Майрамкан Абылкасымова: Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты

Көрдүңөрбү

Нугун бузуп кеткен экен таш кулап,
Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак.
Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп,
Томурайып камышы жок саз турат.

 

Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле,
Алар дагы келбей калган көрүнөт.
Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге,
Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк.

Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Энелери элечегин тарталбай.
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

Дайым

Сени дайым аман көрөм дечүмүн,
Баягыдай желбиреген жоолукчан.
Оңу келбей отурабы сөзүмүн,
Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан.

Жаз кечикпей келет деген үмүт бар,
Учурашам эң биринчи тал менен.
Көкүрөктө анча-мынча бүлүк бар,
Басыш үчүн, аны намыс ар менен.

Үшүк

(Ыр түрмөгү)

Үшүк урду жеримди да, элимди,
Жүзүмдөрүм өлүп калды ылаңдап.
Үшүк менен мен да бастым демимди,
Эми кимге кубанамын ыр арнап.

Көзүңдү да көрбөй калдым байчечек,
Сени дагы бара- бара унутам.
Быйыл дагы кымбат болот жай дешет,
Быйыл анча кубандырбайт буурул таң.

*****

Байчечекей үшүп калган болуу керек,
Капыстан шыбыргакка кабылганда
Кырсыкты жан жаныбар чогуу көрөт,
Жамандык жан жагынан жабылганда

I

Суук урду үлпүлдөгөн жалбыракты,
Кыроолор ээлеп алды тал, булакты.
Бирине-бирин каршы коё албаймын,
Мыкты деп айталбаймын кай куракты.

II

Ооду оомат, жаштык кетти кайрылбай,
Булбул үнү түшкө чындап кирбеген.
Жалгыз башты батыра албай жайла-жай,
Күңгүрөндүм туман түшкөн түн менен.

Эчки талдай өзөн боюн каптаган,
Кызыл гүлдөр анда өңдөн азбаган.
Өр талааны жайпап күчтүү ташкындап,
Арыгыма кана, суулар батпаган?

Дагы жаан каптап келет күндүн артын,
Май айы жылуулукка оронбоду.
Өзгөртүп салышканбы жаздын салтын,
Өспөдү жылга, кырдын согондору.

Кайың, тал көздүн жоосун ороп өсчү,
Уялап чөп түбүндө коён өтчү.
Чиесин, ит мурунун элжиретип,
Күзүндө, күздүн оту боёп өтчү.

Амансыңбы, сары гүлүм, көк гүлүм,
Сен төгүлүп жаткан кезиң жакшына
Чындыгында айтсам сөздүн ачыгын,
Туш болбогондой болуп кетем бактыма

*****

Дары чачып, кең талаама ким койду.
Көрөбүз го курт жегенди ушундан.
Ичиркентип суук көрүнөт түн койну,
Чочуткан үн колдон кушум учурган.

*****

Кайкып учкан жылкычыны бир көрдүм,
Ошо бойдон билинбеди кабары.
Көркү кетпейт көз алдыман гүл белдин,
Көптөн бери оюн салбай жел аргы.

*****

Амансыңбы, өтөп өмүр карызымды,
Мен келатам
өзүң жакка бел байлап.
Дене-башым
сар-санаага жанчылды,
Үмүт, азап
бул тарапка келди айдап.
Бой саласың
боз плащчан камышым,
Көрчү сага
келчү жолдун алысын.
Кышы менен
ооруп жүрдүм саргайып,
Кулагыма жетпей
сенин дабышың.

*****

Жаз кечигет артын карап кылчактап,
Жаркын досум сенин жапжаш элесиң.
Көзүң муңдуу терең турат сыр сактап,
Аштык бекен бир өмүрдүн белесин.

Дарак кыйып, агызгандай өмүрдү,
Дарыялар чаңдак кумга басылды.
Издеп таппай, досторум ай, көбүңдү,
Муңга батып оорутамын башымды.

Соолугандай булактары тоолордун,
Сорулгандай мөңгүлөрдүн тамчысы.
Кемигендей керемети зоолордун,
Кедеринен түштү өмүрдүн жартысы.

*****

Өрдөп келем, кургак, такыр жерлерди,
Кайда кеткен бадалы деп шек санап.
Анда булак мен мында деп жиберди,
Суусуз өрөөн сумсайыңкы сести алат.

*****

Көк бөрүгө алгансып барат турмуш,
Кээ бир күндүн өңү жок карап тургуз.
Көңүлчөөктүк күндөрүм кайда кеткен,
Көңүлдөшкө көз артпай жадап турбуз.

*****

Шумдук ай, бир нерсеге таң каламын,
Өзгөрбөйт буурул тарткан таң карагым.
Бир гана мен тааныган кээ бир адам,
Таанылтпай боёп алган чамгарагын.

*****

Камыштар жапырылып сынган белем,
Шыраалжын сеңселе албай жыгылышкан.
Көк гүлдөр жабалактап тосуучу эле,
Көк көйнөк кийген кыздай бурулуштан.

*****

Кайыңдын саамай чачы кыркылганбы,
Кабыгы түтөп кеткен жыртылганбы.
Көңүлдү үшүтпөсө жылыта албайт,
Көңүл кош, көйкөлбөстөн бул турганы.

Ашыгып апта сайын издеп келем,
Ай жаркын жүзүң менен тосчу кана
Сен гана сезимиңди кирдетпесең,
Тарытып кең дүйнөмдү тосту калаа.

****

Тоодо кар да, тоо этеги жаз күтөт,
Арык ичин ээлеп алган таш бүтөп.
Жалгыз аяк жолдор ооп кеткенсийт,
Бала чактан өскөн элем бак күсөп.

Кайда менин шыраалжыным, бадалым,
Булактагы камышымды оруппу?
Алда менин кырсык чалган кадамым,
Кош кайыңым буту сынып жолукту.

*****

Тоо, талаага толуп кетти таз жору,
Бүлүк салып жатпаса экен кас колу.
Эрдин эри, мыктылардын мыктысы,
Бир азабым, десин элге баш болуу.

*****

Мунун баары эске келбейт жаш чакта,
Заман заңын, мезгил үнүн угалы.
Биз өмүрдүн дабандарын ашсак да,
Кимге тиет жаш балдардын убалы.

*****

Кимдер жарайт, кимдер ага жарабайт,
Журтун жыйнап тура турчу намыска.
Өзүмчүлдөр алдын алып каралайт,
Даяр турат элин кырып салышка.

Жаныш, Байыш, Курманбектер аз чыгар,
Чолпонбайлар, Дүйшөнкулдар өспөдү.
Көп жигиттер эл мүдөөсүн унутуп,
Мансап, арды тартып жүрөт көк бөрү.

*****

Күн-түн кээде бирикчүдөй көрүнүп,
Деңиз ташып аласалып көбүрүп.
Тоо силкинип чочулатып кээ бирде,
Жер огунан кетүүчүдөй бөлүнүп.

Ажырадым жаштык кезден кечээги,
Бош күндөрүм зор түйшүккө айланган.
Оорубаган баш ооруну сезеби,
Менин жашоом заманама байланган.