КР Эл жазуучусу Орозбек Айтымбетовго 75 жыл

Жазуучу, драматург жана тарыхчы Орозбек Айтымбетов көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак. Ал 1947-жылы 16-августта Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында туулган. 1964- жылы Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы он бир жылдык орто мектепти бүткөндөн кийин ошол калаадагы кеме чарбасында матрос, ушул шаар менен аскердик гарнизондун футболдук тандалма командасында келишим боюнча оюнчу – тренер, “Тамчы” совхозунун курулуш бригадасында жумушчу, “Союзпечаттын” Ысык-Көл райондук агентствосунда эксплуатациялык иштер боюнча инструктору болуп иштеген. 1966-67 – жылдарда Токмок шаарындагы улуттук мектептер үчүн орус тил мугалимдерин даярдоочу бир жылдык окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин өз айлында, Ат-Башы жана Кочкор райондорунда тарых, дене-тарбия жана орус тилден мугалим болуп жүргөн. 1972-жылдын июль айынан тартып Ысык-Көл райондук гезитинде котормочу, 1974-жылдын июль айынан тартып республикалык “Кыргызстан маданияты” жумалыгында котормо бөлүмүнүн башчысы, ушул жылдын декабрынан тартып “Жаш ленинчи” журналында адегенде адабий кызматкер андан соң бөлүм башчы, кийин ага редактор болуп эмгектенген. 1980-83 – жылдарда Кыргызстан жазуучулар Союзунун Ысык-Көл областы боюнча адабий кеңешчиси, 1984-85- жылдарда Театралдык коомдогу Актерлор Үйүнүн директору, 1987- жылдан “Кыргызфильм” студиясында ага редактор сценарист болуп иштеп турган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1980-жылдан СССР жазуучулар Союзуна, 1991-жылдан Кыргызстан жазуучулар Союзуна мүчө болгон. Адабий чыгармачылыгы 1967-жылдан башталган. Ушул жылдын 8-мартында Чүй райондук гезитинде “Махабат учкуну” лирикалык аңгемеси жарык көргөн. 1972-жылы “Аңыз жыты” аттуу аңгемеси “Ысык-Көл чындыгы” гезитинин областтык конкурсунда биринчи сыйлыкты алган. 1975-жылы бүткүл союздук “Смена” журналына жарыяланган “Уста” ( “Барпы”) аттуу аңгемеси кийин англис, француз, немис, испан, чех, португал, араб ж.б. тилдерге которулган. 1982-жылы Москвадагы “Молодая гвардия” басмасынын “Сошлись дороги” (“Айкаш” ) деген китеби орусча жарык көргөн. Ушул эле баяны 1983-жылы СССР адабиятында пайда болгон, жылдын эң мыкты повести катары белорустардын “Братерства” алманахында В.Распутиндин, В.Беловдун, Ф.Абромовдордун чыгармалары менен бирге басылган. Кийин береги повести СССР элдеринин тогуз тилине которулган. Ушул эле повесттин негизинде “Кыргызфильм” киностудиясы толук метраждуу көркөм тасма тарткан. “Барпы” аттуу аңгемеси боюнча кыргыз телевидениеси 1978-жылы кыска метраждуу көркөм тасма тартып көрсөткөн. “Кара чемодан”, “Сүйүктүүм”, “Каталык”, “Пишпектеги жалын”, “Жаз”, “Кедейкан” ж.б. аттуу көп актылуу пьесалар О.Айтымбетовдун калемине таандык. 1993-95- жылдарда М.Рыскулов атындагы Нарын драм театрында “ Тозокко кеткен жол ” деген спектакли коюлган. Элдик театрларда ошол жылдарда жети көп актылуу, ондон ашык бир актылуу пьесалары коюлган. Бир топ радиопьесасы жана аңгемелери Кыргыз радиосу тарабынан угузулган жана “Ала-Тоо” журналына басылган. Атактуу “Торгойлуу Талаа” баяны аны 1978-жылы бүт кыргыз элине тааныта алган! Т.Касымбековдун “Жылкычынын уулу” аттуу аңгемесин орус тилине, Е.Колесниковдун беш повестин кыргыз тилине которуп, өзүнчө китеп кылып чыгарган. Бунин, Куприн, Телешов, Алексеев, Горький сыяктуу орустун белгилүү жазуучуларынын мыкты делген бирден аңгемелерин кыргызчалап, “Мектеп” басмасынан тандамал жыйнак кылып бастырган. 1975-жылы Москвада өткөн жаш жазуучулардын Бүткүл союздук VI кеңешмесине, 1977- жылы СССР жаш журналисттеринин Бүткүл союздук I кеңешмесине катышкан. Ушул эле жылы Кыргызстан журналисттер Союзунун башкармасы менен “Неделя” жумалыгы биргелешип жарыялаган бүткүл союздук конкурста “Чабан” ( “Асман шыпыргысы” ) деген аңгемеси жылдын мыкты чыгармасы катары Ардак дипломго жана “Москванын символдуу Ачкычы” призине татыган. “Смена” журналына жарыяланган лирикалык аңгемелери үчүн ошол журналдын Ардак грамотасын алган. 1988- жылы “Литературный Киргизстан” журналынын лауреаты болгон. КР Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын лауреатынын “Алтын диплому”, Түгөлбай ата атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты болгон. Ал эми 2004-жылы Республикалык “Теңир Ордо” коомдук фондунун “Эл куту – Даанышман” наамы менен сыйланган. 2007 жылы өмүрүнун отуз беш жыл үстүндө иштеген беш томдук “Кара кыргыз” тарыхый романы жарык көргөн. Ошол эле жылы ал “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардактуу наамга татыган. Ал эми 2008-жылы Ысык-Көл районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган. Кыргыз тилинде “Бүтпөгөн ыр”, “Аңыз жыты”, “Кызыл өрүк”, “Бир мүйшөк кар”, “Бала кыялы”, “Ата журттун үнү”, “Аруу жесир: Аңгеме” өңдүү ондон ашык китеби жарыяланган. 2014-жылы 17-январда дүйнө салган.