Сулайман Рысбаев: Эне тил башаты –«Манас» менен «Алиппе» жана Чынгыз Айтматов тууралуу сөз

Эне тил башаты –«Манас» менен «Алиппе» жана Чынгыз Айтматов тууралуу сөз

Бир ирет казак туугандар менен бирге отуруп маектешип калдык. Ошондо казак жигит айтып отурбайбы: «Биз, казактар генийинен айрылган элбиз. Мукабыз– (ал Мухтар Ауэзовду айтып жатат-Р.С.) биздин генийибиз эле. Анын баркын ажыраган соң билгенбиз. А силер генийиңер Чыңгыз Айтматов менен бирге жашап жүрөсүңөр. Силер кандай бактылуу элсиңер!»–деп.

Мен ошол сөздөрдү угуп отуруп, анын туура айтканына ынанып турган болсом да, Чыңгыз агабыз – биздин генийибиз экенин туюп-билип турсам да, «О, биздин Айтматов биздики гана эмес, «Адамзаттын Айтматову» деп компойгонум менен, дагы да казак туугандардын сөзүнө жеткире баа бербеген экенмин.

Чыңгыз агабыздын дүйнөдөгү «Кыргыз генийи» экенине көзү өткөн соң ынандык!

Кыргыз эли Манасынан ажыраганда да ушундай кайгырып ичи эңшерилген болуу керек!

Демек, Чыңгыз агадай генийди төрөгөн эне да гений экен! Генийди жараткан кыргыз эли да гений эл экен!

Манасты төрөгөн эне да гений экен! Манасты жараткан кыргыз эли да гений эл экен!

Адамзатка Манас ата менен Чынгыз агадай эки генийди берген кыргыз эли өзүнүн ким экенин эми билет деп ойлойм.

Буларды мен эмне үчүн айтып жатам? Анткени, бүгүнкү күндөгү кыргыз эли кыйналып турган чагында элибиздин Манастай зор баатыры  болсо, батышы менен чыгышын, түндүгү менен түштүгүн Манастай баш коштурган акылман жол баштоочусу (лидери дегеним) болсо, «кыргыздардын Манасы бар»-деп четтеги алыс-жакын эл сестенип-сезип турса, Кабыланы бир жактан журтубузду кайтарып, Ажыдаары бир жактан сүр болуп, Кырк чилтени бир жактан колдоп-жолдоп турса, Ак шумкары көктөн күзөтүп, асманыбызда калдайып турса, өзү Аккуласын алкынтып, турнабайын көзүнө илип элибиздин эртеңине көз салып, карааны тоодой болуп Кароол чокусунда турса, кырк уруу кыргыздын бир уулунун да урпагын өйдө-төмөн көрбөй бир көрүп, бир атанын балдарындай калыс карап, бөлбөй-жарбай бириктирип, элибиз уютулган темирдей бекем болуп, Кошой абадай баатыры караан болуп, Бакай абадай акылманы бараан болуп, Алманбеттей шериги калыс болуп, Чубак менен Сыргактай жан жолдошторунун тутунганы намыс болуп, эл-журтубуз бир максатка бек турса– кандай болот эле, аттиң!

Ооба, Манас атадан мына ошолордой асыл мурастар калды.

Ошол сыңары, Чыңгыз аганын да биз үчүн үлгү болорлук асыл мурастары калды. Ошол мурастарын талдап-байкап отуруп, Чыңгыз агабыздын чын эле керемет адам экенине ынандым. Анткени ушундай чакта, биз улуу насаатчыбыздын чыгармаларынан дух алып, мугалимдерибиз мектептерибизде Дүйшөндөй жан үрөп балдарыбызга билим берсе, карапайым адамдарыбыздан кайыш тон кийген чиновниктерибизге чейин Танабайдай чынчыл болуп, акыйкат үчүн бюрократтар менен кармашсак, Казангаптай болуп ата-мурастарыбызды унуткарган манкурттукту аң сезимибизден кубалап, эне тилибизди жана элдик мурастарыбызды бааласак, кыздарыбыз Аселдей болуп махабатын таза сакташса, болушса, Толгонайдай болуп эл-жерибиздин тагдыры үчүн жан үрөп эмгек кылсак, Бостондой болуп табиятыбыздын бүтүндүгүн коргоп, Орган карыядай өзүбүздөн кийинки муундарга өмүр тартууласак, Сейдедей болуп ачуу чындыктын бетин ачып, Жамийладай болуп өз бактыбыз үчүн күрөшө алсак, балдарыбыз Султанмураттай болуп жаштайынан ак эмгекке бышса гана татыктуу эл болуп жашап, улутубуздун рухун булгабай, башкалардын алдында башыбызды бийик көтөрүп жашар элек! – дейм.

Эми биз ошол каармандарга теңелели!

Чыңгыз аганын мындан бир канча жыл илгери бир маегинде айткан даанышмандык сөзү көңүлүмдө жүрөт. «Адам кийген киймине мактанып, ичкен ашына семирип, тынып калды, ток пейил болуп калды дегиче, анын адамдык сапатынын кеткени дей бер» деген эле анда. Ошол үчүн «Канткенде адам уулу адам болот?» деп түйшөлүп, «Адам өмүрүндөгү эң оор нерсе – ар күнү адам бойдон калуу» деп, ошого баарыбызды чакырып кетпедиби. Билсек, бул бүгүнкү күн үчүн гана эмес, жалпы адамзат баласы үчүн–түбөлүк чакырык болуп калар!

Ушул саптарды жазып отуруп, болуп өткөн бир жолугушууну эстеп жатам. Январь айында Агрардык университетте Ч.Айтматов менен жолугушуу өткөрүлүп, ошо жылдагы «Ч.Айтматов жылын» белгилөөнүн бет ачары катары эң сонун баарлашуу болуп өткөн эле. Жолугушууга мен да барып, улуу жазуучу менен эсте каларлык окуяга кабылган элем.

Ошол жолугушууда мен өзүмдүн авторлугумда чыккан «Алиппе» китебин улуу жазуучуга белек кылгым келди. Башканы айтпай эле коелу, 1-класстын ошол «Алиппе» китебине Ч.Айтматов агабызды киргизип, балдарга ал тууралуу кыскача маалымат да берилген болчу. Барактап карап жатсам, ал маалымат китептин 80-бетинде экен. Мен муну мурда баамдабапмын. «Кудайга тобоо» дедим ичимден. Сөз сурап, сүйлөдүм. Сүйлөгөн сөзүмдө, Чыңгыз агабыздын Кыргыз адабияты менен маданиятындагы орду туурасында, анан да, аны ар бир кыргыз баласы кенже курагынан тарта билишинин зарылдыгы тууралуу айтып келип, китептин 80-бетин ачтым:

–“Карасаңыздар, Чыңгыз агабыздын 80 жылдык мааракесине атайын арналгансып, Чыңгыз агабыз тууралуу маалымат «Алиппе» китебинин 80-бетине берилиптир” дедим. Отургандар жанданып, айрымдар колдорун чаап жиберишти. Чыңгыз агабыз дагы көңүл коюп, алп денесин мени көздөй буруп отурду. Мен сөзүмдү уладым:

–Чынгыз ага, эмки 90 жылдык мааракеңизди белгилегенде «Алиппенин» 90-бетине сүрөтүңүздү салып чыгарайын да, сизге белек кылайын. Кудай буюруп, 100 жашка чыкканыңызда сүрөтүңүздү «Алиппенин» 100-бетине салып чыгарып, анда да сизге белек кылайын… Кудай ошого жеткизсин!

Бул сөзүмө эл шатырата кол чаап, ал тургай, дуу күлүп, Чыңгыз ага да күлүп, абдан ыраазы болуп, кыйлага кол чаап турду. Андан соң жанына барып, учурашып, китепти белек кылып, бирге сүрөткө түштүк.

Жолугушуунун аягында Чыңгыз ага сөз алып сүйлөп, көптөгөн проблемалуу нерселер тууралуу ой бөлүшүп, андан соң, жанагы окуя тууралуу буларды айтты:

–Мен, өзүңөр баамдап жүрөсүңөр, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болдум. Көптөгөн өлкөлөрдө мен жөнүндө жазышып, сүрөттөрүмдү китептерге салып чыгарышты. Мына эми эле «Алиппе» китебинин автору мага китебин берип отурат. Албетте, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү сүрөтүм салынып китептердин чыкканы бир тең, мына бул өзүбүздүн улутубуздун балдарынын эң биринчи китеби болгон «Алиппеге» сүрөтүмдү салып чыгарып отурушу бир тең болду. Бул мен үчүн зор окуя деп эсептейм. Мен үчүн орден бергендей окуя болду…–деп, кичинекей нерсеге болгон зор ыраазычылыгы менен сүйүнүчүн жашырбай, ак пейили менен төгүлүп, ыраазылыгын айтты.

Улуу жазуучунун, алп адамдын ушундай чын ниетинен төгүлүп ыраазылыгын билдирип отурушу мен үчүн да өтө зор окуя болду жана ошондой зор адамдын ыраазычылыгын алуу мага да зор белек болду. Мен ал күнү мындай окуяны эч күткөн эмесмин.

Мына ошол адам бүгүн жок.

Акын М.Ю.Лермантов Пушкин өлгөндө «Кандай гана керемет жүрөк сокпой калды, кандай гана керемет шам өчүп калды» деп кабыргасы кайышып жазгандай, мен эми Чынгыз агабызды жоктоп, буларды айткым келет:

Кандай гана керемет улуу адам көз жумду!

Кандай гана керемет улуу тоо кулап түштү!

Кандай гана керемет өмүр токтоп калды!

Кандай гана керемет акыл-эс ойлонбой калды!

Кандай гана керемет сөздөр жазылбай, айтылбай калды!

Кандай гана улуу ойлор ойлонулбай калды!

Кандай гана керемет кол калем кармап жазбай калды!

Эми ошол кол менен жазылар кандай гана керемет чыгармаларды адамзат окубай калды!

Демек, кандай гана улуу адам болсо да, өлүм андан улуу тура!

Чыңгыз агабыз 1963-жылы 35 жашка чыгып, бактысынын гүлү жаңы гана ачылган чагында «Тоолор жана талаалар» деген повесттер жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкты алып, баштаган улуу жана даңктуу сапарын улап, түбөлүктүү экинчи өмүрүнө (адабий өмүрүнө) соңку «Тоолор кулаганда» романы менен кошо арабыздан узап кетти. Эми анын ошол «Тоолору жана талаалары» «кулаган тоосун» жоктоп турган чагы!

Жакында, ошол Агрардык университеттеги жолугушуунун уюштуруучуларынын бири А.Темиралиев менен кездешип калдым.

–Ошондогу жолугушууну уюштуруп алганыбыз жакшы болгон экен. «Эртең, кийин» деп жүрө бергенде, балким, жолукпай калат белек, ким билет. Кантсе да, бул адамдай күчтүү адам, бул адамдыкындай күчтүү жүрөк дүйнөдө жок белем! – деп таң калганын билдирип буларды айтты:

–Мен Чыңгыз ага 1963-жылдагы Лениндик сыйлык алган күнүнөн бери ушул каза болгонго чейин дүйнөнүн кайсы жерине качан барганын бүтүндөй эсептеп чыктым. Чыңгыз агабыз ошондон бери 45 жылдын ичинде расмий визиттери менен дүйнөнүн 98 өлкөсүн кыдырып жүрүп, жер шарын 75 ирет айланыптыр. Бул жолдун узундугу 2 миллион 100 километрдей болот экен. Ушунча аралыкты Чыңгыз агабыз самолет менен басып өтүптүр. Караңызчы, мен үчүн Чыңгыз аганын жүрөгүндөй жүрөк жок экен–деп ойлоп жатам? Анткени самолет менен ушунча аралыкка учуу үчүн дасыккан учкучка да медиктер уруксат бербейт экен…

Ооба, Жер Эне мына ошондой Улуу уулунан ажырады. Кыргыз эли ошондой генийинен ажырады. Ошентсе да анын улуу сабактары бизде калды. Жүрөгүбүздө калды. Эсибизде калды. Алп жазуучунун ыраазы болуп айткан сөздөрү менин кулагымда өчпөй калды.

Алп денеси «Ата бейитти» түбөлүк жай кылып, ал жер эми биз дайым барып эстеп, зыярат кылар ыйык «Чыңгыз бейит» болуп калды.

Элеси бөбөктөрүбүздүн «Алиппесинин» 80-бетинде калды…

2008-ж.