Данияр Исанов: Изденүү

Данияр Исанов Изденүү (Эссе) Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөөр замат өзүмдү Күнгө аманат катары табыштап жатып: –Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөрү өзүңө гана маалым. А мен болсо ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр! А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң! Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт! Аман болсок, далай ирет сырдашаарбыз! – деп өзүмдү түндө жаткан деңиздин жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам. Анан керелден-кечке иш деп атып, убакыттын кандай учканын аңдабай калчумун. Качан толугу менен…..