КР Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын толугу менен…..