Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү (“Жинди суу”)

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

(4-макала, “Жинди суу”)

Залкар акындын аталган жанрдагы экинчи чыгармасы болуп атактуу «Жинди суу» аттуу термеси эсептелет.

Суу темасы дүйнөлүк поэзияда бөтөнчө бир бийик пафос менен көркөм иликтенип келе жаткан түбөлүктүү темалардын бири. Бу дүйнө жаралган алгачкы субстанциялардын негизгилеринин бири катары саналуу менен суу дүйнө элдеринин баарысынын көркөм адабиятында тээ алмустактан бери ар түрдүү өңүттө ырга кошулуп келет. Байыркы Вавилон менен Египетте суу табияттагы Адам акылы жетпеген кереметтүү сырлардын бири катары сүрөттөлүп берилсе, андан кийинки грек жана Рим мифологиясында да сууга өзгөчө орун берилгенин көрөбүз. Гомердин улуу эпосу «Илиада» менен «Одиссеяда» да суунун керемет күчү менен сырдуу табиятына бөтөнчө маани берилген. Өз атасы Кронду тактыдан кулаткан Зевс – «Кудайлар менен адамдардын башчысы», асман менен жердин падышасы Зевс – бийликти өз бир туугандары менен бөлүшүп, суу үстүндөгү бийликти бир боору Посейдонго, жер алдындагы  дүйнөнү бир тууганы Аидге бөлүп берет. Мындан көрүнүп тургандай, байыркы гректер үчүн адамзат өмүр сүргөн жер бети кандай мааниге ээ болсо, суу да дал ошондой эле мааниге ээ болгон. Ушундан улам суу байыркы гректердин улуу эпосторунан тартып элдик уламыштарына чейин өзгөчө бир өңүттөн ырга кошулуп келген. Суу кудайы Посейдон жадагалса согушка киргенде да алтын жалдуу аттары кошулган арабасын толкундардын үстү менен айдап жөнөйт:

Коней погнал по волнам, – и взыграли трашилище бездны,

Вкруг из пучин заскакали киты, узнавая владыку;

Радуясь, море под ним расстилалось, – а гордые кони

Бурно летели, зыбей не касаясь медною осью.

Көрүнүп тургандай, деңиз – улуу суу – байыркы гректердин терең ишениминде жана Гомердин сыйкырдуу калеминин күчү менен Адам сыяктуу эле «кубанат» жана суу кудайы Посейдондун жолуна «төшөлүп» берет, б.а. кудайлар менен адамдарга максатташ, ниеттеш, тилектеш болгон зор күч катары сүрөттөлөт.

Дүйнөнүн башка бардык элдери сыяктуу эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында да суу ар качан тунук ойдун, аздек сөздүн предмети болуп келген. Суунун улук касиети, Адам турмушундагы алмаштырылгыс ролу жөнүндө макалдардан эле бир топту жаратыптыр элибиз. Алардын айрымдарын гана эске салып көрсөк болот: «Илим – элге, суу – жерге», «Жер азыгы – суу», «Жер – казына, суу – алтын», «Суу адамдын Жаны, өсүмдүк каны», «Суу бар жерде жашоо бар», «Сууга канык эгиндин даны толук», «Суу мол болсо, нан да мол», «Суу –жерге, байлык-– элге», «Сууга жакын – кудайга жакын» ж.б. Бул мисалдардан байкалып тургандай, элибиз суунун жаратмандык касиетин, бул жашоонун эң бир зарыл, эң бир керек нерсеси экендигин, Адам тиричилигинин түпкү булагы экендигин жар салып келиптир.

Калкыбыздын суу жөнүндөгү эң бир аруу ойлору улуу эпосторубуз менен ар кыл темадагы дастандарыбызда да кеңири баяндалып берилгендигин алардан алынган узун-узун шилтемелер менен далилдеп олтуруунун бул жерде анча зарылдыгы жок деп эсептейбиз.

Ал эми эл ырчыларынын чыгармачылыктарында болсо суу темасы бөтөнчө бир бийик деңгээлде ырга кошулган. өзгөчө белгилеп кете турган нерсе –ак таңдай акындарыбыз сууну кудум өзүнүн табиятына дал келтирип түбөлүк кыймылда – «аккан суу» дешип –ырга кошуп келишкен. Улуу Токтогул:

Чаңкаганда адамга

Пайда болгон аккан суу.

Азган менен тозгонго.

Айла болгон аккан суу, – деп адамдын өмүрү экендигин ырга кошсо, атактуу Жеңижок ырчы:

Тоодон чөлгө жеткенче,

Далай жолду баскан суу.

Жаамы ушул дүйнөнү

Жаркыратып баккан суу, – деп эң бир комментарийлөөнү талап кылбаган саптарды төгүп турат. Аккан суунун улуулугу менен сулуулугу даңазалуу Барпы ырчыда да эч кимге окшобогон өңүттөн көркөм баяндалат:

Ар ким ичсе бир сабап,

Пайда берген, аккан суу.

– – – – – – – – – – – –

Жерден чыгып сызылып

Жерге берген аккан суу.

Касиетин көрсөтүп

Элге берген аккан суу.

Арийне акындарыбыз суунун минтип жаратмандык, асылдык касиеттери менен бирге учуру келгенде оңдурбас кара күч, жалган стихия экендигин да эч качан жадыларынан чыгарышкан эмес. Ошондуктан суунун дал ошол жапан күч сыяктуу табияты да ырчыларыбыз тарабынан ары таамай, ары жеткиликтүү көркөм баяндалып келинген. Бул айтылган оюбуздун классикалык үлгүсү катары биз айтылуу талант Молдо Кылычтын «Жинди суу» деп аталган чыгармасын көрсөтүп кетер элек. Жогоруда аттары аталып өткөндөй, суунун бүтүндү бүлдүрө турган өлчөөсүз кара күч, жапан стихия экендигин ырга кошуп ырдаган. Акын минтип баян этет:

Тоо жаңырып таш агып,

Күлдүрөгөн сүрдүү суу.

Ылайланган кирдүү суу.

——————————-

Ак-караны тергебей

Адамга өч кандуу суу,

  — – – ——- ————–

Уяты жок жинди суу,

Канга тойбос бөрүсүң.

Мына ошентип, суу темасы дүйнөнүн бардык элдеринде, анын ичинде, албетте, биздин кыргыздарда да тээ алмустактан бери эле ар түрдүү өңүттөн – бирде жан-жаныбардын баарына өмүр, жашоо берген улуу күч катары, бирде пенде баласынын башына алаамат мүшкүл иш салуучу жапан күч катары сүрөттөлүп келиптир. Ошону менен бирге суу темасын кийинки кеңеш доорундагы акындарыбыз да ар кимиси талант-дараметтерине жараша ырга кошуп келишиптир. Албетте, кеңеш доорундагы ырларда аккан суу жаңы социалисттик курулуштун алгалоосуна тилектеш болгон, жаңынын ыкчам алгалоосуна максат, мүдөөлөш болгон табияттын бир асыл көрүнүшү катары ырга кошулат. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени, жаңы заман, ал замандагы жашоо-турмуштун жаңыча нугу, ал турсун адамдар ортосундагы жаңыча мамилелер, жаңыча түшүнүктөр сууга карата мурдагыларга окшобогон мамилени, интерпретациялоону жаратты. Ал гана эмес бир кезде Молдо Кылыч ырдаган «жинди суу» деген түшүнүктүн өзүнө жаңы турмуш алып келген жашоо ыңгайынын өзгөчөлүгүнө ылайык жаңыча маани, каймана түшүнүктүн жаралышына түрткү болду бул жаңы кеңеш доору. Ошентип, замандардан замандарга өтүп бизге жеткен аккан суу катынган жараткандык маани, жинди суу катынган бүлдүргүч кара күчтүн маңызы таптакыр өзгөргөн жагдай түзүлдү. «Жинди суу» деген сөз айкашы кеңеш доорундагы жашоо ыңгайы алып келген, адам акылын туманданткан арак деген маанини туюндуруп калды. Арийне, суу менен байланышкан мындай түшүнүк, бул түшүнүктүн реалдуу турмуштагы материализацияланышы акындардын айтар сөзүнөн далдоо калбайт болчу. Чынында эле ошондой болду. Жинди сууга жаңы турмуш сиңирген маани тез эле көркөм сөздүн предметине айланды. Муну бөтөнчө бир оригиналдуу, угарман менен окурмандын жан дүйнөсүн адаттан тыш бүлүк сала турган деңгээлде ырга кошкон таланттуу акын Райкан Шүкүрбеков болду.

Эзелтен бери ырдалып келе жаткан жинди суу деген түшүнүккө сиңирилген азаптуу жаңы маңыз, кайгылуу жаңы маани жөнүндө кеп саларын акын термесинин тим башталышында эле ачык-айкын айтып, тике эле эскертип кетет:

Акындар төгөт термени,

Түгөнбөс ырдын кендери.

Эми уккула жолдоштор,

Термени жаңы мендеги. (81-бет. Астын биз сыздык – С.А.)

Ырасында эле бул жаңы терме эле, кеңеш доору алып келген жаңы жашоонун жаңы ырларынын бири болчу. Анан бул жаңы терменин башы арактан сызылып чыкты. Буга удаалаш акын

Силерге айтып жатамын

Качсын деп жаман адаттан

деген дидактикалык накыл кебин узатты. Мына ошентип, тематикасы, чагылдыруу объектиси, баяндоо предмети боюнча буга чейинки термелердин бир да бирине окшобогон таптакыр жаңы маанидеги, жаңы мазмундагы терме пайда болду. Бул терменин негизги темасын түзүп турган башкы объектиси эч качан

Карабайт кары-жашыңа,

тескерисинче, ар качандан бир качан

Капаны үйөт башыңа.

Ал турсун кайда болбосун анын

Жүргөн жери ызы-чуу.

Дал ушу кары-жашты ылгабагандыгынан, ар качан ким-кимдин болбосун башына кайгы-капаны үйгөндүгүнөн, баарынан да «жүргөн жери ызы-чуу» болгондуктан

Эч кимге жакпайт жинди суу.

Мына ошентип, таланттуу акындын бул жаңы термесинде негизги кеп арак жөнүндө, эч кимге жакпаган жинди суу тууралуу болору ачык-айрым айтылды.

Айтылчу ойдун ырааттуу өнүгүшүнө ылайык андан аркы сөз тикеден-тике арактын, жинди суунун көрүнүшүн, сапат-белгисин, өзүмдүк өзгөчөлүү касиеттерин тыкыр баяндоо менен улантылат. Акындын жинди сууга берген алгачкы түшүндүрмөсү, аныктамасы төмөндөгүдөй:

Берметтей болуп жылтылдайт,

Түлкүдөй болуп кылтылдайт.

Бөтөлкөдө жай жатат

Ичиңе кирсе чаңдатат. (81-бет)

Акындын сүрөткелик туюму сөзгө алып жаткан предметин өзгөчө даана, так, тээ ички өзүмдүк белгилерин сезе билүү менен сүрөттөп олтурат. «Берметтей болуп жылтылдайт». «Эмне үчүн жылтылдайт?» деген собол пайда болот. Берметтей болуп жылтылдаганынын себеби «АРАК –таза этил спирти менен суунун аралашмасынан турган алкоголь ичкилик» болуп эсептелет. Ал эми «этиловый спирт (этанол, винный спирт) бесцветен, прозрачен, летуч. Он обладает резким запахом, жгучим вкусом. Легко воспламеняется и горит синеватым пламенем, выделяя мало копоти, хорошо растворяется в воде, органических растворителях. Химическая формула С2Н5ОН.. Относительная плотность 95% спирта 0,813-816, температура кипения 77-78,5 0». Мына ошентип, көк кашка суу менен эң сонун аралашуу жөндөмүнө ээ болгон, өңсүз, туптунук этил спиртинен жасалганы үчүн жинди суу акын ашкере таамай белгилегендей «берметтей болуп жылтылдайт». Ал эми кийинки сап – «түлкүдөй болуп кылтылдайт» – болсо нукура элдик дүйнө кабылдоого негизделип жаралган. Анткени, жер жүзүндөгү бардык элдердей эле кыргыздар үчүн да түлкү алдамчылыктын, азгыруунун, жолдон чыгаруунун белгиси болуп эсептелет. Демек, жинди суу адамды алдайт, азгырат, жолдон чыгарат.

Арийне, этил спирти менен көк кашка суунун аралашмасынан жаралган арак адам өзү азгырылып ичмейин «бөтөлкөдө жай жатат». Качан гана пенде баласы жолдон чыгып, түлкүдөй болгон немеге алданган соң ичине кирип чаңдатат. Анткени, «действие алкоголя на нервную систему обнаруживается уже через несколько минут после приема алкогольных напитков».

Андан ары Р.Шүкүрбеков алкоголдук ичимдиктердин түрлөрүн өз алдынча бөлүштүрүп, ар бирин санап өтөт, бирден бирден айтып берет:

Жалгыз эмес жинди суу,

Анда ага да бар, ини бар.

Спирт, пиво, винолор,

Ар кимисин билип ал.

Бардыгынын жини бар,

өздөрүнчө тили бар. (81-бет).

Суроо туулат: Кайсы белгилери боюнча жогоруда саналган ичимдиктер жинди сууга ага жана ини болушат? Албетте, акын бул жерде саналган ичимдиктердин алкоголдук кудуретин, жөнөкөй тил менен айтканда, градусунун деңгээлин биринчи сапка коюп жатат. Кырк градустагы жинди суу үчүн 900 тагы спирт ага болуп эсептелет да, 6-70 тагы пиво менен 12-170 тагы винолор ини делип айтылып жатат. Ошол эле учурда бул саналган ичимдиктердин «жини» делип да дал ушул ар бирине тиешелүү градустарын айтып жатат залкар акын.

Мына ошентип, бул жаңы терме суу жөнүндөгү, б.а. жинди суу жөнүндөгү таптакыр жаңыча маанидеги сөздү баяндоого өтөт, бул терме ырасында эле таптакыр жаңы экендигине окурманды ынандырат акын. Ушундай алгачкы кадамдардан соң гана сүрөткер терменин жанр катары аткара турган башкы озуйпасына да назар таштап, айтылып жаткан кептин негизги объектисинен, б.а. жинди суудан уланган сөздүн дидактикалык маңызы менен маанисине басым жасайт.

Эч кимге кылбайт жакшылык,

Жетелеп кетет азгырып.

Жамандык менен жакшылык,

Каршы болот турбайбы.

Жамандыкка жинди суу,

Жарчы болот турбайбы.

Айтып коюп тарс эткен,

Жаш, карыга мындайды. (81-82-беттер)

«Жамандыкка жинди суу жарчы» экендиги айтылып, терме «коомдук көрүнүштөрдүн негизги белгилерин аныктоочу адабий жанр» (А.Эркебаев) экендиги дагы бир ирет далилденди.

Бул жөнүндө караңыз: Гомер. Одиссея. (Перевод с древнегреческого В.А. Жуковского). – М.: «Правда», 1985. – стр 3.

Гомер. Илиада (Перевод с древнегреческого Н.И.Гнедича.) – М.: Правда, 1985. – стр.202.

Макал-лакаптар.  (Баш сөзүн жазган жана түзгөн Ж.Койчуманов. “Эл адабияты” сериясы.) – Б.: ”Шам”, 2001. – 96,97, 106, 165, 166-беттер.

Токтогул чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 1-том. Ф.: Адабият, 1989.- 49-бет.

Жеңижок. Ырлар, айтыштар. (Түзгөн А.Акматалиев, А.Жусупбеков, М.Мукасов) – Б.: Шам, 1999. – 66-бет.

Барпы. Чыгармалар. 1-том. (Түзгөн Б.Апилов) – Б,: КЭнин башкы редакциясы, 1995, -31-бет.

Молдо Кылыч. Казалдар. (Түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн  жазган О.Сооронов) – Ф.:Адабият, 1990. -68-69-беттер.

Кыргыз совет энциклопедиясы. 1-том. – Ф.: КСЭнин башкы редакциясы, 1976. -265-бет.

Бабаян Э.А, Гонопольский. Наркология. –М.:Медицина, 1987. –стр.105.

Косяков К.С. Борьба с алкоголизмом. –М.: Государственное издательство медицинской литературы. 1957. –стр.7

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор