Улан Мамбетжанов: Азыр дале ошол кезди эстетет, Гүл кучактап түшкөн жалгыз сүрөтүӊ

Айылдык кара тору кызга

Айылдык бир сулуу бар кара-тору,

Ал мени кылып койду жүрөк оору.

Багынтып сезимдерди койсо керек,

Өзгөчө сулуу болуп ушул жолу.

 

Эргидим, жашыра албай сезимдерди,

Оорутуп, кыйнап бүттү сезим мени.

Атайлап башка менен жолуксам да,

Негедир андай эргүү сезилбеди.

 

Кат жаздым, катып турат кабатталып,

«Сүйөм», – деп кат бере албайм жакын

барып.

Карааны көрүнбөсө издей берем,

Арактан турган өӊдүү ачуурканып.

 

Кыйнаба айылдык кыз кара тору,

Анткени, кылып койдуӊ жүрөк оору.

Сен менден канча ирет качсаӊ деле,

Мен сени сүйөм деймин ушул жолу

 

Сүйгүм келет

Кыздар сулуу, татынакай баары эле,

Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы эле.

Карагаттай көздөрүнөн айлануу,

Бул турмуштун бир керемет жагы эле.

 

Күндөн күнгө жылган сайын ары да,

Сүйгөн сайын сүйгүм келет дагы да.

«Кайсыл күнү сүйбөй калам», – деп коркпой,

Сүйө бергин сүйүү жетет баарына.

 

«Махабат», – деп миӊ кайталап келебиз,

Жылдан жылга карып барат денебиз.

Улгайсак да кара чачтар ак болуп,

Ак сүйүүдө биз ымыркай элебиз.

 

Кээ бирде

Кээ бирде жашоомо жаз келип,

Жан дүйнөм жан гүлү жыттанат.

Кээ бирде жашоомо жай келип,

Жытынан жүрөгүм муӊканат.

 

Кээ бирде жашоомо күз келип,

Көрк берип, ааламды нур чалат.

Кээ бирде жашоомо кыш келип,

Жүрөгүм ызгаарга курчалат.

 

Кээ бирде алдыман гүл чыгып,

Жан дүйнөм элирип, кулпурат.

Кызыгып, көз салып өткөндө,

Жүрөгүм эрксизден тумчугат.

 

Кээ бирде арманга батамын,

Жашоого будуӊ-чаӊ ой болуп.

«Кышка окшош күндөрүм өттү» – деп,

Артынан каламын ойлонуп.

 

Ак таӊым

Бирде жетсе, кээде жетпей тапканым,

Неге мынча күчү кетти акчанын.

Бул жашоодо унутайын баарысын,

Издеп келчи, колуӊ сунуп, ак таӊым.

 

Санаа тартам, бирок аным байкалып,

Мен күзөтчү, сени ыраактан кайтарып.

Жолуксам деп, күткөн сайын ак таӊым,

Ага болбой баскансыйсыӊ чайпалып.

 

Ойлой берем, жаздыгыма гүл өнүп,

Ойлор чексиз, калбайт неге түгөнүп.

Сага бирөө гүл сунса эгер, ак таӊым,

Аны көрсөм коштошо бер түбөлүк.

 

Басалычы, эгиздердей ээрчишип,

Кобурашып, фантазияны өрчүтүп.

Сени ойлосом өзүм болуп, ак таӊым,

Жаткансыйт да, сени менен күн өтүп.

 

Бул эмне?

Бул эмне? Күн нөшөрлөйт, чагылганбы?

Байкоосуз зор сүйүүгө кабылганбы?

Жылдызды мончок кылып, шуру кылып,

Атайлап, кооздук үчүн тагынганбы?

 

Бул эмне? Жер титирейт, чагылганбы?

Ташкындайт, зор тосмодон арылганбы?

Бул кызык, эмне мынча тарс-турс этет,

Жүрөгүн миӊ силкинтет кабылганды.

 

О шумдук, неге мынча тык-тык урат,

Аргасыз уккан жандар көӊүл бурат.

Акырын жакын келип тыӊшаганда,

Үнүнөн жүрөк түшүп, кулак тунат.

 

Бул деген шамал эмес, толкун эмес,

Мына ушул кайталанып келе бербес.

Таӊдантып согуп жаткан чын себеби,

Жүрөккө ысык сүйүү келген эмес.

 

Келе жатам

Көп сулуулар чертип жүрөк кылдарын,

Канча өткөрдүк, биз да сүйүү жылдарын.

Ойлор ойго чырмалышып калганда,

Сезер элек жаштык кездин жыргалын.

 

Биз таанышып, бир жол менен баратып,

Жаштык кезде баскан сонун, жанашып.

Бизге чогуу сезимдер да жанашып,

Анан барып калар эле адашып.

 

Чаӊ ызгыган өтө таштак жол менен,

Келе жатам шамал уруп жолдо мен.

Ошол татаал, таштак жолду тоготпой,

Башка дүйнө жашай берет ойдо кеӊ.

 

Түшүнбөстөн, көп ойлорго чөктүрүп,

Адашабыз, «сүйөм, күйөм» деп жүрүп.

Айтор билбейм, ойлор алга умтулат,

Кургак желге оозду дайым көптүрүп.

 

Окшоштурам

Ойлорумду акырын топтоп улап,

А мен сени апама окшоштурам.

Жаманымды жашырып дайым ичке,

Жакшы болсом, ар дайым коштоп турган.

 

Карап көрсөм, ар дайым окшойт улам,

Кээде сени жылдыздарга окшоштурам.

Жайлоодогу чабандын койлорундай,

Жайылып, ээн талаада оттоп турган.

 

Кээде күлсөӊ, жаӊы аткан таӊдайсыӊ,

Суктантасыӊ, толуп турган айдайсыӊ.

Болсоӊ дагы керемет жан ушундай,

А сен мени бир окшото албайсыӊ.

 

Гүл

«Жолугам» деп, күткөн кезде жолуӊдан,

Сезимдерим миӊ бөлүнүп оюмдан.

Жаштык кездин керемети болгондур,

Мени эмес, гүл карадыӊ колумдан.

 

Бүт дитиӊди байлап алсаӊ үмүткө,

Гүлдүн жогу салды сени күйүткө.

Сенин сүйүүӊ болсо эгер үмүттө,

Менин сүйүүм көтөрүлүп бийикте.

 

«Сизге гүл» деп, гүлгө гүлдү сунабы?

Сен карадыӊ чоочун адам сыӊары.

Абалыӊды билип туруп жүрөктөн.

Ошол кезде менде болду уялуу.

 

«Гүлдү танда же мени» деп, бирөөсүн,

Гүлгө гүлдүн кереги жок билесиӊ.

Азыр дале ошол кезди эстетет,

Гүл кучактап түшкөн жалгыз сүрөтүӊ.

 

Караганда каректериӊ карагат,

Ал карекке далай сезим жаралат.

Элестерин кетпечүдөй сезилет,

Бул жашоого келсе дагы алаамат.

 

Мейли кеткин тандоо сенин колуӊда,

Сен жөнүндө жамандык жок оюмда.

Самап турам ошондогу күндү эстеп,

Азыр менин гүлдөрүм бар колумда.

 

Кезигебиз кайра эле

Ара жолдон кезигебиз кайра эле,

Бирок анда сен экөөбүз башка адам.

Ал кезде да түйшүгүбүз түгөнбөйт,

Башты байлап, бакыт издеп башкадан.

 

Ара жолдон кезигебиз кайра эле,

Маӊдайыман аппак жолук салынып.

Ошондо да мен сүйүп бирөөнү,

Жүргөн болом махабатка багынып.

 

Ара жолдон кезигебиз кайра эле,

Бирок анда каректер да башкача.

Ал кезекте сүйөм, күйөм жоголуп,

Табитибиз тартып калат башкага.

 

Ара жолдон кезигебиз кайра эле,

Бирок анда дүйнө дагы жок болор.

Биздин дене күйүп тозок отуна,

Сүйүүбүздөй күлгө айланчу чок болор.