Насыпбек Асанбаев: Билим жана күч

Билим жана күч

Илгери адамдар уруу-уруу болуп бөлүнүп, бири-бирин чаап, бири-биринин мал-мүлкүн талап турган тынчы жок заман болгон экен. Элдер ал кезде дайыма согушка даяр болуп, качан жоо келет деп сактанып жашашчу дешет. Шаарлар болсо азыркыдай ачык болбой, туш тарабынан дубалдар менен коргондолуп турчу. Мына ошондой шаарлардын бирөөсүнүн ханы бир күнү элине мындай жарлык чыгарат.

-Эл-журт, балдарыңарга билим берүүнү, китеп окутууну токтоткула. Аларды жаштайынан машыктырып, булчуңдарын чыңдагыла. Себеби, китеп душманга каршы коргон болуп бербейт. Жоону жеңиш үчүн күч гана керек. Кимде-ким күнүгө машыкпаса, алсыз болсо жазага тартылат!

Хандын бул жарлыгына эли айла жок макул болот. Баары тең балдарына таш көтөртүп, отун жардырып күн сайын машыктыра баштайт. Ага бир гана шаардын аалымы каршы чыкты. Ал душмандан коргонуу үчүн күч менен кошо амал-айла, илим-билим да керектигин айтты. Бирок, анын кебин уккан жан болгон жок. Тескерисинче, падыша дароо желдеттерин жиберип аны каматып, баласын шаардан кууп чыгарды.

Ошону менен аалымдын баласы шаар сыртында жашап калды. Ал өзү баткыдай жер казып, оозун эч кимге байкалбагыдай кылып бир түп чий менен жаап алды. Анткени менен анын эси-дарты зынданда жаткан атасында болду. Канткенде анын кадырын ханына билгизип, азаптан куткарып алам деп ойлонуп жүрдү.

Ошондой күндөрдүн биринде алар жашаган шаарды каардуу душмандар каптап келишти. Мындайга илгертен даяр турган падыша элин дароо куралдантып, калаанын капкасын жаптырды. Душмандар шаарды жылчык калтырбай курчоого алышты. Качканга жетишпей калган бала болсо үңкүрүндө кала берди. Баскынчылар анын үңкүрүнүн жанында эле жайгашканы менен, бирөөсү дагы байкаган жок.

Түн кирип, көз байланып калган кезде бала акырын үңкүрүнөн чыгып душмандарды аралап жөнөдү. Караңгыда эч ким деле андан шек санаган жок. Бир маалда ал аскер башынын чатырында жыйналыш болуп жатканын көрдү. Акырын жылып барып жүктөрдүн арасына жайгашты да, алардын кебин тыңшай баштады. Аскер башы жүз башы, миң башыларына алдыда боло турган уруш тууралуу бакылдап сүйлөп жатты.

Бала анын сүйлөгөндөрүн бүт укту да, дароо үңкүрүнө барып атасынан калган кагаздарды алып шыпылдатып кат жаза баштады. Бирок, кокус ал кат душмандардын колуна түшүп калса, мында чыккынчы бар экенин билип калбасын деп да коркту. Акыры, катты атасы гана түшүнгүдөй кылып табышмактатып жазмай болду. Албетте, муну менен хандын алдында атасынын да кадыр-баркы көтөрүлүп калаарын ойлоду.

Катты даярдап бүткөн соң кичинекей жыгач кутуга салып шаарга агып кирген сууга салып жиберди. Куту агып отуруп шаардын ичиндеги эл суу алган жайыкка келип токтоду. Ал жерден аны бирөө таап алып дароо ханга алып барды. Хан менен вазирлери каттын кандайдыр бир сыры бар экенин билип турса, да эч кимиси андагы сөздөрдү түшүнө алган жок. Ошондо алар зынданда жаткан акылманды эстеп, ошондон сурашмай болду. Акылман катты ачса анда мындай жазылган экен.

-Ата, тизгинди бошураак кармап, бекем камчыланыңыз. Айгырдын жалы дүпүйгөн менен, анда тиш жок. Ага көңүл бурбасаңыз деле болот. Сары жылдыз менен ай тогошконго чейин эс албаңыз. Түнкүсүн атты салкын жерде таң ашырыңыз.

Акылман катты окуп бүткөн соң жандырмагын чечмелеп баштады.

-Ханым, бул кат табышмактатып жазылган тура. Эмесе, анын сырын чечип берейин. Байкашымча душман шаарды үч жагынан курчаган экен. Адам негизи тизгинди сол колуна, камчыны оң колуна кармайт эмеспи. Ошондон улам баламдын тизгинди бош кармап, камчыны бекем чапсын дегени, сол жактын чабуулу азыраак, оң жактын чабуулу күчтүү болот дегени тура. Ал эми жал дүпүйөт, бирок тиш жок дегени, бет маңдайда душман жөн гана турат, бирок андан чабуул болбойт дегени экен. Ай менен сары жылдыз тогошоор күнү деп убакытты айтыптыр. Ал экөө болсо үч күндөн кийин тогошот. Демек, бул чабуул үч күн уланат. Ал эми салкын жерге таң ашыргыла дегени, суу жээгине таң аткыча кароол койгула дегени. Себеби, шаардын эң салкын жери суу жээги эмеспи. Кыязы дагы кат жазып турам десе керек.

Хан акылмандын кебин угуп дароо ишке өттү. Жоокерлерин шаардын оң жагына көбүрөөк жайгаштырып, аябай бекемдеди. Айткандай эле үч күн бою душмандын оң канаты өжөрлүк менен чабуул койду. Сол канат болсо жөн гана тийди-качты уруш кылып коргоочулардын күчүн алаксыткысы келди. Кошуундун маңдайдагы бөлүгү болсо тек гана карап турду. Баскынчылардын башчысы аны бир эсе жөн гана сүр кылып, бир эсе улам чарчагандарын алмаштырып туруучу кошумча бөлүк кылып кармап турган. Бирок, үч күн бою өжөрлөнө чабуул коюлганы менен шаарга эч кандай зыян бере албай, тескерисинче өздөрү чоң жоготууга учурады.

Үч күндөн кийин айласы кеткен баскынчылар дагы кеңеш курду. Бул жолу да бала алардын сөзүн угуп алды. Душмандардын башчысы үч күн бою улам-улам аскерин жаңылап шаардын жалаң оң жагына чабуул койсо да ийгиликке жете албаганына катуу ачууланды. Акыры ал желдеттерине мындай буйрук берди.

-Макул, сыйы менен баш ийбегендер өздөрүнөн көрсүн. Эртең түштөн баштап үч күн катары менен шаарга кирген сууга уу салгыла.

Бала аны угуп дароо кат жазды да шаарга кеткен өзөндөн агызып ийди. Шаардын ханы койдурган кароолчу аны ханга алып барды. Хан акылманга берди. Акылман катты ачса ичинде минтип жазылып туруптур.

-Түшкө чейин оозуңузду бекитип, бешимди таяммум менен окуңуз. Ооз ачаарга камданып алсаңыз жаман болбос.

Бул жолу да каттын сырын эч ким түшүнгөн жок.

-Суу турса эмнеге таяммум алмак элек? Ооз таңга маал бекийт эмеспи, түштө бекийт деген эмнеси? – деп жатышты хандын вазирлери. Ошондо акылман каттын сырын мындайча чечмеледи.

-Ооба, ооз таңга маал бекийт. Бирок, катта түшкө чейин бекиткиле деп атат. Анан дагы бешимге даарат албагыла, таяммум алгыла деп атат. Демек, түшкө чейин суу ичип алгыла. Түштөн баштап сууга жолобогула дептир. Кыязы сууну уулашат окшойт. Ооз ачаарга камдангыла дегени, суудан мол камдагыла дегени болсо керек.

Хан муну угуп дароо бир канча күнгө жеткидей суу алдырды. Андан кийин шаар элине ченеп берип, аккан сууга эч кимди жолоткон жок. Ошентип бул жолу да элди кыргындан сактап калышты.

Үч күндөн кийин суу жээгинде турган кароол ханга дагы бир кат алып келди. Анда,

-Сөздүн уңгусу өчүрүлдү. Мүчөлөр көп болгону менен бир мааниге келе албай бириндеп турат. Бардык барактарды ачып, кара тамгаларды тезирээк тазалагыла, – деп жазылыптыр. Катты окууру менен акылмандын жүзү тамылжып,

-Сүйүнчү ханым, – деп кыйкырып жиберди. Хан дагы, анын жанындагы вазирлери дагы эмне болуп кеткенин түшүнбөй элейип калышты. Ошондо акылман каттын сырын минтип түшүндүрдү.

-Сөздө уңгу кандай болсо, ордодогу кол башчынын да орду ошондой. Сөздүн уңгусу өчүрүлдү дегени, кошуундун кол башчысы өлдү дегенди билдирет. Мүчөлөр бир мааниге келбей турат дегени, башчы жок кошуун бирикпей турат дегени. Тезирээк барактарды ачып, кара тамгаларды өчүргүлө дегени болсо, бардык дарбазалардан чыгып душмандарды кырып жоготкула дегени.

Каттагы кабарларга бөркүндөй ишенип калган хан дароо колун топтоп душманга чабуул койду. Бул жолу сырттагы жоо аларга туруштук бере алган жок. Ар кимиси туш келди качып, бир заматта кыргынга учурашты. Натыйжада, шаар эли жеңишке жетип, душмандан кутулуп чыгышты. Хан тез арада акылмандын баласын таптырып аябай сыйлаган соң иштин жайын сурады. Ошондо бала ага минтип жооп кайтарды.

-Хан үч күн бою сууга уу салдырмай болду. Мен биринчи күнү караңгыда үңкүрүмөн чыгып, ууланган суудан сузуп душмандын эки атына бердим. Биринчи күнү бир ат өлүп, бир ат өлбөй калды. Уу күчүнө кире элек экен дедим. Экинчи күнү да түндө чыгып ууланган суу менен душмандын эки атын сугардым. Бул жолу экөө тең өлдү. Ошондо уу даана күчүнө киргенин билдим да дароо чуркап барып, кол башчы күнүгө эртең менен ичкен кымызга кошуп койдум. Душмандардын башчысы андан ичээри менен мүрт кетиптир. Ал өлгөндөн кийин бир күн бою кошуун ичи кым-куут болуп, уруш-жаңжал күчөдү. Натыйжада, үчүнчү түнү үңкүрүмөн чыгып силерге кабар жибердим.

Хан баланын бул кебин угуп, ага аябай ыраазы болду. Ал тургай акылдуу балага өзүнүн жалгыз кызын берип, аны өлкөсүнө мураскор кылды. Бала болсо атасынын жардамы менен элин илимдүү, билимдүү кылып, ар түрдүү өнөрлөрдү үйрөттү. Ошондон тартып алар күчтүү мамлекетке айланып, эч ким кол салып кире алган жок.