Батма Абдухамидова: Тыт

Тыт

(новелла)

Май айында айыл четине катар отургузулган чоң-чоң түп тыттар тегиз бышат. Кечки салкында кичинекей чакаларын көтөрүшкөн кыздар-балдар дал ушул жерге он-он беш күн бою келишип, чакаларын тытка толтурушуп, өзүлөрү да тое жешип, кеч күүгүмдө гана үйлөрүнө кайтышат. “Ак тыт”, “кара тыт”, “бөдөнө тыт” дешип, түрлөрүн тандап теришет.

Жол бойлоп айылга бурулган биринчи көчөнүн эң башында бир карыган кемпир устунга отуруп алып, ары-бери өткөндөрдү кепке тартып, божурап көпкө сүйлөшөт. Киши картайганда адам караанына, сүйлөшкөнгө да зар болот окшойт.

Чакаларына тыт толтуруп кайткан кыздар-балдарды биринчи болуп кемпир көрөт.

–Ай, балдарым, бери келгиле. Чака толо тытыңарды көрүп койдум. Эми көз акымды бергиле, – дейт кемпир, балдарды эркелете.

Айрымдары бурулуп кемпирге “көз акы” беришет, а кээлери угуп-укмаксан, көрүп-көрмөксөн болушуп басып кетишет. А кемпир токтогондордон көп деле тыт албайт. Бырыш баскан кары колу менен ар биринен беш-алты даана эле алат. Анан аларды “Кайсы балам элең? Кимдин баласысың?” деп сурап эрмек кылат, анан ырахматын айтып, ак батасын берет.

Бул көрүнүш күндө кайталанат. Кээде кыздар ичи тарышып “шыбага” бербей, башка көчөгө салып, кемпирден оолак качышат. Кемпирге “шыбага” бербей калган күнү Нурайым кыжалат боло берет. “Чоң энеге тыт бербей койдук. Бизге таарынды го” деп ойлойт. Кайра “эртең сөзсүз сизге кайрылып, тыт берип өтөм, чоң эне” деп, өз ичинен кемпир менен сүйлөшө берет.

Эртеси кайтканда ошол көчө менен басышып, кемпирге тыт беришет.

Кемпир алкайт:

–Март кыздарым, берешендерим. Өмүрүңөргө кудайым береке берсин. Көп жашап, бактылуу, таалайлуу болгула. Чачыңардан айланайын, – дейт божурай. Нурайым курбулары менен кары энени сүйүнткөнүнө ичтеринен ыраазы болушуп, көңүлдүү жол улашты. “Өлө жегичең, бөлө жеген” таттуу болот тура.

Арада Нурайым ооруп калып, үч-төрт күн катары менен тытка бара албай калды. Төшөктө жатып, тыттан кайтар кыздардын жолун күткөн чоң энени эстеди, анан кыздар ага тыт беришти бекен, эгер алар беришпесе таарынып калгандыр деп ойлоду.

…Түшкү аптаптын деми кайтып, күн салкындап калды. Кыздар адаттагыдай эле, бүгүн да ээрчишип кайра тытка жөнөштү. Кайтарда сөзсүз кемпирге жолугуп, тыт берүүнү ойлоп баратты Нурайым.

Кечинде бака-шака түшүп сүйлөшүп, баары тыттан кайтышты. Алыстан эле кемпир жашаган үйдүн тушунда машинелер токтоп турганын, кирген-чыккан кишилердин көптүгүн көрүштү. Балалык ойлоруна эч жамандык келбей, түз эле кемпирдин көчөсүнө бурулганда, ызы-чуу түшүп ыйлаган үндөрдү угуп, кыздар селт эте түшүштү. Көрсө, кечээ эле тиркичтей болуп, устунга отуруп алып, тыттан кайткан кыздардын жолун күткөн кемпир жан таслим болгон экен.

Карыган киши аскада конуп турган куш сыңары. Куш шарт учуп кеткен сымал, алар да көз ирмемде “чын дүйнөгө” сапар тартып кете берет тура.

Баарын эми түшүнгөн кыздар алды-артын карабай, шыпылдай басышып, үйлөрүнө шашылышты. Нурайым үч-төрт күндөн бери кемпирди көрбөй, ага таттуу тыт бербей калганын ойлоп, ичи туз куйгандай ачышты, каректерине ачуу жаш толуп, ызалуу бара жатты. Кемпирдин бырыштуу жүзү, мээримдүү көзү, калтаарыган колу – баары көз алдына элестеп жатты. Анын алкоо сөздөрү кулагына жаңырып угулуп жатты… Ага бүгүн белендеп алган тытын бере албай калбадыбы.

Көрсө, сыйлаар адамыңды өз убагында сыйлап, сүйүнтүп коюу да бакыт тура. Аттиң десең..!