр жыланды чынар терекке курчай салат, ошондо жылан шарт этип чынарды кесип өтүптүр. Ал жөнөкөй жылан эмес, ушундай бир ок жылан экен. Анан жүрөгүндөгү чаар ташын алганда, аты дагы сүйлөп:

–Биерде дагы кудук бар ушуга ташта, – дейт. Геркөкүл кудукка чаар ташты таштап ийсе “чауу!!!” этип кудуктан буу атып, түбүн кургатып коюптур. Ошентип, Акдөөнү өлтүрүп, Геркөкүл агасына келсе, ал да Көкдөөнү жыгып, Көкдөөнүн ичин жарып жаткан экен. Анын да кара чаар жыланын алып бир чынар терекке оросо, ал чынар терек чарт эле экиге бөлүнүптүр. Анан жүрөгүндөгү кара чаар ташын алып, дагы бир кудукка салып ийсе, “чауу!!!” этип ал да кургап калыптыр. Ошентип, Акдөө менен Көкдөөнүн акыркы айла-амалдарын жок кылып, Алтынкөкүл менен Геркөкүл жеңиш менен дөөлөрдүн үйүнө келип, кул күңдөрдү бошотуп, мал-мүлкүн олжолоп, өз элине кайтып, тынч аман жашап калышат экен.