Жаннат Сабырбекова: Кыштай тоңсом, бир заматта жаз кылган, Ошол дүйнөң бүтпөчүдөй сезилчү

Бирөө

Тыптынч бөлмө… Сүйлөп жалгыз терезе,

Тышта кандай суук экенин уңулдайт.

Ызгаарынан көңүл калган немече,

“Бирөө” мында от жагам деп чыгынбайт.

 

Күрмөсүнө арык боюн жашырып,

Калем кармап, анан ыкшып жөтөлөт.

Капталында үстөлүнүн чачылып,

Кагаз жатат чиймеленген өтө көп.

 

Табагында желген нандын күкүмү,

А жанында чырак турат жана албай.

Чайына окшоп күңүрт тартат бүт үйү,

Ичилбестен муздап калган карандай.

 

Карап сырттан бооруң ооруйт, жан кейийт –

Балким аны элден бөлүп, иргейбиз.

Балким бизге буйрубаган чоң бакыт,

Анын ар бир кагазында… билбейбиз.

 

Ал биз үчүн  бир бечара, аялуу –

Балким анда из бар өчпөс түбөлүк.

Балким бизге кадыры жок жанагы,

Барактары “өлбөйт” деген күбөлүк…

 

Кат

-Билесиңби, бүгүн дагы бир ирээт,

Кат жазайын сага, сенин жогуңа.

Мен баракка, барак мага тигилет,

Чыкса экен деп ушул жолу соңуна.

 

Жабыкканың билип туруп мен сенин,

“Кандайсың?” деп баштоо билбейм, туурабы?

Учурашпай эле балким мурунку,

Сүйлөшсөмбү жакшы күндөр тууралуу?

 

Жакшы күндөр болгон жалгыз мен үчүн,

Сенден сүйүү сезип турган кездерде.

Барктай албай койгонум да сени чын,

Эстегенде сыйбай кетем эч жерге.

 

Кыштай тоңсом, бир заматта жаз кылган,

Ошол дүйнөң бүтпөчүдөй сезилчү.

Теңсинбегем. Өзүмдү өтө жактырган,

Өзүмчүл бу мүнөзүмдү кечирчи.

 

Калбайын деп дагы санаа, жүк болуп,

Билбегенге дарегиңди сүйүндүм.

Каттар калсын өзүмдө эле жык толуп,

Учурганча кутун азыр үйүңдүн.

 

Үчүнчү дүйнө

Ырлар менен алпурушуп,

ырлар менен таң атып,

мен ырларды жазсам, кайра

ырлар мени жаратып,

айтор, билбейм, өзгөлөрдүн

өмүрүнөн башкача

жашап жүрөм бир дүйнөдө

бөтөнчө бир таптаза.

 

Эки дүйнө бар дешет го:

бири жалган, бири чын.

А мен билем үчүнчүсүн.

Мүмкүн сен да билишиң.

Аныктайт ал жан дүйнөнүн

өлүүсүн же тирүүсүн.

Арнаттырат башкаларга

жек көрүүсүн, сүйүүсүн.

 

Ай ааламдын баары батып,

баары батып ичине,

ойлондуруп, толгондуруп

жашап алган кишиге.

Бугум турса сыртка чыкпай,

эч бир адам түшүнбөй

эс алдырат жалгыз ушу

жан дүйнөмдү бүтүндөй.

 

Үчүнчү ошол дүйнө деген

баарында бар, баарыңда.

Сеники обон болсо балким,

а меники жаңы ыр да.

Окшоп кетет ошол дүйнө

өзүңдү өзүң илдеттерден

айыктырчу дарыга.

 

Жашай берет анан дагы,

ошол дүйнөң өмүр бою

жатсаң деле кабырда.

 

Жан дүйнө терезеси

Асман бүркөө, бир кунарсыз дарак, таш,

Сыртты тиктеп, терезеге жанашсам.

Ал ансайын ачылбай эч кабак-каш,

Кечээ күнү бир кызыктай таң аткан.

 

Өткөндө да келсем калбай адатым

тереземе, карап көчө тарапты.

Далдактатып сүйрөп эне баласын,

Дайыны жок тилдеп кетип баратты.

 

Андан мурун кыз-жигиттен эшиткем,

(Бүткөнбү бейм, алар чогуу жүрчү күн),

Жемелешип эки башка кетишкен,

Жерге таштап белек-бечкек, гүл-сүлүн.

 

Тереземе келип күндө түңүлөм,

Ызы-чуулар, талкаланган бактылар.

Чыкпай жаткан окшойт деймин үйүнөн,

Кайда калган билбейм деги жакшылар.

 

А бүгүн мен, таап алдым да айыбым,

Айнегимдин кирин сүрттүм, тазарттым.

Көрсө, өзүм сырттын көрбөй жарыгын,

Кир айнектен карап коюп жашапмын.

 

Тереземе нуру тийип чагылып,

Кубанычтуу күн жарк этти заматта.

Көктөм турду кооз гүлдөрдү тагынып,

Кандай жакшы күндө ушундай таң атса.

 

Кабагынан  апалардын кут жанып,

Кадимкидей изи сууду азаптын.

Жетелешкен кыз-жигитке суктанып,

Жетине албай, ыр жазам деп бараттым…

 

Көрсө өзүм сырттын көрбөй жарыгын,

Кир айнектен карап коюп жашапмын.

 

Биз – бир китеп

… кечээ эле орун алды тигинде,

Дагы бирөө китеп болуп текчеден.

Тагдыр ага кандай жазуу жазды экен,

Бир сүйүнтүп, далай жолу өкчөгөн.

 

Балким аны окуйт көптөр  талашып,

Күнү-күндөй, түнү-түндөй үргүлөп.

Же калаттыр көп китептин бириндей

Чаң астында унутулуп, ким билет?

 

Буга чейин көбү турду текчеде,

Эстүү күндөр, эссиз күндөр жазылып.

Баарынан да жаман экен калганы,

Этегине чыкпай жатып жабылып.

 

Мааниси жок, калың балким ичкедир,

Балким айрып тукабасын кетишти.

Сырты кандай болсо болсун биз үчүн

Мазмунунун тереңдиги жетиштүү.

 

Китептер бар түгөнбөгөн кенч сындуу,

Түбөлүктүү, бирок бүткөн заматта.

Баарынан да китеп болбой а түгүл,

Бопбош бойдон туруп калуу азап да.

 

Балким калың, балким ичке көрүнүп,

Эртең мен да орун алам текчеден.

Калсам экен китеп болуп мен дагы,

Эмгегимди элим окуп бүтпөгөн…

 

Унутуу

Караманча коюу түнгө жуурулуп,

Уйкум качат, ойлор бүтпөй чубаган,

Өз-өзүмө батпай анан буулугуп,

Бүт күчүмдү көз жашымдан чыгарам.

 

Күлкү менен алмашылып бул кайгы,

Мунун баары билем өтүп кетээрин.

Анткен менен таткан жаман турбайбы,

Унутуу да бир топ азап экенин.

 

Өткөндөргө өкүнгөндөн эмесмин,

Өзүңө окшош бир жан кийин кезигер…

Убактылуу ой-санаага себепсиң,

Убагында болгон үчүн сезимдер.

 

Кайтпачудай, кайрылбастай кетсем да,

Эстен кетпей туруп алдың деги эле.

Мага окшоп унутайын деп сен да,

Уктай албай ойгоо жатсаң керек,ээ?

 

*****

Түн… Жымжырттык… Түгөнбөсүн кубатың!

Канча азапка түткөн билбейм кулачың,

Тунжураган мейкиндикте сырдашып,

Түйшүгү бар далай жанды угасың…

 

Түн… Жымжырттык… Бүтпөс болду санаалар,

Менде дагы кетпей жүргөн жара бар…

Көнөсүңбү, ошол дартты төгөйүн?

Сага айтканым айыкканга барабар…

 

Жашоомдун маңызысыз

Катуу сөз айтпаганым,

Сырымды сактаганым.

Сыйкырлап жүрөгүмдү,

Жакшыга баштаганым.

 

Көзүмдөн жашым аарчып,

Кыйналсам кашымдасыз

Көйгөйүм унуттуруп

Заматта басылтасыз.

 

Оорусам дарым сизсиз,

Оюмда барым сизсиз,

Айым да, күнүм дагы

Кыскасы бардыгымсыз.

 

Жайнаган көздөрүнүз,

Кайгыны эстетпеген.

Үмүткө үмүт кошуп

Оюмду тепсетпеген.

 

Мээримин чачкан сайын

Бейкуттук туш тарабым

Жашоомдо сиз бар үчүн

Өзүмө суктанамын.

 

Асманды, асканы эмес

Бийиктик сиз деп билем.

Эң алгач сизди көрөм

Аруулук тизмегинен.

 

Сиздер бар бир туугандар,

Бир болду тамырыбыз.

Апаке атам экөөң

Жашоомдун маңызысыз!

 

Исхак Раззаков менен жолукканда

Көөнүм сүйбөй көп нерсени барам жай,

Көкүрөк бош, көңүл калган адамдай…

Капысынан караан көрдүм алыстан,

Калганымда багытымды табалбай.

 

Жеткенимде кошо ээрчитип муң-кайгы,

Ким ойлоптур, ким күтүптүр мындайды,

Ишенсеңер, тарыхтагы кадимки,

Улуу инсан Исхак атам турбайбы!

 

Баштан өткөн билем күндөр ар кандай,

Мындан улам санаа тартып калгандай.

Кошо басып кобураша жол жүрдүк,

Болгон дарттан бошоп алчу жандардай.

 

-Андан бери ай алмашып, жыл улап,

Өзүңүз жок өлкөм өксүк туюлат.

Унуттурбай улам сизди эстетип,

Сиз курдурган жолдор жатат зымырап.

 

Баягыдай, бапыраңдап жайдары,

Эл менен эл болгон башчы кайда бу?

Сиздер кетип, келген бир топ ажолор,

Бизди сүйбөс… биз сүйбөгөн кайдагы…

 

Билим жаатын айтсам чындап уялам,

Сизден кийин илим, аттиң, ураган.

Жада калса такка келген ажолор,

Тамгаларды бирден терип кураган.

 

Ата-Журтуң, айтып кеткен ар кебиң,

Аманатың эске алынбайт анчейин.

Сыр билгизбей анан сизди кээ бирлер,

Сыйлайбыз деп эскергенин кантейин.

 

Эки элдин колдоп күткөн  уулусуң,

Кайрат берчү экөөнө тең турушуң,

Азыркылар өтө чоң иш жасамак,

Башканы кой, сүйсө өздүк улутун.

 

Өлкө үчүн арнап ар  бир жыл айын,

Өмүр бою тарткан мекен убайын.

Өксүгү жок өсөр элек ошондо,

Өзүңүздөй адам берсе кудайым.

 

Угуп жатып атам айткан оюмду,

Унчукпастан бекем кысты колумду.

Ошол кезде чочуп туруп түшүмдөн,

Өксүп алдым билип чындап жогуңду…