Жаннат Сабырбекова: Кыштай тоңсом, бир заматта жаз кылган, Ошол дүйнөң бүтпөчүдөй сезилчү

Бирөө Тыптынч бөлмө… Сүйлөп жалгыз терезе, Тышта кандай суук экенин уңулдайт. Ызгаарынан көңүл калган немече, “Бирөө” мында от жагам деп чыгынбайт.   Күрмөсүнө арык боюн жашырып, Калем кармап, анан ыкшып жөтөлөт. Капталында үстөлүнүн чачылып, Кагаз жатат чиймеленген өтө көп.   Табагында желген нандын күкүмү, А жанында чырак турат жана албай. Чайына окшоп күңүрт тартат бүт үйү, Ичилбестен муздап калган карандай.   Карап сырттан бооруң ооруйт, жан кейийт – Балким аны элден бөлүп, иргейбиз. Балким бизге буйрубаган чоң бакыт, Анын ар бир кагазында… билбейбиз.   Ал биз үчүн  бир бечара, аялуу толугу менен…..