Байтемир Асаналиев: Китепкөй бала

Бул эмне?

Ар нерсени көрсөтүп:

“Бул эмне?” деп сурай берет.

Аздан-аздан Актанга,

Акыл кирип жатат, демек.

 

Ат

Куйрук,

Көкүл,

Жалы бар,

Адамга дос жаныбар.

Атты, бөбөк, таанып ал!

Бала кезден ат минип,

Көнүккүлө баарыңар!

 

Ойлоном

Эртең менен ойгоном,

Эмне иш жасайм? –

Ойлоном…

Жардам берем Апама,

Жагат анан ойногон.

 

Жаз келгенде

Көк шиберде чалкамдан

Көктү карап жатамын.

Учуп өтөт турналар,

Бузбай бир да катарын.

Мемиретет күн нуру,

Мээриминдей апамдын.

 

Жай

Жай мезгили келгенде,

Жайнады гүлдөр бүт жерде.

Көпөлөктү “кон-кон” – деп,

Бөбөктөр ойнойт күн кечке.

 

Чыбыктарын ат кылып,

Баары куунак каткырып.

Эңишип,

анан күрөшөт,

Көңүлдөрүн шат кылып.

 

Асманга булап түтүнү,

Акбоз үйлөр үкүлүү.

Борс-борс үрөт музоого,

Койчумандын күчүгү.

 

Жан-жаныбар магдырап,

Жакшы тура жайкы убак.

Бузуп анын тынчтыгын,

Булак гана каткырат.

 

Шүүдүрүм

Тамчылар мөлтүрөйт

Жалбырак, чөптөрдө.

Аябай кызыкты,

Айнура көргөндө.

 

Моюнга тагуучу,

Мончок… деп ойлоду.

Берметтей тамчылар…

Бетин жууп ойноду.

 

Куунак көңүл балдарбыз

Эс алууга жайында,

Ысык-Көлгө барганбыз.

Сууга түшүп, күнгө күйүп,

Кум үйлөрдү салганбыз…

Кубалашып ойногон,

Күлкү, оюнга тойбогон,

Куунак көңүл балдарбыз.

 

Актасам экен

Энекемдей мээримдүү, –

Мен билбеймин эч кимди!

Мээрими – Күндөй,

Бапестеп – гүлдөй,

Эркелетип өстүрдү.

 

Энекем – асылым,

Айтат акылын.

Актасам экен –

Ак сүтүн анын!

 

Тилегим

Кесиптер көп, билемин –

Бөбөктөрдү окуткан

Мугалим болуу тилегим,

Мугалимдик кесипти,

Мен аябай сүйөмүн!

 

Эжекеге гүлдесте

Ойдогудай өткөрдүк,

Жайкы эс алуу күндөрүн.

Тоо гүлдөрүн көп тердик,

Тыңшап куштун үндөрүн.

 

Бекер басып жүрбөстөн,

Бердик жардам чоңдорго.

Кирдик кызык дүйнөгө,

Китеп окуп кол бошто.

 

Ден соолукту чыңадык,

Көлгө түшүп ысыкта.

Баттык түркүн кыялга,

Балалык кез кызык да…

 

Татынакай гүлдөрдөн

Тандап-тандап теребиз.

Эртең окуу башталат,

Эжекеге беребиз!

 

Кыргыз тили

Кыргыз тили ыйык тил,

Ата-бабам сүйлөгөн.

Баалап анын ар бир сөзүн,

Бала чактан үйрөнөм.

Эч убакта кыргыз эмес,

Эне тилин билбеген.

 

Аарыларбыз мээнеткеч

Биз аарылар болобуз,

Гүлдөн гүлгө конобуз.

Балга айлантып берүүгө,

Гүл ширесин соробуз.

 

Талбай канат кагабыз,

Алыс-алыс барабыз.

Тоо, токойду кыдырып,

Гүлдүү жерди табабыз.

 

Шире соруп жыргайбыз,

Гүлдү мактап ырдайбыз.

Аарыларбыз мээнеткеч,

Таңдан-кечке тынбайбыз.

 

Мээнеткечпиз баарыбыз,

Анткени, биз аарыбыз.

Ар дайым жеп жүргүлө,

Күч-кубат берет балыбыз.

 

Китепкөй бала

Кичинекей чагынан,

Китеп менен достошкон.

Азыр дагы тажабайт,

Аңгемеден, жомоктон.

 

Жатка айтып ырларды,

Табышмакты көп билет.

“Чоңойсом Чыңгыз атамдай,

Жазуучу болом!” – деп жүрөт.

 

Мектепте да, үйдө да,

Сүйлөйт кыргыз тилинде.

Китептерге кызыгып,

Ынтызар көптү билүүгө.

 

Сүйгүлө

Балдар!

Баарың билгиле,

Көңүлгө бек түйгүлө!

Окууңарды жакшы окуп,

Ойноп,

Ырдап,

Күлгүлө!

Мээримге бөлөгөн,

Мекенди сүйгүлө!

 

Достук

Аяп, сыйлап ар дайым,

Достукту бекем сактайлы!

Ар кандай кыйын учурда,

Досубузду сатпайлы!

 

Мен – кыргызмын

Урпагымын Манастын!

Урпагымын Чыңгыздын!

Ата салтын сактаган,

Ак калпакчан Кыргызмын!

 

Ала-Тоодо төрөлгөм,

Ак бешикке бөлөнгөм.

Комуз чертип,

ыр ырдап,

Куру эмесмин өнөрдөн.

 

Жылдыз

Жай түнүндө

Жайлоодо,

Айбек менен атасы

Уктоого сыртка жатышты.

Карап түнкү асманга,

Кыялдарга батышты.

Айбек анан:

– Жылдызды алып бер? –

деп сурады.

Айтты атасы:

– Эр жеткин,

Өзүң учуп барасың.

Анан өзүң каалаган

Жылдызыңды аласың…

 

Аалам сырын ачамын

Ак боз үйдө түндүктөн,

Көктү карап жатамын.

Ай, жылдызга суктанып,

Кыялдарга батамын…

Көптү билип, көп окуп,

Аалам сырын ачамын.

 

Кышкы токой

Калың карды жамынып,

Уктап калган бу күндө.

Түркүн куштар сайраган,

Жазды көрөт түшүндө.

 

Жаз келгенде жан кирип,

Оор уйкудан ойгонот.

Мөмө байлап бак-дарак,

Токойдо чоң той болот.

 

Эрте жазда токойго,

Куштар учуп келишет.

Уяларын салышып,

Жашоо камын көрүшөт.

 

Көңүл бөлсөң токойго,

Көркөм, кооз кайрадан.

Көңүлдөрдү көтөрөт,

Куштун үнү сайраган .

 

Балдар дайым келишет,

Коньки, чана тебишет.

Мөлтүрөгөн шактагы,

Мөмөлөрдү теришет.

 

Балапанды өлтүрбөйт,

Балдар бузбайт уяны.

Бутактарды сындырбайт,

Токойго жок зыяны.

 

Өзүм окуй аламын

Бакчага күндө барамын.

Китептердин түрү бар,

Өзүм окуй аламын.

Сүрөттөрүн боёймун,

Табышмагын табамын.

 

Өнөрлүү бала

“Бала, – дешип, – таланттуу”,

Баары мактайт Маратты.

Атасынан үйрөнүп,

Айтып жүрөт “Манасты”!

 

Комузду да үйрөнгөн,

Чертет обон, күүлөрдөн.

Ырдайт жакшы ырларды,

Табият ага үн берген.

 

Мактоо баракчалары –

Мараттын алган сыйлыгы.

Окуусун да жакшы окуйт, –

Мектебинин сыймыгы!

 

Окуп жүрсөк…

“Бугу эне”, “Ак кеме”,

“Атадан калган туягы”,

Байытып жан дүйнөнү,

Баары балдар тууралуу.

 

Китептерин биз окуп,

Кызыгына батабыз.

Ой-сезимди ойготот,

Көп жаңылык ачабыз.

 

Оюбузга ой кошот,

Окуп жүрсөк ар убак.

Жанып турат жылдыздай,

Жан дүйнөнү аруулап.

 

Тору тай

Өзүм баккан тору тай,

Жоргосу бар сонун тай.

Жайлоо чөбүн откором,

Тору тайга быйыл жай.

 

Тору тайым азыр жаш,

Сылап, сыйпап багамын.

Кунан, бышты болгондо,

Өзүм минип чабамын.

 

Келет тайым биринчи,

Ага толук ишенем.

Көрөр замат ал мени,

Учурашат кишенеп.