Акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү иш чарасы өттү

Бүгүн №3-шаардык китепканада акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү кечеси болду. Китепкана тарабынан демилгеленген эскерүү кечеге К.Иманалиев, О.Шакир, М.Токторов, адабиятчы Б.Таштаналиев, акындын группалаш, курсташтары жана үй бүлөсү катышты. Жакын санаалаштары акындын студенттик күндөрүн эскеришип, чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып, ырларын окушту. КР ЖК мурдагы депутаты К.Иманалиев кыргыз адабияты боюнча жарык көрө турган 40 томдук китепке Д.Жапаровдун ырлары киргизилерин айтып, поэзия кечесин уюштурууну сунуштады. Сырты ийленген кара ундан, ичи өпкө, карындан. Манту жедим беш сомдон, мал киндиктүү Нарындан.   Жакыр көп, бардар аз, жакшы ырга кардар аз. Жазганга бар кагаз, кагаз жок болсо карга толугу менен…..

Куттуктайбыз

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Кайрат Иманалиевди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болушу менен куттуктайбыз. Урматтуу Кайрат Олжобаевич, сиз узак жылдар бою жан дүйнөнүн азыгы, руханий казынабыз болгон Кыргыз радиосунда эмгектенип, жетекчилик кызматты аркалап бардык чыгармачыл инсандар менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келдиңиз. Азыр өзүңүз жетекчилик кылып турган министрликте орун басар болуп, өнөр адамдарынын түйшүгүн, ийгилигин, көйгөйүн жакындан билип, иштедиңиз. Сизге тагылган милдетти жоопкерчилик менен алып кете аларыңызга терең ишенебиз. Ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук каалайбыз. КРУЖС Башкармалыгы