Мелис Абакиров: Нарбаш (Уламыштан кыскартылды)

Нарбаш (Уламыштан кыскартылды) –Жорго сөздүү жомоктон жобурап далай-далай кеп айттым, таалим болсун сага деп, тамсилдетип көп айттым. Аларды андай таштайлы, эми, неберем, уламыштан баштайлы. –Уламыш деген эмне? Айтып берсең чоң эне? –Уламалуу карыдан, уккан сөздөр — уламыш. Бирок түбү алардын болгондугу анык иш,— деп баштайт маегин чоң эне кулак түргөн небереге. –Бул уламыш Нарбаш аттуу күлүк тууралуу. Муну мага, сенин чоң энеңе, тандайында сөөлү бар, оозунда ширин кеби бар, айтканынын эби бар таякем Абылай өзү айтып берген. Ал киши куш кармаган мүнүшкөр, ат таптаган саяпкер. Карылыкка таяп калганы менен азыр толугу менен…..