Майрамкан Абылкасымова: Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты

Көрдүңөрбү Нугун бузуп кеткен экен таш кулап, Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак. Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп, Томурайып камышы жок саз турат.   Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле, Алар дагы келбей калган көрүнөт. Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге, Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк. Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты, Энелери элечегин тарталбай. Ошол элдин уулуна кой айыпты, Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай. Дайым Сени дайым аман көрөм дечүмүн, Баягыдай желбиреген жоолукчан. Оңу келбей отурабы сөзүмүн, Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан. Жаз кечикпей келет деген үмүт бар, Учурашам эң биринчи тал менен. Көкүрөктө анча-мынча бүлүк толугу менен…..