Дүйнө классиктеринин ой берметтери

Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү

3-мартта дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү белгиленет. Бул майрам 1986-жылы эл аралык ПЕН-клубдун (жазуучулардын уюму) 48-конгрессинин чечими менен негизделген.

Александр Пушкин

-Котормочулар – агартуу почтосунун аттары.

-Бизде адабият бар, бирок адабий сын али түптөлөлек. Вольтерди билбеген, франмосондор тууралуу түшүнүгү да жок кемпирлер куу чирендерди франмосон, волтерянчы деп тилдеген сыяктуу эле журналисттер жазуучуларды романтика менен тилдейт.

Рюноске Акутагава

-Сөздүккө караганда адабият чыгармасында сөздүн көркү көбүрөөк ачылышы шарт.

-Материалдык байлыкка жетпегендер рухий байлыкка да жетпейт. Эки миң жыл мурдагы байтак мезгилде ушундай эле. Азыр башкача: материалдык байлыкка жеткендер рухий байлыкка жетпейт.

-Жазмакерлик кылуу үчүн абалы чыгармачыл от зарыл. Ал отту жандырууга, албетте, абалы ден соолук керек. Швед гимнастикасына, вегетириандыкка, тамак-аш таасирине көңүл бурбай, мурун чүйрүгөндөр, демек, жазуучулукка жанын бербегендер.

-Жазуучу болом дегенден уялуу – өз тамырына өзү балта чабуу. Антип уялгандардын жан дүйнөсүнө өзгөчөлүк өспөйт.

-Эң мыкты прозачы – турмуш акылына тунган акын.

Михаил Пришвин

-Жазуучудан «чыгармачылыгынын сырын» суроо, менимче, текеден сүт сураганга тете. Текенин милдети – эчкини сүйүү, а сүт берүү – эчкинин милдети. Анын сыңары чыгармачылык тууралуу сураганда турмушка ашык художниктен кантип ашык болгонун эмес, ошол турмушту сурашы, өзү да ошол турмушта жашашы шарт.

-Поэзия – бул акылдан адаштырган акылдын ырыскысы.

-Жеткен мыкты талант ашкан акылдуу болалбайт. Не дегенде, карандай акыл муздак келет, кыжырдуу келет, а талант жылытып турат, талант – акылдын көөрүгү.

-Чеховдун айтканы бар: чаңкап, аңкап турганда бүтүндөй дайраны жутуп ийгиң келет, иче келгенде ашып кетсе, эки стакан суу ичесиң. Мен атак-даңк дегенди деле ошондой түшүнөм: ашып кетсе эки стакан эле суусун кандырат, калганы эки ууртту булчуйтканга гана жарайт.

Петр Чаадаев

-Сөз дагы сөздүн баркын билген чөйрөгө өтөт.

-Кудайга шүгүр, мен ыр менен да, кара сөз менен да Ата Мекенди туура жолдон адаштырган жокмун.

Федерико Гарсиа Лорка

–Поэзия тууралуу эмнени айтсам… Булуттар тууралуу эмне дейсиң, а асман тууралуучу? Кара, дагы жакшылап кара андан башка эч нерсе. Акын поэзия тууралуу эч нерсе айталбасын ошондо түшүнөсүң. Поэзия тууралуу айтуу сынчылардын иши, профессорлордун иши. А акын – сен дагы, мен дагы жана башкалар дагы поэзия эмне экендигин билбейт. Мына, кара. Колумда шам жанып туру. Мен аны сезем, аны керектей алам, арийне, ал тууралуу «адабиятсыз» айтып бералбайм.

Уильям Фолкнер

Суроо: – Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?..

Жооп: – Кандай десем? Бул жазуучуга жылуу квартира керекпи дегендей эле кеп. Биз от жагылбаган, муздак квартирада иштей албаган сыяктуу эле, мүмкүн айрым жазуучулар жогорку билимсиз жаза алышпас. Минтип ичкелентип жооп берип жатканымдын да жөнү бар, анткени өзүм андай жогорку билимге эгедер эмесмин. Айталы, колледж адамдык сапаттардын калыптанышына өбөлгө түзүп, гуманисттик сезимдерге азык берер: жердигинен гуманист эместер жазуучулук жайында ойлонбой да коюшса болот; жок, аны жогорку окуу жайлары бере турган болсо, албетте, жогорку билим керек.

Суроо: – Кыскасы, дээринде дүрмөтү барлар өзү эле жазуучу болуп алат дегениңиз го?

Жооп: – Ананчы. Бул колледжди таптакыр эле жерип салгандык эмес, тек, өзү жазуучу боло албаганды колледж жазуучу кылалбайт.

Суроо: – Мистер Фолкнер, жазып жатканда окуучулар же кайсыдыр аудитория жөнүндө ойлойсузбу?

Жооп: – Жок. Жаза берем, жылдар да өтө берет, а менин былжырбайларымды кимдир бирөө кызыгып окуйт экен деген түшүмө да кирбейт. Кыскасы, адат болуп калган. Мен алиге чейин эле көкүрөк дартымды кагазга түшүрүп алмайынча жаным жай албайт.

Суроо: – Жаш талапкерди дасыккан жазуучу үйрөтүп чыгалабы?

Жооп: – Дегеле бирөө бирөөнү бир нерсеге үйрөтө коёт деп ойлобойм. Эгер жаш жазуучуга чынардай кумар тынчтык бербей жатса, эмнени жазарын түшүнүп, кантип кагазга түшүрөргө шаасы жетпей турса, кимден үйрөнүп, кимден окуш керектигин эч кимден сурабайт. Жазуучу жазуучудан эмес, жай чарба эле улуулардан, турмуштун ар кандай жагдайларынан окуйт. Менимче, кимдир бирөө жазууга тири укмуш дилгир болуп, убакыттын эле мөртүн келтире албаса, демек, партадан эмес, турмуштан окуп жүргөнү ошол. Андай учурда аны бирөөлөр эмес, өзүнүн аяр көкүрөгү нускап турат. Жазууга жалындаган ынтызарлык болбосо, окуп-чокуганга деле мойну жар берерин кудай билет.

Которгон: Алым Токтомушев