Сүйөркул Тургунбаев: Акындардын дем-руху элди колдойт

Акындардын дем-руху элди колдойт

Кыргыз акын-жазуучулары кийинки жылдары үзүлүп калган салттык иш-чараны Улуттук Жазуучулар союзу менен бирдикте кайрадан жандандырып, эми эл аралап, окурман калкы менен жолугушууларын өткөрүп турмай болушту. Андан авторлор да, окурман журту да утушта болору анык.

Ушундай угуттуу жолугушууга белгилүү акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сүйөркул Тургунбаев ат жалын тартып, алгач барып келди. Жөн гана барбай анын жыйынтыгын, ой-пикир, таасирлерин да өзү жаза келди. Анда кеп акыныбызда болсун.

Ата Журттун гүлдөрү ажарланып, жийде бурагы буруксуган май айында Ош жана Жалал-Абад дубандарын аралап келүү бактысына тушуктум.

Ушул мезгилде сапарга чыкканыма өзүм да ыраазымын. «Күндүн көзү» деген ат менен тандалма чыгармаларымдын жыйнагын чыгардым эле. Болгону беш жүз эле нуска. Ошону болушунча окурмандарыма жеткирүү максатында аттандым. Бул ишимди алдым-саттым менен алектенген базарлар аркылуу эмес, жаштар билим-илимге умтулган жогорку окуу жайлар, алардын окутуучу-профессорлук жамааты жана университет китепканалары аркылуу жүзөгө ашырууну ойлодум. Албетте, Ош мамлекеттик университети жашы, уюшулган тарыхы, өстүрүп чыгарган кадрлары боюнча да түштүк жергесиндеги окуу жайлардын эң улуусу жана республикага аброю менен таанымал. Окутуучулар жамаатынын да илимий методикалык деңгээлдери, усулдук иштери кыйла жогору. Албетте, бул жерде гуманитардык илимдер факультеттери гана эске алынып жатат деп түшүнүү ылайык. Башка факультеттер боюнча баа бычып, ой айтуу мага да ылайыксыз. Бул университеттин эки тилдеги филологиялык факультеттери, профессордук окутуучулук курамы, алардын ичинде акыркы күндөрү эмгектенип, изденип, тузу касиеттүү Ата Мекен адабиятын өз усулдук өзгөчөлүктөрү менен жаштарга үйрөтүп келатышкан Куттубек Оморкулов, Пайзылда Ырысов, Дүйшөнбай Туратов көздөрү өтүп кеткен таланттуу адабиятчылар Акбаралы Сыдыков, Жээналы Шериев, Токтош Танаев өз эмгектери менен бүткүл кыргыз элине таанымал. Булардан таалим, билим алган далай жаштар өз иштеринин өтөөсүнө чыгып, адистик, кесиптик милдеттерин азаматтарча актап келатышат. Ушул университеттин демилгеси менен уюшулуп, окутуучулар менен студенттер, Оштогу чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, акындар, жазуучулар, журналисттер, областтагы телевидение менен радионун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өзүм күткөндөн да кызыктуу деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Күтүлбөгөндөй суроо-жооптор, жарпты жазган жалындуу ыр окуулар кызыктуу акындар менен жолугушууну студенттер эле эмес, окутуучулар курамы менен областтагы чыгармачыл интеллигенция да абдан сагынып калгандарын билдирип турду.

Ал эми Жалал-Абад мамлекеттик университети ОшМУга караганда кыйла жаш. Профессорлук-окутуучулар курамынын курагы да жаш жана орто курактагылар десек болот. Ошого карабастан тил жана адабият факультети чыйрак түптөлгөндүгүнө, окутуу процесси жигердүү жүргүзүлүп жатканына күбө болдум. А.Ашыралиев баштаган ректораттын курамы да өз милдеттеринин жоопкерчилигин сезе билишет. Профессорлук-окутуучулар курамы да кесиптик жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык тандалган. Аны студенттердин конкреттүү билимдер менен кошо адабият жана маданиятка дилгирленип кызыгуусу далилдеп турат. Илимдин доктору, ректор А.Ашыралиев отуздан ашуун китептерди университеттин китепканасы үчүн деп кабыл алды. Жыйырма чакты китептеримди студенттер менен окутуучулар жамааты, областтын чыгармачыл өкүлдөрү автограф менен кошо сатып алышты. Областтык билим берүү боюнча методикалык борбордун директору Токомбай Турганбаев «Мугалимдер дүйнөсү», таланттуу акын Самидин Стамбеков Жалал-Абад областтык «Акыйкат жарчысы» газеталарын адабий үлгү болчу чыгармалар менен көркөмдөп, элге жеткиликтүү, жугумдуу материалдар менен шөкөттөп чыгарып жатышканына чын дилимден кубандым жана өзүм да жаңы чыгармаларымды ушул басылмаларга тартуу эттим.

Областтык администрация башкармасынын басма сөз катчысы, таанымал журналист Орозалы Карасартов өз ишмердигин активдүүлүк менен илбериңки жана чыйрак жүргүзүп жатканын да белгилей кетүүгө тийишмин. Областтын губернатору Искендер Айдаралиев менен тааныштыгым бар эле. Кытайга иш сапар менен кеткен экен, жолугуша албадык. Биринчи орун басары отпускага чыгып, кийинки орун басар Жалал-Абад шаарынын 130 жылдык мааракесинин маселелери боюнча Бишкекке жөнөп кетиптир. Ошентип, башкармалыктын жетекчилеринин бирөөнө да кездеше албадым. Бирок облустук Кыргыз тил комиссиясынын жооптуу катчысы Абдыкайым Ашымбаев, Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн катчысы Асанбай Жусупбеков, методикалык борбордун директору, «Мугалимдер дүйнөсү» гезитинин редактору Токомбай Турганбаев жана облустук администрациянын, Сузак райондук акимиятынын өкүлдөрү менен чогуу Барпы айылында өткөрүлүп жаткан эки классик акын − Барпы Алыкулов менен Түмөнбай Байзаковдун ыр-майрам мааракесине катышуу насибине туш болдум.

Өзгөн менен Сузактын ортосун аралап аккан атактуу Чаңгет-Сай дарыясынын боюндагы Ачы жана Бекей айылдарында төрөлүшүп, дүйнөдөн ээрчишип өткөн эки акындын арбагын эскерүүгө арналган бул ыр майрам күнүн ушул жергеден өсүп чыккан идиректүү ишкер жигиттер уюштурган. Алар мындай ыр майрам күнүн салтка айландырып, жыл сайын май айында өткөрө тургандыктарын элге жарыя айтышты. Өз жергесинен чыккан эки алп акындын арбагын урматташкан ар-намыстуу, патриот азаматтардын арасында «Ош облустук басмакана» акционердик коомунун төрагасы Мухтар Маматалиев, Ош дубанына таанымал күрөшчү Малик палван Калип уулу, Түмөнбай акындын иниси Асан Моноев, күйөө баласы Абдыкалык Молдоисаев, эки акындын жана башка жигердүү урпактары бар. Мухтар Маматалиев бул мааракеге арнап «Барпы менен Түмөнбай» аталыштагы буклет китепти, Барпы акындын ырларынын тандалма жыйнагын, ошону менен бирге «Ак-Буура» аттуу жаңы адабий газетанын 1-санын атайын чыгарып, тойго келген элге таратты. Мааракени көркүнө чыгарган өнөр ээлерине − ыр окуган акындарга, төкмө ырчылар Жолболду Алыбаевге, Шамырбек Тургунбаевге, Абдибаит Акимбаевге, Оштон келген «Үмүт» фольклордук тобуна, Барпы акындын ырларын так өзүнүн усул-авазында аткарган таланттуу өнөрпоз Чырмаш Кочкорбаевге Мухтар менен Малик палван урмат көрсөтүп, белек-бечкектерин тартуулашты. Барпы апыздын чыгармачылыгы боюнча кыска жана нуска сөз сүйлөгөн Ош мамлекеттик университетинин профессору, адабиятчы Бекенбай Апышевге да татыктуу сый-урмат көрсөтүлдү.

Акындын бул ыр майрамы адегенде Түмөнбай Байзаков атындагы мектептин алдына орнотулган акындын эстелигине, андан соң Барпы мектебинин алдындагы апыз акындын эстелигине гүл коюу аземи менен башталып, маараке ушул мектептин алдында өткөрүлдү. Сүйлөгөн сөздөрдө улуу муундагы акындар менен адабиятчылардын Барпы апыз жөнүндөгү айткандары эскерилди. Бул жерде алардын айрымдарын келтире кетүүбүз ылайык:

«Ырдашыңда айып жок

Калыпка тартып койгондой

Кынадың терме санатын

Сен болдуң менин канатым».

(Токтогул)

 

*****

«Сайраттың кызыл тилиңди

Акындыгың билинди…

Эми жок менин арманым

Бар экен сендей ардагым».

(Жеңижок)

 

*****

«Барпыны жазгыч акын деп эсептөө керек, анын сезими күчтүү, бүт жаңылыкты бат өздөштүрүп ала турган киши болчу. Көзсүз кишинин дили сабаттуу болот. Барпы суу кошпой ырдаган төкмө эле!»

(Аалы Токомбаев)

 

*****

«Араб-иран-монгол-кытай-орус-кыргыз түшүндүрмө сөздүгүн түзгөндө Барпынын китептерин башыма жаздап жүрүп окудум. Окуп алып таң калганымды айтпа − кызылдай эле кен экен».

(Кусейин Карасаев)

 

*****

«Адам таппас ырыңдын бирөөсүн,

Акын элең тилинде бар сөөлүң.

Асыл ырың тирүү, сен да тирүүсүң,

Ала-Тоолук кыргыз элдин пирисиң».

(Сооронбай Жусуев)

 

*****

«Сокур да болсо сөзү бар,

Сөздөрүнүн көзү бар.

Кыргыздан чыккан Барпы ырчы,

Кыйланы жеңген алп ырчы.

Томого кийген бүркүттөй,

Той болгон жерде шаңшычу.

Көр болгон менен ыр жактан,

Көздүүнү артка калтырчу.

«Мөлмөлдү» андай айта албайт

Чогулуп келсе жалпы ырчы».

(Байдылда Сарногоев)

 

*****

«Барпы ырчыда албан ыр

Бал сыяктуу тамган ыр.

Бак ичинде олтуруп,

Булбул кулак салган ыр.

Башат сыяк түбөлүк,

Баарыбызга калган ыр.

(Түмөнбай Байзаков)

 

«Чыгыш маданиятында чоң орду бар алп акын. Аалам менен ойлонуп, аалам курулушу жөнүндө ырдаган даанышман санатчы. Махабат ырларын чыгыштын хафис көөн шайырлары жеткирген эң жогорку деңгээлде ырдаган апыз».

(Кадыркул Даутов)

 

Ыр майрамында ушундай улуу сөздөрдүн, апыз акын Барпынын портретин даана тарткан ыр саптардын баары айтылды.

Эми Барпы акынды, Жоомарт Бөкөмбаев эл оозунан Токтогулдун ырларын терип чогулткандай, Барпынын бир томдугун эл ичинен терип жыйнап, баш сөз жазып 1970- жылы басмадан чыгарган Түмөнбай акынга кезек келди. Түмөкем тирүү кезинде, Кызыл-Жар айылында бир топ акындардын көзүнчө менин портретимди да тартып өткөнү эсимде. Ал учур – сексенинчи жылдар болчу. «Бул, Сүйөркул иним Кара-Үңкүрдүн Тентек-Сай дарыясында сүзүп, суусунун кандырып чоңойгон бала. Ошондон улам мунун ырлары да тентек. Тентек-Сай жака-белин жалмап, жемирип оюн салып агат. Сүйөркулдун ырлары да ошондой. Бирок Кара-Үңкүрдөй күрдөөлү күч», – деп мурутун бир аз жанып, Сталиндей сүр менен айтканы азыр да көз алдымда. Кийин шаарга жай сырдашып келген учурларда Барпы акын менен балалык, жаштык кездерде бирге жүргөн окуяларын жайдары тил менен маектеп берген эле.

–Барпы апызды мен аке-дос десем, ал: – Эй, ука-дос, мен адамдар менен отурган жерде качып кетпей, этегимди кармап отур, сен ойноп кетсең мен каякка басарымды билбей калам, – деп кайсы чайканада отурса да мага чапанынын бир учун карматып койчу. Мен анда оюнга кызыккан бала кезим. Бир жолу бир топ киши менен баарлашып калганда, чөнтөгүмдө кисабир бычагым (азыркыча лезвия болсо керек) бар эле. Мага карматкан этегин кесип жиберип, ойноп кетип калып атпаймынбы. Сыйпалап таппай калып, бир кезде келсем аябай тилдегени эсимде. Кийин бой жетип, акылыма киргенде:

–Кысталак Түмөнбай, ошондо аке-досумдун элге айткан сөздөрүн, ырдаган ырларын угуп, эсиме жаттап отурбай неге ойноп кеттим, – деп өзүмдү өзүм жекирдим.

–Согуштан кийинки жылдарда мектепте мугалим, анан директор, анан райондук газетада редактор болуп иштеп жүргөн кезимде, аке-досум экөөбүз Жалал-Абаддан айылды көздөй жөнөп калдык. Кал-Мазардан өтүп, Миң-Өрүккө жакындап калганда («Победа» машинада баратканбыз): – Аке-дос, карачы, ак көйнөк кийип барпыраган, ак жибек жоолук салынып үлпүлдөгөн, кызыл манат кемсели кымча белине куп жарашкан, ак куудай мойну койкойгон, керме каш келин кетип баратат. Өзүңүз айткандай, гөзөл кыз. Көзүңүз көргөндө не деп ырдаар элеңиз, – деп шыпшынып койдум. (Ал кезде апыздын көзү жакшы көрбөй калган.) Барпы ошол жерден эле:

–Айды көрдүм асмандан.

Ак маралдай керилип,

Сизди көрдүм баскандан.

Күндү көрдүм асмандан.

Куудай мойнун койкойтуп,

Сизди көрдүм баскандан, – дей салбаспы. Мен эч андай чүрөк көргөн жокмун, жалган айттым, – дедим. Ал: «Жиндисиңби, ука- дос», – деп олуттуу боло түштү. Анан:

–Жалган айткан жанын жеп,

Жакын досум сен белең?

Жалжактаган жөнү жок,

Жаш балага тең белең?» – деп күңгүрөндү.

Барпынын ырларын Түмөке дээрлик жатка айтчу. Сүйлөгөндө орусча да, кыргызча да ар бир сөздү маани-маңызы менен куюлуштуруп, уккан адамды каткырта күлдүрүп айткан сөзгө чебер эле. Барпы апыздын эл оозундагы чыгармаларын терип чогултуп, бир томдугун чыгарууга Түмөкебиздин эмгеги зор экендиги ушул мааракеде да баса белгиленди. Байдылда акын:

«Барпы апыз азиз көзүнөн

Баракка ыр чие албай,

Басылган кезде жүрө албай,

Бактысына табылып

Байзактын уулу Түмөнбай,

Кагазга жазып калбаса,

Калмакпыз көбүн билалбай», –

деп кезегинде сөздүн даанасын айткан.

Түмөке жөнүндө маркум акын Таш Мияшев:

«Тоодон топтоп, ойдон топтоп бирдаарын,

Ак шурудай тизип Барпы ырларын,

Түнкү уйкусун кечти далай Түмөнбай

Махабаттуу ырдын сезип жыргалын.

 

Топук болуп дил ышкысы калкынын,

Топ жасады ырдын терип жаркынын.

Дастандарды өзү дагы жаратып,

Даамын татты кешигинен Барпынын.

 

Поэзия асманында Күн, Айдай,

Бирде чалкып, бирде калкып тургандай

Бап келишип калган экен жаралып,

Барпы акын, барпычы акын Түмөнбай, –

деп жазса, акын Кармышак Ташбаев:

«Китебинде калды ырлардын жаркыны,

Жарыктыкка алып чыкты Барпыны», –деп жазды.

Акын болгондо да, күрдөөлдүү жана балбан сөздүү акын Түмөнбай Байзаковдун мектебиндеги колодон тургузулган эстелигинин алдында анын арбагына арналган ырымды:

«Серүүн тоонун койнуна

Карчыга учуп жеткендей,

Боюнда бопбоз таш калып,

Боздогон булак бүткөндөй

Түмөке өттү дүйнөдөн.

Өлчөлүү күнү келгендей,

Күлкүнүн үнүн буугандай,

Күлүктү топтон бөлгөндөй

Түмөке болчу ар кандай.

Түмөн-сан турмуш толкуну

Түрүлүп келип калгандай,

Балдары менен балдардай,

Чалдары менен чалдардай

Бакылдап сүйлөп олтурса

Бабаштын тоосу ийгендей,

Кара-Үңкүр суусу киргендей,

Кара-Дайра карсылдап

Кара ташты сүргөндөй.

Күүлөнүп сүйлөп олтурса,

Күр-күүсү менен бул тирлик

Күлдүрөп үйгө киргендей,

Балкылдап ырдап бергенде

Барпынын өзү келгендей…

Ыр сүйгөн элдин алдында

Ырыскы төгүп бергендей,

Сөзүндө калды үлгүсү,

Ырында калды күр-күүсү,

«Перизаттай» поэма чыгарманын нурдуусу

Кыргыз эл сүйүп окуган,

Түмөке, акындардын кырдуусу, – деп окуп бердим.

Ыр майрамдын башталышы да, аякталышы да Түмөкенин Апаз Жайнаков обон чыгарган «Кыргыз жери» деген гимн сыяктуу шаңы бар ыр менен коштолуп, Барпы жергесин жаңыртып турду. Эки жумадай эл аралаган сапарымда эл даркан акындарын ардактап кадырласа – ал акындардын касиет-руху элди колдойт деген терең каниет менен кайттым.

«Кыргыз адабияты», №8, 2007-жыл.