Кыял Тажиева: Жөргөмүш

Жөргөмүш

(сатиралык драма)

Катышуучулар:

Жөргөмүш

Теребел – кумурскалардын командири

Капен – оппозиционер

Чебелек

Куни

Айкын

Бадырак

Командир – “Кудай бар” командасынын командири.

Үмүт

Топук

Чымын

Чиркей

Кумурскалар

1-көшөгө

Сахнада кумурскалардын уясын чагылдырган дөбөчө. Ал эми жогору, бийик жакта толгон ай формасындагы алма илинип турат. Алманын бир тарабы чирип калгандай киргилт күрөң түстө. Ал эми бир тарабы кыпкызыл түстө.

Сахнада канатын жайып бир периште айланып жүрөт.

Кадр сыртындагы периштенин үнү: Бул өмүр өзү кандай ажайып эле! Кандай ырахаттуу эле! Бирок жер бетиндеги тирүү жандар аны өздөрү татаалдантып алышты! Бул жашоону ким бузат? Эмнеге бузат? Эмнеге?!

1-көрүнүш

Жай турмуштук атмосфера. Алманын кызыл түс тарабы илинип турат. Жай музыканын коштоосунда он чакты кумурска сахнага чыгат. Талаада тер төгүп иштеп жатышкан баба дыйкандардын образында бийлешип, чогуу ырдашат.

Биздин өмүр – билбегенге бир ирмем,

Билгендерге – күчпүз келген теңирден.

Эмгегибиз эркелетет өмүрдү

Ошол үчүн биздин күндөр күжүрмөн.

 

Биздин турмуш – ай сыңары таанылган,

Толуп, кемип, кайра жакшы жаңырган.

Эмгек менен дүйнө турат сакталып

Биз бар үчүн аны жакшы сагынган.

Музыка токтоп, кумурскалар чет-четке чыгып отуруп калышып, соколордун тилин чыңашат.

Чебелек: (терин аарчып) – Өх-ий! Бүгүн бир топ жерди бузуп койдук окшойт ээ?

Куни: Ооба, буюрса, былтыркыдан быйыл жерди арбын айдайт окшойбуз. (ордунан туруп, этегин күбүнүп Чебелектин жанына басып келет).

Теребел: (Чебелек менен Кунинин жанына келип, ортосуна туруп, экөөнүн ийнине колун коет) Ооба азаматтар! Буюрса келаткан кышта эми былтыркыдай ийнеликтерди да, чегирткелерди да таарынтпайбыз.

Чебелек: Ооба десең, боорду оорутуп эшиктин алдында турса, өлгүң келет тим эле.

Топук: Ооба сага, каратып туруп эле эшигиңди жаап алдың эле го!

(Чебелекти далыга чаап жиберет).

Баары каткырышат.

Жөргөмүш кирип келет.

Жөргөмүш: Оо, кумурскалар, иш илгери болсун!

Теребел: Айтканыңыз келсин!

Жөргөмүш: Эмне кылып атасыңар? Ишиңер кандай жүрүшүп жатат?

Теребел: Эртең эгин себебиз буюрса. (Сүйүнүчтүү эки колун ушалайт). Баарыбыз биргеликте талаага чыгабыз.

Кумурскалар: Буюрса! Баарыбыз биргеликте.

Жөргөмүш: Силерге бир жаңылыгым бар.

Теребел: Эмне жаңылык?

Жөргөмүш: Жакында жараткандан бир укмуш алма түшөт экен.

Теребел: Ал эмне алма экен?

Жөргөмүш: Оо, аны жегендер эч качан эч нерсе кылбай эле, сонун жашайт экен.

Үмүт: Айий! Ошондой да болобу ээ?

Жөргөмүш: Ал өмүрдү да узартат экен.

Теребел: Кантип?

Жөргөмүш: Аны бир жегенден кийин өмүр бою тамак жебей да койсо болот эми.

Чебелек: Коюңузчу!

Теребел: Ошондой да болот бекен?

Жөргөмүш: Ооба! Ээ бу он сегиз миң ааламдын сырлары көп да.

Теребел: Жогору жактан келатам. Уже каргалардын уясына түшкөн экен. Ооз тийип келатам.

Чебелек: Айий! Жөргөмүш, аны жегениңе канча күн болду анан?

Жөргөмүш: Бир жумадай болуп калды.

Теребел: Анан, ачка болбой калдыңбы?

Жөргөмүш: Вообще! Ошондон бери тамак иче элекмин.

Чебелек: Ээ?

Куни: Эй, чын эле эй. Жөргөмүш сен өзгөрүпсүң.

Үмүт: Дагы айтсаң, дагы эмне болот экенсиң? 

Жөргөмүш: Мээм укмуш иштеп калды. Эми силер муну өзүңөр алманы жемейинче, кандай укмуш экенин, анын рахатын силерге жеткире албайм. (Башын чайкайт).

Баары таңданып карашат.

Жөргөмүш: Ой ал эч нерсе эмес, уктабай да койсоң болот экен да. Жеп алып, уктай да элекмин.

Үмүт: Айи-ий, анда биз бат эле өнүкмөк экенбиз ээ? (Ойлуу.) Бизди уйку менен эле тамак союп атпайбы.

Теребел: Анда мен жебейт болчумун. Уйкуну алган неменин эмне кереги бар бизге. Ансыз да иш көп, (көзүнүн чылпагын алып) эс алып иштебесек… каяктан.

Куни: Чын эле. 

Топук: Ошону айтсаң.

Жөргөмүш: (Кара күчкө жылмайып) Бирок, бүгүн аябай сонун уктапмын. 

Капен: (Ишенбей каткырат). Увай! Кишинин баарын келесоо көрөсүң ээ, жөргөмүш?!

Чебелек: Эй сен кое турчу Капен! (Жөргөмүштүн жанына бөжүрөп келет) Жөргөмүш, биз да жесек болот бекен ыя?

Жөргөмүш: Билбейм эми аны.

Теребел: Чын эле, биз аны кантип алсак болот экен?

Жөргөмүш: Сураштырып көрөйүнчү ээ? Негизи ал кумурскаларга положенабы, билбейм да.

Капен: (каткырат) Эй, боорду эзбегилечи эй! Тээ атамзамандан бери эле адамдар курсагынын азабын тартып келатат, анан эмне ошону жөргөмүш чечип калыппы. Тур, тур… Андан көрө иштейли! Күн көтөрүлүп кетти ээй! (Тескери басат)

Чебелек: Э сен жөн турчу. Жөргөмүш аке айтып аткандан кийин, болот. Мен анын калп айтканын көргөн эмесмин.

Айкын: Ооба, Жөргөмүш билет. Ал ааламды алты айланып жүрбөйбү. Билген үчүн айтып жатат да. Кантип калп айтсын.

Куни: Эгер бул чын боло турган болсо, анда сөзсүз жеш керек.

Чебелек: Ооба десең.

Капен: (Артына кайрылып, кыйкырат) Мобулар даана айнып калган го. Жөргөмүшкө ишенсе болот деп силерге кайсы атаңар айтты?

Чебелек: Сен бузбай турчу Капен!

Куни: Өмүр бою эле кара курсактын айынан тер төгүп келатабыз.

Айкын: Туптуура айтасың. Деги жашоонун мааниси эмнеде?

Капен: (Четке барып отуруп алат) Тамак үчүн жашайсың.

Чебелек: Ики, жашоо үчүн тамак жейсиң.

Капен: Эй ал алманы жебеш керек! Вот именно же-беш ке-рек!

Чебелек: Эмнеге?

Теребел: Эмнеге?

Куни: Эмнеге?

Капен: Эгерде жашоо үчүн тамак жей турган болсоң, алманы жеп алсаң, ачка болбосоң, жашоонун кызыгы эмнеде анда?

Теребел: Башка кызыктар көп да.

Капен: Мисалы?

Теребел: Балалуу болосуң, жер кыдырасың. Көп акча жыйнайсың. Көп-көп үй аласын, көө-өп аял … (ары жак, бери жагын карап) а-ла-сы-ың!

Баары каткырып жиберишет.

(Капен Теребелдин жанына басып келет)

Капен: Балалуу болдуң деп коелу ээ?

Теребел: Ии?

Капен: Эгер ал тамак жебесе, сенин ага эмне керегиң бар?

Теребел: Кандайча?

Капен: Сен ага улам ачка болуп турган үчүн керексиң да.

Куни: Ео-олкиники, аялың деле ошо да эй?!

Жөргөмүш: Эми балдар, иш мындай: Силер эки топко бөлүнөсүңөр дагы. Тиги алма үчүн күч сынашасыңар.

Капен: Кое турсаңыз, биз эмнеге бөлүнөбүз?

Жөргөмүш: Алма баарыңарга жетпейт да.

Капен: Негизи бизге алманын кереги жок.

Жөргөмүш: Балдар, мындай да. Биз жашоону өзгөртүүгө умтулушубуз керек.

Капен: Алма жегенден жашоо өзгөргөнүн көргөн эмесмин.

Жөргөмүш: (Капенге) Кстати, сен мага керексиң.

Капен: (Жактырбай) Неге?

Жөргөмүш: Список түзүш керек болуп жатат.

Капен: Кыскасы мындай, Жөргөмүш агай! Биз список-мсписогу жок эле сонун жашап атабыз. Аралашпаңыз! (эки колун өйдө котөрүп, өкүт менен токтотуп) Все!

Жөргөмүш: (Капенди укмаксанга салып, Чебелекке кайрылып) Сен мындай кылгының. Азыр баарын тизмелеп чыгасың.

Чебелек: Анан.

Жөргөмүш: Анан мага алып келип бер. Баары баш аламан болуп кетпейби. Көзөмөл керек да.

Капен башын чайкап, тетири басып кетет.

Капен: (Артка кайрылып, Чебелекке) Чебелек, сен эгин себүүгө чыкпайсыңбы?

Чебелек: (Башын кашып, экин анжы ойлуу) Мм, негизи чыгыш керек болчу (Жөргөмүшкө) Жөкө жерди бузуп койдук эле да… Жер кургап кетет да.

Куни: Ой эми жерди деле айдап кереги жок турбайбы, алма келсе.

Жөргөмүш: Балдар, ал алма жөн келбейт. Силер аны эмгек кылып алышыңар керек.

Теребел: Эмне кылышыбыз керек экен?

Жөргөмүш: Жер айдайсыңар, жөн айдабайсыңар. Экиге бөлүнүп алып жарышып иштейсиңер.

Куни: Ураа!

Капен: Мобулар соо эмес.

Чебелек: Урааа! Эми биз мурдагыдан да кызыктуу иштейбиз.

Баары кетишет.

Капен: Ээ, жашоо! Өзүн өзү алдамайын тирүү жан жашай албайт турбайбы… Тобоо!

Башын чайкайт.

Жарык өчөт.

2-көрүнүш

Кумурскалар эки топко бөлүнүп алып, иштеп жатышат.

Эки топ бир убакта эки башка ырды ырдап киришет.

1-топ:

Майда, майда, басканың майда,

Ороо толсун оп майда.

Топондору бизге пайда,

Эгиндери сизге пайда.

2-топ:

Мекеним мейкин, күндүн нуру төгүлгөн,

Тоолору бийик, бүркүт учуп жол жүргөн.

Жарышып жазда, күрөшүп күздө

Элибиз эмгек менен эрденип күлгөн.

Капен: Аа, токтоткулачы! Башым ооруп чыкты. Же чогуу ырдагыла, же ырдабай эле койгула.

2 -топ ого бетер күчөп ырдашат.

1-топ:

Майда, майда, басканың майда,

Ороо толсун оп майда.

Топондору бизге пайда,

Эгиндери сизге пайда.

2-топ:

Мекеним мейкин, күндүн нуру төгүлгөн,

Тоолору бийик, бүркүт учуп жол жүргөн.

Жарышып жазда, күрөшүп күздө

Элибиз эмгек менен эрденип күлгөн.

Капен: Ааа, аааа! (башын мыкчыйт).

Теребел: Эй, сен бизди иштетесиңби ыя?

Капен: Силер иштебей жерге киргиле!

Теребел: Эмне?

Капен: Иштесеңер мурдагыдай иштебейсиңерби?!

Теребел: Мурдагыдан эки эсе жакшы иштеп атабыз, между прочим!

Капен: (каткырат) Үү-хү-хү-хү-хү! Иштеп атышкан имиш! Көрөсүңөр жакында эки-экиден чачташып, эки-экиден мушташып… (жинденет).

Теребел: Мобу точно айнып калган эй!

Капен: Силер айныдыңар, шордуулар! Жөргөмүш силерге бир тыйын жакшылык кылбайт, угуп алгыла!

Чебелек: Сен жөргөмүшкө сөз тийгизбе, нысапсыз!

Капен: Эй арсыз? Жөргөмүш сага ким? Тим эле кудайыңдай сыйынып алыпсың го ага?

Чебелек: Ал деген гений!

Капен: Как чокуң!

Чебелек: Атаңдын башы!

Капен: Атамдын башы сага эмне кылды ыя?

Чебелек: А жөргөмүш сага эмне кылды ыя?

Экөө согушуп кетет.

Чебелек менен Куни Капенди сабап салышат. Теребел келип ажыратат.

Теребел: Капен, Жөргөмүшкө тил тийгизсең экинчи, өпкөңдү үзөм айтып коеюн. (Сөөмөйүн арт жакка көтөрүп) Жогол көзгө көрүнбөй!

Кумурскалар баары биригип келип:

-Жогол, жогол бу жерден!

-Жогол, жогол бу жерден!

Капенди баарылап түртүп чыгарышат.

Кумурскалар:

-Мекеним мейкин,

-Майда, майда!

-Күндүн нуру төгүлгөн,

-Тоолору бийик

-Оп майда!

-Жарышып жазда!

-Топондору бизге пайда.

Кумурскалар кара жандарын карч уруп, бири-бирин укпай, түшүнүксүз бийлей башташат.

Башаламандыкты жаратышат.

Жарык өчөт.

 

2-көшөгө

1-көрүнүш

Жогору жакта илинип турган алма жерге түшүрүлгөн.

Алманын киргилт күрөң түстөгү тарабы көрүүчүлөрдү көздөй каратылган.

Чымын менен чиркей чоң алманы тегеректеп, ызылдап жүрөт.

Чиркей: (Алманын түбүнө келип отурат). Чымын, бүгүн эмне кыласың?

Чымын: (ызылдап келип, чиркейдин жанына отурат) Эмне кылмак элем. Иш көп.

Чиркей: Менде бир ой пайда болуп атат.

Чымын: Эмне ой?

Чиркей: Жерге түшүп келсемби дейм.

Чымын: Ой аякка эмне бар? Мен жана эле келдим.

Чиркей: Кумурскаларга барайын дегем. Балким жегенди унутуп, бир нерсе калтырып коюштубу дейм да.

Чымын: Ой кокуй ой! Жаныңда алма турат го. Дагы ушуга ырахмат де, муну курт жебесе эмне кылат элең?

Чиркей: Чын эле ээ?

Алмага жабышып алып ызылдашат.

Чиркей: Кумурскаларга эле жакшы ээ, Чыке?

Чымын: Эмнеге?

Чиркей: Ар кимди аңдыбай, өз эмгеги менен тамак таап жейт.

Чымын: Биздики андан жакшы?

Чиркей: Эмнеге?

Чымын: Биз алардын тапканын жейбиз. Ха, ха, ха, ха!

Чиркей: Хи, хи, хи, хи!

-Үү-үү- үү! Үү-үү-үү!

(Алыстан бирөөнүн ыйлаган үнү угулат).

Чымын: Чүш-ш! Токтосоң, бирөө ыйлап атат.

Чиркей: (кулак салып тыңшайт) Ким бул?

(Канатын жайып, ызылдап, учуп чыгып кетет)

Чымын: Ээх, кудай! Чын эле эмнеге мени ар кимдин тапкан оокатын аңдытып жаратып койгонсуң?

Чиркей ызылдап кирип келет.

Чиркей: Чыке, Чыке! Жерде бир кумурска ыйлап жатат.

Чымын: Эмнеге ыйлап атат?

Чиркей: Билбейм. Жүрү барып, сурап келебиз.

Кетишет.

Жарык өчөт.

2-көрүнүш

Сахнада алма жогору көтөрүлүп, кызыл түстөгү тарабы көрүүчулөргө каратылган.

Жөргөмүш менен Теребел кирет.

Жөргөмүш: Теребел, силерде даярдык кандай? Жакында сынак болот, билесиң.

Теребел: Э Жөкө, аракет кылып эле атабыз.

Жөргөмүш: Негизи, силерге сөзсүз алма керек да.

Теребел: Баарына эле керек да.

Жөргөмүш: Силерге айрыкча.

Теребел:Эмнеге?

Жөргөмүш: Анткени, силерден мен байкап жүрөм. Мээси кыйын иштегендер, Кудайга жакындар көп.

Теребел: Ии, анысы бар.

Жөргөмүш: Силерде бир жол бар?

Теребел: Ии?

Жөргөмүш: Тигилерге сүйлөшсө болот.

Теребел: Кимдерге?

Жөргөмүш: (сөөмөйүн асманды карай кезеп) Жогору жактагыларга.

Теребел: Ошентсе болобу ээ?

Жөргөмүш: Менин байкашымча тиги кумурскалар утуп кетет го. Алар күчтүү. Анткени, алар бирөө менен мамиле түзгөндү билет. Бирөөнүн ичи-койнуна кирип кеткенди билет.

Теребел: Ээ? (Ойлонуп калат) Эмне кылыш керек?

Жөргөмүш: Мен жогору жактагыларды көндүрүп көрөйүн, бирок, көп эгин сурайт да алар.

Теребел: Алар эми ачка болбосо, эгинди эмне кылышат?

Жөргөмүш: Ал жакта кээ бир кудайдын каарына калгандар бар да.

Теребел: Ии?

Жөргөмүш: Алар алманы канча жесе дагы, болбой эле ачка болуп аткан имиш. Ошолор эгинге өздөрүнө бөлүнгөнүн сатып атышыптыр.

Теребел: (Ойлуу) Аа…

Теребел: Жөкө, сен андан кам санаба. Биз алманы ала турган болсок, эгиндин ансыз деле кереги жок болуп калат да.

Жөргөмүш: Да, да! Туура айтып атасың. (Сүйүнүп кетет) Значит, так! Мындай да, силер бир пуд эгинди даярдап койгула, мен бир жумадан кийин алып кетем.

Теребел: (Сүйүнүп, көздөрү жалжылдап) Без проблем! (Жөргөмүшкө колун берет) Макул, келиштик.

Жөргөмүш: (Шыбырап) Эч кимге оозуңан чыкпасын. А командаңа взнос чогултуп жатабыз деп кой.

Теребел: Макул.

Жөргөмүш кетет.

3-көрүнүш

Теребел: Куни! (кыйкырат)

Куни колуна кетмен көтөрүп,  кирип келет.

Куни: Оов, баратам!

Теребел: Сүйүнчү!

Куни: Эмне болду?

Теребел: Алма биздики! (Кунини катуу кучактайт).

Куни: Кандайча? (Терин аарчып, кетменине сүйөнүп) Жарыш боло элек да.

Теребел: Жөкө менен сүйлөштүм. Беш пуд буудай берсеңер, алманы алып берем деди.

Куни: Койчу ай, ал кереметтүү алма беш эле пуд бекен.

Теребел: Мм, эми… андан кымбат эле экен. Бирок, менин авторитетимди билесиң да.

Куни: Даа! (Теребелди кучактайт).

Теребел: Эми мындай! Алма жыйырма бешөөбүзгө тең жетпейт. Билесиң. Он кумурсканы тандап алабыз. Ошолор анан жарым пуддан буудай беришсин. Сага тапшырма! Ошол ишти сен бүтүр.

Куни: Куп болот, ханым!

Теребел: Аларга айтпа. Взнос деп кой.

Куни: Окей!

Кетишет.

4-көрүнүш

Жөргөмүштүн кабинети. Көз айнек тагынып алып, кагаз жазып отурат.

Эшик такылдайт.

Жөргөмүш: Да!

Чымын: Саламатсызбы? Уруксатпы? (Шашып кирет)

Жөргөмүш: Уруксат!

Чымын: Жөргөмүш агай! Өтө шашылыш маселе менен. (Энтигет).

Жөргөмүш: Так, угуп атам! Чыке сени не шаштырат айтчы! Сен деген жан кыйнабай жашай турган эркин жансың го.

Чымын: Ой мен жөнүндө эмес. Тигил жакта чоң катастрофа! (Көзү чанагынан чыгып кетейин дейт)

Жөргөмүш: Эмне болду? (Кабагын бүркөп, коркуп карайт, көз айнегин өйдө түртүп).

Чымын: Ой байкуш кумурскаларга курт жеген алманы ким сыйкырдуу алма дегенин билбейм. Аны жесе ачка болбойт экен дешип, азыр ошол үчүн эки-экиден бөлүнүп, кырылып жатышыптыр!

Жөргөмүш: (Көзүн чакчайтып ордунан тура калат) Мм-ммх! (Шыбырап, көзүн чакчайтып) Сен муну кайдан уктуң?

Чымын: Бир кумурсканы таптакыр кууп жиберишиптир. Ошол айтты.

Жөргөмүш: Дагы ким бар эле жаныңда?

Чымын: Чиркей экөөбүз болчубуз.

Жөргөмүш: Чыке, бул чоң акмакчылык!

Чымын: Буларга ким мынча азап салып атат, ыя?

Жөргөмүш: Ким мындайга барса дагы, кармап туруп, башын жулуш керек!

Чымын: Ооба, түп орду менен жоготуш керек!

Жөргөмүш: Кумурскалар кудай сүйгөн пенделер! Аларга эч кимдин колу тийбеши керек!

Чымын: Алма сыйкырдуу алма эмес, курт жеген алма экенин кумурскаларга түшүндүрүш керек.

Жөргөмүш: Туура айтасың чымын! Сен ырас мага айтпадыңбы?

Чымын: Сиз жардам бериңиз агай?! Сизден башка кайрылар жан таппай койдум.

Жөргөмүш: Албетте, мен жардам берем! Сен биринчи мага келгениң аябай жакшы болбодубу… (ойлонуп калат) Эми сен мындай кыл. Чиркей менен тиги качкын кумурсканы алып алып, үчөөң барып, тиги курт жеген алманы сүрөткө тартып келгиле. Бу кумурскаларың фактыга гана ишенет. Сөзгө ишенбейт.

Чымын: Ии, эми туура таптыңыз! Туптуура акыл.

Жөргөмүш: А мен болсо кумурскаларды чогултуп турам. Анан бу жаңылыкты чогуу айталы, макулбу?

Чымын: Ма-акул!

Жөргөмүш: Жакшы бар!

Чымын ызылдап учуп чыгып кетет.

Жөргөмүш: (Столдун үстүндөгү кагаздарды алып ыргытып, жинденет) – Аа-аа-аа!

Жарык өчөт.

5-көрүнүш

Чымын менен чиркей 

Чымын: Чико, сен туура эле ойлонупсуң. Кумурска калп айтыптыр. Ал эмес экен.

Чиркей: Койчу, чын элеби?

Чымын: Ооба, ал угаары менен итатайы тутулуп, нерви кашайып чыкты.

Чиркей: Анан!

Чымын: Кумурскаларга срочно жардам бериш керек деди.

Алар фактыга гана ишенет, чириген алманы сүрөткө тартып келгиле деди.

Чиркей: Койчу, чын эле ушинттиби?

Чымын: (Ишенимдүү, мактанычтуу) Ооба.

Чиркей: (Жүрөгүн кармап жерге отура калат) Уу-ух! Ошентчи! Ошентчи! Жөргөмүш кантип андайга барсын деп, ишене албай жаткам.

(Ордунан тура калып, чымынды кучактайт) Чико, кудайыбыз бар экен. Ишенген кожобуз жөргөмүш ушуну кылса, биз эмне болобуз деп жүрөгүм ооруп чыкпадыбы…

Чымын: Мен деле. Эгер жөргөмүш экени билинсе, мен анын бетине түкүрүп туруп, “адам эмес экенсиң?” – деп айтайын деп баргам!

Чиркей: Эмнеге “адам эмес экенсиң” дейсиң?

Чымын: Туура эмес жүргөндөрдү ушинтип коюшат да.

Чиркей: Ээ?

Чымын: Ооба.

Чиркей: Кое тур, анда, эмнеге кумурска жанына күч келип, жамандады экен аны?

Чымын: Мен билем аны эмне үчүн?

Чиркей: Эмне үчүн?

Чымын: Просто, жөргөмүштү көрө алышпайт. Ал билимдүү! Ал кумурскалардай көп деле жанын кыйнабай акча таба алат. Муну илимде “человеческий зависть” деп коюшат.

Чиркей: Ал эмне?

Чымын: Ошо кумурскалардын тибинде дагы ушундай бир жандык бар. Ошолор жөнүндө.

Чиркей: Аа.

Чымын: Эй, кой! Далдырабай кыймылдайлы! Жөргөмүшкө жардам беришибиз керек.

Чиркей: Эмне кылалы?

Чымын: Бир жакшы фотоаппарат табыш керек эми.

Чиркей: Кайдан табыш керек? Жөргөмүштүн өзү бербейт беле?

Чымын: Э, каяктагы фотоаппарат анда.

Чиркей: Анан биз кайдан тапмак элек.

Чымын: Ой, иши кылса тапкыла деди.

Чиркей: Эк, сен деле бир келесоосуң. Колуңан келбегенден кийин макул болбо да.

Чымын: Чико! Макул болбой турган убакпы?

Чиркей: Эми эмне кылабыз?

Чымын: Э жүрү кумурскага! Бир айласын табабыз да.

Экөө ызылдап чыгып кетишет.

6-көрүнүш

Коркунучтуу музыканын коштоосунда караңгылыкта акырын тор жайылат. Чымын менен чиркей ызылдап учуп келатышат. Кумурска алдыда алардын алдын тосуп, арты менен чуркап баратат.

Капен: Силер адашып атасыңар! Токтогула эй! Уксаңар мени!

Чымын: Куке, турчу мындай, жолду торобой!

Капен: Силер түшүнбөй жатасыңар! Кое турсаңар.

Чиркей: Е-маео! Мобунун жаагы басылабы ыя? Сен каяктан чыккан немесиң? Деги сени бизге ким жиберди? Эмне НПОшниксиңби?

Капен: Тууй ата! (Башын чайкап, санын чаап, күйүп кетет).

Чымын: Чын эле сен эмне эле мынча жаның күйүп атат.

Капен: Ой мен өз көзүм менен көрдүм го Жөргөмүштү. Жүрүгүлө, ишенбесеңер кумурскаларга баралы.

Чымын: Барабыз азыр, алманы сүрөткө тартып алып.

Капен: Жок, эч жакка барбай туруп, кумурскаларга барабыз.

Чиркей: Сен эмне эле башты айлантып атасың.

Сырдуу музыка болуп келип эле, үчөө торго оролуп калышат.

Чымын: Ой, ой!

Чиркей: Аа!

Капен: Аа! Аа!

Чымын менен чиркей, кумурска үчөө тордон чыга албай ызылдашат.

Капен: Айттым беле! Мына жөргөмүш торго салды!

Чымын: Жок, муну буга кызыкдар бирөөлөр кылып атат.

Капен: Кимге кызык кимге, айтчы!

Чиркей: Тышкы күчтөр!

Чымын: Ооба, үчүнчү күчтөр!

Капен: Атаңардын как чокусу!

Чиркей: Чыке, Жөргөмүш акеме чалгын эле?!

Капен: (Экөөнө карап жинденет) Аа-аа-аа!

Жарык өчөт. 

7-көрүнүш

Кумуркалардын тобу жайнап сахнада. Жөргөмүш кара көз айнек тагынып, башына шапке баса кийип алган. Кумурскалардын алдында турат.

Жөргөмүш: Эмесе балдар! Эми мындай, мен силерге дагы бир жолу кайталап айтам. Алманы дүйнө жүзү талашып жаткан учуру. Биздин иштерге тоскоол боло тургандар чыгат. Ошондуктан, эч кимдин сөзүнө ишенбей, иштей бергиле! Только вперед, и все! А сынактын качан болорун уктуңар! Болду!  Тарагыла! Тарагыла! Урушта туруш жок, иштегиле!

Жөргөмүш чыгып кетет.

Кумурскалар тарай баштайт.

Куни Теребелди алдыга ээрчитип басып келет.

Куни: Мен түшүнбөй калдым байке, ошондо сынак бүрсүгүнүбү?

Теребел: Ооба, айтпадыбы!

Куни: Кызык го. Бир айдан кийин дебеди беле? Эмне эле башты айлантып атышат.

Теребел: Ой жарымкудайлар башка планетада олимпиада болот экен. Ошого кетишет экен.

Куни: Алар ким?

Теребел: Комиссия!

Куни: Аа!

Теребел: Эмне болду тиги?

Куни: Чогултуп бүтө элек болчубуз да.

Теребел аябай сарсанаа болуп, ары-бери баса баштайт.

Теребел: Минтип ит куугандай кылаарын кайдан билдик.

Телефон шыңгырайт.

Теребел: (Телефонду карап, чочуп кетет. Акырын шыбырап) Жөргөмүш чалып ата-ат! (Башын мыкчып жерге отура калат. Телефон дагы шыңгырайт, Теребел айла жок трубканы алат). Ало!

Кадр сыртындагы телефондогу үн: Ало, эмне болду баягы?

Теребел: (Ордунан тура калат) Аа Жөргөмүш, жакшысызбы! Ой жакшысызбы дейм да, жаңы эле учурашпадык беле, эме…

Жөргөмүш: Мындай Теребел, берки топтогулар уже эки пуд берип коюшту. Көрүп атпайсыңбы, шашылыш баары!

Теребел: Ошондо биз кечиктикпи?

Жөргөмүш: Ну, дагы шанс бар! Аларга беш пуд беришиңер керек болуп калат да эми.

Теребел: Беш. (Ойлонуп туруп калат).

Жөргөмүш: Ооба, анткени, кимдики көп болсо, ошону карайт да.

Теребел: Ии, аракет кылалы!

Жөргөмүш: Мөөнөт бүгүн кечке чейин.

Теребел: Макул. (чачын жини менен уйпалап) Аззыр!

Куни: Эмне болду?

Теребел: Уфф! (Көңүлсүз) Эмне болмок эле! Кечке чейин таап келгиле дейт.

Куни: Кечки бешке чейинби?

Теребел: Ыя? (Кунини таң калып, жини менен карайт. Анан бир нерсе мээсине жеткендей) Аа ооба! Саат бешке чейин. Чурка. Чогулт.

Куни: Алда кудай ай! Эмне бизди мынча чанжыратып атат.

Теребел: Эк, эмне кыл дейсиң эми!

Куни: Уфф!

Чыгып кетишет.

8-көрүнүш

Чымын, чиркей, Капен үчөө торго камалган бойдон отурушат.

Капен кыртылдатып тиштегилеп жатат.

Чымын: Эмне эле кылып жатасың эй?

Капен: Бул жерден чыгышыбыз керекпи?

Чиркей: Эмне кылып чыгасың?

Капен: Кырчып-кырчып, кыркышыбыз керек мобу торду.

Чымын: Муну качан кыркып бүтмөк элек.

Капен: Үчөөлөсөк бүтөбүз.

Чиркей: Ой кудайым ай, бул укмуш оптимист турбайбы? (Чиркейге ээк кагып, шылдың менен карайт).

Капен: Анан эмне кылмак элек. Өлүп берелиби жөндөн-жөн.

Чымын: Өөх!

Капен: Айтканды укпасаңар, үшкүрүп отура бергиле!

Кырчылдатып тиштей берет.

Чымын чиркейге карап, Капенди шылдыңдап күлүшөт.

Капен аларга карабай торду кырчылдата берет.

Чиркей Капенди көчүккө тебет

Капен артын карай калганында чиркей алдынан чыга калып:

Чиркей: Ой эмне болду? Тетиги тептиби?

(Чымынга) Койбойсуңбу эй!

Чымын: Мен тепкен жокмун.

Капен билмексен болуп, кырчылдатып торду тиштегилей берет..

Чымын менен чиркей баш чайкап, отуруп алып, алар да торду кырчып тиштей башташат.

9-көрүнүш

Кумурскалар эки топко бөлүнүп, ак жана кара түстө костюмдар менен бийлешет.

Жөргөмүш өзү жалгыз отурат.

Жөргөмүштүн жанына келет.

Теребел: Башка комиссия эмнеге келген жок? (Кыйкырат).

Жөргөмүш: Ну, алардын жумушу чыгып калды көрүнөт.

Теребел: Анда биз неге шаштык?

Жөргөмүш: Мындай да, ар бир иштин эрте болгону жакшы.

Теребел башын чайкайт. Ийнин куушуруп кетип калат.

Трагедиялуу музыканын коштоосунда кумурскалар бийде бири-бири менен аеосуз кармаш жүргүзүшөт.

Бий соңуна чыгат.

Жөргөмүш ортого чыгат.

Жөргөмүш: Урматтуу бул салтанаттын катышуучулары, өтө бир укмуштуу деңгээлде өз күчүңөрдү, жашоого болгон сүйүүңөрдү көрсөттүңөр. Жашоо үчүн күрөш деген эмне экенин биз дүйнө жүзүнө үлгү кылып көрсөтө тургандай. Просто потресающий!

Эмесе жыйынтык төмөндөгүдөй:

“Эмгектүү кулда чарчоо жок” деген номинацияда сыйлыкка ээ болду.

Те – ре – бел командасы-ы!

Ак түстө кийинип турган кумурскалар жыргап сүйүнүп, ызы-чуу болуп шатыратып кол чабышат.

Теребел командасы: Уу-уу-уу-рааа!!! (Баары кол көтөрүп сүйүнүшөт).

Алманын сүрөтү түшүрүлгөн рамканы тапшырат. Кумурскалар бири-бирин карап, нааразы болуп тултуюп туруп калышат.

Жөргөмүш: Сынакта экинчи орунга ээ болгондугу үчүн Токой кумурскаларынын “Глобус” коман – да –сы-ы!

Баары жымжырт болуп калат.

Жөргөмүш алманын макетин көрсөтүп, кайра артына коюп коет.

Жөргөмүш: Ал эми сынакта биринчи орунду багындырган, өтө мээнеткеч “Кудай бар” команда-сы-ы!

Кара түстө кийинген кумурскалар аябай жыргап кол чабышат. Ызы-чуу болушат.

Кара түстө кийинген кумурскалар: (Чогуу кол чаап кыйкырышат) Ку-дай бар! Ку-дай бар! Ку-дай бар!

Чоң глобус сыяктуу, сыртына жапжашыл целлофан менен капталган чоң алма алардын алдына жогору жактан жай түшөт.

Кумурскалар аябай жыргап, кубанышат.

Алар алманы тоголоткон бойдон кетишет.

Жөргөмүш папкесин көтөрүп чыгып кетет.

10 – көрүнүш

Теребел командасы сахнанын алдына чыгып келишет.

Куни: Кандайча мындай болуп калды? Таптакыр катышпаган эле бир команда экинчи орунду алып кетти го?

Чебелек: Ооба десең, алар жок да!

Айкын: Андай команда катышкан эмес.

Шаабайлары сууп, отуруп калышат.

Куни Теребелге келип шыбырайт.

Куни: Жөргөмүш бизди алдап кетти.

Буудай бербей эле койсок болмок.

Теребел ойлуу ары-бери басат.

Чебелек: Таптакыр уяты жок экен Жөргөмүштүн.

Куни: Унчукпай барып турупчу ээ, башын жулуп туруп, денесин көлгө ыргытып ийчү эле неме экен.

Чебелек: Жок! Көлдө эмне күнөө. Көлдөн айлансын ушу!

Куни: Жерге кепиндебей эле көөмп сала турган неме экен.

Чебелек: Көлгө тийбе, көлдү булгаба! Жерге да тийбе!

Куни: Сөөгүн бөлүп-бөлүп сатып эле ийчү неме экен.

Чебелек: Бирөөгө да сатканга болбойт муну. Бирөөнүн убалына каласың.

Куни: Дайыма эле мага каршы чыгып жүрөсүң.

Куни: Ой тим эле! Биринчи ошо колуңан келеби?

Чебелек: Сен эмне эле мага асылып атасың, ары турчу эй!

Куни: Эмне? (Жакадан алат).

Куни: Тартчы эй колду.

Чебелек: Эмне?

Куни: Эмне?

Айкын: Эй, эй, койгула! (Экөөнү ажыратат, экөө болбой жулмалаша баштайт).

Айкын: Э-эй! (бакырат). Эмне экөөң бири-бириңе кыйын болуп атасың?! Ушунчалык эле кыйын экенсиңер, жана сахнадан Жөргөмүштү жакалабайт белеңер? Бетине эч нерсе айта албайсыңар да, бу жакка келип алып, бири-бириңе арстан болуп.

Куни менен Чебелек экөө токтоп калат.

Айкын: Жетишет, болду!

Куни: Болду!

Чебелек: Бойду, бойду!… Атаңардын башына болду. Эч ким айта албайт көзүнө. Айткан күндө да, алданып каласыңар.

Айкын: Эмне болсо да бир айтышыбыз керек.

Теребел: Айтканда не? Өттү, кетти!

Айкын: Эй! (Кыжыры кайнап кыйкырат). Жүрө берели анда ушинтип. Жалаң ушу сендей былжыраган, чечими жок, көз каранды жетекчилердин айынан башкалар азап жеп атат. (Ыйламсырап) Энеңди урайындар, жөргөмүштөн биринчи сендейлерди жоготуш керек!

Теребел: Эй, оозуңа карап сүйлө!

Айкын: Сүйлөбөсөм эмне кыласың!

Теребел: Эртең да күн бар!

Айкын: Урдум сенин ээси жок эртеңиңди! (Ак кийимин чечип ыргытып, терин аарчыйт).

Теребел: Эмне деп эле атасың эй!

Теребел Айкынды жакалайт.

Чебелек менен Куни ажыратат. Алар болбойт.

Реп музыка жаңырат.

Топурап катуу мушташа башташат.

“Кудай бар” командасы жондоруна мүшөк көтөрүп келишет.

Реп музыка жай музыкага алмашат.

Мушташып жаткандар таң калып туруп калышат.

Командир: Урматтуу Теребел командасы! Биз сиздерге жайлата жыйып терген буудайларыбызды беребиз!

Куни: Ка-ка-кандайча?

Кудай бар командасы жалпы: Эми бизге тамактын кереги жок.

Алма бар да!

Синхрондуу түрдө, чогуу жондорундагы мүшөктү жерге коюшат.

Чебелек: Ураа!

Теребел: Дос, (командирди далыга таптап) Биз ушул буудайларга кошуп, өзүбүздүн буудайларды бүт берели. Алмадан бир аз бөлүшпөйсүңөрбү?

Командир: Ха, ха, ха, ха! Ошентелиби?

Теребел: Биз да жеп көрөлү да.

Командир: Кудай биздин маңдайга жазыптыр! Өзүбүз жейбиз!

Кудай бар командасы: Өзүбүз жейбиз!

Чыгып баратышканда Теребел, командирди колдон тартат. Команда чыгып кетет. Артынан “Теребел” командасы ээрчип кетет.

Теребел: (Командирди четке жетелейт). Жүрүсөң.

Жок дегенде алмаңан мага беришсең. Көрөйүн.

Командир: Кеңешейин.

Теребел: Ким менен?

Командир: Эл менен.

Теребел: Эл, эл! Эл эч качан жакшылыгыңды билбейт!

Командир: Ха, ха, ха, ха! Азыр мага жакшылыктын деле кереги жок чынында.

Теребел: Аябай ток пейил жүрөт бекенсиң ээ?

Командир: Ачыгын айтсамчы ээ, жаным тынып эле калды.

(Жерге шашпай, маашырланып отурат).

Түү, азап чегип эле жашап жүрө бериптирмин да. Элестет. Мобу (кекиртегин чертип) акмактын айынан эмне гана кылбадым эй! Дүйнө тим эле Жүз сексен градуска өзгөрүп кетти го. А мурдачы…

Эртең менен турганда эле аял мээни жейт. Бүгүн эмне тамак жейт балдар, (Колунун манжаларын бүгүп, бирден санайт) дүкөнгө карызбыз. Шеринеге барабыз, ашка барабыз! Куран окутабыз. Ойлосом ошонун баары тамак эле үчүн экен эй! (Чалкалап, жамбаштап жатып, ишенимдүү колун шилтеп) Азыр баарын чийдим. (Пауза) Эч нерсесине барбайм дагы, бербейм дагы. Энеңди урайындар десе! Жалаң ушу Кукелердин жинди салтынан чыга албай жүрүп, өмүр өтүп кетти.

Теребел: (Суктанып карап) Кандай бактылуусуң ээ? Мен деле чийип салгым келет, бирок…

Командир: Чийип сал сен деле! Чын, жыргайсың.

Теребел: Жеген тамакты кайтарып бериш керек да.

Командир: (Башынан ылдый сын тагып карап) Даа-а!

Теребел: Эми эмне кылайын деп жатасың?

Командир: Менби?

Теребел: Ии?

Командир: Дүкөн ачайын деп атам.

Теребел: Китеп сатасыңбы де компьютерби?

Командир: Ики.

Теребел: Эмне?

Командир: Азык-түлүк дүкөнүн ачам.

Теребел: Жинди го мобу? Тамак-аштан эптеп кутулуп алып, анан кайра эми ага жабышып атасың?

Командир: Жакшы да, банкрот болбойсуң.

Теребел: Эх! Бу жандык баары бир тойбойт экен да ээ?

Командир: Сен эмне кылмак элең?

Теребел: Мен деген алма бак тикмекмин. Алдагы силерге берген алманын уругун алып, көбөйтмөкмүн. Дүйнөдөгү бардык жандыктар ачка болбосо кандай жакшы.

Командир: Кой э, кайдагыны баштабай.

Теребел: Эч ким ачка болбосо жакшы да, баары бактылуу.

Командир: Элестет, дүйнө бир укмуш балит болуп кетет.

Теребел: Эмнеге?

Командир: Элестет, эч ким эт жебей калса, талаадагы кой-жылкынын өлүгүн карышкыр да жебесе, кузгун да жебесе, сөөгүн иттер да кемирбесе дүйнө өлүккө толуп кетпейби. Билесиңби өлүк кандай сасыйт. Фуу! Кой, кой! Эй балээни баштаба.

Теребел: Жакшы да. Ар ким бирөөгө жем болгондон коркпой, бактылуу жашайт да.

Командир: Мкхм! Абсурд! Карышкырга койдун кереги жок болсо, бу дүйнөдө анын башка не кызыгы бар айтсаң? Баары эртең эле шалтурук болуп чыга келет. Жер айдалбай калса, бак-шактар өстүрүлбөй калса, арыктар чабылбай калса… билбейм кандай оокат болот анан?

Теребел: Уфф! Башым ооруп кетти. Алмаң өзүңө эле буюрсунчу!

Командирдин телефону чырылдайт.

Командир: Ало!

Кадр сыртында телефондогу үн: Ало, сиз каяктасыз? Аялыңыз эси ооп жыгылып, тез жардам алып кетти.

Командир: Эмне болуп кетти?

Кадр сыртында телефондогу үн: Ачка болгондон жыгылыптыр дешти.

Командир: Кандайча ачка! Ал эмнеге ачка болот? Ачка болбойт ал!

(Шашып чыгып баратып) Ал ачка болушу мүмкүн эмес.

Командир кетет. Теребел таң калып туруп калат.

Теребел: Куни, Чебелек! Кайдасыңар!

Куни, Чебелек, Айкын үчөө келет.

Теребел: Көтөргүлө буудайларды.

Куни: (Ыңгыранып, башын кашып) Алма эле сурасак болмок.

Теребел башка чабат.

Теребел: Эк, басчы эй! Азыр алар келип, кайра алып кетип калышат.

Чебелек: Эй, аларга болду кереги жок мунун.

Теребел: Ой, ачкадан кырыла башташты чекеден.

Куни: Эмнеге?

Теребел: Кудай билет…

Баары мүшөктөрдү көтөрүп алып чыгып кетишет.

Жарык өчөт.

11- көрүнүш

Чымын, чиркей жана Капен. Торлорду чечип бүтүшүп чыга башташат.

Чымын: Кумурска, кумурска десе эле, бир кибирген бирөө дечү элем. Азамат!

Чиркей: Ой бизге караганда ушуну жакшы көрүшөт го. (Какшыктап) Эмгекчил деп!

Капен: Чындык да.

Капен торду алыс ыргытат.

Чымын: Көрдүк! Моюнга алабыз аныңы. Бирок, өтө эле кыйын боло бергениң жакпайт да.

Чиркей: Ой ушу, чындык издегендер тажатты. Просто, мобуну кайра торго камап салчу эле жан да. Өх-ий! Баары ушунун айынан болду.

Капен: Дагы силер көрө элексиңер чындыкты.

Чиркей: Койчу эй, чындыгыңды! Жалаң ушу чындык издегендер бузат жашоону. Тынч жашап аткан жанды дүрбөлөңгө салып, эк! (Кол шилтейт). Өзү жыргабайт же элди жыргатпайт.

Капен: Силердин мага жардамыңар керек.

Чиркей: Кой эй, кой! Кетчи ай, кетчи!

Капен: Чын эле айтам. Жакында кумурскалардын баарын кырып алабыз.

Чиркей: Койчу ай!

Чымын: Ту-уй! Бу баягы жомогун кайра баштады.

Жөргөмүш менен командир келет.

Алар кужулдашып кетип баратып, токтоп калышат да, Жөргөмүштү көрүп жашынышат.

Жөргөмүш: Силер кырмандагы буудайларды чогултуп койдуңар беле?

Командир: Аа, ооба! Кырманды бошотуп, алманы кийирип койдук.

Жөргөмүш: Аа, буудайларды эми мындай кылгыла! Машине жиберем, балдар менен жүктөтүп жибер ээ, макулбу?

Командир: Аа, аны биз таркатып жибердик.

Жөргөмүш: Эмнеге? (Көзү чакчайып кетет).

Командир: Эми бизге эмне кереги бар?

Жөргөмүш: Силер аны уруксатсыз неге бердиңер?

Командир: Сизден сураш керек беле?

Жөргөмүш: Анан эмне?

Командир: Кызык го. Сизге эмне кереги бар?

Жөргөмүш: Мм, муктаждарга берет элек да.

Командир: Ошо, муктаждарга бербедикпи?

Жөргөмүш: Мм. Макул, бара бер.

Командир кетет.

Жөргөмүш: (Жерге отура калып, башын мыкчыйт). Аа, аа!

Жарык Чиркейлер тарапка берилет.

Капен: Мен айттым беле силерге?

Чымын: Эмне болду?

Капен: Эк, силер түшүнбөйсүңөр.

Чиркей: Айтсаң.

Капен: Алманы жанагы кумурска алыптыр го.

Чымын: Аа, ооба! Кампага кийирип койдук деди ээ?

Капен: Ооба.

Чиркей: Мм-м! (Көзүн жүлжүйтүп, ээгин таянып ойлоно калат) Кое тур азыр. Жүрү чымын!

Чымын менен чиркей Жөргөмүштүн жанына келишет.

Чымын: Ой агай, саламатсызбы?

Жөргөмүш: (Чочуп кетет) Са-ла-матчы-лык! (Көз айнегин тагып, кастюмун түздөйт). Силер каякка кеттиңер?

Чымын: Биз алманы таппай койдук.

Жөргөмүш: Ээ? А кайда кетти экен?

Чымын: Билбейбиз. Барсак, ордунда жок экен.

Жөргөмүш: Кап.

Чымын: Ким алып кетиши мүмкүн?

Жөргөмүш: Ким билет. Азыр эч кимге ишениш жок. Заманды көрүп атпайсыңбы?

Чымын: Даа… (Жөргөмүшкө мыскылдуу карап) Ооба ишенич жок экен.

Жөргөмүш: Эми силер менин жаныман чыкпагыла! Жардам бергиле!

Чымын: Эмне кылабыз?

Жөргөмүш: Иш көп.

Чымын: Макул, мен Чиркейди чакырып келейин ээ?

Жөргөмүш: Макул.

Чымын менен Чиркей чыгып кетишет.

Жөргөмүш: (Өзүнчө) Булар кантип бошонуп кетти ыя?

Кайгылуу музыка менен жарык өчөт.

12-көрүнүш

Капен, Чымын жана Чиркей алдыга чыгып келишет.

Капен: Айттым беле мен силерге! Чалмакейдин баарын чалган Жөргөмүш деп.

Чымын: Түү!

Чиркей: Эртерээк кумурскаларга барышыбыз керек.

Кетишет.

Интригалуу музыка жаңырат.

13-көрүнүш

Командир менен Жөргөмүш чыгат.

Командир: Менде бир идея. Дагы көп эгин чогулду. Чогулган эгиндер үчүн дагы бир конкурс өткөрөлү деп атабыз. Сиз калыс болуп бербейсизби?

Жөргөмүш: Ой азамат! Туптуура! Сонун идея!

Командир: Эртең биздин бакчада, саат 14.00дө болот.

Жөргөмүш: Макул. Сөзсүз келем.

Командир кол берет. Чыгып кетишет.

14-көрүнүш

Кумурскалар сахнада ак, кара болуп бөлүнүп бийлеп жатат.

Кумурскалар бир маалда түсүн өзгөртүп, кооз түскө айланышат.

Чымын, чиркей жана Капен, Командир, Теребел алдыда туруп, чогуу позитивдүү Жөргөмүштү айланып бийлешет.

Жөргөмүштү акырын торго камашат.

Музыка так токтойт!

Кумурскалар: – Жөргөмүш, кана сенин сыйкырдуу алмаң?

Жөргөмүш: – Кайсы?

Капен: Эй, жөргөмүш! Чирик! Сен чириген алмаң менен кошо жогол!

Жөргөмүш: Кое тур! Кайсы чириген алма? Что происходить?

Кумурскалар: Сыйкырдуу алма кана?

Жөргөмүш: Ну… Алышпады беле

Капен: Эй токтотчу насаатыңды! Тажадык сенин баш айлантма философияңан. Сен адашсаң өзүң адаш. Мобу мээнет-терин төккөн жандарды качан жайына коесуң?

Жөргөмүш: Так, мындай да, силер, түшүнө албай калдыңар көрүнөт. Негизи-и…

Чымын: Жөргөмүш агай, токтоңуз. Мен сизге ишендим элем. Бирок, ботко чалган өзүңүз экенсиз го?

Жөргөмүш: Чыке, сен ырас келдиң. Как раз, мына буларды чогултуп, айтайын де…

Чымын: (Кытмыр күлүп) Биз жолдон сиздин торго түшүп калдык.

Жөргөмүш: Вот оно что! Интересно! Почему?

Чымын: (каткырат) Даа, очень интересно!

Чириген алманы тоголотуп келишет.

Анда “закон”, “буйрук”, “жарлык”, “билдирүү”, “юбилей”, “НПО”, “сыйлык” деген жазуулары алманы чаралакей, чириген көрсөтүп турат.

Жөргөмүш: Так, ушуну ырас кылдыңар! Урматтуу кумурскалар! Силер бир жагдайды туура түшүнүшүңөр керек. Биздин бул жерде чогулганыбыздын себеби, мына ушул болчу. Да, сыйкырдуу алма деп айтып келишет. Бирок, чынында сыйкырдуу алма жок.

Куни: Браво: Жөргөмүшкө даңк! Ал дайыма адилет!

Капен: Эй, келесоо турчу мындай! (Кунини түртөт, алдыга чыгат). Эй жаныңды жегир, сен айтпадың беле бизге сыйкырдуу алма бар деп.

Жөргөмүш: Да ну, менби?

Капен: Эй кумурскалар! Эмне турасыңар! Айтпайсыңарбы! Жөргөмүш айтып келген эмес беле!

Жөргөмүш: Мен силерден уктум. Мен эч кимге айткан эмесмин.

Теребел: (Таң калычтуу) Жөкө, а эгиндерчи? Сынакчы?

Жөргөмүш: Эмне буудай?

Куни: (Жерге түкүрөт) Түү!

Жөргөмүш: Аа эстедим. Ооба аны сөзсүз беришиңер керек болчу.

Теребел: Эмнеге?

Жөргөмүш: Салыкты төлөш керек да, балдар!

Теребел: (Башын чайкап) Аны сиз алманы алып бериш үчүн парага бересиңер дедиңиз эле го.

Жөргөмүш: Менби? Астафуралла! Сен ошондо коррупцияга аралашып өзүң, анан мени дагы аралаштыргың барбы?

Теребел: Жөргөмүш?! (Көзүн чакчайтып туруп калат).

Бадырак: Жөргөмүш, көрө албастар ушинтип жалаа жаба берет.

Жөргөмүш: Ой мен мындай жалаага көнүп бүткөм. Эң негизгиси, кудайга ишим ак!

Командир: Уу-уу-уу-уу! (Өзүнүн кокосуна бычак такап алат) Ыя айланайын жөргөмүш! Сени бу жер кантип көтөрүп атат? Жүрөгүң кантип көтөрүп турат ыя, ушу арам денеңди?! Мен көтөрө албай калдым. Уу-уу-уу! (Бычак менен кокосун кесип жиберет. Шалак этип жерге түшөт).

Кумурскалар бакырып, ызы-чуу түшүшөт.

Баары дуулдап жакаларын кармап, ызы-чуу түшө баштайт.

Теребел: Жөргөмүш акмак! Бул байкуш командасын сенин алмаңдын айынан ачкадан кырып алды!

Мына эми сөзүм өлгөнчө өзүм өлөйүн деп, сенин ордуңа өлдү!

Чебелек: (Бети-башы кызарып, муштумун түйүп) Айлакер Жөргөмүш! Жетишет! Сен бизди кыйнап бүттүң!

Капен: (Кумурскаларга) Кармагыла каапырды!

Куни: Байлагыла!

Бадырак: (Артка барып, кайра алдыга чуркап келип Жөргөмүштү бир тебет) Акмак десе!

Жөргөмүш бурулуп туруп Бадыракты жаткыра чабат.

Чымын: (Чуркап келип, Жөргөмүштү бетинен апчып алат) Жүзү кара десе!

Чиркей: (Жөргөмүштү бетинен чымчыйт) Биз эмне сага келесообузбу?

Кумурскалар жаалап келип, Жөргөмүштү торго чырмап, чириген алмага таңып салышат.

Командир: Өрттөгүлө!

Бадырак: Өрттөгүлө!

Куни: Өлтүрөбүз!

Капен: Кое тургула! Илгертеден, мына ушундай эт менен челдин ортосунда күн көргөн, көк боор жандар дүйнөнү чиритип келатат. Мындайлар өрттөсө жоголбойт, өлсө чирибейт. Мындай мите курттарга өлүм -спасение! Булар өлгөндөн кийин да жердин алдын чиритет!

Кое бергиле! Жайына койгула!

Буга ишенбей койсоң, айткан сөзүн укпай койсоң  жумушсуз калып, өзүнөн-өзү жок болот!

Кумурскалар: Үзүлсүн жөргөмүштүн тукуму!

Үзүлсүн жөргөмүштүн тору.

Чебелек: Жогол Жөргөмүш!

Капен: Шашпагыла, жөргөмүш жакында төлдөйт. Ошондо ал өз балдарынын алгачкы тамагы болуп берет. Бул табияттын мыйзамы.

Музыканын коштоосунда кумурскалар жөргөмүштүн торунан алманы бошотуп жатышып, “буйрук”, “жарлык”, “сыйлык” сыяктуу жазууларды алып, тытып ыргытышат…

Бий башталат. Кумурскалар алманы тегеренип бийлешет.

15-көрүнүш

Кайгылуу музыканын коштоосунда караңгы жайда Жөргөмүшкө жарык берилет. 

Жөргөмүш: Акыры ушундай болоорун билгем! (Өкүнүчтүү башын чайкайт) Билгем! Чын эле, бу дүйнөдө мен жасабаган жамандык калган жок.

Бирок, мен эмне кылайын, өзүмдү токтото албасам.

(Жалбарып ыйлайт) Ох-хо-хо-хо Жараткан!

Сен эмнеге мени бирөөлөрдүн көз жашынын эсебинен жашай турган кылып жараттың? (Колун көтөрүп, эки алаканын алмак-салмак карап) Менин өмүр бою жасаган эмгегим – (каңырыгы түтөп) бирөөгө тор жаюу болду. Эмне үчүн мени кумурскадай эмгекчил, чиркейдей чынчыл жаратпадың ыя?!

(Жалооруп көктү карап) Эмнеге менин ырыскымды бирөөлөрдүн убалына байладың?

Мага жакчу эмес, мен туура эмес экенин билип туруп, өзүмдү токтото албай, жамандык кылып жашадым. Ушу жок дегенде өлөөрдө да жөн өлүм бербейт окшойсуң…

Пауза

(Күч жыйнап, кайра эсине келгендей дем менен)

Бирок, бирок, мен билген бир чындык бар.

(Башын мактанычтуу өйдө көтөрөт).

Эч качан бу коом мендей жөргөмүштөрсүз ирээттүү жашай алышпайт. Көрөбүз! Анык башаламан эми башталат!

(Кара күчкө жинди болгон немедей ыза менен каткырат)

-Ха, ха, ха, ха!

(Артын карабай кетип баратып, токтоп калып, кайра бурулуп карайт)

Кошкула, менин маңыроо макулуктарым!

Дүйнө… (Сөөмөйүн жогору көтөрөт) Бир генийден айрылды!

Кетет.

Жарык өчөт.

Эпилог

Көп мезгил өткөндүн белгисин чагылдырып музыканын коштоосунда, жарыктар улам алмашат. Жөргөмүш Акылынан айныгандай торду жайып сүйлөнүп жүрөт.

Жөргөмүш: Кана эмесе, ушуну туура кылдыңар! Жакында чоң иш баштайбыз! Все, вперед! Урушта-туруш жок.

Жок, жок! Андай иштебегиле! Болбойт андай! Аа, эң туура! Ушуну ырас кылдыңар! Апкелгиле, көрөлү! Макул кол койдуруп чыгам. Келе мен кол коюп берейин. Макул, аны чечебиз. Ооба, эртең жыйналыш!

Торду тегерете жайып-жайып отуруп өзү тордун ичинде калат.

Жөргөмүш: Мен келгиче бүтүрүп койгула! Ооба, мен келип калам.

Жөргөмүш кетейин деп эшик таппайт. Улам бир бурчуна барат, чыга албайт. Улам бир бурчуна барат чыга албайт.

Ал жайдан чыккысы келип, ызы-чуу түшүп, кыйкыра баштайт.

Анан торлорду улам чечем деп отуруп, өзү торго чырмалып, оролуп калат. Жөргөмүш илкип басып баратып, денесин көтөрө албай, жерге жыгылат.

-Эй, ким бар! Ким бар! Ким бар!

Периште канатын жайып келип, токтоп туруп калат.

Кадр сыртындагы периштенин үнү: Тирүү жандар дайыма ак көңүлдүгүнөн, ишенчээктигинен, жалгыздыгынан анан ач көздүгүнүн айынан алданып калат. Ошондуктан, үстүнөн бирөө көзөмөлдөмөйүнчө жашай албай калышкан. Дайыма өзүнүн баркын, касиетин сезбей ар дайым бирөөгө кул болуп жашап келет. Бул кандай коркунучтуу. Бул кандай адашуу. Кудай ошол үчүн буларга таарынган. Кудай берген кудуреттүү күчүнө эмес, таттуу тилдүү бирөөгө ишенишет. Экинчи мындай апаат келбесин дүйнөгө.

Оо макулуктар! Жөргөмүшкө эч качан ишенбегиле!

Жөргөмүштүн башы шылк деп, жерге жатып калат.

Аягы.

29.04.2023.