А.С.Пушкин: Моцарт жана Сальери

Моцарт жана Сальери

1-көрүнүш

Бөлмө.

Сальери: – Баары какшайт: жерде чындык жок дешип.

Бирок чындык көктө да жок. Мен үчүн.

Бул жөнөкөй ыргак сындуу анык кеп.

Өнөр жандуу жаралгам төрөлгөндө;

Бала чакта, биздин эски чиркөөдөн

Авас чыкса орган чалып күүлөгөн,

Угар элем калбай, ысык көз жашым

Ага берчү жан жыргаткан дүйнөдөй.

Эрте тандым ойсуз оюн-күлкүнү,

Музыкага жат илимдин түркүмүн

Бүтүн жерип, баарын албай теңиме,

Жалаң гана музыкага берилгем.

Туңгуч кадам оор, биринчи

Сапар дагы зериктирип жадатма.

Кесипти өнөр үчүн тепкич кылып,

Кесипкер болдум: саларыма

Ийкем берип канаттай,

Кулагымы куйма кулак кылдым. Үндөрдү

Жансыз коюп, музыканы мүчөлөп,

Үндөштүктү эсеп менен сыдырдым.

Ошондон соң, мен илимге канган соң,

Кыялданып, чыгарманын жыргалына

Берилүүгө батындым.

Күү жарата баштадым, бирок жалгыз, бирок жашыруун,

Атак-даңктуу болом деп ойлонууга батынбай.

Уйку, тамак унутулуп таптакыр,

Үжүрөдө үч-төрт күндөп жаткан соң,

Кубанычтын, эргүүнүн көз жашынын

Даамын даана таткан соң, жазганымы

Өрттөп ийип, кайдыгер карап турчумун

Менин оюм, мен жараткан кайрыктар

Күйүп бүтүп, күлгө айланып жатканын.

Эмне дедим? Улуу Глюк туулуп,

Ачкан кезде бизге жаңы сырларды

Өзүм билген, өзүм сүйгөн ишенген

Иштеримди таштап, анын артынан

Ээрчип кеткен жок белем мен ойлонбой,

Адашып баратканда жол табалбай,

Алдынан чыккан бирөө башка жакка

Буруп ийген адамдай?

Саргара кууп, сая түшүп талпынып

Жүрүп, жеттим бийик даражасына

Учу-кыйыры көрүнбөгөн өнөрдүн.

Атак келди, менин асыл көрөңгөм

Үндөштүгүн тапты жүрөктөрүнөн

Адамдардын. Мен бактылуу болчумун

Бейпил ыракаттанып эмгегиме, ийгилик, атагыма;

Жана да досторумун, жолдоштордун ишине

Аркасынан бирге жүргөн өнрдүн

Жок! Эч качан билчү эмесмин ичи тардык дегенди,

О, эч качан! Жада калса Пичини арбап турган чагында

Жаны-дилин Париждин жапан элинин,

Жада калса, биринчи укканда да

Алгачкы кайрыктарын Ифигенидин.

Ким айтмакчы, сый-урматтуу Сальери бир кезде

Арам эле ичи тар, жылан эле тепселип тирүүсүндө

Аргасыз топурак, кум чайнаган деп?

Эч ким! Эми өзүм айтам: мен – ичи тармын!

Ичим тарыйт өзөгүмө өрт түшүп, куйкаланып жүрөгүм!

О, Теңир ай! Кайда деги адилеттик, эгерде

Ыйык талант-өнөрдүн өлбөс мүрөгү

Ышкылууга, күч, эмгекке, тилегенге берилбей,

Даарып турса бир эси жок, оюнпоз,

Жайдак жанды жаркырап?.. О, Моцарт, Моцарт!

Моцарт кирет.

Моцарт: – Аа! Көрүп койдуң! Келдим эле мен сени

Бир күтүүсүз тамашага салсам – деп.

Сальери: – Мында белең! – Көптөн бериби?

Азыр эле сага келаткам.

Моцарт: – Бир нерсени көргөзсөм деп өзүңө,

Бирок трактирдин алдынан өтүп келатсам,

Байкоосуздан уктум мен добушун скрипканын…

Жок, достум Сальери! Уккан адам күлөрлүк

Андайды сен өмүрү уккан эмессиң…

Бир азиз чал трактирдин алдында,

О, жарандар, муну даана билгендерди

Ойноп турган экен. Деги керемет!

Чыдай албай, жетелей келдим мен аны,

Өнөрүнө шыбагалаш кылайын деп сени бир.

Эй, бери кир!

(Скрипка кармаган азиз карыя кирет.)

Кана, бизге Моцарттан бир нерсени!

(Карыя Дон-Жуандан ария ойнойт. Моцарт каткырып жиберет.)

Сальери: – Оп-по,сенин каткырарың ушубу?

Моцарт: – Эх,Сальери!

Деги кантип күлдүрбөйт, сени мунун кызыгы?

Сальери: – Жок,күлдүрбөйт.

Күлкүм келбейт,шыбагасыз шыбакчы

Рафаэлдин Мадоннасын майлап жатса,

Күлкүм келбейт, маймылдай болгон бирөө

Алигьердин мыскылдап жайлап жатса,

Жогол, чал.

Моцарт: – Жок, токтой тур:

Ме сага, ден соолугум үчүн ич.

(Карыя кетет.)

Кушуң жоктой бүгүн негедир,

Мен өзүңө башка чакта келейин.

Сальери: – Эмине эле көрсөтөйүн дегениң.

Моцарт: – Жок, жөн эле, бирдеме. Түндө түнү

Уйкум качып, кыйнап чыкты ошондо

Башыма эки-үч ой келген. Аларды мен

Чиймелей койгом бүгүн. Сага келгем,

Мен сенин пикириңди уккум келген,

Бирок азыр мени угар чамаң жок.

Сальери: – Эх, Моцарт, Моцарт!

Болчу беле сен үчүн чамасы жок убагым?

Отур эми, сенде кулагым.

Моцарт: (фортепианонун жанына олтуруп):

Элестетчи… кимди десем?

Мейли, ал мен болоюн – бир азыраак жаш кезим;

Ашык болгон өтө эмес, анчейин

Бир айжамал, же досу мейли сенсиң дейли жандаган,

Мен куунакмын…Кокустан: Караңгы көр,

Капкара түн же ошондой бар балээси көрүнөт…

Ана, эми уга бер.

(Ойнойт)

Сальери: – Сен ушуну мага алып келатып,

Анан токтоп трактирдин алдына

Тиги сокур абышканын

Ойногонун уга алдыңбы?! О, кудай!

Сен, Моцарт, тең эмессиң өзүңө.

Моцарт: – Анда эмне, жакшыбы бул?

Сальери: – Кандай гана тереңдик!

Кандай курчтук, мукамдык

Сен – Кудайсың, Моцарт, бирок өзүң билбейсиң.

Мен билемин, мен гана.

Моцарт: – Бали! Чынбы? Балким, ошондой…

Бирок менин кудайлыгым ач карын.

Кулак салчы: бирге тамактаналы

“Алтын Арстан” аталган трактирге баралы.

Мейли, барса баралы.

Мен курсантмын. Бирок үзүр, үйгө барып,

Күтпө деп түшкү тамакка

Аялыма айтып келейин (кетет).

Сени күтөм, келбей калам дебегин.

Жок! Тагдырыма эми каршы боло албайм:

Мен жаралгам сапарын токтотууга антпесем,

Баарыбыз ада болдук, биз баарыбыз – музыкага

Жан ыйманын бүт багыштап жүргөндөр,

Даңкы даркан боло элек мен тургай…

Опосу барбы Моцарт тирүү жүрүп,

Жетсе эгер дагы жаңы бийикке?

А, ошондо өнөр да кетээр беле бийиктеп. Жок,

Өнөрдүн ташы кулайт, жок болор менен башы:

Калтырбайт ал бизге мураскор.

Пайдасы кайсы деги? Кандайдыр периштедей

Бейиштин үч-төрт ырын алып келди,

Козгоп коюп биз өңдүү пенделердин

Канатсыз ой-тилегин, кайра учуп келүүгө!

Андай экен уч! Канчалык

Тез учканы жаныңдын, ошончолук жагымдуу.

Мынакей уу, Изорамдын соңку белеги.

Он сегиз жыл сактадым андан бери

Далай ирет бул жашоо жарадай кыйнап мени,

Бейгам жүргөн касым менен канча жолу

Насиптеш болдум деги. Азезил азгырса да канча мени

Ийикпедим, суу жүрөк болбосом да,

Таарыныч таарып жанды, күйгөн менен

Жашоону да анчейин сүйгөн менен шашылбадым.

Өлүүнүн эңсөө кандай эзди мени,

Өлүп эмне? Турмуш алып келээр дедим

Күтүүсүз белектерин, балким, мага

Бир бурулуп зор кубаныч, ошондо

Түнкү мукам, жан эргүү келээр дедим.

Балким, анан жаңы Гайден жаратып бир улуу иш,

Жаныма ыракатын себээр деди…

Жек көрүндү конок менен үлпөттө

Олтурганда, ойлодум го, балким, мен

Карайышкан кас душманым табам деп.

А, балким, ачуу кек менин

Башыма түшө калаар деп кербезденген бийиктен –

Дал ошондо Изоранын белеги

Көздөгөн жерин табаар – деп.

Жаңылган эмес экемин! Мына таптым акыры

Мен касымы, жаңы Гайден башымы

Кубанычка куп батырып жатыры!

Мезгил жетти! Ашыктыктын аздектелген белеги,

Достуктун чынысынан ордуңу тап сен эми.

 

2-көрүнүш

Трактирдеги өзгөчө меймандар үчүн беленделген бөлмө.

Фортепиано. Моцарт жана Сальери тамактанып отурушат.

Сальери: – Эмне болду, бүгүн бүркөө кабагың?

Моцарт: – Менби? Жок!

Сальери: – Чын эле, Моцарт, сени чөгөргөн го бир нерсе?

Алдыңда таттуу тамак, сонун шарап,

А, сен болсо сүйлөбөйсүң бүркөлүп.

Моцарт: – Чынын айтсам,

Реквиемими санааркатып турат мени.

Сальери: О!

Реквием жаздыңбы? Көп болдубу?..

Моцарт: – Далай болду, үч жумача.

Бирок күдүк окуя…

Айттым беле мен сага?

Сальери: – Жок.

Моцарт: – Анда укчу.

Үч жумача илгери, үйүмө келсем кечтеп,

Мени издеп бир киши келди дешти.

Эмнеликтен билбедим, ойлонуп чыктым түн бою:

Ким болду экен? Не мүдөө менен келди? – деп.

Эртесинде дагы келип, мени таппай кетиптир.

Үчүнчү күнү балам менен ойноп отургам. Чакырышты,

Чыктым мен. Киши, кара кийинген,

Сыпаа гана ийилип, реквием жазып бер – деп,

Айтты дагы жок болду. Ошол замат

Мен отуруп жазып кирдим, ал мага

Ошондон бери келген жок кара кишим;

Анысына кубанып жүрөм, колуман

Чыгаргым жок, Реквием алда качан бүтсө да.

Антсе да мен…

Сальери: – Эмне?

Моцарт: – Уялам мындай дегенден…

Сальери: – Дагы эмнеден?

Моцарт: – Күндүзү да, түнү да эсимден кетпейт, менин

Кара кишим. Кайда барсам көлөкөдөй кубалап

Ээрчип алды. Мынакей азыр дагы

Туйгансып турам, биздин жаныбызда

Ал – үчүнчү олтурат.

Сальери: – Э койсоңчу!

Эмне деген коркунуч бул балача?

Кунарсыз ойдон кутул. Бомарше

Айтып калчу: “Сальери, тууганым, угуп алгын,

Жаман ойлор келе калса шараптын

Оозун ач, же болбосо, “Фигаронун үйлөнүүсүн”

Окуп чыккын кайталап” – деп.

Моцарт: – Ооба, ооба, Бомарше сага жакын дос эле;

Ошого арнап “Тарараны жазгансың”,

Эң сонун чыгармаңы. Бир обону бар эле…

Кайталай берем аны, жыргап турган чагымда…

Ла-ла-ла-ла… Эх, Сальери, чынбы деги

Ким бирөөгө Бомарше уу бергени?

Сальери: – Андай дебейм: адам эле көргөн киши күлөрлүк,

Колунан келбес андай иш.

Моцарт: – Ал анык гений эле –

Сендей, мендей. Генийлик жана кара ниеттик –

Төп келишпес касиеттер туурабы?

Сальери: – Ошондой деп ойлойсуңбу?

(Моцарттын стаканына уу салып жиберет.)

Ич, ич эми.

Соолугууң үчүн.

(Ичет.)

Сальери: – Токто,

Токто, токто!.. Ичип ийдиң!.. Менсиз элеби?

Моцарт (кол аарчыны столго ыргытып жиберип):

Болду эми, мен тойдум.

(Фортепиано тарапка басат.)

Сальери, эми угуп тур,

Мен жазган реквием дал ушул.

(Ойнойт.)

Сальери: – Мен ыйладымбы?

Бул көз жашты

Алгач көрүп турам мен: жаным кейип жана жыргап,

Кутулгандай эң бир оор парызыман,

Дабагер бычак кесип сайган өңдүү

Дарты күчтүү мүчөмдү! Досум, Моцарт, ушул жаш…

Көрмөксөн болуп кой муну. Ойной бергин, тезде, шаш

Көңүлүмү чалкытып кой мукамыңа…

Моцарт: – Гармониянын кудуретин ар адам

Сезгидей болсо ушундай! О, жок, андай болгондо

Жарыкта жашоо уланбас: эч ким анда

Тартмак эмес көр оокаттын түйшүгүн,

Баары өзүн багыштап коймок эркин өнөргө.

Бактылуу ойноп-күлгөн биздейлер аз төрөлгөн,

Пайданы бүт жек көрүп, тоотпой жүргөн,

Кереметтүү дүйнөгө жанын берген.

Туура эмеспи? Бирок азыр табым жок,

Негедир денем оорлоп, барайын да уктайын.

Кош, кайыр кош!

Көрүшкөнчө.

Сальери: – Сен уктайсың

Далайга, Моцарт! Бирок айтканы чынбы мунун,

Андай болсо, мен гений эмесминби?

Гений жана кара ниеттик – төп келишпес касиеттер.

Жалган, анда Бонароттичи? Же ал эмне жомок беле беймаани –

Топураган көпчүлүк айтып жүргөн –

Киши өлтүргөн жок беле,

Ватиканды жараткан адам деле?

Которгон: Алымкан Дегенбаева