Өмүрбек Дөлөев: Мен мекендин чырпыгы

Бир-бирине оп-окшош

Ойлорумду бийлеген,

Жумушу жок жүрбөгөн.

Кумурскадай балбандан,

Күчтүүлүктү үйрөнөм.

Кумурскадай көрүнөт,

Трактор вагон сүйрөгөн.

 

“Каз таман да” тынчы жок,

“Каткырык” салып уйку жок.

Шамал, жаан, кар билбей,

Талааларга ыры-от.

Кумурска менен трактор,

Бир-бирине оп-окшош.

 

Бөбөгүм

“Улуулардай болсом” деп,

Мен аларды туураймын.

Билбегеним үйрөнүп,

Өзүмчө эле жыргаймын.

Менден калбай чодоңдоп,

Сен да мендей болгуң бар.

Келбесе да колуңдан,

Меникиндей ойнуң бар.

“Коёнго чөп, жем берем”-деп,

Күндө мени ээрчийсиң.

Он жыгылып, он туруп,

Улам тыңып, телчийсиң.

Коё бербей оюңду,

Аткартасың айтканың.

Суктанамын мунуңа,

Эрктүүлүктөн кайтпагын.

 

Сүзөөнөк козу

Кара козу сүзөөнөк,

Билет менин келгеним.

Калсам эгер ээндей,

Баштайт оюн-эрмегин.

Байкелерим келгиче,

Жыга сүзөт качырып.

Улам турсам, уламдан,

Тийет октой атылып.

 

Андыктан кара козуну,

Камап коёт өзүнчө.

Мени тилдейт:-экинчи

Коркпой жүргүн өзүңчө.

Коркооруңду мурдатан,

Козу дагы билип алган.

Айтпадым беле “коркпо” деп,

Жакшы болот тилди алган.

 

Ай сүзөөнөк, сүзөөнөк,

Сүзсөң качпай, токтоймун.

Сүзө албайсың экинчи,

Мен да экинчи коркпоймун.

 

Көпөлөктөр, уча бер

Бантигиндей кыздардын,

Көпөлөктөр түрлөнгөн.

Өзүнчө эле гүл болот,

Конуп турган гүлдөрдөн.

 

Көпөлөктөр көңүлдүү,

Күндө чогуу ойнойбуз.

Гүл талаада жарышып,

Суунун жээгин бойлойбуз.

 

Ачык күндүн эркеси,

Ачкан гүлдүн ээлери —

Көпөлөктөр, эч качан

Унутпаймын мен сени.

 

Чаар кулун

Чаарчыкка опокшош,

Чаар кулун уйкучу.

Ойгонсо эле даң салып,

Көтөрүлөт куйругу.

 

Ойноп кирсе чымылдап,

Энеси чуркайт соңунан.

Ого бетер удургуп,

Буйтап өтөт жолунан.

 

Чабендес

Жабышып аттын жалына,

Солбуса камчы жанына.

Келаткандай сезилет,

Жол салып жердин шарына.

 

Миң көздөрдүн учкуну,

Жебе болуп утуру.

Чабендеске тартылат:

“Атпы же бул кушпу бу?”

 

Булут болуп түрмөктүү,

Чаң асманда жүрмөк күү.

Чапкан бала Барта экен,

Бул бууданды дүмөктүү.

 

Теминсе турат учканы,

Теңиз ушул тулпары.

Мараа жакын калды эми,

Чуркурайт, турган бүт баары.

 

Артта нечен аттар бар,

Бул баладай чапкан бар.

Бирок билбей чабышты,

Шашпай же бир шашкан бар.

 

Кызыл жоолук байланган,

Кызыл чокко айланган.

Барта окуучу чабендес,

Күлүгүнө байралган.

 

Шамал жиреп атылып,

Таноосу ноодой ачылып.

Келет буудан аркырап,

Болжогон чекти качырып.

 

Келди буудан кара көк,

Чуулдайт эл, “Кара!”-деп,

Бартаны алды көтөрүп,

“бали, азамат бала!” –деп.

 

Мен –мекендин чырпыгы

Өмүрүм шат, көңүл шат,

Күн күлүңдөп көз ымдап.

Кыялымды учурат,

Көкүлүмдү жел ыргап —

Тынчтык күндүн ээсимин.

 

Үйрөнгөндү, билүүнү,

Адамдарды сүйүүнү,

Эмгектенип дайыма,

“Эл үчүн” — деп жүрүүнү —

Жакшы көрөм башынан.

 

Күндөрдүн жок кырсыгы,

Өлкөм — өмүр сыймыгы.

Мээриминде чоңойгон,

Мен — Мекендин чырпыгы,

Мен — Мекендин бир уулу!

 

Жолдоштору айрөк дейт

Таттуу салбай чай ичпейт.

Колунан түшпөйт момпосуй.

Орой сүйлөйт улууга,

Кыялы да тоңдоосун.

 

Айрык кетпейт бетинен,

Тиштерин бүт курт жеген.

Аз жуунуп, көп ойнойт,

Чыры да көп, бүтпөгөн.

 

Ээрчийт ата-энесин,

Жардам бербейт эч качан.

Ыйлап кирет буркурап,

“Жумуш жаса” деп калсаң.

 

“Көтөр” — десең бебөгүн,

Токтолбостон шак “Жок!”-дейт.

Жалкоо бала Нурбекти,

Жолдоштору “айрөк” дейт.