Молдоакмат Бапаков: Шайкелең күндөр кош болгун, Шайтандын эсин оодарган…

Элегия Учту жаның капысынан улардай, Улуу дүйнө түштү мага тумандай. Улутунуп турганымды ким туйсун, “Уулум” деген сөзүң бир саам угалбай.   Атым кулап, аркам кулап жөлөнгөн, Көктү медер кылып турам көгөргөн. Кубат кылчу аскар тоомдон ажырап, Кудай бүгүн урду мени төбөмдөн.   Чын жайыңа кеттиң болуп жагалмай, Жалган дүйнө жакын эле балаңдай. Аза күтүп, айрыларым билбепмин, “Ата” дебей, көрдүм неге агамдай.   Өчтү өмүр, «а» дегенге тил келбей, Өттү өмүр дайра чөлгө сиңгендей. Өкүрүктөн кулак тунат, балдарың, Кадырыңды жаңы гана билгендей.   Өттү өмүрүң жайдын күнкү өткүндөй, Алды ажал алтын толугу менен…..