Арслан Койчиев: “Вице-президенттин” соңку каты

“Вице-президенттин” соңку каты

(“Каяктасың, Тяньшань?”)

С.Анын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арналат

I

Багалчагы катый элек балалык кезинде атагы Ала-Тоонун булуң-бурчуна абыдан угулган манасчы болмокту кыялданган, чырымтал жигит чагында Фрунзеге келип, мугалимдиктин үч жылдык окуусуна түшчүсүндө, жок эле дегенде элимдин Толстой сындуу эпсиз мыкты жазуучусу болуп берсем деп дегдеген, а бирок бу жарыкчылыкка маңдайы кайкы, багы тайкы туулган экен, ошондогу кыял-тилектин биринен кудай айтпай, ойдо жок жерден немис менен согуш чыгып, ошол согуштан жаманатты болуп “вице-президент” атыгып кайткан С. А. ыкшыткан жөтөлү тыйыла түшкөндө темир керебеттен чымыркана араң турду да, илкий басып терезенин түбүндөгү жыгач үстөлгө келди. Ал маңдайына элүү беш жылдык эле өмүр өлчөнгөнүн билди. Атаңгөрү, элүү беш жылдык жазмышында далай өлүмдөн калган күндөрү болду эле. Бу сапар ажал дегениң алмайын куткарбасын, чындап тооруп калганын билди.

Ыкшыткан жөтөлү кайра кычаганда, отургучту чукул тартып, өбөктөп отура калды. Өбөктөп алып жөтөлдү. Кан кусуп ийчүдөй жөткүрдү. Арык ийиндери солк-солк эткенде өпкөсү үзүлүп кетчүдөй туюлду. Жөтөлү тыйылганда калчылдаган арык колдорун акырын созуп, суургучту тарткылады. Мындайда суургучуң да моюн толгогонсуп, эпке келбей калат эмеспи, эки-үч ирет копшоп тартканда жарым-жартылай араң ачылды. Актай барактуу көк дептерди, калем сап алды ичинен. Ал бүгүн качанкы бир шертти бузууну чечкен эле.

“Вице-президент” атыгып дебедикпи, кырк биринчи жылында караламан журт күргүштөтө айдалчуда элчилеп кошо согушка аттанып, жөн аттанбай “Сталин үчүн!” деп айгайлап ураан чакыра аттанып (анткени, “лейтенант!” деген чени бар болчу), жазмышы ошол экен, ойдо жок жерден каргыш ургур немистин колуна түшүп кашайып, ойдо жок жерден немистин көгүштүү кийимин кийинип, немисиң идиректүү туткундарды өзүнчө иргеп, оруска каршы өкмөт курачуда “Түркстан комитети” деп каадалуу ат күткөн ошол уюмга вице-президент боло калган эле да, ал жоругу  үчүн кийин өлүм жазасына тартылам го деп түңүлүп турганында, кудай жалгап атууга кетпестен он беш жылга Сибирге айдалып эшейип, ошондо колуна экинчи сыякалем албаска касам ичкен эле. Ошол шертин бүгүн бузууну чечти. Он күндөн бери ой-санаасы менен алпурушуп, оонап жатканында, “Тяньшанга кат жазып коёюн, балким жаза тайып колуна тийип калар, балким эртегидеги Карачородон бетер тегин кууп келмеги бардыр, балким бейитимди издеп келип-кеткендин бир ыгын табар, эң башкысы, ың-жыңсыз кетпегеним билинсин!“ деген ой жеңип кетти. Жумуруна бекем каткан бир купуя сырын көрүнө ала кеткенден көрө кагаз бетине түшүрүп коюну эп көрдү.

Жадакалса үстүндөгү жакасы сүзүлгөн көйнөгүн оорсунуп турган жаны көк дептердин ортосунан актай эки барагын тарткылап, этиет ажыратып алды да эндейинен жазды. Калем сабын колго алып, шилегенде эле катты: “Mein geliebter und lieber Sohn!”[i] – деп шыр баштады.

II

Кырк биринчи жыл болчу анда. Азыркы Дзержин бульварынын боюндагы кыркалекей заңгыраган үйлөрдүн биринде жашачу. Ооба, кадимки эле мынабу калың бактуу Дзержин бульварында! Минтип тууган-урук түгүл, жалпы эл ичин ээн аралагандан түңүлүп, туугандыктан эбак кечип койгон айылына сандалып барганды намыс көрүп, айтор жек-жаатка да имерилгенден биротоло корунуп, калаанын бир кычыгына тыгылган жепирейген жер кепеге күйүттүү болуп корголоп калам деп ким ойлоптур, кечээги көчмөндүүнүн кара тоголок баласы Фрунзеден өз алдынча баш баанек күткөнү калаанын чок ортосунда, Дзержин көчөсүндө, номур 34-үйдө жашачу! Ооба, 34-үй! Кызматтуу эле, кызматынан ошол жердеги эки кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан, терезеси Дзержинди караган бетинен бир бөлмөлүү жатакана тийген эле. “Мен деле элимдин “элим” деген намыстуу уулдарынанмын! Элимдин жаман-жуманынан эмесмин! Атанын баласымын!” – деп ойлочу а кезде.

Кайран гана, Дзержиндин бульвары! Өмүрдүн кандай гана керемет, кайталангыс ирмемдерине себепкер болду эле, күбө болду эле! Эки өңүрүн бойлото кашка суусу шылдырап аккан арыктарды жээктей басып, дүпүйгөн эмен бактарын, калдайган кара жыгачтарды аралай сейилдеп, эмне деген гана таттуу кыялга баткан жок! Ак калпактуу кыргыздын бирден китепкап кучактап, маңдайлары жаркылдап, кадамдары шартылдап өйдө-төмөн баскан уул-кыздарынан кем калышпай кыялданды. Ошол себептенби, айтор, жаңы заман тууралуу жаштык ырын жазбасамбы деп күүлөнүп да жүрчү!

Ошол жыл бактылуу башталды эле.

Кыштын күнү болчу. Кар да калың жааган. Калың кар жамынганда Фрунзең тунжурап калгандай  туюлат. Заман жаңырган сайын боло келчү жосунбу, андай болсо дагы канча мертебе заман жаңырат ким билсин, айтор, большевиктер бир аз мурдараакта ушул турган көчөлөргө туташ жаңырта ат коюп, далай кыргыздын убалына калган жексур падышанын аттарын бир сыйралап өчүргөндө, Дзержинди туурасынан кескен даңгыр жолдуу көчө “Токтогул көчөсү” деп өзгөрүп калган, ошол көчөнүн күн батыш жагынан кар малтап келип, Дзержинге бурулганы жатса, курбусу алдынан утурлап чыкты. Эңтендеп шашып алган. Малакайын кежигеге түртүп ийип:

-Сени чоңдор издеттирип жатат! – дейт.

-Кайсы чоңдор? – дептир.

-Жазуучулар Союзунун лөктөрү! – дейт.

-Кимиси? – деди.

-Иши кылса чачтарын желкеге тараган сөөлөттүү немелер, – деди курбусу.

С. А-нын жүрөгү бир “болк” этип алды. Бу большевиктер амалды алганы көчмөндүү элибизден  үлкөн-үлкөн жазуучулар чыкты, катарлары жоон топ болуп калды. Ошолордун жолоюн туурап Үркүн жайында үзүктөй аңгеме чүргөдү эле. Кыйла жылдан бери жүрөгүн эзип, сай-сөөгүн сыздаткан бир окуяны: Кытайга качып бараткан жолдо бир урук элдин куугун салган казак-орустардын колунан түгөл кырылганын, ошол уруктан бирөө да тирүү калбай, бала-бакырасына чейин өлүм таап тукум-курут болгонун жазган, ошону Жазуучулар Союзуна жөнөтүп ийген. Жооп укканы жатканына кубанды. Өздөрү атайы издеп келгенин ар түрдүү боолголоп, “Жактырышты көрүнөт!” деген сүйүнүчтүү ой сокту адегенде. “Кемчил жерин таап, жактырбай коюшсачы!” деп күмөн санады бир туруп.

-Каякта турушат? – деди С.А.

-Училишенин ичинде, – деди курбусу.

Кесилиштен жүз кадамчалык тоо беттеп баса түшкөндө, калаанын эң кооз имаратынан саналган эки кабат жай бар. Кимиси салса да кирпичин кынаптап, терезелеринин борумун таап, кылымга тургудай келиштире салган. Келиштире салганы ушу, маңдайы жумуру мындай имаратты башка таппайсың. Ошол жумуру маңдайы көчөнү түз карабай, саал капталга кыңайып, тим эле Москва-Ленинграддан орду-түбү менен көчүрүлүп келгендей заңкаят. Кире беришиндеги килейген залы колонналарга шыкалып, анысы шыпты тиреп турат. Жаңылбасак, ошол учурдагы номуру отузунчу болсо керек эле.

Ээрчишип анда келишти. Өтүктөрүнүн карын жер тепкилеп күүп, ичкери киришти. Эшик кайтарган сакалчан мужук С.Анын өзүн төркү бөлмөнү көздөй жалгыз өткөрдү эле бөркүн колтугуна кысып, каалганы черткиледи. “Кир, кире бер” деген үндү укканда, тонун чечпестен анда отургандардын үстүлөрүнө салам айта кирип барды. Деректирдин кашында Жазуучулар Союзунан келген лөктөр чалкалай отурушуптур. Чачтары желкеге таралуу, өңдөрү сүрдүү, кебетелери сөөлөттүү. Ылдыйрак отурганы кең далылуу, олбурлуу экен, эңишке түшүп жүргөндөй дүңүрөйгөн неменин жазуучуларды туурап чачын артка кайрып, акын-жазуучулардын арасында адашып эмне кылып жүрөт дегендей таасир калтырды.

-Аа, мынакей келип калды. Силер издеген шыктуу жигит ушул! – деди деректир маашырлана.

-Алеки салам, баатыр! – деди өйдөрөөк отурганы суктана карап. – Кел, маңдайыбызга отурчу.

С.А.  жазган он алты барак аңгемеси булардын купулуна толгонун болжоду. Маңдайларына коомай отура калды.

– Сенин чоң жазуучу болчу жайың бар турбайбы! – деди олбурлуусу күлүмсүрөп.

Мынчалык мактоо болобу, С.А. терисине сыйбай кубанды. Оболу ал-жайды сурашты. “Кайсы жердин, кайсы элдин кулунусуң? Комсомолсуңбу, же партиясыңбы? Ал элден болсоң, баланча деген атактуусу бар эле, аны тааныйсыңбы, тигил элден болсоң, түкүнчө деген мыктысы бар эле, аны тааныйсыңбы?” деп бир аз кобурашты. С.А.нын баатыр жүргөн ата-бабаларынын жайын учкай угушкан соң, “Жакшы жердин урпагы турбайсыңбы! – дешти. Анан барып кептин нугу  С.Анын жазгычтык өнөрүнө ооду.

-Калемиң кадыресе төшөлүп калыптыр, баатыр. Мурда жазып жүрчү белең? – деди өйдөрөөктө отурганы. – Же манасчылык шыгың барбы?

Сөздү озунуп баштаганына караганда улугураагы ушу көрүндү.

-Жок. Тырмак алды чыгармам, – деди С.А. – Бала кезде гана “Манас” айта калчумун.

-Ошондой! – деди тигил. – Манасчылык шыгың болгон үчүн жазып жүрөсүң да! Дагыле айта каласыңбы?

-Жок. Чолом көп тийбей. А көрө Үркүндү терең жазсам деп талаптанып жүрөм.

-Үркүндү жазып түгөтө албайбыз го. Керек болсо, эмки кылымда да тынбай жазыла берчү тема! – жазуучу бир кылымдык келечекти да көрүп турган олуядай оозду ачырып сүйлөдү, – Бирок сенин жазганың өзгөчөлүү экен. Окуяны кайдан алгансың?

-Болгон окуя, – деди С.А. – Саяк кыргызы баштан кечирген окуялардан. Аңгемедеги адамдардын бизге тууганчылыгы бар эле!

-Аа, ошондойбу! Ыймандары саламат, жаткан жерлери жайлуу болсун! Бир атанын урпактары түгөл кырылат деген эмне жакшылык! Убалдары жетсин! – деди.

Үнү каргылданып, ызаалуу чыкты. Өңү үрпөйө түштү. Деректир болсо башын шылкыйтып, үшкүрүнүп алды.

-Убалы жеткени үчүн падыша өзү жексен болду го! – деди добушун бийик салган экинчиси сөздү буруп. – Мен кийин сары изине чөп салып көрдүм да. “Кыргыздарды аёосуз кыргыла” деп буйрук чийген генералы болгон экен. Иликтесем аты Фольбаум экен. Изи Алматыдан чыгып жаткан. Кырылган кыргыздардын кегин алайын, тирүү болсо тирүүлөй канын ичейин, өлүү болсо мүрзөсүн ачып сөөгүн чачайын да ата-бабанын адатына салып кар жилигин ошол жерге кагып келмекчимин деп атайы Алматыга баргам. Ошо кишинин мүрзөсү орду түбү менен жок болгон экен, тобо. Менден башка да өчөшүп жүргөндөр көп окшойт, мага чейин эле көрүн ачып, сөөгүн чачып ийишиптир! Өз колум менен кар жилигин какпай калдым да!

-Тобо! Ошондой бекен? – деп деректир таң калгандан жакасын карманды. – Качан барып жүрөсүң?

-Ооба, ошондой! – деди. – Миң тогуз жүз жыйырма төртүнчү жылы баргам.

-Автоном облус атанып, өзүбүзчө бөлүнгөн жылыбы! – деди деректир.

-Ооба, ошондой, ошондой! – деп коштоду шериги. – Жоо сайып, журт коргогон баатырлардын урпактарынан да, бу азаматыбыздын ошол каргыш ургурдун мүрзөсүн издеп Алматыга чейин барганы чын!

“Кандай гана намыстуу агаларыбыз бар!” деп суктанды С.А. тигини жалдырай карап.

“Аталары кайсы жоону сайган баатырлардан болду экен? Калмактыбы, же башкасынбы?” деп бүшүркөп, аны азыр сурай турган жер эмес болгондуктан ооз ачканга дааган жок. Жарыктык киши үркүндө боо түшүп кырылгандардын кайгысын тартып жүрүп эле калем кармап, ошол себептүү жазуучулукка ооп кеткен жайы бар го деп түшүндү түрүн карап.

-Сени атайы издеп келгенибиздин чоо-жайы мындай, баатыр: келерки жылы Үркүндүн жыйырма беш жылдыгы келатат. Ошону чоң белгилейбиз. – деди улук жазуучусу. – Ошого утурлай оголе көп китеп чыгарабыз. Сенин аңгемеңди өзүнчө китеп кылып чыгаруу жагын партияга сунуштаганы жатабыз. Кандай дейсиң?

Кебинин ушул жерин укканда С.А. толкунданып, толкундангандан таноолору дердейип, өпкөсү көөп чыкты. Жазганы китеп болуп чыгат, өзүнчө китеп болуп чыгат деген эмне таалай! Атпай журттун баштооч жазуучулары менен катар болуу эмне деген ырыс! Көзүн жайнатып, башын ийкегилей отурду.

-Бирок чыгармаңдын бир кемчили бар, – деп сөзүн улады жазуучу. – Бир уруу элден бирөөсү да тирүү калбаптыр. Ошол жерин өзгөртсөң, оңдоп жазсаң канитет? Жок дегенде жаш балдардан бирөөнү кокустан аман калтыртып, анан аны тоо-ташта тентип жүргөн чагында большевиктерге туш келтирип, уруятты көргөнүн кошсоң, мынабу күндүн талабына куп жарашкан турат!

Олбурлуу шериги бу жарыкчылыктан “Толстой” деген жазуучу жашап өткөнүн жаттап алган неме экен, кошо сүрөдү:

-Сенин колуңан келет. Кыргыздын Толстою болчу жөндөмүң бар экен! Көп созбо!

-Жарайт! – деди С.А. дароо эле, – Соңун оңдоп жазайын. Анда чыгарманын атын да өзгөртүшүм керек.

-Албетте. “Мисмилдирик” эмес, башкача аталыш арна. Көркөм чыгарма жазуунун өз эрежеси, адиси болот. – деп үйрөттү жазуучу, – Сен жанагы алыс туугандарыңдын мисмилдирик болбогонун, арасынан бир тестиер баланын кудайдын амири менен аман калып, ырысы бар экен, акыры большевиктерге жолугуп, жакшылык көргөнүн эле кош. Калганы жайында экен.

Мына ушундай сөз болгон. Китеби чыкмак болгон. “Жазбасамбы!” деп шымаланып, калк жазуучусу атанууга, кара чачты желкеге кайрып, мындан ары өңчөй акын-жазуучунун катарында жүрүүгө камданып жатканында, орус менен немисиң эжелден ит менен мышыктай бир-бирине өч экен, кан ичмесин карматышты да, жөн согушпай согушуна кыргызыңды кошо аралаштырышып шорубузду катырып, ал бактысы буйрубай калса болобу!

III

Мунун баарын эмнеге эстеп ийди? Кылт этип эске түшкөндүн баарын тизмелеп жазып, айтып берүүнүн канчалык кажети бар? Алыста калган, анан да “кыргыз” деген эл барынан кабары жок немеге канчалык кызык? Бүт өмүрүн майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса кагаз-калем түтөбү да убактысы жетеби?

“А көрө өзүмдү, түз эле өзүмдүн жайымды түшүндүрөйүн” – деп ойлоду С.А. чыйралып. Бул кат эртедир-кечтир ээсин табабы-жокпу, тапса кандай жол менен табат, ким аркылуу жетет, ага башын түк ооруткан жок. Эң башкысы – жазып үлгүрүүсү керек. Дарегин айтып, дайындап коюуга үлгүрмөгү керек! Эртеңкиге калтырууга болбойт. Маселен, жаза тайып бүгүн түнү үзүлүп кетсе, жазылбай калбайбы. Өпкөсү үзүлчүдөй жөткүрүп жаткан ушул мүнөттөрдө чымындай жаны үзүлүп кетсечи? Чымыркана түшүп, калемин шиледи. “Ich habe mich schlieblich dazu entschlossen, ihnen das zu schreiben … “[ii] – деп улантты катын. Катасыз жазууга тырышты. “Вице-президент” атыгып жаманатты болгону менен немистен үйрөнгөн бир өнөрү боло турган, немисче катасыз жазчу. Жазганы келгенде анча-мынча немистен өөдө болчу. Катасыз эле жазып жаткан болушум керек деп ойлоду.

Ал жер түбүндөгү немистин арасында, болжолу немистин ФРГ тарабында, Мюнхен-Сюнхен деген шаарлардын тегерегинде немка энесинин колунда калган, анан да ата жагынан “кыргыз” экени менен түк иши жок өмүр сүрүп жаткан кайсы-бир жигитке кандайча ата болоорунун чоо-жайын түшүндүрүүнү эп көрдү. “Ich bin dein Vater!”[iii] – деп жазды.

IV

Мурдагылардын маңдайына эмне жазылганын өлчөп болбойт, кийинкилердин маңдайына эмне жазылуу экенин болжоп болбойт, атаңгөрүү, Жараткан жыйырманчы кылымдын кыргызынын маңдайына тамашаны ченебей жазыптыр. А болбосо, жоо сайганы барып эле немиске колго түшүп калам, кудай уруп, кайнаса каны кошулбаган немистин тарабында болуп калам деп ким ойлоптур? Шоруң каткырдын маңдайына андай күндү көрүү да жазылган экен. Ооба, элчилеп согушка барасың, мылтык сунганды чала-була үйрөнө сала “ураалап” урушка кирген болосуң, миңдеп-миңдеп боо түшүп кырыласыңар да кырылгандан калганың миңдеп-миңдеп курчоодон чыкпайсыңар, анан күргүштөтө колго түшкөндөр менен түртүшүп, аргасы түгөнгөндүн арасында жүрөсүң деген буйрук жазылган экен маңдайына.

Согуштун башында эле, кырк биринчи жылдын август айында эле туткунга түштү. Кудай бетин салбасын, немисиң орусту а-буга келтирбей эле Минскисин алганда, тагдыры кошо чечилиптир көрсө. Бирден-экиден эмес, ондон-бештен да эмес, миңдеп-миңдеп колго түшөт деген эмне шерменде! Бакыйган генералдарың баш болуп жер жайнап колго түшөт деген эмне жакшылык! Жаман оюнда орустун генералдары эзели колго түшпөйт деп жүрүптүр да көрсө. Кайдан-жайдан жүрүп ал ойго биротоло тунуп, ишенип алган!? Генералдар колго түшкөндө эле чогуу түштү.

Тикенектүү зымдар менен курчалган лагерлерге тыгылып, жарадарлар менен ал-күчтөн тайыгандар жутта калган малдай четинен кырылып, акыр заман маңдайдан тооруп турганда жаны бир кейиди. Ата-бабасынын көзү көрүп, кулагы укпаган жер түбүндө ит өлүмү менен өлөт деген эмне кордук? Көрөр күнү ит өлүм беле? Жердин барында эле уруш болуп жатыптыр, эгерде майдандын башка жагында, башка армиясында жүрсө көргөн күнү башкача болот беле?  Бул жактын жаман генералдарын эмес, башка жактын жакшы генералдарынын армиясында жүрсө, балким, туткунга түшмөк эместир…  Ушинтип кейиди. Алортодо жарадарлар менен ал-күчтөн тайыгандар жутта калган малдай кырыла берди, кырыла берди. Тороюп өлүп калгандарды немистер четинен сүйрөтүп, бир аңгекке көмдүрө берди, көмдүрө берди.

Эми мындан аркы көргөн күнүбүз не болот, кайсы күнү ачкадан өлөбүз деп каңырыгы түтөп турганда, немистер өңчөй мусулман баласын орустан өзүнчө бөлүп кошуун кураса болобу. Аты угулуу Мустафа Чокой уулу[iv] деген кашкөйдү ошол жерден көрдү. Немистин жашыл-көгүш кийинип, кайкая баскан генералдарынын коштоосунда лагерге калбаат басып келгенинде көрдү. Бу жашоодо далай эле кара жаак чеченди, таңдайынан чаң чыккан сөздүүнү көрдү го, бирок чиркин, адамдан ошондой чечен чыгаарын биринчи көрүшү. Миңдеген туткунду кыркалекей тиздирип, жыйырма мүнөттөй жаагын жанып сүйлөдү. Оболу казакча какшана сүйлөдү, анан орусча сүйлөп, аягын такылдап немисче бүтүрдү. “Эркиндикти көксөгөндөр ээрчигиле мени, азат Түркстанды жаратабыз!” деп ураан таштады эле, кудая-тобо, лагердин ичи уюлгуй түшкөнсүдү. Көздөрү эле жалдырап, алдан-күчтөн тайыгандан заманасы куурулуп турган экен, элдин баары эле “мен эминеге чирип өлүшүм керек!” деп турган экен, топураган туткундар ошол жерден эле чурулдап аны ээрчип кетти. Жүздөп-жүздөп ээрчиди, миңдеп-миңдеп ээрчиди…

Көңүлү ушунчалык калган экен, С.А. ошондо минтип ойлоду:”орустун убал-соопту ойлобогон генералын ээрчип бейишке барганча, Чокой уулун ээрчип тозокко барайын!” Деди да немистин сунган формасын алып, үстү-башынан бери кийинип алды.

Кайсы бирин айтасың, эки-үч жылдын ичинде ошондогу чуулгандуу окуяларга аралашып жүрүп Түркстан легионунда ротанын командири да болуп ийдик, башка командири да болуп ийдик, “вице-президент” деген лакапты жармаштырып аты чуулуу “Түркстан комитетине” да иштеп ийдик, немис берген акчанын эмнесин аяшмак, ушул эле жетишпей жаткансып “Миллий Түркстан” деген калың журнал да ачып ийген жайыбыз бар.

Эми, С.Анын азыр эстейин дегени да, айтайын дегени да башка. Эзелтеден камыр-жумур болгон казакты айтпай эле коёлу, көчмөн жүргөн кыргыз баласынын мынабуле ала допу өзбек менен ала чапан тажиктен кыз алганын угуп жүрөбүз, аңгычакты жаңы заманда татардан тандап кыз алуу өнөргө айланды, а бирок немистен катын алгандын жолоюн үйрөткөн туңгуч кыргыз С.А. болуш керек.

Жүрөгүн алигиче толкуткан, көзүнүн кычыгына ысык жаш толтурган ошол окуясын эстеди.

Кудай-таала адамга сүйүүнү ыраа көрөм десе, элсизде жүргөнүңө, карыпчылык тартканыңа деле карабайт турбайбы. Балким аны кудай-таала ошентип сактап, ошентип аягандыр. А балким ошентип дагы бир сыноону башына салгандыр. Же сүйүүнүн дегеле ары жок болот окшобойбу. Иши кылса бир сыноо.

Боз улан чагында алакандай Фрунзенин көчөлөрүндө түз басканга араң көнгөн неме оболу Берлиндин көчөлөрүн аралаганда сөөлөттүү кишилер кымгуут түшө кирип-чыгып жаткан имараттарын аңырая карап, каршы-терши зуулдап чуркаган капкара машинелерди, чоочун турмушту үркө карап, түшүндө көрүп аткан окуялардай туюлуп кетээр эле. Акылдан адашып, эки эстүү болуп бараткансып:“Түшүм экени анык болсо качан ойгоном?” деп коёр эле. Доошун чыгара келме келтирип, күбүрөнүп ийчү.

Бир курдай күбүрөнүп алып, “Адлон” отелинин жанынан өтүп бараткан. Анын үн сала күбүрөнгөнүнө таңыркадыбы, же кыйгач көздүү жапан неме оберст-лейтенанттын формасын жаңылыштан кийинип алып Берлинде кайдан жүрү адашып дедиби, айтор көзү көк, чачы сары, орто бойлуу, жашы жыйырма бештерден озбогон немис айым аңырайып эле тиктеп калды. Аны байкай калган С.А. башын көтөрүп, боюн түзөп, немистин аскеринен калышпай колун бийик созуп, үн салып учурашып койду. Немка күлкүсүн тыя албай, каткырып ийди. Анын шылдың күлкүсүн суу сепкендей тыяйын деген С.А. :

-Мен деген оберст-лейтенантмын, фрейлина! – деди.

-Самурай? – деди немка ууртун араң жыйып. – Сен – самурай?

-Оберст-лейтенант! – деди С.А.

Фрейлина Эриканы алгач ошондо көргөн, алгач ушинтип көргөн. Ошондон кийин “Адлон” отелинин жанынан күн алыс жай басып өткөндү эрмектечү болду. Кокус кашынан баягы көзү көк, чачы сары фрейлина чыга калса апкаарыбай колун бийик созуп, аскерче учурашып койгонго ичинен камданып жүрдү.

Кырк үчүнчү жылдын кеч күзү эле. Кечке маал болчу. Жумуштап жүргөн түр жасап, “Адлон” отелинин алдында бараткан. Булактап кайсы бурчтан чыга калат деп көз кырын тегерекке чаптырып коёт. Көптүн ичинен тымызын издеп коёт. Бу сапар көзү көк, чачы сары фрейлинаны окчунураак жерден таанып калды. Ашыгычтуу басып бараткан экен, шашкан бойдон отелге кирип кетти. Мойнун буруп, жалт карап коёбу деп үмүттөндү эле, анын мойнун буруп карап койбогонуна абдан кейиди. Бул саам фрейлинанын бийик өкчөлүү, кончу узун кызыл өтүгү, көгүш плащы эсинде калды.

Эми С.А. күн сайын “Адлон” отелинин жанынан жай басып өткөндү жактырчу болду. Жолдошторунун көзгө көп илинбей башка жол менен кайталычы дегендерине кайыл, кайрылып шампан иччүдөн бетер “Адлондун” жанынан басам деп көшөрчү болду.

Бир байкаганы, “Адлон” отелинин тушунан кудайдын куттуу күнү фортепиано жаңырып турар эле. Ошончодон немисиң кары-жашы, аял-эркеги дебей бир музыканы артыкча сүйүп угушчу. Кийин билсе, көбүнчөсү Бетховенди ойнотушчу экен. Кудайдын куттуу күнү Бетховен жаңырып турар эле. Кийин билсе, “Айлуу түн сонатасы” экен. Кудайдын куттуу күнү “Айлуу түн сонатасы” жаңырып турар эле. Кийин билсе, үч бөлүп ойнолот экен. Үчөө үч башка ыргакта ойнолуп, үч башка маанай тартуулап турар эле. Үчүнчү бөлүгү ойнолуп жатканда өзү да негедир жактырып угуп, “бирөөнүн сүйүү арманы тууралуу го, капырай, фортепиано да ушунча какшанып сүйлөйбү!” деп коёр эле. Кийин билсе, чын эле ашык болгон сулуусу чанып кетип, өкүттө калган жигиттин сүйүүсү тууралуу экен.

“Адлон” отелинин жанынан каалгый басып өткөн өнөр тапкан С.А. эми Бетховен ойнолуп жаткан маалга туш келип калганды болжочу болду. “Айлуу түн сонатасынын” үчүнчү бөлүгү жаңырып жатканда кадамы жайлап, көңүлү толкунданып кетчү болду. Шылдыңдуу каткырса деле мейли, көзү көк, чачы сары, көгүш плашчан, кызыл өтүкчөн сулуу маңдайыман шыңкылдап чыга калса эмине деп самачу болду. Аңгычакты кыш кирип, жаңы жыл жакындап келатты.

Кийин ойлоп бакса, ошол тегеректе сүйүүсүн тосконго даярданып жүргөндөй эле темселептир. Бир-эки ай темселеди. Акыры Аламүдүндү жээктеп басчуда ырдалбаган ыры ушул жерде ырдалды, Ала-Арчаны бойлоп басчуда ырдабаган ыры ушул жерде жаңырды.

Анысы мындай болду. Немистердин “Вайнахтен”[v] деген майрамы болот, немис майрамынын төрөсү болот, декабрдын этегине туштап майрамдашат, ошол күндөрү бирин-бири көргөндө:”Фро Вайнахтен! Фро Вайнахтен!”[vi] деп куттук айтышып, шаар шаңга бөлөнүп, калк шатыра-шатман түшүп, үч-төрт күн тойлошот. Пайгамбар аттуунун туулган күнү мынчалык чоң тойлонот деп эч ойлобоптур. Ошол майрамга жуук, жыйырма төртүнчү декабрда “Миллий Түркстан” журналынын редакциясында зеригип отуруп, ал ортодо эриккенден экиден-үчтөн бөлүнүп керели-кечке карта чабышып, кечинде эки жүз грамм шнапсты эки бөлө тартып ийди да шарт чыгып кетти. “Жок жоготконсуп “Адлон” жакка жөнөдүңбү дагы?” – деп бакылдашты өзбек жолдоштору. “Бауырым, ушу сен соо эмессиң-ау!” – деп шаракташты казак жолдоштору. “Журналыбызга ылайыктуу материал ойлоштурайын!” – деп тамашалады С.А. “Орусту дурустап сөккөн материал бербесең, журналыбыз окшошпой жатат,” – деди казак курбусу.

“Адлон” отели жакка барды айланчыктап. “Экинчи кабатында жүрөбү, же бешинчи кабатында жүрөбү?” деп башын көтөрүп карап коёт. “Үчүнчү кабатында жүрөбү, же төртүнчү кабатында жүрөбү?” деп утур башын көтөрүп, фрейлина көрүнүп калчудай сезилип отелдин терезелерин сыдыра карап коёт. Отелди бир айлангандан кийин ичине кирип барды. Фойеде фортепиано ойнолуп жатыптыр. Отель кызматкеринче кийинген айым утурлай чыкты.

-Кош келдиңиз, оберс-лейтенант! Кандай жардам керек? – деп эчаккы таанышынан бетер жаркылдап тосуп алды.

Бүшүркөтүп өңү жылуу учурайт. Бир шылтоону айтууну ойлонгуча тааный калды. Мынабу жароокер кыз – издеген кызы эмеспи! Отель кызматкеринин кийимин кийинип, чачын түйүп алса эле тааныбай калган тура!

-Фро Вайнахтен! – деди С.А.

-Фро Вайнахтен! – деп күлдү фрейлинасы.

Апкаарытпай сүйлөтүп ийген шнапстын күчүн карачы, капырай! Апкаарыбастан:

-Менин атым С… ! – деди С.А.

-С… С… Оо, кызык ат экен. – деди фрейлина. – Эмне жардам керек?

Коош, эмне жардам керек болмок эле? Эмне жардам издеп келди эле? Эмне жардамга муктаж эле? Жардам…  Кандай гана жагымдуу, адамды имерген сөз!

-Сиз менен таанышканы келдим! – деди С.А.

-Менин атым Эрика, Эрика фон Дитрих! – деди фрейлина.

Экөөнүн тааныштыгы ушинтип башталды.

-Немисчени мынча жакшы билет экенсиз. Кайдан билип жүрөсүз? – деди фрейлина.

-Ушунда иштеймин. Кызматтамын.

-Кызматтамын?

Фрейлина аябай таңыркады. С.А. кайсы кызматка салынгандагысын айтты эле, андан бетер таң калды. Ал эми кантип кызматка салынгандагысын айтууга шарт да, убакыт да жок эле, ал жагын купуя калтырып, майрамдан кийин жолугушууга убадасын алганга сүйүнгөн С.А. эки жагын элеңдей карады да фойеде көп турбай чыгып кеткен.

Ошол күндүн эртеси шаар Иса пайгамбардын туулган күнүн тойлоду. Чокунгандын деле түшүн жооруган билермандар бар экен, “Иса биздин деле пайгамбарыбыз” дешип жолун таап адалдап коюшту эле, “Түркстан комитетинин” жоон топ кишилери чогулуп, үстөл жасашкан. Немис берген бекер акчаны марттык менен сапырышып, үстөлдү кенен жайышкан. Жыйырма бешинчи декабрда күндүз башташты эле, түнү бою тойлошту. Шнапстар агылып, шампандар төгүлүп, немистен калышпай тамактары айрылганча айкырышып, түнү бою “Фро Вайнахтендеп” кыйкырышып, бугун чыгарышты белем. Абыдан кызып алышканда, кимдир-бирөөлөрдүн “Ачууну ачуу басат!” деп күңкүлдөгөнү угулгандай болду. “Күйүттү шнапс  гана басат! Рюмканы көңтөрө жут!”- деген сөздөр угулгансыды. С.А. фрейлина Эрика менен таанышкандыгын тойлоду. Маңдайынан чыга калганда тили так келип “Фро Вайнахтен!” дегенин эстеп, “атым – Эрика” деп айтканын, “атым – Эрика” деп айттырганын эстегенде делебеси козголуп, коштошордо аппак колун учунан аяр кармаганын утур эстеп, майрамдан кийин жолугушууну убадалашканын ансайын эстеп, “куру убада берген жоксуңбу?” дегендей көзүнө тике караганын, жүрөгү даап тике караганга батынганын кайра-кайра эстеп, эстеген сайын жүрөгү туйлап, катуу тойлоду. Ансыз эле тойлоду. Катуу ичти, жалаң шнапс тандап ичти. Эң башында рюмкалап ууртады, аягында бөтөлкөнү уучтап кармап, оозунан кулкулдата жутту.

V

Эмне балакет ичсе, эмнени жутуп ийсе бу ыкшыткан жөтөлү жок дегенде эки саатка тыйыла түшмөк? Эмне балакет ичип, эмнени жутуп ийсе ыкшыткан жөтөлү бир азга тыйылып, жазчусун тынч отуруп жазып алмак? Кайрадан ыкшып жөтөлүп, жөтөлү тыйылганда башын көтөрүп, түпсүз ойго кайрадан чөмүлөт. Бир сапты ирээтин келтирип жазганча, ирээтсиз ойлор чубурат.

“Und damn habe ich dir den namen Tienshan gegeben!”[vii] – деп бадырайта жазды. Жазды да кайрадан ойго батты. Ирээтсиз ойлор чубурат.

“Экөөбүздүн кантип, кайдан жолукканыбызды уулуңа айтып бердиң бекен? Кур дегенде бир жолу! Атын өзүм койгонумду эсине салдың бекен? Кур дегенде бир жолу! Эс тартканда атасынын жайын сураганга жарадыбы? Кур дегенде бир жолу! Ачыгын айттыңбы-жокпу? Айтканга жарадыңбы-жокпу? Атын “Тяньшань” деп койдум эле…”

Ой учугу узарып, ой түбүнө чөмүлгөндөн чөмүлүп отурган С.А. фрейлина Эрика менен оболу күн алыстан жолугуп, соңунда күн сайын жолугуп жүрүп, өтө ынак болуп кеткенин эстеди. “Уулдуу болдук дедиң эле. Менин айтуум менен атын “Тяньшань” койдум дедиң эле… “ – деп эстеди. “Жашоомдо андан өткөн ынак адам күткөн жокмун, капырай! Андай жакын адамды өмүрүмдө экинчи жолуктурганым жок!” – деп ойлоду.

VI

Кырк төртүнчү жыл кирип келип, элсизде жүргөндөгү кайгысы, түпөйүл санаасы жеңилдеген жыл болду ошол жыл. Күтүүсүз жерден Эрикага туш келгендеги таалайы үчүн ошондой сезилди көрүнөт. Кең ааламдын эмне кайгы, эмне азапты тартып жатканы менен иши болбоду, эки жаат, үч жаат болуп жоолошкон адам баласы бир-биринин түбүнө жетмектин антын ичкенсип, бирин-бири түгөтчүдөн бетер чындап кырылышып жаткан, аны менен түк иши болбоду.

Оболу колунан кармады. Ошондо Ала-Арча менен Аламүдүндүн боюнан буйрубай калган колду эми кармагандай болду. Өбүшкөн күн да келди. Боз улан кезинде Ала-Арча менен Аламүдүндүн боюнан буйрубай калган өбүшүүдөй сезилди.

Табыштырам десе табыштырып койгон кудай-таалаң кошом десе кошуп деле коёт экен да, кышты кыштай катарлаш басышып, февралдын кычыроонунда кыналыша басып жүрүшүп эле, бир курдай экөө отелде, бир бөлмөдө, бир керебетте бир жаздыкты чогуу жазданып, чогуу түнөп калышты. Буйрук да. Суукка кайыккандан отелдин ээн турган эки орундуу жылуу бөлмөсүн алышкан эле. Төртүнчү кабаттан экен. Кирип барышты. Кирип барар менен бир-бирине ыктап, бири экинчисинин кыйгачтуу кара көзүнө арбала тиктеп, экинчиси анын көк асмандай терең көк көзүнө чөгүп кетчүдөй суктана тиктеп, саамга турушту. Ал эми көкүрөктөрү тийишип, эриндери ысык чапташарда бир-биринин кийимин чала-була сыйрып ийишти да кучакташкан бойдон жумшак керебетке кулап түшүштү. Оонап эле калышты. Кең ааламдын эмне кайгы, эмне азапты тартып жатканы менен иштери болбоду. Адам баласы кең ааламга батышпай кырды бычак түшүп, жаат-жаат болуп кырылышып жатканы менен түк иштери болбоду.

… … …

Эстерине келгенде С.Анын жылаңач көкүрөгүнө башын жөлөп, кең соорусун чала жаап, кыңая жаткан Эрика минтип сүйлөдү:

-Мен эми фрейлина эмесмин. Мындан ары фрау деп жүр! – деп

жылмайды. – Фрау Эрика фон Дитрих!

-Жарайт, фрау Эрика фон Дитрих! – деди С.А.

-Сүйүүдөн же эркек, же кыз төрөлөт. Эркек төрөлсө атын ким коёлу? – деди Эрика.

Десе С.А. саамга ойлоно түшүптүр.

-Атын Тяньшань коёлу, – деди компоюп.

-Кандай? Кандай?

-Тяньшань. Мен туулуп-өскөн тоолордун аты.

-Кыз төрөлсөчү?

-Ойлонуп көрөйүн…

-Кызга жарашкан тоолордун аты жок беле? – деп күлдү Эрика.

Десе, С.А. түйшөлткөн суроо берилгенсип, дагы ойго бата түшүптүр.

-Сен өзүң ким коймоксуң? – деди ылайыктуу ат таппаганында.

-Анн, – деди Эрика.

-Сонун ат экен, – деди С.А.

-Анда уулдуу да, кыздуу да бололу, – деди Эрика.

-Макул! – деди С.А.

Эриканын сөзү экөөнү кайрадан эритип, кайрадан күүгө келтирди.

Балкышкан бойдон бир-бирине чапташып калышты.

Тяньшаны жаралып жаттыбы, же Анн жаралып жаттыбы, айтор, таң

атканча кумарга батышты. Бирде Тяньшандуу болууну кыялданышып, бирде Анн аттуу кыздуу болууну кыялданышып, айтор, отелден таң атканда араң чыгышты. “Чыгыш фронт”, “Батыш фронт” болуп бөлүнүп,  тынчыбай жаткан дүйнө менен иштери да болбой кыялга тунуп чыгышты.

Алортодо ирмемдер ирмемге уланып күн болуп, күндөр күнгө уланып ай болуп, убакыт өтө берди. Кыш артынан жаз келди, жаз артынан жай келди. Жай ортосунан тартып эле тегеректегилердин кабактары салаңдап, үрпөйчү болуп алышты. Өңдөрү  сурданып:“Чыгыш фронту эле Чыгыш фронту!” деп ачуулуу күңкүлдөгөн адат табышты. Жаңылбаса августтун этеги болсо керек эле, алаңгыча ары-бери кымгуут чуркаган немистердин:“Парижди алдырдык!” деп сөгүнгөндөрүн угуп калды. Кабыргалары кайышып, катуу кайгыргандарын байкады.

Алты айында Эриканын кош кат экени кадимкидей билинип калган. Анын ноябрга барып көз жарарын болжогон С.А. сарсанаа тарта баштады. “Уул көрүнөбү, кыз көрүнөбү?” деп толкунданды. Кам-чомун көрүүсү керек эле. Дегиче Батыш фронттон да, Чыгыш фронттон да немистерди беймазага салган кабарлар тез-тез келе баштады. Эмне болот? Кандай болот?

Сентябрдын аягында “Түркстан комитетин” эң үстүнөн билген немис чоңдордон шашылыш буйрук келди. Комитеттин бир нече кишиси бүгүн кечтен калбай фронттогу легионерлерге барып кошулуп, баш-көз болууга тийиш экен. Чукулунан жөнөчүлөрдүн катарында С.Анын да аты аталыптыр. “Мынакей жолдомоңор, мынакей буйрук!” дешти да, буйрукту колуна карматты. Канча күнгө? Оңдуу жооп ала албай кыйналды. Ноябрга чейин келип калабы? Божомолдой албай кыйналды.

Буйрукту алган күнү С.А. бир эле саатка суранып, шашкан бойдон Эрикага коштошкону жетип келди. Экинчи кабатка кантип чуркап чыкканын билбейт. Мынчалык шашып жүрчү эмес эле, анын эңтеңдеген түрүн, шаабайы суз кабагын көрүп Эрика да чоочуп кетти.

-Кетип атам, – деди С.А. кирип келип, – Фронттогулардын катарына жөнөп жатам.

Өңү кумсара түшкөн Эрика курсагын басып отуруп калды. С.А. жакын

келип ийинден кучактады.

-Эчак эле бир ыгын таап Францияга качып кетсек болмок! – деди Эрика.

-Эбин таппай койбодукпу, – деп актанды С.А.

Жанындагы жөлөнгүчтүү жыгач отургучту тартып, жакын кынала отурду. Башына башын жөлөдү.

-Келип калам! – деп ишендирди С.А.

-Өлбөй тирүү келишиң керек, – деди Эрика.

-Тирүү келем! – деди С.А.

-Жарадар болбой, алты саның аман келишиңди каалайм! – деди Эрика.

-Аракет кылам! – деди С.А. – А көрө өзүңдү жакшылап кара.

-Эмки келгениңде же Францияга, же Швейцарияга өтө качкандын жолун табалы, – деди Эрика.

-Буюрса, – деди С.А. – Жолдорун караштыра бер.

-Жетер менен дарегиңди билдир, – деди Эрика.

-Кат жазып тур, – деди С.А.

Эрика С.А.нын колун тартып, курсагына койду.

-Тяньшандын төрөлгөнүн көрүшүң керек, – деди.

-Же Анндын, – деди С.А.

-Ооба, же Анндын, – деди Эрика.

Демейде өтпөгөн бир саат убакыт бу саам бир мүнөттө өтүп кеткендей туюлду. Кучакташып коштошту. Өбүшүп коштошту.

-Көрүшкөнчө! – деди Эрика көзүнүн жашын кылгыртып.

-Көрүшкөнчө, Эрика. Фрау Эрика! – деди С.А.

Сыртка чыгып, экинчи кабатты жалт караса, Эрика терезеден карап турган экен. Колун булгалады. С.А. да колун булгалап:

-Көрүшкөнчө, фрау Эрика! – деп кыйкырды.

VII

“Фрау Эрика!” – деп кобуранды С.А. терезени мелтиреп тиктей отуруп. “Фрау Эрика!”. Ушу сөздү үн чыгара айтканында сөздүн эми барчылап жөтөлгөнү тыйылгансып кетти. Андан-ары эстеди. Ошол жылдын ноябрь айында Эрикадан кат алганын эстеди. “Уул төрөлдү. Атын сен айткандай Тяньшань койдум” деп сүйүнчүлөгөн эле. Ошону эстеди. “Уулуңду көргөнү келесиңби? Качан келесиң?” деп сураган эле. Ошону да эстеди. “Кечир мени!” – деди оюнда.

Декабрь айында байланыш үзүлүп, экинчи кат жазышкан жок эле. Эрика фон Дитрих андан:“Эмнеге келген жоксуң?” – деп сурагандай туюлду.

“Менби? Эмнеге келген жокмун? Мен Чыгыш фронтуна жөнөтүлгөнүмдөн кийин НКВДнын колуна түшүп бергем. Чынын айтсам, ыгын келтирип НКВДга ыктыярым менен түшүп бергенди артык көрдүм. Бөөдө кырылып калчудайбыз. Сага кайрылып бара алчудай эмесмин. Тажадым ошондой татаал жашоодон. Баарын калчап көрдүм да бир рота солдатты бөөдө окко айдабай, ээрчитип кызылдарга келдим. Айлап-жылдап сурак бердим. Кудай андай сыноону да башка салган тура, НКВДнын кыйноосуна да чыдадым. Таш төшөлгөн түрмөгө камап, сызга жаткырышты. Сүйлөтөбүз деп сабашты. Тиштерим күбүлдү. Чыдадым. Көбүнесе, жазганым үчүн жазам оор болду окшойт. Жазамды Сибирде өтөдүм. Ашык-кеми жок он беш жыл толук өтөдүм. НКВД оңдурбайт эми, атууга кетем го деп ойлогом башында. Баягы “Түркстан комитетине” аралашкан кишилердин бир далайы кармалып, баарыбызды Алматыга чогултушту. Сот болду үстүбүздөн. Далайы атууга кетти. Арасында бу жаанга чанда жаралган мыкты адамдар да бар эле. Текши атууга кетишти. Мен атылбай калдым. Ошондо экинчи калем-кагаз кармасам төбөмдөн кудай урсун деп касам ичтим элем. Азыр Фрунзе деген шаарда жашап жатам. Айылыма кайтып барганым жок. Барууну намыс көрдүм. Үйлөндүңбү дейсиңби? Кимге үйлөндүң дейсиңби? Бала-чакалуу болдуңбу дейсиңби? Гмм… Кантип айтсам?”

VIII

Тобо, кудай-таала С.Анын жанын таштан да бек, темирден да бек жараткан экен, өлбөй-этпей Сибирдин чер токойлорунда карагай жыгып, этап менен айдалып, Колыма-Солыма деген көйтүндүү жерлеринде кен казып он беш жыл жүрдү. Он беш жыл толду дегенде:”сен эми бошсуң!” дешти.

Сибирдеги азап-тозоктон кутулуп, эл-журтка кайтып келатканында өзүнө өзү ант берди. Бирде жүк ташыган поездге илээшип, бирде эл ташыган поездке илээшип, илгери кыргыздар Түйүшкөн деп койчу жердеги Чүй станциясына жеткичекти он беш күнчөлүк жол экен, ошол жолду элдир-селдир болжоп таап келатканында ант үстүнө ант берди. Он беш күн бою ант берди. Бу сапар эл ичин көп аралабаска, ансыз деле тууганчылыктан кечип койгон айылына эзели кайрылып барбаска, а көрө орусу көп экен, орусу көп болгону үчүн Фрунзеге кирип, кыргыз баласынын көзүнө илинбей түнт жашап өтүүгө ант берди. Он беш жыл камакта жатканында эч ким менен кат-кабар алышкан жок. Кат-кабар алышууга укугу да жок болчу. Демек, эл-журту унутуп деле койгон болуш керек. Кечил сыяктанып жалгыз жашап өтүүнү чечти. Карганды. “Бирөөлөрдүн убалына калганым аздык кылып жатты беле, аял албай, уул-кыз көрбөй мындан ары так жашап, урпаксыз өтөйүн! Баланчанын уулу, баланчанын кызы деген ылаңка сөз артымда калбасын! Убалым тийбесин!”- деп карганды.

Мына ушинтип жашап аткан. Ушу турган бак-шактуу Фрунзени байырлап, мындагы жашоого көнүшкөнүнө үч-төрт жыл болгон. Азык-түлүк дүкөнүнө жүк ташыгыч болуп орношуп, жанын бакчу. Тапканынын жарымын орус кемпирдин эки бөлмөлүү жер кепесинин ижара акысына төлөйт. Анысы көк дүкөндөн көп алыс эмес. Эртең менен кечикпей көк дүкөнгө немисче так келет. Кечинде жарым бөлкө нан көтөрүнүп, жай басып кепесине жөнөйт. Эртең менен кечикпей көк дүкөнгө келет, кечинде бир бөтөлкө кефир, же сүт көтөрүнүп, каалгый басып кепесине жөнөйт. Ушинтип көк дүкөн менен кепенин ортосунда күндө каттап, коколой башын багып күн кечирип жаткан. Эч ким менен иши жок. Эч ким укпайт. Эч кимге угулбайт. Анан эле дайыны калаанын бир ууч кыргызынын арасындагы эски таанышына кайдан-жайдан угулуп калганы белгисиз, кайдан-жайдан билинип калганы белгисиз, бир күнү педучилищеде илгери чогуу окуган, баягыда жазуучулар күтүп калчуда кар малтап көчөгө издеп чыккан таанышы бар эмес беле, ошол тааанышы көк дүкөндүн көлөкөсүндө шоңшоюп күтүп туруптур.

-Сен баланчасыңбы? – дейт чоочутуп.

С.А. сыр бербей, даана тааный албай карады адегенде.

– Өңүмбү же түшүмбү? Сен баланчасың го. Сен баланча элесиңби? – дейт тиги ансайын үңүлүп.

С.А. тангысы келди. “Ал эмесмин, черт побери!” деп кагынып-силкинип, шарт бурулуп басып кеткиси келди. Анткенге дити барбады. Тиктеп турду дагы:

– Ошомун, – деди акырын.

– Мени тааныдыңбы! Эсиңдеби? Таанып жатасыңбы? – деди эски таанышы.

Деп кучагын жайды. С.А. боолголоп таанып, сыпайыгерчиликке колун сунду эле, эски таанышы ой-боюна койбой кучактады.

-Кайраным-эй, амансыңбы деги? – деп бышактады. – Азап-тозоктон арылып, алтын башың аманбы деги? Көрүшөр күн бар экен го акыры!

Сөзүнө караганда С.Анын тагдыры тууралуу узун кулактан кабары бар окшойт.

-Аманмын, аманмын. – деди С.А. саал оолактап.

Жолдошу С.Аны утур далыга таптап, канча бир жылдан кийин экөөнү

көк дүкөндүн түбүнөн жолуктуруп койгон бүгүнкү буйрукка бир эсе таң калып турду. С.А. тигинин изине түшүп таап келгенине айран таң. “Муну бир жиберсе КГБ жиберип, аңдууга койгон окшойт” деген жаман ой да келди оболу. Ал-жай сурашты. Угуп отурса, эски таанышы да квартиралап ушул тегеректе жашайт экен да, дүкөнгө бир келчүсүндө сыртынан байкап калып, “ошол эле!” деп окшоштуруп жүрүптүр. Чыгынып сурагандагысы экен. Бурулдатып чылым тартканды үйрөнүптүр, шымынын чөнтөгүнөн жарымынан бош “Беломорканалдын” пачкесин сууруп, С.Ага сунду.

-Тартпайм, – деди С.А.

Жер бетинин тең жарымын айланып, көрбөгөн кордукту көргөн

кишинин чылымга табити тартпаганына жолдошу таңданды. Папиросун кере соруп, көк түтүнүн оозу-мурдунан бурулдатып:

-Кап! Көк дүкөндүн короосуна корголоп, жүк ташыгыч болуп калчу киши эмес элең! – деп башын чайкады.

“Менин кабарым узун кулактан угулуу экен го” – деп ойлоду С.А.

-Ээй, эмнесин айтасың, – деп койду.

-Элден башкача шыктуу элең! – деди жолдошу качанкы окуяны эстеп. – Манасчылыгың! Жазгычтыгың! Жазсаң сенден Толстой чыгат дешчү эмес беле!

С.А. сөз айтпастан үшкүрүнүп койду.

-Үйлөндүңбү? – деди жолдошу. – Катын-бала барбы?

-Мага үйлөнгөнгө болбойт! – деди С.А.

-Ок! – деди жолдошу. – Оор сөз оозанчу эмес элең.

-Касам ичип койгон кишимин, – деди С.А.

-Кой, антпе! – деди жолдошу.

-Ооба, касам ичип койгон кишимин! Мага үйлөнгөнгө болбойт.

-Ушу кантип болсун! – деди жолдошу. – Бу дүйнөдөн так өткөнүң Кудайга жага турган иш эмес!

-Мендей кишиден укум-тукум калбашы керек! – деди С.А.

Жолдошу саамга тигилип турду да, тиштеген тамекисин оозунан алып:

-Андай болсо туубас катын ал! – деди.

Калжыңы жок эле айтыптыр. Аңдуудан коркпой күн алыстан жолугуп, капталдагы кара жыгачтын көлөкөсүндөгү көк шиберге көчүк басып, бирөө-жарым угуп калчудан бетер акырын кобурашып, эрмегине сыра жутуп отурчу күндөрдүн биринде “досум эми көндү го” деп  ойлосо керек, калаада туубас катын табылганын шыбырап айтты. Анысы эки эрден чыккан имиш. Медсестра имиш. Өңдүү имиш. Жашы да ылайыктуу имиш. Анан эле болжошкон күнү ал аялды тааныштырмакка ээрчитип, үйүнө кирип келсе болобу. Жактырса экен деп күйпөлөктөйт. Эмеле никесин кыйып жиберчүдөй болуп күйпөлөктөйт. С.А. жолдошун көпкө күйпөлөктөткөн жок. Чарчы үстөлдө маңдай-тескей отуруп, чай үстүндө боор батырышып, эки саатча таанышып отурган соң бир маалда аялдын көзүнө карап турду да, непадам тууп калса кутулбас куяга, чоң күнөөгө батырчудан бетер:

-Чын эле туубайсыңбы? – деп шыбырады.

-Ооба, – деди аял кабагым-кашым дебестен. – А Сиз буга чейин үйлөнгөн жок белеңиз?

-Жок, үйлөнгөн эмесмин, – деди С.А. оозу-мурду кыйшайбай туруп. – Бирок мындан ары менин өткөн турмушум жөнүндө суракей жок.

-Сиз да сурабаңыз анда, – деди аял.

Ойлонуп калган ошол ирмемде С.А. аялдын колун аяр кармап дагы

сурады:

– Чын эле туубайсыңбы, карагым?

– Ооба дедим го, – деди аял сиркеси суу көтөрбөгөндөй.

С.А. тизесине чөгөлөй калып, аялдын колунан өптү. Өптү да:

– Менин бактыма жаралган жан турбайсыңбы? – деп, башын жөлөп ыйлап ийди.

Ошентип табышып калышты. Бир-бирине доомат артпай ыр-чыры жок жашап калышты.

IX

С.А. ой-кыялында Эрика фон Дитрих менен соңку жолу сүйлөшүп жатып,

ошол кыялында “үйлөндүң беле?” деген суроону укканында ушинтип жообун узатты. Болгонун болгондой айтты. Издеп жүрүп туубас катын алганын айтты.

Акыркы күчүн үрөп куш тилиндей катты аягына чыгаргандай өңдөндү.

“Менин сүйүктүү жана кымбаттуу уулум! Мен акыр түбү сага кат жазууга бел байладым. Мен сенин атаң болом. “Тяньшань” деп атыңды өзүм койгом. Эрика мен тууралуу айтты беле? Менин атым – С… Кыргызмын. Кыргыз ССРинен болом. Сенин өмүрүңдүн узун болушун тилейм. Жашооңдо кыйынчылык болбосун!” – деп жазды.

Башка улап жазууга алы жетпеди. Сөз деле табылбады. Жөтөлгөн сайын, жөткүргөн сайын алы кетип баратты. Дагы жөткүрдү эле кан аралаш какырык чыкты. Капталындагы айнек банкеге түкүрүндү. Артынан бир кочуш кан кусту эле банкеге колун созгонго үлгүрбөй калып, өбөктөй берди. Жаба кусту эле полдун бети кызыл-жаян болуп жатып калды. “Өлөр саатым чукулдап калды көрүнөт,” – деп ойлоду С.А. “Өлсөм да эт-бетимен кетип кулап түшпөй, керебетте узунуман жатып кишиче өлөйүн,” – деди. Аялы келсе жайын айтып, ката турууну суранып коймок үчүн катты үстөлдүн үстүнө ачык калтырды да томолоно жата кетти. Кашайып, аялы да кечигип жатты. “Эртерээк келсе каттын жайын айтып койбойт белем. Эмне жазылганын деле ачык түшүндүрүп коёт элем. Ал келгенче үзүлбөй турсам экен!” – деп тиленди.

X

Эки сааттан кийин жумушунан суранып, ашыгып келген аялы С.Анын керебетте суналып, тирүүлүктүн жышаанын билгизбей мемиреп жатканын көрдү. Ооналактап жиберчү эле, антпей да калыптыр. Ыкшып жөтөлүп жатчу эле, жөтөлбөй да калыптыр. Жөтөлбөй калганына жаны жыргагансып мемирейт, жаны кыйналбай калганга канаагат алгансып мемирейт. Тегереги кан. Үзүлмөк эле, үзүлүп кеткенин билди. ”Бечара, катуу кыйналдың!” – деп күбүрөнүп, көзүнө жаш алды. Ириде экөөнө данакер болгон жолдошуна кабар айтууну ойлоду. Жакын келди.

Өлөрүнүн алдында кагаз-калем таап, бир барак кагазга бирдеме чиймелептир, үстөлдүн үстүндө ачык калган катты көрүп аны билди. Түшүнүксүз тилде, түшүнүксүз тамга салып чиймелептир. Бир сөзүн түшүнсө кудай урсун. Уйгу-туйгу ой келди: Эмне купуяны чиймеледи? Кимге жолдоду? Кимге багыштады? Кайсы дарекке багыштады? Муну бирөө-жарымга көрсөтүү керекпи, же жокпу?

[i] “Менин сүйүктүү жана кымбаттуу уулум!”

[ii] “Мен акыр түбү сага кат жазууга бел байладым”.

[iii] “Мен сенин атаң болом”.

[iv] Мустафа Чокаев (1890 -1941) –

[v]  Батыш христиандардын Рождество майрамы. Иса пайгамбардын туулган күнү.

[vi] Иса пайгамбардын туулган күнү куттуу болсун дегенди билдирет.

[vii] “Тяньшань” деп атыңды өзүм койгом”.