Мусакун Сатыбалдиев: Пас мүдөөлүү максатка басынганча, Чоң максаттан кор болуп кетейинчи…

Булактагы кыз

Жээкте чечинет сулуу кыз,

Олоң чач далыга жайылып.

Ажайып денеси… жалтанам,

Жүрөккө бир ийне сайылып.

 

Заматта мөл булак муунуп,

Көз ирмем дүйнөнү унуткан.

Намысын капыстан жоготуп,

Кызарат күн көзү булуттан.

 

Үлбүрөк көйнөккө байкоосуз,

Конгондо көпөлөк чаалыккан:

Бу неси… кайрадан учалбай,

Маңыроо дүйнөсүн талыткан.

 

Күмүштүн күкүмү шыңгырап,

Мончоктор төгүлөт чачынан.

Жылт этип ак балык көзүмө,

Тартынып кайыңга жашынам.

 

Кыз ойнойт булакта, ырахат,

Кез-кезде ак булут чагылып.

Чагылган… карегим жалтанат,

Көөдөнгө жаркын нур агылып.

 

Ак балык кейпинде кыз сүзөт,

Таалайга шул булак чөмүлүп.

Табигат койнунан бир бермет,

Калыптыр мөлт этип төгүлүп.

 

Жообун таппайм

Мезгил менен өмүр экөө кош канат,

Шамалды айдап өр таянып шуу барат.

Баскан жолдон басар жолум азайып,

Көөдөнүмө жалынсыз дүрт от жанат.

 

Изим түшүп, кээде түшпөй чоң жолго,

Селкинчектей үмүт сүйрөп оң-солго.

Жакындатып кармар кезде шарт учуп,

Тил безеген булбул кушум жок колдо.

 

Назар салсам мен артымда калганды,

Жүрөк “тыз” дейт көрүп нечен арманды.

Эгерде үмүт болсо жөн бир азгырык,

Өмүр өзү жообун таппайм, жалганбы?!

 

*****

Жүрөктүн тең жарымындай,

Сен менден бөлүнбөйсүң.

Дүйнөмдү тунук кылган,

Көгүлтөр көлүмдөйсүң.

 

Чолпондой балбал жанып,

Көңүлдөн чыкпас сенсиң.

Аптапта саамай сылап

Сергиткен салкын желсиң.

 

Көк кашка булак сымал,

Агылсаң дүйнөм толуп.

Сен дайым тагыласың

Көңүлгө мончок болуп.

 

Максатыма

Бийик болгун максатым, көз күйгүзүп,

Жарым жашты сарптайын, умтулайын.

Маңдайымда ак жаркын жылдыз тутуп,

Бошоң тартып бир паска тынчыбайын.

 

Алыс болгун жетпеген, колду сунсам,

Тамандарым канатып таштар тилсин.

Тулпар белин талыткан узак жолдо,

Кош балтырга ширелип тикен кирсин.

 

Улар менен үндөш бол туу жондордо,

Күчтөн тайып, миң ирет жыгылайын.

Капысынан табылган таалай болбойт,

Колдон жасап ызгаардан жылынайын.

 

Жакын болбо максатым, жакын болбо,

Сан тозоктуу түйшүктөн жетейинчи.

Пас мүдөөлүү максатка басынганча,

Чоң максаттан кор болуп кетейинчи…

 

Чакырык

Мен жолдордун ашууларын тандадым,

Бийиктикти сулуу кыздай жандадым.

Чыйрыктырган ызгаары күч болсо да,

Көңүл чөгүп, багытымдан танбадым.

 

Жамгырга окшоп саамайыма төгүлгөн,

Таң алдында жаркын нурга канбадым.

Мен жолдордун татаалына кабылгам,

Таталдыктан жоготуум да, табылгам.

 

Көөдөй түндүн көзүн капыс уялтып,

Кылыч шилтейт жалаңдаган чагылган.

Ой дайрасы тынчтык бербей дүйнөмө,

Камчыга окшоп ай далыма чабылган.

 

*****

Каркыралар кайтышты тууган жерге,

Канаттарга дирилдеп көктөм конуп.

Бир чайпалса төгүлүп толкучудай

Сагынычтар карекке мелт-калт толуп.

 

Боз торгойдун ырына кулак төшөйт,

Кызгалдагы жайкалган жашыл кырлар.

Көңүл чөгөт булактын шылдырынан,

Калган сымал ырдалбай биздин ырлар.

 

Түнкү этюд

Апаппак айлуу түндүн жылдыздары,

Кыялды кытыгылап, көзүн ымдайт.

Бейпилдик берекесин коштоп алып,

Түбүндө тереземдин булак ырдайт.

 

Отурам кылым арткан таш бабадай,

Ошол ыр бүт сезимди бекем байлап.

Ыргагы көшүлттүбү, алда кандай,

Ай дагы сапарынан калды жайлап.

 

Сүттөн ак анын нуру салааланып,

Капыстан терезеден кирип келди.

Көшүгөн аялымдын жүзү жаркып,

Чачтары ак жаздыкка агып берди.

 

Термелип бал уйкунун бешигинде,

Ай нурун сиңирүүдө ачык төшү…

Жарк этип көз ирмемге чагылгандай,

Жалт берет өткөндөргө ойдун көчү.

 

Басылып калган менин ууз сүйүүм,

Мезгилдин качанкы бир катмарында.

Жүрүптүр аялымдын тутам жетпес,

Жайылган ак жаздыкта чачтарында

 

Эне

Актарында саамайдагы чачыңдын,

Бек катылган балдарыңдын тагдыры.

Кыш чилдеде түн уйкуңду качырдың,

Ойдуңу бар бул турмуштун бар кыры

 

Атаандашып жаркын күнгө таалайың,

Балдарыңдын күлкүсүнөн гүл ачып.

Ырыс даарып сезимдерге маанайың,

Жылдар жылат улам бири кыр ашып.

 

Айсыз түндүн жалгыз көзү көрүнүп,

Терезеси чырак жанган үйүңдүн.

Чырмыктаса санааң санга бөлүнүп,

Бала үстүнө чарк айланып үйрүлдүң.

 

Ак таң нуру саамайыңа биринчи эң,

Тоо башынан күлүп келип төгүлгөн.

Эсеп жетпес түмөн-түйшүк мээнеттен,

Таалай болуп баскан жолго өрүлгөн.

 

Кыйын күндө коломтоңдун оту өчпөй,

Берип турду жаш көңүлгө жылуулук.

Тартуулады учкул мезгил жөн өтпөй,

Ар бирине назик колдон – улуулук.

 

Балдар бүгүн мээнетиңди кайтарат,

Шилтеп өткөн кадамынан шаң чыгып.

Неберелер тээ өткөндү кайталайт,

Коломтоңдон дал ошондой от чыгып.