Сулайман Рысбаев: Алтын баш

Алтын баш (Жомок) Бир адамдын жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга: -Сен корпо, аман-эсен эркек бала төрөйсүң, – дейт экен ага, – ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле тумуктуруп жок кыламын. «Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө» – дейт. Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо мейли, балама тие көрбө» – деп жалынышат. Бала эсен-аман төрөлөт. толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Эне тил башаты –«Манас» менен «Алиппе» жана Чынгыз Айтматов тууралуу сөз

Эне тил башаты –«Манас» менен «Алиппе» жана Чынгыз Айтматов тууралуу сөз Бир ирет казак туугандар менен бирге отуруп маектешип калдык. Ошондо казак жигит айтып отурбайбы: «Биз, казактар генийинен айрылган элбиз. Мукабыз– (ал Мухтар Ауэзовду айтып жатат-Р.С.) биздин генийибиз эле. Анын баркын ажыраган соң билгенбиз. А силер генийиңер Чыңгыз Айтматов менен бирге жашап жүрөсүңөр. Силер кандай бактылуу элсиңер!»–деп. Мен ошол сөздөрдү угуп отуруп, анын туура айтканына ынанып турган болсом да, Чыңгыз агабыз – биздин генийибиз экенин туюп-билип турсам да, «О, биздин Айтматов биздики гана эмес, «Адамзаттын Айтматову» деп компойгонум менен, дагы толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Белимчи кемпир

Белимчи кемпир (аӊгеме) Биздин айылда Жүрсүн деген эки аял бар эле. Биринчисин «сөгөнөөк» Жүрсүн дешсе, экинчисин «белимчи» Жүрсүн деп коюшчу. Анткени алардын мындай атка конушунун жөнү бар болчу. «Сөгөнөөк» Жүрсүн басса-турса, эркекче сөгүнсө, «белимчи» Жүрсүн ар кимди туурап, ар ким эмне десе ошонун айтканын кылып, турган элди аргасыз күлкүгө салчу. «Сөгөнөөк» Жүрсүн балабы, чоӊбу, көпчүлүк ичинде болсун, үйүндө отурбасын, «атаӊдын оозун урайын» же «энеӊди урайын» деген сөзүн оозунан түшүрчү эмес. Аны эл эрөөн албай деле калган, керек болсо, «Ай Жүрсүн, тетигини бир жакшылап сөгүп таштачы» десе, ал кабагын бүркөп, эркектин толугу менен…..

С.Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевдин “Бүтпөй калган өмүр” аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепте өткөн кылымдагы элибиздин башынан кечирген алаамат күндөрдөгү кыйынчылыктары, ошондой шарттагы адамдык кудурет, вазипа, жана адамгерчилик сапат, өмүр үчүн күрөш, адам өмүрүнүн бүтүшү жана бүтпөшү тууралуу философиялык идея берилген “Бүтпөй калган өмүр” аттуу повесть, бүгүнкү күндөгү жаштардын жаңылыштыктары, турмуштагы ач көздүк, абийир тазалыгы жана кылмышка жараша элдик жаза – элден чыгаруу жазасы тууралуу жазылган “Тукуянсыз” аңгемеси камтылган. Китепти 1000 нускада “Жамгыр” басма үйү чыгарган. Китеп окурмандар үчүн “Шанс” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду.