КР Эл акыны Э.Ибраевдин өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” китебинин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аталышындагы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

21-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраевдин 90 жылдыгына арналган “Күндөр менин канатым” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана акындын өзбек тилине которулган “Бийчи көпөлөктөр” аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршиду Мирзахидов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Эл аралык Кувейт университетинин ректору, профессор Аскарбек Байсеркеев, Эсенгул Ибраевдин жубайы, Э.Ибраев атындагы коомдук фонддун төрайымы Саткын Абдрахманова, публицист Кубан Мамбеталиев, акындын “Бийчи көпөлөктөр” китебин өзбек тилине которгон котормочулар, филология илимдеринин доктору Баходыр Рахманов, жазуучу Бегижан Ахмедов ж.б. бир катар адабият, маданият ишмерлери катышып, акындын дүйнө элинин көптөгөн тилдерине которулуп, байма-бай басылып чыгып жаткан ырлар жыйнактары тууралуу сөз кылышты.

Иш-чарага катышкан министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев кыргыз элинин чыгаан инсаны Эсенгул Ибраевдин ырлары чет тилдерге которулуп жатканы абдан кубанаарлык иш экенин белгилеп, залкар акындын 90 жылдык мааракесин быйыл күзүндө мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча министрлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду.

Жыйындын соңунда Эл аралык Кувейт университетинин ректору Аскарбек Байсеркеев Э.Ибраевдин “Бийчи көпөлөктөр” китебин өзбек тилине которгон өзбек элинин котормочусу Баходыр Рахманов менен жазуучу Бегижан Ахмедовго аталган университеттин ардактуу профессору наамын тапшырды.

Маалымат КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баракчасынан алынды