Бектуруш Салгамани: Менин душманым ким? (Прозадагы ырлар)

Прозадагы ырлар

Акча

Акча! Сага алтын саатты сатып алса болот, а бирок, убакытты сатып алышка таптакыр мүмкүн эмес. Ага сенин жетпейт күчүң таптакыр.

Акча! Сага не бир китептерди сатып алышка болот, анткен менен билимди сатып алышка жарамсызсың сен деген.

Акча! Набаада сен бар болсоң, бар болсоң да – мол болсоң, анда дүйнөнү түрө кыдырып, каалаган өлкөнүн жаккан жайынан не бир, не бир үлгүлөрдө тургузулган заңгыраган үйлөрдү, виллаларды сатып алышка болот, бирок, үй бүлөнү сатып алышка мүмкүн эмес.

Акча! Сенин күчүң менен алтын, жакут, каухардан жата турган керебеттерди, ылгый жибек, шайылардан тигилген төшөк, жууркандарды, зымырык куштун мамык жүндөрүнөн салынып даярдалган кушжаздыктарды даярдатышка болот, бирок, эч качан жаныңды ырахатка салган тынч уйкуну сатып алышка кудуретиң жетпестиги дагы айкын.

Акча! Сени көргөндө пайгамбар дагы жолдон чыккан имиш. Анын сыңары сени сарптап алтын тактыны, ар кандай кызматты алышка болот, а сый-урматты сатып алышка жарабайсың.

Акча! Сенин күчүң табып, догдурларды сатып алышка жетет, бирок, ден соолукту, саламатчылыкты сатып алышка мүмкүн эмес. Танасыңбы же муну?

Акча! Сага кумарды, лаззатты сатып алышка, сенин алдамчы азгырыгың аркылуу не бир менменсинген сулуулар менен түркүн-түркүн керемет жайларда ойкушташка, ойношко да болот-ов, эгерим сүйүүнү сатып алууга күчүң жетпейт.

Дагы айтайын, акчабай! Сен адамдарды убактылуу гана достоштуруп, анан этеги барып касташтырасың. Сен өмүр бат табыштырган жандарды мен алиге укпадым да, көрбөдүм.

Акча! Сен деген бар болгону төрт ариптен турасың да, ошонуңа карабай, “бар” менен “жоктун” чегарасын аныктайсың да келесиң. Кээде сенин бар экениңден түкчөлүк да пайда жок. Сенден көрө кээде “жоктун” куну жок болуп чыгат. Кууп жүрүп да жетпейсиң кээде ошол “жокко”. Андан көрө сага жетиш жеңил да.

Өксүйт, ыйлайт сен толтура барлар дагы, байлар дагы. Андай болсо бакытты демек, жасай албайт.кармай албайт турбайсыңбы сен деген! Анан ошол бакыт деген сени эмес, боору бүтүн жандарды жандайт турбайбы! Бакыт деген канаат менен тоопту тутка тутат.

Угуп калам кээ бирде, уялбастан мардайып туруп алып – Алтын көрсө Периште да жолдон чыгат!- деген келжирбайлардын кептерин. Ошол алтын деген дагы сага келет эй, акча! Мен алардын келжирегин кеп деп уруп койбоймун, Периштеге алтын да – таш, таш да – таш. Периштеге кагаз да – кагаз. Акча, сен да кагазсың! “Жалт-жулт” эткен жалтыракка алданса да, арбалса, анда Периштенин периштелиги кайсы?!.

Акча, сен жок болсоң дагы балаасиң!

Ушу сага жоктугуңдан зарыгып, алек болуп мааниси жок иштерге, кара курсак, көр оокаттын айынан не бир, не бир улуу, асыл максаттарга кол тийбей, учуп жаткан убакыттын чаңдарына көмүлүп, бир келген бул өмүрдү, бир келген бул жашоону барабыз-ов улам-улам кыскартып!

Акча! Анан да ушул сенин жоктугуңдун айынан канчалаган чебер, уста мекендештер таштап кетип туулган жерин, бөтөн, алыс өлкөлөрдө жүрүшөт, ыпылас, кир, эң оор кара жумуштарда иштешип. Алар болсо келечегин, тек билгенге жалгыз гана өздөрүнүн эмес,бүтүн кыргыз калкынын, күн төгүлгөн Кыргызстандын келечектерин – балдарын башка, бөтөн тилдердеги мектептерде окутушуп, жат, бизге түк жакын эмес ырым, каада-салттарынын нуктарында таалим беришип!

Акча! Сенин жоктугуңдан, абдан тартыш экениңден, бул анык, биздин жерде, биздин элде биздин тилде көптөгөн окуу китептери жарык көрбөй, балдарыбыз орус, өзбек сыяктуу бөтөн тилде окутуу жүргүзүлгөн мектептерден таалим-тарбия алууда.

Мунун өзү өлкөнүн келечегинин тамыры аздап-аздап кыркылып бараткандык эмеспи?!.

Бар болсоң дагы балаасиң! Чөнтөгүнө түшүп калсаң, жети атасы жеп-ичип көрбөгөндүн, дароо чыгат мурду көөп, башкаларды теңсинбей! Сени берип кайсыдыр бир амалдарга, сыйлык, наам алып жүрөт ортосаар таланттар! Демек, акча, сен деген чындык менен жалгандын, дулдул менен чобурдун ордун алмаштырганга, мындан келди, ар кандай жаман иштердин башына жеталасың оңой эле! Анткен менен бир күнү акыйкаттык жеңет да, желиң чыгып, кур атак-даңкыңды кетет дароо учуруп мезгилдин так шамалы!

Акча! Сени сакташ үчүн не бир кымбат булгаары, маталардан намыяндар, калталар жасалат. Сени салып жүрүш үчүн пенденин сырт кийиминин бардыгына чөнтөк салынат. Сени салыш үчүн бир гана кепинге чөнтөк салынбайт. Болбойт чөнтөк кепинде. Эч ким сени өзү менен алып кетпейт акыреттик дүйнөгө!

Акча! Сен эгерим бир чөнтөктү толтура алгансыңбы? Жок! Сенин тойгон эмес көзүң эч качан! Сенин соргок, сук көздөрүңдү толтурчу бир гана зат бар, ал бир ууч топурак! Сенден демек, миң бир эсе өйдө турбайбы топурак, чынбы?

Ширеңке алып келатам

Түбүң түшкүр дүйнө ай! Чайчыл жаным, сууну кайнатканга бир тал ширеңке таппайм үйдөн. Кошуна орус кемпирден сурайын дейм, пейилин билем, ал каапыр кышта, кар тизеден болуп турганда бир челек алып барып сурасаң бербейт. –Кой, жазда ээрип, бу кар деген ным болуп берет жериме!- деп.

Акыры уруп-салып жөнөп калдым, дүр-дүйнөсү чачылган, эл оозунда айтылгандай, “эки жиндиси бар, бири – сатарман, бири – аларман”, ызы-чуусу кулагыңды тундурган, ичи ыпылас базарга. Бир куту ширеңке сатып алдым. Пенденин бар жашоосу ушул кипкичине талчалардан, ийе, учуна күрөң-кара күкүрт кислотасы тоголоктолуп чапталган чийлерге байланыштуу, көз каранды экендигин, бир тал чийсиз очогуңа от жанбай, тандырың ысыбай, муздак сууң кайнабай, демек, тамак, чай иче албай, кирдеген кийим-кечелериң жуулбай каларды, мончону тапка келтире албай, курттап кеткенче кирге батарыңды эстедим.

Ширеңкенин ар бир талын адамдарга, а кутусун биз жашаган, бизди курчап турган коомго окшотуп келатамын эки аяктуу да, төрт аяктуу да кыбыраган, дөңгөлөктүүлөр зымыраган, бирок, баарын келип-келип акыры өз жайына алып барчу чоң жолдо. Батам ар кыл ойлорго…

Ширеңкенин айрым чийлери бар, кабыгына сүйкөрүң менен “-чыз-з” деп жана түшөт. Аны менен чекмек болгон тамекиң да, отун жандырар очогуң да, тандырың да тапка келет, кыскасы, маанайың көтөрүлсө көтөрүлөт, асти чөкпөйт.

Оң жагымда кайыктай үч бурч тартып, тоо таяна сүзүп барып токтоп калгансыган биздин кыштак. Баазы бир үйлөрдүн короолорунда чабылып, кургаган чөптөрдөн куралган чөмөлөлөр. Алар ушунчалык кургаган, тим эле күкүртү жок күйүшкө азирдей. А жолдун сол танабында сапсары болуп көйкөлүп бышкан эгинзар. Бу жазды, жайды тынбай тер төгүлүп, канча бир мейнет сарпталып жыйналган чөмөлөлөр менен бышкан буудайларды чай кайнамга калтырбай капкара күл кылып өрттөп коюшка бир эле чий жетет ов! Ошол бир чий менен береги тамдарды, арамбы, же адал жол менен курганбы, айтор, байбаччалардын эки кабат тамдарын, кала берсе бүтүн дүйнөнү өрттөп жиберишке да болот…

…Ошентип, бир куту ширеңке алдым. Ичин ачтым. Бир карасаң чийлер бүт эле бири-бирине окшоштой. А бирок дыкат абай салсаң ошол окшош сымак талдар дагы ар кимиси өз алдынча айырмаланат экен. Баазылары колго кармасаң “тырс” этип сынып калчудай, тим эле кытайдын ийнесиндей ипичке. Айрымдары саал жоон, арасында ийри-буйрулары да көрүнөт. Кээ бирөөсүнүн узундугу башкаларга караганда кодоороктой. Айрым бир өзгөчөлөнүп, башкалардан артыксынып, тескери карап жатып алышкан чийлер да бар арасында. Ошондой эле өзү күйгөндө беркисин кошо жалмап кетчү, бири-бирине жабышып алышкандары да бар. Анткен менен арасынан булардын өзү эле эмес, кутусун да кошо өрттөп, күйүп кетчүлөрү эң эле коркунучтуу, кооптуу. Анткени, алар өздөрүн гана эмес, бүт үй бүлөсүн, башкаларды дагы өрттөп тынат.

Арийне, бул чийлердин бардыгы кандайдыр бир дарактан жасалгандыгы чындык. Демек, тула бою жыгач затынан болсо, анда булардын колдорунан эчтеке келмек эмес. Кеп – алардын баштарындагы күрөң-кара тоголок күкүрттөрдө…

Базардан бул ширеңкени –Керегиме жарасын!-деп алдым да. Дал эле ушул сыяктуу балдарымды да –Кийин мен картайганда, же ооруганда каралашсын! Журтуна кереги тийсин!-деп багып, өстүрүп жатам да!

Бул ширеңке жакшылыгыма жарасын, өзүмдүн да, балдарымдын да курсагы тоюш үчүн от жакканга иштесин! Асти жамандыкка сарпталбасын! Балдарым да мага эле эмес, элге дагы жалаң гана жакшылыктары, жарыктары тийген адамдардан болушса экен!-деп тилеп келем ичимде. Ширеңкенин талдарын адамдарга, адамдарды ширеңкенин талдарына окшотуп келатамын…

Менин душманым ким?

Менден сурап калды капыс Камык деген бир теңтушум ушинтип.

Ырас эле ким менин эң жек көргөн, коркунучтуу, мага такыр жакшылыкты каалабаган, дөңдөн ылдый ышкыртып алып түшчү, өзгөлөргө өлгүчөктү жек көрсөтчү душманым? Ойлоп калдым ушуну. Кээ бир кезде кеткен катуу кагышып, же урушуп, кишилердин элестери көз алдыман сызып өтүп жатты жарышып.

Жекен бекен? Коркунучтуу душманым ошол болушу ыктымал, анткени, мен баягыда эл алдында аны ашкан халтуршик деп атап койгом. Ал ошондон бери тынбай, ар кай жерде мени ачык жамандап келатканын угамын.

Мапанчы? Албетте, ал былтыйган кара дагы болушу мүмкүн? Ал экөөбүз сүйгөн элек бир кездерде жарышып, бир селкини. А кыз болсо ага көнбөй, мени жандап басып кеткен, жактырарын билдирип. Мапан болсо ошону кечирбестир эч качан!

И-и, дүгдүңдөгөн Дүрү да бар – жүргөн мени көрө албай.-Качан болсун жаның тынбайт. Көп иштеп не кыласың? Беш күнчүлүк жалганда ойноп, күлүп алгын!-деп, жалган жерден күйүмүш болгон менен, ичинде мени жек көрөт. Кокус ооруп жатып калсам, көккө ыргытып чаң, кир болгон калпагын, кубанат да ал дагын.

Мен буларды ойлодум тек ичимен. Сөз чыккан жок тилим менен тишимен. Бирок, Камык оюмду окуп алгансып, -Сен ойлогон адамдар эмес, сенин ашынган душманың! Сенин коркунучтуу, кооптуу дагы душманың – сенин напсиң! Напсиңди сен эгер тыя билбесең, жүрөгүңдү май басып, түр илдетке кабыласың. Көзү дайым бар нерсени көрүп, билип турган калкка жек көрүнөсүң. Эл ишенип шайлаган, же дайындаган кызматтардан кууласың тээ Акай уулу Аскар менен Сали уулу Закиржандай, маскарага туш болуп. Сен ошондой уят ишти каалабасаң эгерде, болгун анда эң оболу өз напсиңе кожоюн!-деди мага.

Анын кеби макул келди аябай. Жекен, Мапан, Дүрүлөрдөн шектенипмин бекерге. Кудай, мени кечиргин, мындан ары андай арам шек-шупкага кабылтпа!..