Эдил Байсалов Улуттук жазуучулар союзунан кабар алды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Улуттук жазуучулар союзуна келип, төрага Н.Калыбеков менен жолугуп, Улуттук жазуучулар союзунун имараты менен таанышып кетти.

Жолугушууга КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, КР Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башкы эскперти Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, “Учкун” ААК директору Бакытбек Султанов, “Кыргыз Маданият сервис” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Ормушов, Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Чолпонай Тойчубекова, КРУЖС төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, жооптуу катчы Жылдыз Акаевалар катышты.

Жолугушууда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жарык көрө турган китептер боюнча талкуу болуп, сунуш-пикирлер айтылды. Өз сөзүндө Э.Байсалов китептер көпчүлүккө жеткиликтүү санда сапаттуу чыгарын, авторлорго жогорку деңгээлде калем акы төлөнүп, акын-жазуучулар мамлекет тарабынан колдоого алынарын билдирди.

Эгемендүүлүк алган жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу кароосуз калган. Коммуналдык төлөмдөрү эле бир жарым миллион сомдон ашып кеткен. Бул көйгөйдү бир нече жолу көтөрүп, ал тургай Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровго чейин жеткирип, 2023-жылдын башында бул маселе Президентибиз Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлдер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Иш Башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тарабынан оң жагына чечилген.

Президенттин тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун тескемесине ылайык Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлүнүп, карыз толугу менен төлөнгөн.

Быйылкы жылдан тартып Улуттук жазуучулар союзунун коммуналдык төлөмдөрү Президенттин Иш башкармалыгынын атайын эсебинен төлөнүп, имарат толук Улуттук жазуучулар союзуна өтүп, кеңейтилген бөлмөлөр менен камсыз болуу алдында турабыз. Андан тышкары, мамлекеттин эсебинен оңдоп түзөө иштери жүрөрүн да билдиребиз.

Эскерте кетсек, былтыр чыгармачыл союздарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп 15 000 000 (он беш миллион) сомдон каражат берилген. Бул каражатка жаңы китептер жарык көрүп жатат. Адабий окуулар уюштурулуп, аймактарда жолугушуулар өткөрүлдү. Быйылкы жылга да мамлекет тарабынан акча берилип, бир катар иштер аткарылуу алдында турат.

Мына ушундай мыкты чечимдер жана батыл кадамдар үчүн жалпы жазуучулар журтчулугунун атынан жогорудагы аты аталган расмий өкүлдөргө ыраазычылык билдиребиз.