КР Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты.

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жж. ушул басманын директору, 1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.

Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланган. 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. СССР «Басмасынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу», 3-даражадагы «Манас» ордени ардактуу наамдарын алган.

Кыргыз тилинде “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”,  “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта” ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде “Сказки моей бабушки”, “Расподия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь” “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери жарык көргөн.

Л.Толстойдун  “Кумурска менен көгүчкөн” (тамсилдер), Х.Р.Хименестин “Платеро жана мен”, О.Н.Шестинскийдин “Блокада новеллалары” (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генц “Майдан” (Новеллалар, эсселер, пьеса) которгон.

КР Улуттук жазуучулар союзунун Президиумунун жана Башкармалыгынын мүчөсү М.Абакировдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

М.Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

КРУЖС Башкармалыгы