Данияр Исанов: Изденүү

Данияр Исанов

Изденүү

(Эссе)

Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун… Күндүн мурду көрүнөөр замат өзүмдү Күнгө аманат катары табыштап жатып:

–Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөрү өзүңө гана маалым. А мен болсо ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр! А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң! Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт! Аман болсок, далай ирет сырдашаарбыз! – деп өзүмдү түндө жаткан деңиздин жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам.

Анан керелден-кечке иш деп атып, убакыттын кандай учканын аңдабай калчумун. Качан гана Күн уясына батып баратканын көрө калып, кокуй, өзүмдү деңиздин жээгине эле калтырып келбедим беле деп өзүмдү издеп жөнөчүмүн.

Адамдар мен сыяктуу өзүлөрүн издешет болду бекен? – деп өзүмө суроо салчумун. Бала күнүмөн ушундаймын. Өзүмдү издегенге маш болуп бүткөм. Муну мага эч ким үйрөткөн эмес. Менимче, бул жаман өнөр эмес болуу керек?! Өзүңдү издегениң – өмүрдүн табышмагын издегенге тете эмеспи…

Мен ошондо өзүмдү иңир киргенде эле издеп катуу жаңылыпмын. Издегенге убакытты аябай аз бөлчүмүн. Көрсө, адам өмүр бою ар бир баскан кадамынан өзүнүн калган издерин изилдешке, ар күнү өзүн жоготуп ийбей издеп таап алышка милдеттүү экенин жылдар өтүп, кеч түшүнүп жатканыма өкүнөм.

Турмуштан жакшы нерсени издеп жүрүп өткөн жакшы. Баарынан жаманы – издебей коюу. Тагыраак айтканда, изденбей калуучулук. Адамдар изденгендер жана изденгенден эрингендер болуп экиге бөлүнөт.

Айрымдары изденип олтургандан эринишип, изденип жүргөндөрдү аңтарганды жакшы көрүшөт. Эң оор күнөөлөрдүн бири деп эсептейм. Кудум уурулук сыяктуу. Кимдир бирөөнүн жан дүйнөсүнө кол салып, оюн уурдагандан Кудай өзү сактасын. Чоң кылмыш!

Менимче, Улуу Теңир пенде баласын жарык дүйнөгө жаратаардан мурда, оболу ар бирине арнап Жол даярдап алат болушу керек. Анан ымыркай ыңаалап жерге түшкөндөн тартып, Теңир өзү даярдап койгон жолуна түшүп алып сапарын улап жөнөмөкчү?!

Ал жолдо пенде баласынын таянаар жөлөгү, өйдөдө өбөгү, уга турган курбусу, айта турган акылга мол устаты турмуш гана болоору турган иш.

***

Адам өмүр бою жаңылыштык кетирет. Эс-акылдуу адамдар гана бир кылган жаңылыштыгын кайра кайталабайт.

***

Турмуштун өйдө-ылдыйына туруштук берүү үчүн аң-сезимибиз таза, эркибиз бекем болгону абзел. Аң-сезимиң таза болбосо, кайрат менен эркиң да анын алдында алсыз. Демек, баары биригип, бир бүтүндүккө айлануусу зарыл.

Бизден кийинки урпактарга биздин баскан жолдордон таза гана издер калсын. Турмушта баарынан ашкан азап – өзүн таппай жүрүп өмүрдү текке өткөрүп жиберүү. Ошону ойлоп, ошондон корколу. А калганы, боло жүргөн нерсе…