
Бүгүн №3-шаардык китепканада акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү кечеси болду. Китепкана тарабынан демилгеленген эскерүү кечеге К.Иманалиев, О.Шакир, М.Токторов, адабиятчы Б.Таштаналиев, акындын группалаш, курсташтары жана үй бүлөсү катышты. Жакын санаалаштары акындын студенттик күндөрүн эскеришип, чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып, ырларын окушту. КР ЖК мурдагы депутаты К.Иманалиев кыргыз адабияты боюнча жарык көрө турган 40 томдук китепке Д.Жапаровдун ырлары киргизилерин айтып, поэзия кечесин уюштурууну сунуштады. Сырты ийленген кара ундан, ичи өпкө, карындан. Манту жедим беш сомдон, мал киндиктүү Нарындан. Жакыр көп, бардар аз, жакшы ырга кардар аз. Жазганга бар кагаз, кагаз жок болсо карга толугу менен…..