Сардарбек Рыскулов: Көкүмбай, Курмандын чатагы

Көкүмбай, Курмандын чатагы

Бир жылы шайлоодо болуштук мансапты талаша кетишип Көкүмбай менен Курмандын эли эки тарап болушуп чабышып калды. Бир тарабында Көкүмбай, экинчи тарабында Курман. Чатактын аягы эр өлүмүнө чейин барды. Көкүмбайдан бир, Курман жагынан үч киши өлдү. Көкүмбай чоңдук кылып Курмандан үч киши өлгөнүнө карабай бир кишиси үчүн кун кестирип ала турган болду. Курмандын айласы кетти. Айласы кеткени, Шабдан Көкүмбай менен таяке-жээн эле. Ошондуктан Курман Шабдан Көкүмбай тарапка оойт деп ойлоду. Тынчы кеткен Курман ар кайсы элден акылман кишилерге жолугуп, мунун акылын ким табар экен деп далбас уруп жүрдү. Мунун акылын бир тапса солто элинде суу мурун Сулайман ажы деген кыйын акылдуу киши бар, бир тапса ошол табат деген сөздү ар ким, ар кимден кулагы чалып калды.

Көп ойлонуп кечиктирип олтурбастан эл аралап эстүү-баштуу болуп калган туугандарынан төрт жигитти тандап, аты-тонун тыңдап, Шамшынын белин ашырып күздүн күнү боз кыроодо Сулайман ажыныкына жөнөттү. Корчунун Сулайманы дегендин айылы Ысык-Атанын оозунда. Сулайман ары чечен, ары акылдуу, куу десе куу, митайым десе митайым, солтонун көкүрөк тарабын бүт билген, атасы Корчу ажыдан бери бийликти алдырбай бирде болуш, бирде бий болуп жүргөн киши.

Күүгүм талаш төрт киши Сулайман ажыныкына келип түштү. Сулайман коноктоп олтуруп чайлангандан кийин алардын жайын сурап кирди. Төрт саяк жигит болгон жумушту болгондой төкпөй-чачпай Сулайман ажыга айтып түшүндүрүштү. Сулайман ажы саяк жигиттердин сөзүн кунт коюп угуп олтуруп:

-Шабдан каяк тарапта – деди.

-Шабдан Көкүмбай тарапта болуп жатат, анткени Шабдан менен Көкүмбай бири таяке, бири жээн эмеспи – деп төрт жигиттин бирөө күңк этип койду. Сулайман сурданып жигиттерди акырая карады.

-Оо… Көкүмбай кун дооласа, Шабдан Көкүмбай тарапта болсо бул өтө кыйын иш экен.

-Ошондой кыйын иш болгондуктан сизге келдик. Бир аз тымып отуруп Сулайман кабагын салып сөзүн каардуураак баштады. «Ой, акмак саяктар, Көкүмбай кун дооласа, Шабдан Көкүмбай тарапта болсо, силер мага эмнеге келдиңер? Мен Шабдандан чоңмунбу? Муну ким деген киши бузат. Шабдан Көкүмбай тарапта ээ!.. Бүгүн жаткыла, эртең эрте менен жолуңарга түшкүлө?! Мындай тантырактаган сөздү мен уга да албайм. Уккан менен бул иш менин колумдан келбейт? Сулайман конок үйүнөн чыгып баратып да кобурап сүйлөп: «Көкүмбай кун дооласа Шабдан Көкүмбай тарапта болсо, аны ким деген машаяк бузат».

Курмандын төрт жигити Сулаймандын катуу жемеси талуу жерине тийгенден кийин супсуну сууп, ар кимиси отурган-отурган жеринде серейте чапкандай далдайып, бири-бирин тиктешип шалдайган боюнча ындыны өчүп отуруп калышты.

Эртең менен саяктар аттанаар алдында Сулайман ажы кирип келди. Коноктор ордунан тура калышты.

-Отура бергиле, отура бергиле – Сулайман конокторго кол жазгап коюп бир четинен орун алды да сөз баштады. – Мен түндө ойлонуп жатып бир акыл таптым. Саяктар ыргалышып жандана түшүштү. – Бул акылымдын баасы миң сом турат – деп сөзүн баштады Сулайман ажы. – Беш жүзүн азыр берип кеткиле, беш жүзүн ушул акылым ордунан чыгып калса дал ошондо бересиңер.

Саяктардын жүздөрү чымырап, өңдөрүнө жакшылыктын жылуу илеби ургандай жандана түшүштү. Сулайман ажы сөзүн андан ары улады:

-Мунун акылын бир тапса Кайдуунун уулу Чоко табат. Жакында Бишкекте боло турган топко Чоко да келет. Топ башталаардын алдында Чокого Курман өзү жолугуп болгон ишти болгондой айтсын, уктуңарбы?

-Уктук.

-Уксаңар ошол. Келе беш жүз сомду? Төрт саяк жигит Сулайман ажыга беш жүз сомду санап беришип, аттанган бойдон шарт жөнөп кетишти.

*****

Бишкекте өтө турган бул топко кыргыздын төрт тарабынан тең өкүлдөр толук келип топ башталып бийлер жайланды. Бийлер бир эл менен бир элдин, арыз муңун, эр өлтүрүп эриш бузган зөөкүрлөрдүн иштерин калыстык менен чечип, бири-бирине нааразы кылбай тындырат. Бийлердин өкүлдөрү (мүчөлөрү) ар дубандан (өрөөндөрдөн) шайланат. Анын ичинен бирөө бийдин башчысы (төрагасы) болот. Бул жолку бийдин төрагасы солто Рысбек болду. Көкүмбай менен Курмандын чатагы ушул топко салынып ошол топто шайланган бийлер карамак.

Курман топ башталардын алдыңкы күнү Чокого жолугуп, болгон иштин жөн-жайын түшүндүргөн. Чоко: «Мен качан кана бийлердин үстүнө барганда сен ошондо даяр болуп кир. Ага чейин чакыртса да барба.

Бул сөздү уккандан кийин Курман өзүнчө тымып жата берди.

Эртеси күнү бийлер ишин баштап, Көкүмбай менен Курмандын ортосундагы чыр-чатактын карала турган кезеги жетти. Улам жасоол жиберип кайра-кайра чакыртканына карабай «мына барам, ана барам менен Курман тарткынчыктап турду. Бир маалда Чокону акмалап турган Курмандын жигити жүгүрүп келип бийлердин үстүнө Чоконун киргенин кабарлады. Шаштырып турган жасоолдун алдына түшүп Курман да бийлердин үстүнө кирип барды. Ошол учурда мурун келген Чоко Шабдандын оң ийинин таянып, бийлерге тегерете көз салып туруп турган экен.

Курман баш багар менен мурутун чыйратып Көкүмбайды сөгүп калды:

-Атаңдын көрү канкор. Бийлерди кутуртуп тоотпой жата бересиң, бул сенин эмне деген чоңдугуң?

-Сенден да мен канкор, сенден да мен чоң бекемин! Менден үч киши өлтүрөсүң да ага жооп бербестен бир кишиңдин кунун доолайсың.

-Сенден үч киши эмес беш киши өлтүргөнмүн. Менден бир эр жалгыз өлгөн ошонун кунун бересиң! – Көкүмбай Шабдан мендик эмеспи деп Шабданга чиренип Курманды кекетип бууракандап тура калганда Шабдандын ийинин таянып туруп турган Чоко оң колун өйдө созуп катар олтурган бийлерге карап жүзүн буруп: – Токтой туруңуздарчы. Бийлер тынчый түшүштү. – Мында Көкүмбай беш киши өлтүрдүм деп мойнуна алып жатат. Бийлер, беш кишинин кунун Көкүмбайдан Курманга кесип бергиле да, бир кишинин кунун Курмандан Көкүмбайга кесип бергиле. Саяктар өзүлөрү эсептешип алат.

Көкүмбай чыдай албай Чокого атырылды.

-Эй шибер, сен шибериңди бил!

Анткени Чоко Шиберге айдалып үч жыл жүрүп келген. Ошондон Чокону басынткысы келгени.

Анда Чоко:

-Эй насыякерим, сен насыяңды билсеңчи?!

Анткени Көкүмбай Анжияндык бир чоң соодагерден актай тилкатка (распискага) кол коюп берип жүз өгүзгө баалап акча алып, кийин кутула албай калганда Чоко жардамдашып куткарган экен.

-Менин айтканымдай бүтүм чыгарбаган бийлерди көрөбүз – деп, Чоко үйдүн ичинде эки колун аркасына алып, ары-бери басып турду.

Курмандын зоболосу көтөрүлүп, Көкүмбайдын ындыны өчө түштү.

Бул ишиңер чатак турбайбы балдар – деп, Шабдан ордунан козголбой олтура берди. Бийлер ары кетип, бери кетип олтуруп акыры Чоконун айтканындай чечим чыгарышты.

Курман бийлердин бүтүмү оң чечилгенден кийин сүйүнгөнүнө чыдабай эшикке чыга калса босогодо Сулайман ажы күтүп турган экен, – Келе калган беш жүз сомумду – деп Курмандан акчасын санатып алды.