Молдоакмат Бапаков: Шайкелең күндөр кош болгун, Шайтандын эсин оодарган…

Элегия

Учту жаның капысынан улардай,

Улуу дүйнө түштү мага тумандай.

Улутунуп турганымды ким туйсун,

“Уулум” деген сөзүң бир саам угалбай.

 

Атым кулап, аркам кулап жөлөнгөн,

Көктү медер кылып турам көгөргөн.

Кубат кылчу аскар тоомдон ажырап,

Кудай бүгүн урду мени төбөмдөн.

 

Чын жайыңа кеттиң болуп жагалмай,

Жалган дүйнө жакын эле балаңдай.

Аза күтүп, айрыларым билбепмин,

“Ата” дебей, көрдүм неге агамдай.

 

Өчтү өмүр, «а» дегенге тил келбей,

Өттү өмүр дайра чөлгө сиңгендей.

Өкүрүктөн кулак тунат, балдарың,

Кадырыңды жаңы гана билгендей.

 

Өттү өмүрүң жайдын күнкү өткүндөй,

Алды ажал алтын күзгө жеткирбей.

Аттиң, дүйнө! Калган эле карызың,

Балдарыңдын сыйын көрүп кеткендей.

 

“Аткардым” деп бүт милдетин атанын,

Орондуңбу ичине он кез матанын?

Баягыдай баркы болбой томсорор,

Бапыраган “алачыгы Бапанын”.

 

Кармаганың капкан эмес, кишендей,

Карагер тай келчү бир жак тизеңдей.

Мукактанам көзүм менен жер чукуп,

“Мукан кантип өлсүн?!.” – дешсе ишенбей.

 

Атың калды, тайган калды кар баскан,

Соң-Көл калды көкүрөгүн мал баскан.

Сонор калды, сонун калды, зоо калды,

Аттандың сен, камчың колго албастан.

 

Апа – деген китеп болсо ачылган,

Ата сыры – алтын тура катылган.

Эл тааныпмын, жер тааныпмын сен барда,

Эми кантип кутуламын акыңдан.

 

Ажал – улук, кетпес кесик, муң-кайгы,

Жаманыңды же жакшыңды ылгайбы?

Боорум сезип, боолголоп олтурам,

Кара көрдү, кайра келбес – чын жайды.

 

Ажал арттан жеткичекти жөрмөлөп,

Баары бөлөк – жериң бөлөк, көр бөлөк.

Атаганат, жан алкымга келгенде,

Айта албадым: “өлбө ата, өлбө-лөп!..”

 

Башка келип өткөн өмүр, ай, жылы,

Балким, эстеп балдарыңды, айлыңы…

Көрбөй калдым көөдөнүңдү тепкилеп,

Көздөрүңдөн чыккан алсыз кайгыны.

 

Уулуң эмес, көрсөң дагы төрөдөй,

Өлөөрүңдө калдым башың жөлөбөй.

Өкүнгөнүм, өзүң эле бир күнү,

Кетээриңди жүрүптүрмүн кенебей.

 

Тизгин тартпай, зуулап оңго, солгобу,

Тирүүлүктө кимдер минбейт жоргону.

Бирок, чиркин өтөөрүбүз чын экен

Биз алтындын баркын билбей колдогу.

 

Ичип койсоң мен коркутуп, чечилбей,

Кайыр айтып, да койчумун кесирлей.

Кайран атам!

Катып баарын ичиңе,

Ит кыялым кеттиң бекен кечирбей.

 

Үйгө кирсең, урган ысык илеп жок,

Үшкүргөндө башты жөлөөр тирек жок.

Бир туугандар кетер эми бет алды,

Беш манжаны бириктирер билек жок.

 

Аялым бар, уулум, кызым – жакыным.

Алар сенче сезбес менин татымым.

Тагдыр – күрөш!

Кайда барсаң, капкан көп,

Уттурарда угам кимдин акылын.

 

“Атаң сенден жаш экен” деп жактырып,

Аяштарым калар эле каткырып.

Алптыгыңды, жаштыгыңды тангансып,

Анын баарын кеттиң бүгүн калп кылып.

 

Үч айланта эл чогулуп тамыңды,

Үч күн, үч түн көрдүк сөөк камыңды.

Үч эле күн өлүк сыйын кылса деп,

Карч урдуңбу биз деп кара жаныңды.

 

Жалгыз башың башка жетип түмөндөй,

Дөөлөт, бакыт турчу эле түгөнбөй.

Жетегиңде он үч балаң бар эле,

Жетим калды он үч айыл түгөлдөй.

 

Балким, күйүп айтып жаткан чыгаармын,

Барктаган аз баасын билип чыгаандын.

Ажыратпас көңдөйлөрдүн көптүгү, ов!

Айырмасын карга менен кыраандын.

 

Элге айтып курсагынын токтугун,

Эдиреңдеп мактанууда Бокмурун.

Эмне кылсын, айбат кылаар адам жок,

Атаганат! Ата сенин жоктугуң.

 

Болсо бирге болгон менен кастары,

Бир казанда чогуу болбос аштары.

Балдарыңдын бары-жогун жетелеп,

Бир жакадан чыгаар бекен баштары.

 

Көкүрөктү бороон каптап боздогон,

Көз ачырбай барып араң токтогон.

Көр дүнүйө алаксытып алдоодо,

Бири мактап, да бирөөсү боктогон.

 

Өмүр – тагдыр, ысып, кайра муздаган,

Бирөө күлсө, экинчиси сыздаган.

Бак-дөөлөтү баштан ылдый төгүлгөн,

Башканы кой, падышаны укпаган.

 

Баары кеткен, жумшагы да, катуусу,

А да болсо, Жараткандын жазуусу.

Арман, бирок! Чалдырганда ажалга

Арыстандын бошойлекте азуусу.

 

Тойго деле, топко деле бараарбыз,

Карааныңды топ ичинен караарбыз.

Калдайган чоң тоону топтон таба албай,

“Кап” деп, дагы бир өкүнүп калаарбыз.

 

Зарылганда, сагынганда самаарбыз,

Өзүң таппай, өлүү дүйнө табаарбыз.

Асыл атам,

Кокуй, атам,

Кош болгун!

Арт жагыңдан биз да бир күн бараарбыз…

 

*****

Сезим муздак, сенделткен муң-жомокту ук,

Сени жоктоп канча көз жаш короттук.

Эрте кеттиң бир өмүрдүн эркеси,

Биз да сени биротоло жоготтук.

 

Сансыз ойлор – сагынган да, сабылган

Сенден кийин тапкан менин табылгам.

Өлүү тынчтык өкүм сүрүп жүрөктө,

Жалгыздыктын үнү угулат жанымдан.

 

*****

Жаш да эмессиң, жаз да эмессиң алгачкы,

Жан отуңа кумар мындай канбаспы…

Албуут сүйүү күчөп кырктын кырында

Айыкпаган оору сенден жармашты.

 

Эрите албай бир жүрөктүн тоңун да,

Эмне өмүр сүргөм сенин жогуңда?

Эр багына Эгем жазган энчидей

Ойлобопмун ким турганын жолумда.

 

Тумчуктурса, кумары күч кучагың,

Туям, сезем албуут күчүн кусанын.

“Көргөн күнүм өңүмбү же түшпү” деп,

Көкүрөктө калбайт изи ызанын.

 

Сени эстейм сезим жапа тартканда,

Сени эстейм басмырт ойго батканда.

Сендик гана өмүр калган өңдөнүп,

Сергийт жүрөк мойнума кол артканда.

 

Жаш баладай жарпты жазсаң алдымда,

Жалбаруудан өпкө айланат калбырга.

Эриндериң эрип турса эринде,

Тилейм ичтен: “Эгем эстен тандырба…”

 

Айга кимдин колу жетип көктөгү,

Ай жүзүңдөн кимдер гана өппөдү,

Антсе дагы, тагдырыма таарынбайм,

Эч бир аял сенче шоокум төкпөдү.

 

Нелер болбойт?

Нелер болбойт улуу өмүр көчүндө,

Биз кезиктик күздүн күйгөн кечинде.

Толуп ташып турган экен жаштыгың,

Топук эмес, толкун ойноп көзүңдө.

 

Күз санаасыз жаш келиндей кулпуруп,

Күн да, түн да, сен да тунук – туптунук.

Күтүлбөстөн калды сүйкүм элесиң,

Өзүм менен бирге жатып, бир туруп.

 

Жалооруттуң, жан айламды түгөттүң,

Келбес мүмкүн сүйүү жолун бир өткүң.

Байкамаксан болуу бирок, күнөөдүр,

Билип туруп эңсегенин жүрөктүн.

 

Чыккыс болуп, чырмалышып түйүндөй,

Көкөлөткүм келсе турдуң ийилбей.

…Бирок билем, сенин деле тагдырың-

Көп аялдын тагдырынын бириндей…

 

Алды артыңды ойлой берип, жүрөксүп,

Алтын башың коштоп өтөөр бир өксүк.

Жылдарымды мен да сага арнаармын,

Жыргалыңа жетиш үчүн мүнөттүк.

 

Өзүңсүз  өмүр  жок  мага

Ким алып өткөн бүтүнүн сактап бүлдүрбөй,

Ким жашап өткөн сүйүүгө жүрөк тилдирбей…

Жеңил ой эмес жетелеп чыкты махабат,

Жетпеди эрким жүргөнгө элге билдирбей.

 

Жашырып жүргөн ак сүйүү жанга батпаган,

Жайылар элге жамандык жерге жатпаган.

“Жаңылды” дешээр, жактырбай биздин сүйүүнү,

Жаңылсак мейли, өзүңсүз өмүр жок маган.

 

Айрылсам мейли, атактан, даңктан, бүлөдөн,

Коркпоймун жаным, койнуңа жатып түнөөдөн.

Кокуйлар билип жар салсын жаман корозчо,

Арылган ким бар ашыктык аттуу күнөөдөн.

 

Жүз  жашаган  карыя

“Балдарымдын алдына албай Жараткан,

Мынча жашты бердиң эле каяктан?”

деген санаа куусаң кетпей оюңдан,

Улукманым убайым жеп келаткан.

 

Карылардын улам бошоп катары,

Эч кимиси калбай курдаш курбунун

Өмүр канча кызык көрүнгөн менен,

Кандай кыйын жашап өтүү бир кылым.

 

Ойлой берип үйдө жалгыз олтуруп

Кең дүйнөнү,

Кеткен менен өткөндү…

Ат ойноткон жаштыгыңды сагынып,

Өмүр кечкиң келет дале көчмөндүү.

 

Каңырыштап, кээри кетип кулактын,

Калың кашың жапкан небак күн астын.

Баш-көз болуп суудай тентек чүрпөңө,

Бошко өтпөйт дале сенин убактың.

 

Түлөө чалып, төрөлгөндө сүйүнүп,

Түшүрбөстөн баксаң дагы төбөңөн.

– Айтчы, ата! Кудай барбы, жокпу? – деп,

Алкымыңдан алат тентек чөбөрөң.

 

Каруу-күчүң казык болуп дулдулум,

Акылыңды азык кылдың бир кылым.

Бирок, ата!

Кутман жарыкчылыкка

Тоюп бүттүң бекен көрүп ой-кырын?

 

Ушул турмуш жаралгансып жомоктон,

Уул-кыз жок кеп-сөзүңдү тоготкон.

Көр дүйнөнү көрүп туруп опаасыз,

Кайран өмүр – дейсиң, сага короткон.

 

Билем муну жүз жашаган карыя,

Бир айылды баш коштурар желексиң,

Төбөң – жайлоо, төшүң – кыштоо өңдөнүп,

Төрдөн кетпей олтурууга не жетсин!

 

Азыркы  «даанышмандын»  айтканы   

Кайсыл жердин, кай уруунун түлкүсү,

Кимге окшойт кебетеси, түр-түсү?

Жалпалактап, акыл айтат моминтип,

Жада калса жасалма анын күлкүсү…

 

-Сырыңды айтпа, жолоочуга көз көргөн,

Ишенич артпа, досторуңа сөз берген,

Буйтап көнгүн, түз сүйлөсөң түтөйсүң,

Бул дүнүйө алда качан өзгөргөн.

 

Тулпар тушу, күлүк чыгат күнүндө,

Туураланба, күчтүүлөргө күлүңдө.

“Туу турам” деп тушукпагын туюкка,

Байлык менен бийлик жеңет түбүндө.

 

Жокту издесең, күндөр өтөт, ай да өтөт,

Жокко жетсе, күлүк жетпейт, бай жетет.

Жолдон чыккан байды көрсөң бактылуу,

Жүрөгүңдөн жорго минип кайгы өтөт.

 

Ак куу кылып тобун «ала карганын»

Ак жүрбөсө, айып эмес алганың.

Алмустактан келе жаткан шарт ошол,

Ажырашып бир балээге калбагын.

 

Жетелебе жетеси жок жетимди,

Аярлап сүй, аяй билгин сезимди.

Агайын да ак санабайт катыгүн,

Алдап кетет анткор түлкү шекилдүү.

 

Тагдыр сынаар татаал кезең келгенде,

Бергин пара, эмне жетсин бергенге!

Бектер дагы бедел күтпөйт белексиз

Берип эч ким болгон эмес шерменде.

 

Адилеттик – бакыт эмес, кенч эмес,

Аны арамдык жеңип чыгат, кеңкелес!

“Ак, кара” – деп, айтса айтсын акимдер,

Чындыкты айтуу сага тийген энчи эмес…

 

  • деп, акылын айтат бир куу, сак адам,

Башкасын кой, баскан изин санаган.

– Өмүр бою жүрүпмүн, – деп жаңылып,

Жүрөк байкуш калат тейде канаган.

 

Акылманбы, ак-караны айырган,

Баатырбы же качкан жоону кайырган…?

Азис, досум!

Өзүңдү да ойлоп көр,

Окшоштугуң,

бардыр балким, айырмаң…

 

Жаңылуу

Баш кошушкан эки жубай

Бала кезден бир өсүп.

Баратышат больницага,

Бактысынан кыя өтүп.

 

Жүгөнү жок тайдай болуп,

Жүрүп ойноп, каткырып.

Бойго бүтүп калган кызга,

Бойдокчулук азгырып.

 

Аёо сезим туудурабы,

Ак халаттын айбаты.

Аман-эсен төрөлөбү,

Ата Журттун солдаты?

 

Жанын сыйлап, жаркыраган,

Жаштыгына кайгырып.

Санаасы жок ымыркайды,

Салды бойдон алдырып.

 

Жарык көрбөй көзүн жумду,

Жашылданган бир өмүр.

Жалбыраксыз калды чынар,

Жашың күйгөн, түгөнгүр.

 

Жашыл чынар, жаш жалбырак,

Жаш күнүндө жайраган.

Эне болчу эрке учур,

Келеби эми кайрадан?

 

Саякаттап сайран курат,

Санаа билбес келинчек.

Аялынын көөнүн кыйбас,

Күйөө – момун, көңүлчөөк.

 

Таң-тамаша көңүлдү ээлеп,

Тарабастан “мастыгы”.

Максаты жок келинчектин,

Маарап барат жаштыгы.

 

Өрүк гүлдөп, кайра соолуп,

Өттү жылдар аялуу.

Болукшуган эрди-катын,

Болуша элек балалуу.

 

Уул төрөп, жаштык кездин

Жабылганча базары …

Кыздуу болуп кырк жылкы айдап,

Кызыгына батабы?

 

Өмүр жылып, өр таянып,

Өттү жаштык курактан,

Көңүлү сууп күйөөсүнөн,

Көрүнгөнгө сук арткан.

 

Буюм толгон үйлөрүнө,

Душман кирет, дос келет.

Күбүр-шыбыр күчөйт улам:

– Куурап барат кош терек.

 

… Эртели-кеч бир өрдөктүн,

Ээрчийт арттан балдары.

Этек жалгап ал өрдөктөй,

Эне боло албады.

 

Өз күнөөсүн сезип келин,

Өрдөктөргө суктанат,

Өтөт күндөр …

Өткөн сайын

Өмүр ширин жыттанат …

 

Сен

Селт эттим, добушуңдан чочугандай,

Жүргөндө жүрөк муңун өчүрө албай,

Отузда ойноп кеткен махабаттын,

Күнөөсүн келатканда кечире албай.

 

Сен болуп кайта жанып сагынычым,

Сезимден оргуп чыкты жалынычым.

Сен балким, менден качкан бак-таалайдын,

Адашып кайра тийген жарыгысың.

 

Канакей, жалыныңа жалга мени,

Арзууңду актабасам арман эми…

Өмүрдө мени алдаган аялдар көп,

Тек гана сен алдоочу болбо мени…

 

Фамилия

Армандуу тагдырыңды ук, ойго келген:

Аялың гүл төшөлгөн жолдо жүргөн.

Өлчөөсүз соруп элдин ырыскысын,

Өмүрдүн түштүгүнө жорго минген.

 

Баш ийип салабаттуу салмагыңа,

А кээси үмүт кылып жардамыңа.

Жамы журт эрте-кечсиз эшик ачып,

Жаман сөз айтышкан жок балдарыңа.

 

Дүйнөдө акка кылган күнөө жаман,

Мажести мактай чалып сүрөө жаман

Күрөшкө түшпөй туруп байге алып,

Күн көргөн кызың менен күйөө балаң.

 

Ат кайда, алтын ээрлүү алчыланган,

Даңк кайда текеберлүү, арты жалган?

Дабышы жок го бүгүн кырк чоронун,

Дайыма ээрчип жүрчү артыңардан.

 

Чындыкпы, каргашабы, өзбү, жатпы,

Атагың тепселеди кимдин буту?

Жашырып баарысынын арамдыгын,

Сенде эле буга чейин үйдүн «куту».

 

Ыр окуган акын

Ыргагына батпай бара жаткансып,

Жаштык, сүйүү жөнүндөгү муң ичке…

Ыр агылды – дарыядай туптунук,

Ылайланбас миң-сан жылкы суу ичсе.

 

Жатса ырлар терметүүгө чакырып,

Жашоо аттуу акыл-эстин бешигин.

Жалтайлабай жанып өттү учкул ой,

Ойноок кыздын оттой таза сезимин.

 

Күлүп жатып күйүт тарткан ойлору,

Учуп чыгып каркырадай чачылып.

Адамдардын жүрөгүнө конууда,

Сары күздүн сагынычын батырып.

 

Шайыр жаштар-шааниси көз уялткан,

Шаа мүйүздөр

ырга бурган акылын.

Кантип кармоо экендигин билишти,

Аруулуктун даңкын жана татымын.

 

Турпатынан, добушунан байкалып,

Турса дагы өмүрүнүн кеч күзү,

Акындын жан дүйнөсүнө сук артып,

Сулуу кыздын келип турду өпкүсү.

 

Акын жары дагы олтурган бул залда,

Азыр сезип бактысынын ченемин –

Алпештөөгө бел байлады тагдырдын,

Алаканга салып берген белегин.

 

Эшектин арманы

Оо досум, бириктирген макулукмун,

Ортосун айыл менен тегирмендин.

Жай-кышы ээр түшпөй, жүгөн кетпей,

Жүрөмүн жүгүн ташып көрүнгөндүн.

 

Сонуркап балдар минип чаба берип,

Соорума такыйымда терим каткан.

«Чыдамдуу мал болот» деп, ээм мактап,

Чынында өз күчүмдөн шорум каткан.

 

Айбандын эмгегине баа берүүдө,

Ар дайым акыйкаттык болот десем.

Алиги бакыт кушу – акылсыз куш,

Ар кимге ылгабастан конот экен.

 

Карабай жай чилдеде жаным кыйнап,

Көлөкө көрбөй кылган мээнетиме.

Көпчүлүк көкөлөтөт аргымакты,

Кызыгып келишимдүү сөөлөтүнө.

 

Жаңы кар баскан сулуу бир тайгандын,

Карашып тек жайынын атагына.

Кошушту үмүт кылып көп нерсени,

Тандамал айбандардын катарына.

 

-Адамдар кызматыңа даярмын – деп,

Аземдүү үн чыгарып бакыра алам.

Аттиң, ов! Үнүң эмне, бул дүйнөдө,

Ал эмес адал күчүм татыбаган…

 

Төрөлгөн күнү кокус каргыш тийип,

Төккөнбү жазмыш мага өтө каарын.

Өлгөн соң кутулбасам арам терден

Эмгиче билбейм качан эс алаарым.

 

Моюбай көтөргүдөй күнөөм кайсы,

Мынчалык башка түшкөн курмандыкты.

Боюм пас, түсүм жаман жаралуубу,

Же Кудай ыраа көрбөс ылдамдыкпы?

 

Далым жоор, бутта чидер, жатак жайсыз

Дагы көп айта берсе башка арман.

Эч кимден укпасам да бир жакшы кеп,

Кем сүйбөйм эмгекти мен башкалардан…

 

 Таберик

Топко кирип, топтон кайра сүрүлүп,

Күрөшөөрсүң күчтүү менен түрүнүп.

Жашоо жолу – жайлоо жолу эмес-ов!

“Күп” жыгылсаң туруп кеткен күбүнүп.

 

Бирде бузуп, бирде сызып чийинин,

Чечүү оңой эмес жашоо түйүнүн.

Кайра тарткың келер чыккан жолуңан,

Тагдыр жүгү талытканда ийиниң.

 

Жаштык курак – күлгүн курак, гүлбурак,

Айланаңдан агып түшүп миң булак.

Азезилдин азгырыгы маңдайдан,

Аңдып турат күлкү чачып, шыңгырап.

 

Мезгил келип, сүйүп-күйүп, ак урган,

Өзүң бир күн алыстарсың жанымдан.

Кайда барба туш тарабың кайырмак,

“Кап!” дей көрбө ката электе кабыргаң.

 

Учур келет кайгырган да, кутурган,

Болгон эмес андан адам кутулган.

Акыл калчап, адашпагын, алдыңда

Адам чыккыс токой жатат чытырман.

 

Жакшылыгың көрсөм жанып, күчөрмүн,

Жамандыгың билсем күйүп, түтөрмүн.

Эселегим, эмдигиче ойлонбос,

Эртеңки күн эмне менен бүтөөрүн.

 

Көйгөйүң көп – көр дүйнөгө көз артсаң,

Андан көрө жан дүйнөңдү тазартсаң…

Арманым жок кур дегенде бир жолу,

“Азаматсың, уулум!” деген сөз айтсам…

 

Күн да бүтүп, мээримиме бөлөнгөн,

Түркүк бошоп, бой тарткыча жөлөнгөн,

Түшүнөөрсүң түбү түшкөн дүйнөнүн,

Түпкү сырын түшүргөндө төбөмдөн.

 

Баскан из да, кылган иш да саналуу,

Бакыт келбейт баштан чыкпай кара буу.

Агарган таң, кызарган кеч баркын бил,

Алтын балам, ар бир күнүң аялуу.

 

Жаштыкка

Жарыгын чачып, сооп алган,

Жаштык кез кеттиң!..

Оо, жалган!..

Шайкелең күндөр кош болгун,

Шайтандын эсин оодарган…

 

Кол калып сүйүү сунуудан,

Жар калып жалгыз жылуудан.

Жыргалың жылас болгонсуп,

Суудубу көңүл сулуудан?

 

Аттабай алтын босогоң,

Арманым айтып бозором…

Бөксөбүз эми толбойт го,

Бөтөлкө сымал бошогон.

 

Азаптын даамын татканбай,

Ааламды сүйүү ачкандай.

«Айлыбыз» менен жүрчүбүз,

Адашкан октон сактанбай.

 

Эртерээк чыгып чыйырдан,

«Ээсине» кетип буюрган.

Кыздарды кээде эстейсиң,

Кылыгы кыттай куюлган.

 

-Тагдырдын эрке талтаңы!..

Карасам бүгүн аркамы…

Жаштыгың тургай, өмүрүң,

Жабылуу жаткан картабы?

 

Жылуулук алып бир мештен,

Жартыны бөлүп бир жешкен.

Кайрылбас кайран күндөрүм-

Көңүлдө калган гүлдестем.

 

Күкүгүм

Жаз өттү, жайнатып бүчүрүн,

Жай өттү, сайратып күкүгүн,

Күз келди сен жокто жаныма,

Күкүгүм…

көкүрөк күчүгүм.

 

Мен гана түшүнүп күз үнүн,

Таба албай тагдырдын бүтүмүн…

Сезимде терметип отурам,

Сен алган өмүрдүн үзүмүн.

 

Элесиң көзүмдөн үзбөөгө,

Эч кабар бербедиң күтпөөгө.

Эркелей караган карегиң,

Эми ким элжиреп тиктөөдө?

 

Жай таппай жанымды коёрго,

Жан дүйнөм аз калды тоңоорго.

Шайтандын курбусу, күкүгүм,

Шак издеп кеттиңби коноорго?

 

Кетээрде “кеттим” деп жыттатпай,

“Калды” деп, “байкушум чык татпай”,

“Ушуга убал” деп, ойлонуп,

Уятың жүргөндүр уктатпай.

 

Баалабай башыңды сыйлоосун,

Ашыктык сезимди туйбоочум,

“Бактылуу адаммын” деп жүрсөм,

Бар экен менин да кыйноочум.

 

Өчүрсөң өткөндүн сыясын,

Өзүңдүн наркыңды туясың.

Сан тагдыр өткөн да сага окшош,

Сагалап булбулдун уясын.

 

Тентегим, баалабас тереңди,

Теңириң дале биз мененби?..

Саргайсам мейличи, аман кел,

Сагындым ай-чырай денеңди.

 

Кара көз

Нур чачып жүзүң көргөндө бойду эриткен,

Аялуу жансың, айырмаң жоктой эликтен.

Заманаң тарыйт “зайыбы” дешсе, бирөөнүн

Имере тартып илбедим мурда неликтен?…

Рахат жанга тартуулайт сүйкүм элесиң,

Алымды билбей артыңдан куусам терикпең.

 

“Тең”, – дедиң – “күйөөм, кечирем кээде мастыгын,

Эр сыйлап жашайм, бош калбайт шондо жаздыгым…”

Кудай ай, кара! Оюңдун сүттөй тунугун,

Буюрган кимге жанында жашоо жакшынын…

Корстон болбой койнуңа жатып турганга,

Кокуйгүн немең бааласа болду жаштыгың.

 

“Бош” – дедиң, “күйөөм, окуусун бүтөт буюрса,

Кыйналып иштеп, кыйналып жашайм быйылча…”

Кудай ай, кара! Кул өңдүү жашап жүрсөң да,

Башканын сунган байлыгын көрбөй тыйынча,

Көөдөнгө конгон көпөлөк сүйүү аргасыз,

Көрүнбөй сага көккө учуп кетти куюнча.

 

Түйшөлтсөң түйшөлт, түшпөсөң түшпө торума,

Түгөнбөс бакыт тилеймин тагдыр жолуңа.

Кайгыңды тартып, кабыргам нечен кайышаар,

Кара көз келин! Түшпөс куш пенде колуна.

“Кап” дээрмин мүмкүн өзүңсүз өткөн өмүргө,

Карабай тентип, үйүмдүн бары-жогуна.

 

Курактан өткөм курулай сөзгө жылыган,

Ачык айт, жаным! Аман-соо өтсөм сыныңан.

Кул кылсаң деймин кумаркеч, аруу сүйүүгө,

Кууланып жүрсөң чыгаарсың эми кыныңан.

Түндүгү түшүп, түнөрсүң түнөк таба албай,

Түгөнгөн күйөөң түлкүсү түштө улуган.

 

Эл журтуңдун сыйысың! 

(Мамлекеттик жана коомдук  ишмер ,  академик  Абдыганы  Эркебаевдин 70  жылдык юбилейине)

Өткөн өмүр – тизген жылдар шуруга,

Өтөлгөсү – шаттыгы да, муңу да.

Адал жандар алмустактан аз болот,

Алданбаган атак-даңктын нуруна.

 

Баштан сылап бакыты да, куурал да,

Баары өттү баш-аяксыз жылдарда,

Билсең дагы эрежесин турмуштун,

Бийлик үчүн суу куйбадың кумганга.

 

Үйрөтө албай мансап деген азоону,

Үлкөндөр көп күндө болгон баш оору.

А сен тандап алыптырсың Кудайдан,

Татаал тагдыр, анан таза жашоону.

 

Тагдырдын таш казанында жуурулуп,

Тай кезиңде топтон чыктың суурулуп.

Өзүңдөй жүз жигит болсо канакей,

Өмүрдө бир иш кылбаган уурулук.

 

Эс тартканы эмгек кылып “Элим” деп,

Улуулуктун убайымын жедиң көп.

-Аттигиң ов! – аалымдар аз өзүңдөй

Айта билген” агын ак, деп, – көгүн көк”

 

Илимде чоң из калтырып артыңа,

Илгертеден кызмат кылдың калкыңа.

Жетимиш жыл жең ичинен иш кылбай,

Жете билдиң өз атыңдын баркына.

 

Унутушуп Мекен тургай улутун,

Чапкандар да өтөр бийлик кылычын.

Абдыганы деген атты көтөрүп,

А сен дале адилдиктин кулусуң.

 

Жапа чеккис жашоо берип Жараткан,

Орошон ой айтып дилди агарткан…

Жан дүйнөңдүн асылдыгын жоготпой.

Жолуң ачык болсо деймин бараткан,

 

Жакшылыкка жылоолошуп жакшылык,

Жетимиш жаш келди мына шаштырып.

Өлкөңдү эле өмөчөктөп ойлобой,

Өзүңдү да сүйө жүрчү, жактырып.

 

Эмне экенин билбей өскөн эркелик,

Элден чыгаар бекен жигит сенчелик?…..

Эми Абыке! Аман-эсен жете гөр,

Сексен жаштын сересине сеңселип.

 

Баратканда Бурул экөөң улгайып,

Баарыңарды термеп турсун бир кайык.

Балдарга да өмүр берип, кут берип,

Бакыт кушу турсун дайым жылмайып.

 

Туунун түбүн, мара түбүн сагына,

Тулпар турат келип эми табына.

Кандай  оор болсо дагы баскан жол,

Кайрыла жүр досум бала чагыңа…

 

*****

Актанбаймын…

Бирок, келбейт жашагым

Атак үчүн күндө өлүп-тирилип,

Бирөөлөрдү кол куушуртпайм коркутуп,

Бийлик үчүн кызмат кылбайм жүгүрүп.

 

Ар кимдин өз басып өтөөр жолу бар,

Азгыра албайт акылмандын өмүрү.

Кереги жок мага даңктын эртеңки,

Өлсөң буза тээп чыккан көрүңү.

 

Эрдик мага бир ач болуп, бирде ток,

Эл катары жашап өтүү дүйнөдөн.

Эртеңдерден “Баланчаев” келет деп,

Элди кыйнап салуу эмес дүрбөлөң.

 

Бул дүйнөнүн жыргалынан баш тартпайм,

Эстелик да эңсебеймин урабас.

Өлгөн кезде жамынам деп ак кепин,

Өмүр бою жүрмөк белем жылаңач?

 

Кулдук урбайм Кудайына атактын,

Кут конгондо учпайм куштай асмандап.

Салкын гана кабыл алам сабырлуу,

Сары убайым тарткан кезде батмандап.

 

Букадан сүт чыгарчулар бул ойду,

Четке кагып кылаар балким күнүлүк.

А чындыкта алтын эмес, даңк эмес,

Ата Журтка керек биздин тирилик.

 

Толкундар адилетсиз согуш баштайт

Атчандар келаткандай топту курап

Алыстан айгайлаган кол сунулат.

Же жеңип, же жеңилип кетейин деп,

Жээкке чабуул коюп… толкун урат.

 

Жээк да “жекеге” деп жатып алат,

Келгенин кетирбестен башын алат.

Толкундар томполоңдоп кайра качып,

Туткунга көбү түшүп, азы барат.

 

Толкундар бирин-бири жашырышат,

Топтолуп кайра жээкти качырышат.

Кокустан тепсендиде калбайлы деп,

Каз-өрдөк канат күүлөп шашылышат.

 

Жарагын толкундар да кармай качып,

Жээкти таштайт бир топ алдастатып.

Кечке жуук келип араң элдештирет,

Күн гана бул экөөнү алдап жатып.

 

Көгөрүп жээк дагы добуш катпайт,

Күн кейип… күңгүрөнүп көзүн жаштайт.

“Тоготпой жатып алат…” деп кайрадан

Толкундар адилетсиз согуш баштайт.

 

Акын

(Фирдоусиге)

Көз кызытып ободо алтын боосу

Көк асманда кайкыган шумкар болуп.

Туу өйдө чаап, жонуна мезгил минип,

Туягынан от чачкан тулпар болуп.

Кылымдарды карыткан дастаныңдан

Көрөм айкөл акындык кереметти.

А  болбосо, башка эл, башка эне

Үрүстөмдөй баатырды төрөбөппү?!

 

Шаарга барган чал

Ага-тууган түшүп ортого,

Атакесин уулу азгырып.

Алып келген былтыр шаарга,

Оокат-малын түгөл саттырып.

 

Наар албай кечке жап-жалгыз,

Насвай атып улам чакчадан.

Не кылаарын билбей байкуш чал,

Небересин күтөт бакчадан.

 

Элетте эле жүрбөй эл менен,

Эмне келди экен шаарга.

Кечке камап сыртка чыгарбайт,

Жада калса жалгыз каалга.

 

Короо-жайы чыкпайт эсинен,

Кошунасы калган көз салып

Өлөмбү дейт ушул шаарда,

Өзөгүн бир укмуш өрт чалып.

 

Айыл болсоң аттиң! таң менен,

Мал чыгармак айдап өрүшкө.

Алаксытып кечке көр оокат,

Түшмөк эмес мынча кейишке.

 

Эсин эки кылат жалгыздык,

Элетте эле жүрбөй эл менен.

Убайымга түшөт бейкүнөө,

Уйдун үнүн укпай мөөрөгөн.

 

Шаарлыктар эртең эс алат…

Небереси ойноп кол сунуп.

Ээн-эркин тийип колуна,

Эрмек болот жанына олтуруп.

 

Түшмөк эмес ушул “капаска”

Чакырса да уул-келини.

Кепил болгон мында келүүгө –

Кемпиринин таш боор өлүмү.